Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

03-Июл, 2025

2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.

Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:

Жалал-Абад облусу:

  • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Х. Р. Хусанбаев («Ынтымак» фракциясы) жана С. Х. Жамалов («Адилет» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары тиешелүүлүгүнө жараша З. М. Сайдуллаев жана А. У. Ахмадалиевга өткөрүлүп берилди;
  • Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңешинин депутаты Ш. М. Масиров ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Д. М. Мурашевге өткөрүлдү;
  • Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Б. У. Кубатов ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты О. Сабыржан уулуна өткөрүлдү.

Ош облусу:

  • Кара-Кулжа районунун Р. Абдыкадыров айылдык кеңешинин депутаты Абдыманап уулу А. ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Н. Шербек уулуна өткөрүлдү.

Чүй облусу:

  • Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты М. К. Макеев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты К. Б. Ашымовго  өткөрүлдү;
  • Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаттары Б. Х. Чинва жана Б. Ж. Сулаймановалар ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары Н. А. Молоде жана Н. К.Сооронбаевага өткөрүлдү;
  • Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты К. М. Мыктарбеков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Т. Ж. Куренкеевге өткөрүлдү;
  • Кант шаардык кеңешинин депутаты А. И. Сейталиев («Калк Ынтымагы» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты С. Х. Джалазовго өткөрүлдү.

Нарын облусу:

  • Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Э. Т. Толубаев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Н. М. Жаныгуловага өткөрүлдү;
  • Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты М.Ж. Мурсаматова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты А. К. Турдумамбетовго өткөрүлдү.

Талас облусу:

  • Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты М. Т. Исабеков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты А. Ш. Каработоевге өткөрүлдү.

Баткен облусу:

  • Баткен шаардык кеңешинин депутаты Б. Т. Козубаев («Эмгек» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты У. А. Нишановго өткөрүлдү;
  • Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты К.М. Масалиев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б. Ы. Тилековго өткөрүлдү.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер:

Чүй облусу:

  • Кант шаардык кеңешинен:
    • Б.Х. Саламов
    • А.Т.Шайлозов
    • Э.Р.Аскаров
      (Үчөө тең «Калк Ынтымагы» саясий партиясынан)

Нарын облусу:

  • Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңешинен:    
  • К.О.Турдиева

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>