Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
15.03.2025

КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 2025-жылдын, 15-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү. Төрага Тынчтык Шайназаров баштаган БШКнын кызматкерлери Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) белгиленген тилкеде ишембилик өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө, ал аймак катуу таштандылардан, кургак бутактардан, желим идиштерден жана башка калдыктардан тазаланды. Ишембиликке  БШКнын 53 кызматкери катышты. Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаадагы санитардык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө камкордук мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт. Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУнун Программалык офисинин башчысы менен жолугушту
14.03.2025

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУнун Программалык офисинин башчысы менен жолугушту

2025-жылдын 14-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Элчи, ЕККУнун Программалык офисинин башчысы Алексей Рогов жана ЕККУнун Программалык офисинин адам ченеми боюнча департаментинин башчысы Кристофер Блэр менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты, анын ичинде жарандык билим берүү чөйрөсүндө маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, шайлоо укугу боюнча укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн күчөтүү, майыптыгы бар адамдардын жана жаштардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун кеңейтүү, ошондой эле гендердик теңдик маселелери боюнча пикир алышты. Төрага Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясы жарандык билим берүү багытында иштер жүргүзүлөөрүн жана бул жаш шайлоочуларга өз укуктарын жакшыраак түшүнүүгө жана шайлоого активдүү катышууга жардам берерин белгиледи. Ал ошондой эле майыптар үчүн ыңгайлуу добуш берүү шарттарын түзүү, шайлоо участкаларын адаптациялоо жана укуктук механизмдерди жакшыртуу маанилүү экенин айтты. Өз кезегинде Алексей Рогов Бишкектеги ЕККУнун Программалык офиси Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын инклюзивдүү демилгелерин ишке ашырууну колдоого даяр экенин жана эл аралык стандарттарды киргизүүгө жардам көрсөтүүгө ниеттенгенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда,  тараптар өз ара кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун жана БУУӨПнын өкүлдөрү менен жолугушту
12.03.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун жана БУУӨПнын өкүлдөрү менен жолугушту

2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве жана БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу, калк арасында укуктук маданиятты жогорулатуу, жаштардын шайлоо процесстерине катышуусун арттыруу жана алардын шайлоого активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешти. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жаштардын курагы 35 жашка чейин узартылган. Эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын үлүшү (18 жаштан 35 жашка чейин) 43,57% түзүп, бул 1 735 417 адамды түзөт. Өнөктөштүктүн алкагында, БШК жана БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин биргелешкен аракеттери шайлоо процесси жана жарандык жоопкерчиликтин маанилүүлүгү боюнча кызыгууну жаратуучу жеткиликтүү жана түшүнүктүү чөйрөнү түзүүгө багытталат. Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандагы демократиялык процесстерди күчөтүү максатында келечектеги кызматташтыкты улантууга келишишти.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдайт
12.03.2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдайт

  Аймактык шайлоо комиссиялары өз аймактарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында   жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө, экиден бири саясый партиялардын өкүлдөрүнөн жана экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат. “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; - сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 25-мартынын саат 18:00гө чейин тапшырышат. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2025-жылдын 25-мартынын саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Жергиликтүү кеңештер,  участкалык шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери келип түшкөндөн кийин, тактап толуктап үч күндүк мөөнөттө жергиликтүү кеңештин сессияларын өткөрүп, сессиянын чечими менен талапкерлердин документтерин  тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет. Аймактык шайлоо комиссияга тапшырылычуу документтердин тизмеги: - участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме; - жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы; - паспорттун көчүрмөсү; - жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы - иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы); - көрсөткөн субъектинин протоколу. Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл. Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагаларынын, катчыларынын байланыш маалыматтары телефондук номерлери тиркемеде көрсөтүлгөн  Зарыл документтердин үлгүлөрү тиркемеде: арыз, саясий партиянын протоколу,   жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык «Таврический» жаштардын талкуу клубунун  жыйынына катышты
12.03.2025

КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык «Таврический» жаштардын талкуу клубунун жыйынына катышты

