Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү
25.02.2025

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молунов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Виталий Семашко, КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев, КР БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов жана КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуу учурунда КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров маанилүү иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Беларусиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлде экендигин белгиледи. Өз кезегинде элчи С. Молунов Т. Шайназаровду КР БШКнын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, шайлоо системасын жакшыртуудагы ишине ийгиликтерди каалап, Беларусиянын БШКсынын төрагасы И. Карпенконун кайрылуусун тапшырды. Жолугшуу жүрүшүндө, көп жылдан бери эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү өз ара активдүү кызматташып, шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоочулар катары катышып, тажрыйба алмашууга жана демократиялык процесстердин бекемдөөсүнө өбөлгө түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. КР БШКнын төрагасы беларус тарапка 2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоодо байкоочу болуп катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага Тынчтык Шайназаров Кыргызстан Беларусия мамлекети менен шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, демократиялык реформалар жана шайлоо процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы улантууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун аягында, БШКнын төрагасы Т. Шайназаров элчи С.Молуновго жаңы кызмат ордуна ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүү үчүн БШК өзүнүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экенин билдирди.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу Мекен коргоочулар!
23.02.2025

Урматтуу Мекен коргоочулар!

Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жалпы жамааты, Сиздерди 23-февраль Ата - Мекенди коргоочулардын күнү майрамыңыздар менен чын дилден  куттуктайт! Эзелтен элибиз, Мекенибизди коргоону ыйык милдет катары сезип, жигиттерибизди Мекендин таянычы жана тиреги катары көрүшкөн. Мына ошол ыйык милдетти жогорку ыклас жана ак ниеттүүлүк менен аткарып келгендиги аркасында,  Мекенибиздин бүтүндүгү сакталып, эгемендикке жетип, өнүгүүнүн жолунда турмуш улап келебиз. Элибиздин ишеничи, таянычы  болуу ыйык милдетиңиздерди мындан ары да ар намыс менен бийик аткарып,  өлкөбүздүн туруктуу  өнүгүүсү үчүн кызмат кыла беришиңиздерге тилектешпиз.  Сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз! КР БШКнын жалпы жамааты  
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүүнү аяктады
21.02.2025

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүүнү аяктады

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 52 аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин бекитти. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамын түзүү тууралуу билдирүү жарыяланган. Кошумчалай кетсек, билдирүү өлкөдөгү 70тен ашык саясий партияларга жөнөтүлгөн. Натыйжада, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервдерине 1234 документ келип түштү. Анын 166сы 36 саясий партиялар тарабынан, ал эми 1068и жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген. Ар бир талапкер боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык байланыш системасы аркылуу «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобого ылайык соттуулугуна текшерүү жүргүзүлдү. Тапшырылган талапкерлердин маалыматтары, ошондой эле терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдардын тизмесинде бар/жок экендиги текшерилди. Тиркеме 5  
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Т.Шайназаров ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү
21.02.2025

КР БШК төрагасы Т.Шайназаров ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйынын өткөрдү

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров  жалпы ЖМК өкүлдөрү менен "КР БШКнын алдыда алып бара турган реформалык кадамдары жана максаттары" деген темада пресс-конференция уюштурду. Пресс-конференция суроо-жооп форматында өтүп, журналисттер төрагага кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты. БШКнын төрагасы журналисттерди шайлоо системасындагы учурдагы өзгөртүүлөр, ошондой эле жакын арада ишке ашырылуучу пландар жана чаралар тууралуу маалымат менен камсыз кылды. Шайлоо мыйзамдарын реформалоо иштери шайлоо процессинин ачыктыгын, элдин ишеничин жана жарандардын катышуусун жогорулатууга багытталган. "Электрондук добуш берүү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо пилоттук режимде киргизилген. 18 өлкөдөн келген кыргызстандыктар электрондук түрдө добуш беришти. Шайлоого катышуу 82%ды түздү. Көпчүлүк адамдар мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүү талабын айтышууда. Бирок, айрым тобокелчиликтер бар, талкуулар жүрүүдө. Кайда болбосун, кыргызстандыктар добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз алар үчүн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз," - деди БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров. "КР БШКнын жакынкы келечектеги негизги максаттарынын бири – шайлоо процессин заманбап талаптарга ылайык кайра кароо. Бул, өз кезегинде, жаңы технологиялар жана инновацияларды киргизүүнү, жарандык активдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле шайлоонун адилеттүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүнү камтыйт," – деп белгиледи төрага. Пресс-конференциянын аягында БШКнын төрагасы журналисттерди келечектеги реформаларга активдүү катышууга чакырды.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 21 февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
21.02.2025

