Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, 2025-жылдын 10-февралдагы жыйынында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Лейлек районунун, Раззаков шаардык кеңешинин «Мурас» депутаттык фракциясынан Абдисаламов Алмазбек Азиреткуловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Жаназаков Садирбек Шамшиевичке өткөрүлүп берилди.
Баткен районунун, Ак-Татырык айылдык кеңешинен Жангиров Дурусбек Сейдимахматовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Джапаров Нүрүдин Дүйшеевичке өткөрүлүп берилди.
Баткен районунун, Ак-Татырык айылдык кеңешинен Абдуллаева Мухаббат Эшбаевнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Авазбеков Курбанбек Бахаповичке өткөрүлүп берилди.
Кемин районунун, Кемин шаардык кеңешинин «Эмгек» депутаттык фракциясынан Абдырахманов Марс Рысбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Чопиев Медер Нурлановичке өткөрүлүп берилди.
Аламүдүн районунун, Байтик-Баатыр айылдык кеңешинен Абдылдаева Дамира Кожобековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Аширкулов Кадырбек Биялиевичке өткөрүлүп берилди.
Жайыл районунун, Жайыл айылдык кеңешинен Калиева Алина Алмасбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абдрахманова Кишимжан Токушпековнага өткөрүлүп берилди.
Ноокат районунун, Кеңеш айылдык кеңешинен Бегматов Нурадил Жолдошалиевичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Субанов Өмүрбек Бектемировичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын берди. Жаңы төрага болуп Тынчтык Шайназаров шайланды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Н.Шайлдабекова өз арызы боюнча төраганын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын берди, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү канааттандырды.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасы болуп шайланды.
Н.Шайлдабекова шайлоо комиссиясындагы кесиптештерине, ошондой эле мамлекеттик органдардагы, жарандык сектордогу, эл аралык уюмдардагы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдѳгү ѳнѳктѳштѳрүнѳ жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди. Ал биргелешкен күч-аракеттердин аркасында шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү кадамдарды ишке ашырууга мүмкүн болгон, бирок процесс андан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи. Н.Шайлдабекова кесиптештерине мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Тынчтык Шайназаров өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди. Ал БШКнын ишинин артыкчылыктары шайлоо системасын өркүндөтүү, анын ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөө экендигин белгиледи.
Эске сала кетсек, Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келген.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында демократияны жана мыйзамдуулукту чыңдоого күч-аракеттерди багыттоо менен шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ѳз ишин улантат.
Тынчтык Шайназаровдун ѳмүр баяны
1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган.
1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. 1991-1996 жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигин ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу:
10.02.2025- ж - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы.
2021-2025 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары.
2020-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.
2015-2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI- чакырылышынын депутаты.
2010-2015-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V- чакырылышынын депутаты.
2009-2010-ж.ж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору.
2007-2009-ж.ж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы.
2004-2007-ж.ж. – Ош шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөө боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.
1999-2004-ж.ж. – Ош облусунун прокуратурасынын ага-тергөөчүсү, прокурору.
1997-1999-ж.ж. – Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын ага-тергөөчүсү.
1996-1997 ж.ж. – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын мөөнөткер-тергөөчүсү.
Ардактуу наамы – Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген” юристи.
Класстык чини – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы.
«КМШ ПАА 25 жыл» медалы.
ТүркПА медалы.
“Юстициянын мыктысы” медалы.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 10 - февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 10-февраль 2025-ж.
Убактысы: 18:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан элинин Ассамблеясында жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды
2025-жылдын 6-февралында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн майрамдоонун алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте жарандык жана санариптик билим берүү борборун ачты.
Иш-чарага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы А.Матубраимов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бѳлүм башчысы А. Супатаева катышты.
Иш-чаранын башталышлында КР БШК менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Борбордун иштеши менен катар эле башка программаларды биргелешип ишке ашыруу каралды.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жарандык жана санариптик билим берүү борбору укуктук маданиятты жогорулатуу, маалыматтык-агартуу иш-чараларын жана жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга жана биримдикти чыңдоого багытталган калк менен жолугушууларды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.
Кыргызстан элинин Ассамблеясы тарабынан уюштурулган мамлекеттик тилди, ошондой эле диаспоралардын эне тилин үйрөтүү курстарын өткөрүү Борбордун ишинин маанилүү багыты болуп саналат. Бул этникалык топтордун өкүлдөрүнө жана мамлекеттик тилди жана диаспора тилдерин үйрөнүүнү каалагандардын баарына мүмкүнчүлүк түзөт.
Мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жана үйрөтүү максатында кыргыз тилин үйрөнүү боюнча атайын “Кыргызча оңой” программасы көрсөтүлдү.
Этникалык коомдук бирикмелердин өкүлдөрү: «Барт» чечен маданий борборунун төрагасы Алиев Өзбек, өзбек улуттук маданий борборунун төрагасы Кадыров Бахтияр, азербайжандардын «Бирлик» коомдук уюмунун президенти Бахшалиев Хансывар берилген окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүн жана жеңилдигин жогору баалап, мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн жана билүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мамлекеттик тил улуттун биримдигин жана мамлекеттин туруктуулугун чыңдоонун маанилүү куралы катары кызмат кылат. Бул коомдук ырашкерликке көмөктөшөт жана ар кандай этникалык топтордун ортосундагы байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Кыргызстан элинин Ассамблеясы мамлекеттик тилдин өнүгүшүн камсыз кылууга өзгөчө маани берип, бул багытта активдүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Эске сала кетсек, учурда республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын базасында 77 жарандык жана санариптик билим берүү борборлору иштеп жатат. Борборлордо жарандык билим берүү программасын ишке ашыруу жана калктын бардык катмары үчүн санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу үчүн бардык шарттар бар. Борборлордун иш-чараларынын форматтары өлкөдөгү жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүнү өркүндөтүүгө багытталган онлайн/оффлайн билим берүү курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдар клубдарын өткөрүүнү камтыйт.
Кененирээк билүү >>
Президент Садыр Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
“Урматтуу мекендештер!
Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембисинде дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү белгиленет. Бул күн мындан 20 жыл мурун Будапештте шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары бекитилген.
Шайлоо – бул ар бир жаран өз келечеги менен өз өлкөсүнүн тагдырына таасир эте турган маанилүү процесс. Шайлоо аркылуу өлкөнү башкаруу укугу ишенип берилген бийлик органдары түзүлөт.
Кыргызстан адилеттүү жана эркин шайлоосуз саясий стабилдүүлүк жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эместигин түшүнүү менен демократиялык шайлоо стандарттарын бекем карманат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында эркин демократиялык шайлоонун бардык маанилүү принциптери чагылдырылган. Баш мыйзамыбыздын алгачкы беренесинде “эл мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана шайлоолор, референдумдар аркылуу өз эркин ишке ашырат” деп белгиленген.
Соңку жылдары өлкөбүздө шайлоо процессинин бардык негизги жагдайларын камтыган масштабдуу шайлоо реформасы жүргүзүлүп жатат. Реформанын алкагында шайлоочуларды каттоо жана биометрикалык идентификациялоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөнүн тактыгын, ачык-айкындуулугун жана шайлоонун натыйжаларына коомдук көзөмөлдү камсыз кылуунун заманбап технологиялары киргизилип, мыйзамдуулукту жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү.
Кыргызстандын шайлоо практикасы эл аралык деңгээлде жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу боюнча алдынкы тажрыйба катары таанылгандыгы абдан кубанычтуу.
Ошол эле учурда татыктуу талапкерлерди таза жана калыс тандоого мамлекеттин гана эмес, шайлоонун бардык катышуучуларынын чогуу-чаран аракет кылышы абдан маанилүү. Мен бул багытта эки жагдайды белгилей кетмекчимин:
1. Кыргызстанда бардык тармакта коррупцияга каршы саясат жүргүзүлүүдө. Коррупциянын кейиштүү көрүнүштөрүнүн бири – бул шайлоодо добуштарды сатып алуу. Добуштарды сатып алуу менен эртеңки кызмат адамынын шайлоо учурунан баштап эле коррупцияга белчесинен батышына негиз түзүлөт.
Көрүлгөн мыйзамдык чаралардын жана укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын аракеттеринин аркасында соңку мезгилде шайлоочулардын добушун сатып алуу деңгээли кыйла төмөндөдү. Бирок добуш сатып алуу аракеттерине каршы жарандардын өздөрүнүн келишпес позициясы, албетте, эң күчтүү жана таасирдүү курал болмок. Мына ушундай позиция гана добуштарды сатып алууну толугу менен жок кыла алат. Тынымсыз аракеттерибиз менен биз буга да жетишебиз деп ишенем.
2. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган иш билги, абийирдүү талапкерлерди шайлоо үчүн жарандардын шайлоого активдүү катышуусу маанилүү. Жүргүзүлүп жаткан реформанын аркасында добуш берүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө жарандардын ар бир добушу так эсепке алынып, ким депутат, же Президент болорун шайлоочулардын өздөрү аныктап жатат. “Ар бир жарандын добушу маанилүү, ал өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эте алат” деген тезис Кыргызстанда реалдуу мазмунга ээ!
Шайлоо маалында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгон учурда бийликке келүүнү кѳздѳгѳндѳрдүн ѳзүнүн тарапташтарынын чакан тобун ишке тартуу менен, шайлоочуларды адаштырып-жазгырып жеке кызыкчылыктары үчүн “жеңил” өтүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондуктан жарандар активдүү катышып, татыктууларды тандоо аркылуу шайлануучу органдардын сапаттык курамына таасир эте турган ѳздѳрүнүн укуктарын жүзѳгѳ ашырышы маанилүү!
Ардактуу кыргызстандыктар!
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Административдик-аймактык реформага байланыштуу ѳткѳрүлгөн жергиликтүү шайлоолор ѳзгѳчѳ актуалдуу жана маанилүү болду. Шайлоо аркылуу жер-жерлерде жарандардын кызыкчылыгында натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү өкүлчүлүктүү органдардын системасы оптималдаштырылды.
Ошентип биз мурда убада кылгандай, жергиликтүү кеңештерге жигердүү, жоопкерчиликтүү жана татыктуу депутаттардын келүүсү үчүн шайлоону ачык-айкын жана эркин өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү.
Эми жергиликтүү кеңештердин жаңы чакырылыштагы депутаттарынын алдында жакынкы 5 жылда жергиликтүү өнүгүүнүн эң орчундуу маселелерин чечүүдө чоң милдеттер турат. Бул үчүн жарандардын пикирлерин жана суроо-талаптарын эске алуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын биргелешкен иштерин уюштуруу зарыл.
Андыктан, билекти бек түрүп, баарыбыздын жалпы ишибизди – жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууну жана аймактарды өнүктүрүүнү жана жаңы, өнүккөн Кыргызстанды курууну колго алышыбыз керек!
Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо аткарган иштери үчүн шайлоо комиссияларынын тутумунун бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мыйзамга жана демократиялык шайлоо принциптерине берилгендигин көрсөтүштү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бардык деңгээлдеги шайлоолордун жаңы циклинин башталышын шарттады. Эми 2026-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо өткѳнү турат. Бул шайлоолор бардык катышуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен, таза атаандаштыктын жана мыйзамдуулуктун шартында өтүшү керек. Элдин эрки Кыргызстандын өнүгүүсүндѳ чечүүчү фактор болуп келгенин жана болуп кала берерин, ал эми эркин жана таза шайлоо демократиянын жана мамлекеттүүлүктүн негизи экенин эстен чыгарбоо зарыл!
Шайлоо комиссияларынын жамааты бардык кызыкдар органдар жана уюмдар менен биргеликте, алдыдагы шайлоо циклинин бардык иш-чараларын татыктуу уюштуруу үчүн бүт күч-аракетин жумшаарына ишенем.
Борбордук, аймактык жана тилкелик шайлоо комиссияларынын урматтуу мүчөлөрү!
Сиздерди бүгүнкү маанилүү майрам – Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
Өз ишмердигиңиздер менен шайлоо процесстеринин таза жана мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылуунун, жарандардын өз пикирин эркин билдирүү укугун коргоонун алдынкы сабында турасыздар.
Атуулдук парзыңыздар жана өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, калыс жана бекем принциптериңиздер Кыргызстанда таза жана ачык шайлоонун өтүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат!
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, ийгилик жана байгерчилик каалайм!
Кененирээк билүү >>
Коомдук диалог: “Жаңы шайлоо циклинин башталышы: жергиликтүү шайлоо - 2024”
2025-жылдын 6-февралында, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүндө Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог болуп өттү. Иш-чараны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында өткөрдү.