2025-жылдын 11-мартында эл аралык "Таврический" жаштардын клубунун жыйыны болуп, анда «Электоралдык процесстерди визуалдаштыруу. Географиялык карталар шайлоону түшүнүүгө кантип жардам берет?» деген тема боюнча талкуу болду. Иш чараны Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши жана демократиянын өнүгүүсүнө, парламентаризмге жана КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институту уюштурган. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү да катышты. Талкуунун жүрүшүндө эксперттер жана жаш адистер шайлоо процесстерин талдоодо географиялык карталардын маанисин, электоралдык маалыматтарды мейкиндикте көрсөтүүнүн ролун жана шайлоолордун ачык-айкындуулугун жана түшүнүгүн жакшыртуудагы таасирин талкуулашты. Катышуучулар шайлоо активдүүлүгүн визуалдаштыруу, добуштарды бөлүштүрүү жана шайлоо тенденцияларын аныктоо үчүн картографиялык ыкмаларды колдонуу боюнча пикир алмашышты. КР БШКнын өкүлдөрүнүн мындай эл аралык иш-чараларга катышуусу тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына заманбап ыкмаларды киргизүүгө салым кошот.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык шайлоо комиссиялары үчүн участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча онлайн окутуу өткөрдү
11.03.2025

КР БШК аймактык шайлоо комиссиялары үчүн участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча онлайн окутуу өткөрдү

2025-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагалары үчүн участкалык шайлоо комиссияларын (УШК) түзүү боюнча онлайн окутуу өткөрдү. Окутууга республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары катышты. Окутуунун алкагында төмөнкү негизги аспектилер каралды: • Шайлоо комиссияларынын системасы; • Шайлоо комиссияларынын ишинин укуктук негиздери; • Алардын ишинин негизги принциптери жана кепилдиктери; • Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тартиби; • Участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары. Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, анын жарымы саясий партиялар тарабынан, калганы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт. Ошондой эле, ушул эле Мыйзамдын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларын түзүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоочу субъекттер болуп саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештер саналат. Бирок, ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүдөй участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү боло албайт: • Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары; • Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; • Соттор, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары; • Талапкерлер, алардын өкүлдөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү; • Башка мамлекеттердин жарандары; • Кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбаган жарандар; • Башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; • Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен терс негиздер менен эрте бошотулган адамдар. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесси боюнча ишти өнүктүрүү, шайлоо комиссияларынын даярдыгын жогорулатуу жана шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге  өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгарды
11.03.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Лейлек, Кочкор, Токмок, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Лейлек районун, Сумбула айылдык кеңешинен Искандарова Мехрангез Мамуржоновнанын ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Нажмиддинов Исломжон Камолиддиновичке өткөрүлүп берилди. Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинен Керимкулов Нурлан Кубатбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Махмутбекова Нурбурак Шамилбековнага өткөрүлүп берилди. Жайыл районунун, Талды-Булак айылдык кеңешинен Талайбеков Адилет Талайбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Молтоев Данияр Абдурахмановичке өткөрлүлү берилди. Панфилов районунун, Кайыңды шаардык кеңешинен Бактыбеков Айбек Бактыбековичтин («Эл Аман» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Ашкеев Урмат Муктаровичке («Эл Аман» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди, Панфилов районунун, Кайыңды шаардык кеңешинен Орозумбеков Жаныбек Анарбековичтин («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты ­- Осмоналиев Жениш Калыбековичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүлүп берилди. Аксы районунун, Ак-Жол айылдык кеңешинен Кочкорбаев Эламан Жапаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Анарбаева Сайран Сагынбековнага өткөрүлүлүп берилди. Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен төмөнкү катталган талапкерлер чыгарылды: Токмок шаардык кеңешинен Джакипова Майрамкан- «Ынтымак» саясий партиясы, Токмок шаардык кеңешинен Мааметова Айкерим Нурлановна - «Ынтымак» саясий партиясы, Токмок шаардык кеңешинен Медетканова Кундуз Багданбековна - «Ынтымак» саясий партиясы, Талас шаардык кеңешинен Назаралиев Улан Эсенбекович - «Ынтымак» саясий партиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
11.03.2025

КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мамлекеттик органдардан келип түшкөн сунуштарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси– Джаныбеков Бекжан Джаныбекович; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана проекттерди экспертизалоо бөлүмүнүн адиси - Анарбаев Адилет Мамасалиевич; Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - Кочкорбаева Медина Канымбековна; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы адиси - Шарабидин уулу Шерболот; “Талыкпас Ата” майыптардын коомдук бирикмесинин өкүлү - Абдылдаева Керемет Турсуновна; Жарандык активист, “Жарыктык” КФнын укук коргоочусу - Дуйшенова Гулзар; “Психикалык ден соолук жана коомчулук” КУнун аткаруучу директору - Жыргалбеков Жакшылык Жыргалбекович; Кыргызстандын майып аялдардын Республикалык көз карандысыз ассоциациясынын өкүлү - Мусаева Асипа Мусаевна; Кыргыз Республикалык майыптар коомунун өкүлү - Сыдыков Жумгалбек Тургунбекович; Кыргыз Улуттук паралимпиадалык комитетинин өкүлү - Исакова Бакыт Жумушчу топтун курамынан чыгарылды. Чыгарылган мүчөлөрдүн ордуна Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилди: - Жолдошева Элнура Жеңишбековна – Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттешүү жана методология секторунун системдик администратору; - Айдаров Бакай Оросбекович – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; - Алдашов Канжарбек Бакытович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси; - Калиев Рахатбек Кылычович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспектору; - Алымкулова Аида Эркиновна – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси.
Кененирээк билүү >>
Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы түзүлдү
11.03.2025

Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамдарын түздү. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 10-мартындагы чечимине ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдоруна, жергиликтүү кеңештердин токтомдоруна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде турган төмөнкү адамдардан түзүлдү.   Бишкек шаары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү   № Фамилиясы Аты Атасынын аты Ким тарабынан көрсөтүлдү   Мадышанова Минара Харкиевна “Ынтымак” саясий партиясы   Нусубалиев Улукбек Асылбекович “Чон Казат Кыргызстан” саясий партиясы   Турапова Жылдыз Джусупековна “Ишеним” саясий партиясы   Манапбаев Чолпонбек Изатович “Ордо” саясий партиясы   Ибрагимов Жайнак Усенович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Конуров Бахадыр Арунович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Орозалиев Джумалы Бейшекеевич жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Исакова Асель Кавакбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Канатов Мекен Капарович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Орозалиев Кылыч Жанарбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Исмаилов Бексултан Бакытбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Шакирова Айзада Эркинбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Талас облусу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү   № Фамилиясы Аты Атасынын аты Ким тарабынан көрсөтүлдү   Ташыбеков Самарбек Рахманкулович “Замандаш” саясий партиясы   Молдокулов Абай Жолонович “Ынтымак” саясий партиясы   Кутманалиева Умут Алмазбековна “Эл Умуту” саясий партиясы   Сапаралиев Бакыт Асылбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Кыдыралиева Нүргүл Төлөгөновна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Кадырбаева Күлнур Тажибаевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Жуманалиев Татыбек Анарбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Сарылканова Татыбүбү Ормошбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Рысбекова Аяна Мамбеткеримовна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Анарбекова Толгонай Искендеровна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Саламат кызы Нуриза жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан   Өзүбекова Надира Молдобековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 10 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.03.2025

КР БШКнын 2025-жылы 10 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 10 март 2025 ж Убактысы: 15.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Лейлек, Кочкор, Токмок, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Т.О. Айтикеев шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө. (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен бекитилген Жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий онлайн жолугушуу өткөрдү
06.03.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий онлайн жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкийдин онлайн жолугушуусу өттү. Жолугушуу учурунда КМШ ПАА ДӨМЭАИнин Бишкек филиалынын 2024-жылдагы иши боюнча жыйынтыктар чыгарылды. Институттун Бишкек филиалдын директору Нурбек Сатыбалдиев өз баяндамасында аналитикалык, илимий, методикалык, окутуучу-консультативдик ишмердүүлүк, шайлоолорду жана референдумдарды мониторинг жүргүзүү, ошондой эле эл аралык жана өнөктөш уюмдар менен кызматташуу тууралуу сөз кылды. Тынчтык Шайназаров КМШ ПАА ДӨМЭАИнин  Бишкек филиалынын ишин баалап, эл аралык байкоочуларды уюштуруунун, илимий жана методикалык ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн, ошондой эле басма сөз ишмердүүлүгүнө кошкон чоң салымын белгиледи. Дмитрий Кобицкий болсо Бишкек филиалынын ишмердүүлүгүн эффективдүү деп баалап, анын республикалык жана эл аралык иш-чаралардагы активдүү катышуусун жана ийгиликтүү кызматташтыгын белгиледи. Жыйын соңунда, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык катышуучуларга өз ара кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы тараптан кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө максималдуу күч-аракет жумшалаарына ишеними жогору экенин билдирди.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан өкүлдөрү Тажикстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда
02.03.2025