КР БШКнын 2025-жылы 21 февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-ж. 21-февралы Убактысы: 16.30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай, Түп жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө. (баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу болуп өттү
20.02.2025

КР БШКнын төрагасы менен ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 19-февралы күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.У.Шайназаров ЕККУнун (Европалык коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму) Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын саясий кеңешчиси Петер Надерер менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын юридикалык кеңешчиси Эльжбета Кузборска, ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы долбоорлорду координациялоочу ассистенти Гульжан Ермекбаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гайпкулов жана БШКнын аппарат кызматкерлери катышты. Жолугушуу учурунда БШКнын төрагасы шайлоо мыйзамын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирди.          Өз кезегинде Петер Надерер ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын ишмердүүлүгү, анын артыкчылыктуу багыттары жана этникалык чыңалууларды алдын алуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча кызматташтык тууралуу айтып берди. Жолугушуу соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашты.                         Маалымат үчүн:          Кыргыз Республикасынын Конституциясында улутуна жана башка таандыктарга карабастан өлкөнүн бардык жарандары үчүн бирдей шайлоо укугу принциби каралган. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо мыйзамында пропорционалдык система боюнча талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партиялар 15% га жакын этникалык түрдүүлүгү бар талапкерлерди эске алууга милдеттүү, алардан кеминде 3 талапкер биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар курамында этникалык топтордун өкүлдөрү 95,45% - кыргыздар, 4,55% - башка улуттар түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын составында 89,10% - кыргыздар, 10,9% - башка улуттардан. Ар кандай улуттардын өкүлдөрү  жер-жерлерде этникалык топтордун жайгашуу өзгөчөлүктөрүнө жараша бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына кеңири киргизилген.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Токтогул жана Кант аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрдү
19.02.2025

Борбордук шайлоо комиссиясы Токтогул жана Кант аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрдү

2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Токтогул жана Кант шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына саясий партиялардан келген талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо жана аларды резервдерине киргизүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү. Чүчүкулак өткөрүү Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» мыйзамы жана «Шайлоо комиссияларын түзүү, кайрадан түзүү жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү тартиби» жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-декабрында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланган. Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү беш жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт жана саясий партиялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тең укуктуу өкүлдөрүн камтыйт. Эгерде саясий партиялардан келген талапкерлердин саны белгиленген нормадан ашып кетсе, чүчүкулак  өткөрүлөт, бул болсо процессти объективдүү жана ачык жүргүзүүгө кепилдик берет. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы үчүн өткөрүлгөн чүчүкулак өткөрүүгө жети саясий партиянын өкүлдөрү катышты: “Жаңы Кыргызстан”, “Эл умүтү”, “Өнүгүү Прогресс”, “Бирге Вместе”, “Тынчтык”, “Ынтымак” жана “Ишеним” партияларынан. Чүчүкулак өткөрүү жыйынтыгында комиссияга кирген талапкерлердин кезектүүлүгү аныкталып, ошондой эле резервге кирген талапкерлер белгиленди. Кант аймактык шайлоо комиссиясы үчүн чүчүкулак  өткөрүүгө алты саясий партиянын өкүлдөрү катышты: “Эл үмүтү”, “Калк Ынтымагы”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ордо”, “Улуу журт” жана “Ишеним” партиялары. Чүчүкулак  өткөрүү жыйынтыгы комиссиянын резервине кирген талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктады.
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
19.02.2025

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Конституциялык Мыйзам 2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.  Аталган конституциялык Мыйзам КыргызРеспубликасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 15-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу, майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу максатында кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынатөмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: 1) өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан төгөт; 2) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына майыптыгы бар адамдарболуп саналган талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү майыптыктын тобун эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет: –  III топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө; – I жана II топтогу майыптарга – эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.
Кененирээк билүү >>
БШКга жаңы мүчө болуп Гүлшаркан Култаева дайындалды
19.02.2025

