Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарында эл аралык жыйын өтүп, жаңы шайлоо …

Бишкек шаарында эл аралык жыйын өтүп, жаңы шайлоо модели жана парламентаризмдин келечеги талкууланды

23-Июн, 2025

2025-жылдын 23-июнда Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын парламентаризми: келечеги жана өркүндөтүү жолдору» деген темадагы эл аралык жыйын болуп өттү. Иш-чараны КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институту (МИМРД МПА СНГ), анын Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши, Жогорку Кенештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети биргелешип уюштурушту.

Жыйынга Жогорку Кенештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тажрыйбалуу эксперттер, илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышып, Кыргыз Республикасындагы парламентаризмдин азыркы абалы, мыйзам чыгаруу реформалары, бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсү, парламенттик дипломатия жана эл аралык мыкты тажрыйбалар тууралуу терең талкуу жүрдү.

Иш-чаранын ачылышында Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева жана КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Иван Мушкет сыяктуу жогорку даражадагы коноктор сөз сүйлөп, мындай жыйындардын мааниси жогору экенин белгилешти.

Жыйындын алкагында парламенттин туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу, аялдардын мыйзам чыгаруу ишине катышуусу жана өлкөдө саясий партияларды өнүктүрүү маселелери боюнча кызыктуу баяндамалар окулду.

Талкуунун жүрүшүндө КР БШКнын мүчөсү Бахадыр Конуров “Жаңы шайлоо модели шартында парламенттик системанын легитимдүүлүгүнүн кепилдиги катары БШКнын ролу” аттуу баяндама жасады.

Ал өз сөзүндө 2025-жылдын 9-июнунда кабыл алынган конституциялык мыйзамдагы негизги реформалар тууралуу кеңири айтып берди. Ага ылайык:

  • Жогорку Кеңешке 90 депутат мажоритардык негизде, 30 көп мандаттуу округдан шайланат (ар бир округдан 3 депутат);
  • Бир округдан бир жыныстын экиден ашык өкүлү шайлана албайт – бул гендердик тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт;
  • Талапкерлерге коюлган талаптар күчөтүлдү: жарандардын жашоо мөөнөтү, соттуулук жана диний ишмердүүлүк менен байланышкан чектөөлөр киргизилди;
  • Кайтарымсыз шайлоо салымы белгиленди (300 000 сом), мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеңилдиктер каралган;
  • Шайлоо учурунда алыстан электрондук добуш берүү ыкмасы да колдонулушу мүмкүн.

Бахадыр Конуров БШКнын бул шартта аткарып жаткан негизги иш-аракеттерин да баса белгиледи:
✅ жаңы шайлоо инфраструктурасын түзүү,
✅ аймактык жана участкалык комиссияларды окутуу,
✅ калкты маалымдоо,
✅ шайлоонун ачык жана инклюзивдүү өтүшүн камсыз кылуу,
✅ гендердик талаптардын сакталышына көз салуу.

Маанилүү иш чаранын жыйынтыгында катышуучулар эл аралык тажрыйба алмашуу парламенттик демократияны чыңдоодо абдан маанилүү экендигин белгилешип, мындай форматтагы аянтчалар Кыргызстандагы шайлоо реформаларын терең жана эксперттик деңгээлде талкуулоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышты.

 Бул эл аралык жыйын Кыргыз Республикасынын демократиялык институттарын бекемдөө, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана парламентаризмди өнүктүрүү жолунда маанилүү кадам катары бааланды.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>