Кыргызстан өкүлдөрү Тажикстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

2025-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, БШКнын мүчөсү Анар Дубанбаева, БШКынын аппаратынын кызматкерлери КМШ жана ШКУ байкоочулар миссияларынын курамында, Тажикстан Республикасынын Мажлисинин Оли Мажлисинин шайлоосуна катышууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары эл аралык байкоочулар миссияларынын курамына киришти: Бактыбек Марипов - КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы (МПА СНГ). Нилуфар Алимжанова - ЖККУ Парламенттик ассамблеясы (ПА ОДКБ). Кыргыз Республикасынын БШКнын делегациясы Тажикстан Республикасынын БШКнын төрагасы Худоёрзода Бахтиёр Тавар менен жолугушту. Жолугушууда Тажикстан Республикасынын БШКнын төрагасы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын иши, жаштардын шайлоого активдүү катышуусу жана шайлоочуларды маалымат менен камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Тажикстан Мажлисинин шайлоосунда жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилеп, шайлоо кампаниясынын ийгиликтүү өтүшүн каалады. Байкоочулар бир катар шайлоо участокторуна барышты. Делегация мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жергиликтүү байкоочулар менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Шайлоочулардын тизмесине 5 миллион 522 миң 88 адам киргизилген. Тажикстан боюнча 41 округдук жана 3549 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн, анын ичинде 28 мамлекеттеги Тажикстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө 36 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоого мониторинг жүргүзүүгө 229 эл аралык байкоочу аккредитацияланган. Маалымат үчүн: 2024-жылдын 4-декабрында Тажикстан Республикасынын Президенти Мажлиси Оли Мажлиси депутаттарын шайлоону 2025-жылдын 2-мартына белгилеген. Мажлиси Оли Мажлиси курамында 63 депутат бар, алардын ичинде: - 22 пропорционалдык система боюнча, - 41 бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Депутаттык мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө шайлоочулардын жалпы добушунун 5%дан кем эмес добушун алган партияларга гана жол берилет. Пропорционалдык система боюнча төмөнкү партиялар талапкерлерин көрсөтүшкөн: -Тажикстан Агрардык партиясы – 13 талапкер, -Тажикстан Экономикалык реформалар партиясы – 13 талапкер, -Тажикстан Социалисттик партиясы – 6 талапкер, -Тажикстан Демократиялык партиясы – 4 талапкер, -Тажикстан Элдик-демократиялык партиясы – 28 талапкер, -Тажикстан Коммунисттик партиясы – 6 талапкер. Бир мандаттуу шайлоо округдарында 152 талапкер катталган, алардын 81 өз алдынча талапкерлигин көрсөткөн.    
Кененирээк билүү >>
Көңүл бургула! Алдамчылар БШКнын жетекчилигинин атынан WhatsApp мессенджерлери аркылуу фейк билдирүүлөрдү жиберип жатышат
28.02.2025

Көңүл бургула! Алдамчылар БШКнын жетекчилигинин атынан WhatsApp мессенджерлери аркылуу фейк билдирүүлөрдү жиберип жатышат

WhatsApp мессенджеринде жаман ниеттүү адамдар (мошенниктер) өздөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы, орун басарлары же мүчөлөрү катары тааныштырууда. Алар БШКнын жетекчилиги катары, өткөн шайлоолор боюнча ар кандай маалыматтарды таратышууда. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер! Шектүү шилтемелерди баспаңыз жана жеке маалыматтарды бербеңиздер! КР БШКнын жетекчилиги мындай билдирүүлөр үчүн мессенджерлерди колдонбойт. Эгерде, сизде күмөн туудурган маалымат болсо, расмий органга байланышып текшериңиздер! Сак болуңуздар жана жеке маалыматтарды башкаларга бербеңиздер!
Кененирээк билүү >>
Аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын алгачкы жыйындары өтүүдө
27.02.2025

Аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын алгачкы жыйындары өтүүдө

2025-жылдын 21-февралы күнү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 52 аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти. Кыргыз Республикасынын «Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйынында комиссиянын төрагасы жана катчысы шайланат. 2025-жылдын 26-февралынан тартып аймактарда, аймактык шайлоо комиссияларынын биринчи жыйындары өтүп жатат. Аларга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлары — Н.Ч.Койчукеев (Жалал-Абад облусу) жана А.С.Жупуева (Чүй облусу), ошондой эле БШКнын мүчөлөрү: И.Т.Гайпкулов  (Чүй облусу), Г.О.Култаева (Талас облусу), М.А.Абдалиев (Баткен облусу), А.Г.Бекматов (Ош облусу), А.Н.Кубатбеков (Нарын облусу) жана А.С.Дубанбаева (Ысык-Көл облусу) катышууда. Мындан тышкары, жыйындарга райондук мамлекеттик администрациянын жана шаардык мэриялардын өкүлдөрү, БШКнын атайын өкүлдөрү жана БШКнын аппарат кызматкерлери катышууда. Жыйындардын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын нормаларын түшүндүрүп, АШКнын резервдерин жана курамын түзүү жөнүндө БШКнын токтому менен тааныштырышат, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө, шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын иштеп чыгууга байланышкан маселелерди талкуулоону уюштурушат. Мындан сырткары, жыйындардын алкагында БШКнын мүчөлөрү, атайын өкүлдөр жана жаңы шайланган аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсү боюнча, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү процессинде туруктуу кызматташтык маселелерин талкуулашат. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчыларынын тизмеси (жаңыртылып турат).
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча делегациясы менен жолугушту
26.02.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча делегациясы менен жолугушту