БШКга жаңы мүчө болуп Гүлшаркан Култаева дайындалды

Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жаңы мүчө Гүлшаркан Култаева тааныштырылды. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова жаңы мүчөнү тааныштырышып, ишине ийгиликтерди каалады. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин карап чыгып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сунушталып, жалпы 78 депутат анын талапкерлигин колдогон. Гүлшаркан Оконовна Култаеванын өмүр баяны 1972-жылы 24-октябрында, Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Ош Технологиялык техникумун «Жип ийрүү өндүрүшүнүн техниги» адистигин, 2001-жылы Ош Технологиялык Университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигин бүтүргөн. Эмгек жолу 1989-жылы Ош шаарындагы №59 бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп башталган. 1990-2016-жылдары – жеке ишкерлик менен алектенген. 2016-2021-жылдары – Ош шаардык кеңешинин депутаты. 2021-жылдын ноябрь айында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Сыйлыктары: Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2001-ж.) «Бизнес Шанс» сынагында «2001-жылдын мыкты ишкери» наамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2001-ж.) Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча Мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы (2003-ж.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын Ардак грамотасы (2011-ж.) Үй-бүлөлүү, бир кызы жана үч уулу бар.  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Шайназаров “Эгль” коомдук фондунун директору Ч.Өмүрканова менен жолугушту
19.02.2025

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Шайназаров “Эгль” коомдук фондунун директору Ч.Өмүрканова менен жолугушту

2025-жылдын 19-февралында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Эгль” коомдук фондунун директору Чолпон Өмүрканова менен жолугуп, республикадагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын шайлоодогу орду жана аларга карата камкордуктар тууралуу сүйлөштү. Жолугушууга БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов жана БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышты. Жолугушууда төрага Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясы жана "Эгль" коомдук фондунун ортосундагы кызматташтыкты жогорулатуу маанилүү экенин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн шарттардын түзүү маанилүү экенине токтолду. "Биздин негизги максат — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга шайлоолордо тоскоолдуксуз катышууга шарттарды түзүп берүү. Бул ишти биргеликте  жүргүзүп, биздин жана сиздердин фонддун кызматташтыгынын натыйжасында гана ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн. Мындан тышкары, бул – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын да милдети. Бардык тараптардын ортосундагы кызматташтык шайлоочулардын укугун коргоо үчүн маанилүү" деди БШК төрагасы. Өз кезегинде “Эгль” коомдук фонудунун директору Чолпон Өмүрканова фонд буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы менен жакшы кызматташып келгенин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана башка категориядагы адамдарга жардам берүү багытында атайын эксперттер иш алып барып келгенин жана мындан ары кызматташтыкты уланта берерине токтолду. Ошондой эле төрага 2024-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда 18 541 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз катталганын жана алардын 49,4% аялдар, 50,6% эркектер экенин билдирди. БШКнын кызматкерлери арасында да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер бар экенин жана алар өз ишин ийгиликтүү аткарып жатканын айтты. Мындан тышкары, Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мекемелер аралык жумушчу тобу бар экенин, алардын ишин күчөтүү боюнча иштер күчөтүлөрүн баса белгилеп кетти. Белгилей кетсек, шайлоо комиссияларында 38 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран иштейт: БШК аппаратынын 131 кызматкеринин ичинен — 2 кызматкер мүмкүнчүлүгү чектелген жаран; 56 аймактык комиссиянын 650 мүчөсүнүн ичинен — 2 мүчө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран; 2438 участкалык комиссиянын 30 503 мүчөсүнүн ичинен — 34 мүчө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. БШК КР бардык жарандар үчүн шайлоо процессине тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча ишин улантууда жана бул багытта активдүү катышып жаткан коомдук уюмдарга ыраазычылык билдирет.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Гүлсүнкан Жунушалиевага Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды
18.02.2025

КР БШК Гүлсүнкан Жунушалиевага Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-февралындагы жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүмү жана 4-1-бөлүмүнө ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
18.02.2025

КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 18-февралындагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын күбөлүгү анык эмес деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 18 февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
18.02.2025

КР БШКнын 2025-жылы 18 февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 18 февралы 2025-ж. Убактысы: 15:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы       1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын начальниги) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын начальниги) 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жыйыны болуп, анын жүрүшүндө төрага орун басары шайланды
11.02.2025