26-февралда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Прламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация менен жолугушту. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстанда жүргүзүлгөн шайлоо реформалары тууралуу кенен баяндама жасады. Ал 2015-жылга чейин Кыргызстанда шайлоо кандай өткөрүлгөнүн, анын ичинде шайлоо бюллетендерин даярдоо, жеткирүү жана коргоо процесстери тууралуу кеңири айтып берип, 2015-жылдан тартып шайлоо системасында 5 негизги компонентти камтыган шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулар колдонула баштагандыгына токтолду. 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда, мурунку 5 компонентти алмаштырган жаңы жабдуулар — бирдиктүү идентификатор колдонулган. Бул - шайлоо процессинин ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түздү жана аталган жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Евро Парламенттин депутаттарын жана Европа өлкөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Кыргызстанга келип, шайлоо процесстеринде заманбап технологияларды колдонуу боюнча өлкөнүн жетишкендиктери менен таанышууга чакырды. Төрага Т.Шайназаров, айрым өлкөлөрдө азыркыга чейин почта аркылуу добуш берүү колдонулуп жатканын жана бул шайлоо процесстерин бурмалоо, ачык-айкындуулугу  жана ишенимдүүлүгү боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Аны менен бирге Кыргызстан олуттуу реформаларды башынан өткөргөнүн баса белгилеп: эгер мурун өлкөдө шайлоо процессинде бюллетендерди таштоо, «карусель» жана башка айла-амалдар менен коштолсо, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин колдоосу жана заманбап технологияларды киргизүүнүн аркасында шайлоолор «Бир шайлоочу — бир добуш» принциби менен өтүп жатканын айтты. Өз кезегинде Евро Парламенттин депутаты Игнасио Санчес Амор шаардык кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон  Т.Султанбековдун жана башка партиянын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселе көтөрүп, ага БШК төрагасы Т.Шайназаров шайлоо учурунда БШК мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү менен иш алып барганын белгиледи. Ага ылайык, укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча шайлоочуларды массалык түрдө пара менен сатып алуу, каржылык тартипти бузуу, шайлоо фондусунан тышкары каражат менен каржылоонун фактылары аныкталган. Мындан тышкары, партиялык тизмеде биринчи ондука кирүү үчүн акча алуу фактылары да табылган. Жолугушуунун аягында, төрага Тынчтык Шайназаров Европа Парламенттин делегациясына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү
25.02.2025

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров менен Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молуновдун жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Молунов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Виталий Семашко, КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев, КР БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов жана КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуу учурунда КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров маанилүү иш-чараны өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен Беларусиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлде экендигин белгиледи. Өз кезегинде элчи С. Молунов Т. Шайназаровду КР БШКнын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, шайлоо системасын жакшыртуудагы ишине ийгиликтерди каалап, Беларусиянын БШКсынын төрагасы И. Карпенконун кайрылуусун тапшырды. Жолугшуу жүрүшүндө, көп жылдан бери эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү өз ара активдүү кызматташып, шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоочулар катары катышып, тажрыйба алмашууга жана демократиялык процесстердин бекемдөөсүнө өбөлгө түзүлүп жаткандыгы баса белгиленди. КР БШКнын төрагасы беларус тарапка 2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоодо байкоочу болуп катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага Тынчтык Шайназаров Кыргызстан Беларусия мамлекети менен шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, демократиялык реформалар жана шайлоо процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы улантууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун аягында, БШКнын төрагасы Т. Шайназаров элчи С.Молуновго жаңы кызмат ордуна ийгиликтерди каалап, Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүү үчүн БШК өзүнүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экенин билдирди.
Кененирээк билүү >>
1 … 56 58 … 482