КР БШКнын жыйыны болуп, анын жүрүшүндө төрага орун басары шайланды

2025-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде БШКнын төрага орун басарын шайлоо маселеси каралды. Ачык добуш берүү жыйынтыгы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары болуп Жупуева Айдана Садыковна шайланды. Айдана Жупуева ишеним көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү шайлоо процессин жакшыртуу боюнча дагы да натыйжалуу иштөө маанилүүлүгүн белгиледи.. Жупуева Айдана Садыковнанын өмүр баяны Жупуева Айдана Садыковна 1977-жылы 4-мартта, Ош облусунун, Алай районунун, Көлдүк айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (КГНУ), экономикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолу: 2025-жылдын 11-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары 2021-2025 жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү; 2020-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти; 2017-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын документтерди камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 2014-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин вице-спикеринин консультанты; 2011-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү; 2008-2012-жж. – Ош мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык талдоо кафедрасынын улук окутуучусу; 2001-2008-жж. – Ош технологиялык университетинин окутуучусу.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
10.02.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, 2025-жылдын 10-февралдагы жыйынында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Лейлек районунун, Раззаков шаардык кеңешинин «Мурас» депутаттык фракциясынан Абдисаламов Алмазбек Азиреткуловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Жаназаков Садирбек Шамшиевичке өткөрүлүп берилди. Баткен районунун, Ак-Татырык айылдык кеңешинен Жангиров Дурусбек Сейдимахматовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Джапаров Нүрүдин Дүйшеевичке өткөрүлүп берилди. Баткен районунун, Ак-Татырык айылдык кеңешинен Абдуллаева Мухаббат Эшбаевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Авазбеков Курбанбек Бахаповичке өткөрүлүп берилди. Кемин районунун, Кемин шаардык кеңешинин «Эмгек» депутаттык фракциясынан Абдырахманов Марс Рысбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Чопиев Медер Нурлановичке өткөрүлүп берилди. Аламүдүн районунун, Байтик-Баатыр айылдык кеңешинен Абдылдаева Дамира Кожобековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Аширкулов Кадырбек Биялиевичке өткөрүлүп берилди. Жайыл районунун, Жайыл айылдык кеңешинен Калиева Алина Алмасбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдрахманова Кишимжан Токушпековнага өткөрүлүп берилди. Ноокат районунун, Кеңеш айылдык кеңешинен Бегматов Нурадил Жолдошалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Субанов Өмүрбек Бектемировичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызмат ордунан  бошотуу тууралуу арызын берди. Жаңы төрага болуп Тынчтык Шайназаров шайланды
10.02.2025

Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызмат ордунан  бошотуу тууралуу арызын берди. Жаңы төрага болуп Тынчтык Шайназаров шайланды

       Бүгүн Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Н.Шайлдабекова өз арызы боюнча төраганын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын берди, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү канааттандырды. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасы болуп шайланды. Н.Шайлдабекова шайлоо комиссиясындагы кесиптештерине, ошондой эле мамлекеттик органдардагы, жарандык сектордогу, эл аралык уюмдардагы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдѳгү ѳнѳктѳштѳрүнѳ жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди. Ал   биргелешкен күч-аракеттердин аркасында шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү кадамдарды ишке ашырууга мүмкүн болгон, бирок процесс андан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи. Н.Шайлдабекова кесиптештерине мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Тынчтык Шайназаров өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди. Ал БШКнын ишинин артыкчылыктары шайлоо системасын өркүндөтүү, анын ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөө экендигин белгиледи. Эске сала кетсек, Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келген. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында демократияны жана мыйзамдуулукту чыңдоого күч-аракеттерди багыттоо менен шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ѳз ишин улантат.  Тынчтык Шайназаровдун ѳмүр баяны 1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган. 1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. 1991-1996 жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигин ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолу: 10.02.2025- ж - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы. 2021-2025 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары. 2020-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү. 2015-2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI- чакырылышынын депутаты. 2010-2015-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V- чакырылышынын депутаты. 2009-2010-ж.ж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору. 2007-2009-ж.ж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы. 2004-2007-ж.ж. –  Ош шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөө боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы. 1999-2004-ж.ж. – Ош облусунун прокуратурасынын ага-тергөөчүсү, прокурору. 1997-1999-ж.ж. –  Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын ага-тергөөчүсү. 1996-1997 ж.ж. –  Чоң-Алай районунун прокуратурасынын мөөнөткер-тергөөчүсү. Ардактуу наамы –  Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген” юристи. Класстык чини –  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы. ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы. «КМШ ПАА 25 жыл» медалы. ТүркПА медалы. “Юстициянын мыктысы” медалы.      
Кененирээк билүү >>
1 … 57 59 … 482