Коомдук диалогго Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдук уюмдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, блоггерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Коомдук диалогду ачып жатып, БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жаңы шайлоо циклин башталгандыгын, ал 2026-жылдагы парламенттик шайлоо, андан кийин Президентти шайлоо менен улана турганын белгиледи.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бир катар жаңы технологиялар, программалар, жабдуулар жана комиссиялар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн формалары сыноодон ѳттү. Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо колдонулган ушул жаңылыктардын оң жана терс жактарын талкуулоо сунушталды.
Катышуучуларга айрым маанилүү маселелерди жана кийинки жаңы шайлоо циклинде бардык деңгээлдеги шайлоолор үчүн жалпы шарттарды кантип жакшыртууга болорун чогуу ойлонуу жана талкуулоо сунушталды.
Төрага шайлоо процесси шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык уюмдардын, эксперттердин бирдиктүү аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блоггерлердин колдоосу менен камсыз кылынарын белгиледи. Бул шайлоолор кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн күч-аракетин бириктиргендигин белгилѳѳ менен, чогуу-чаран иш- аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте биргелешкен күч-аракеттер аркылуу көйгөйлөрдү жеңип ѳтүп, шайлоо процессинин маанилүү милдеттерин чечүүгө болот деген ишенимин билдирди.
Административдик-аймактык реформа Кыргызстандын аймактык түзүмүн өзгөртүү менен, жер-жерлерде – аймактарда башкаруу системасын оптималдаштырды. Шайлоо аркылуу жергиликтүү кеңештердин өкүлчүлүктүү органдарынын түзүмү толугу менен оптималдаштырылды. Жарандар жакынкы 5 жылда жергиликтүү өнүктүрүүнү ишенип тапшырган жергиликтүү кеңештердин алдында айылдардагы жана шаарлардагы жарандардын жашоосун жакшыртуу, аларды өнүктүрүү боюнча чоң милдеттер турат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы “Өнүктүрүү саясаты институтуна” шайлоого даярдык көрүүдөгү натыйжалуу өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, институттун жергиликтүү кеңештерге усулдук жардам көрсөтүү жана окутуу боюнча мындан аркы ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер чогулгандарга Швейцариянын Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпысынан, өзгөчө шайлоо процессине көрсөтүп жаткан колдоо тууралуу маалымат берди. Колдоо кѳрсѳтүү жамааттарды жана алардын өкүлдөрүн өнүктүрүүнүн. окутуудан баштап материалдык гранттарды берүүгө чейинки ар кандай аспектилерин камтыйт. Ошол эле учурда Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу ѳзгѳчѳ мүнѳзгѳ ээ, анткени ал узак мөөнөттүү үзгүлтүксүз негизде жүригүзүлүп, жергиликтүү уюмдардын жана адамдардын тике ѳздѳрүнѳ берилип жатат.
«Өнүктүрүү саясаты институту» коомдук уюмунун башкармалыгынын төрагасы Надежда Добрецова Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин эволюциясына өзгөчө маани берди, алар шайлоо цикли өткөн сайын улам күчтөнүп, профессионалдуу болуп бараткандыгын белгилѳѳ менен мындай дедеи: “2000-жылдардын башында жергиликтүү кеңештер кандай болгондугу эсимде. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдардын ишинин сапаты кандай өсүп жатканын байкабай коюуга болбойт. Алар социалдык-экономикалык өнүгүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу уюштурууга, ар бир жергиликтүү жамаатта адамдын өсүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча барган сайын кыйла оор чечимдерди кабыл алууда. Ѳкүлчүлүктүү орган катары кеңештердин, ошондой эле депутаттардын, анын ичинде аял-депутаттардын жеке жоопкерчилиги да жогорулап жатат, алар коомчулук үчүн маанилүү демилгелерди көтөрүп, коррупцияга каршы күрөшүп, көйгөйлөрдү чечүү жана жамааттарды өнүктүрүү үчүн кошумча ресурстарды тартып жатышат. Али да болсо депутаттар колдоого жана окутууга муктаж болгондугуна карбастан, муниципалдык депутаттардын корпусу чыныгы жоопкерчиликтүү жана демилгелүү өкүлчүлүктүү органга айланды».
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаров бул шайлоолордо колдонулган ар түрдүү органдар менен өз ара аракеттенүү форматтарынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, алар процессти жакшыртууга кандай таасир эткендигин белгиледи. Атап айтканда, ал укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кароодо компетенцияны так бөлүштүрүүгө багытталган укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүдѳгү өзгөрүүлѳрдү белгилеп ѳттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларды маалымдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин маанилүү багытында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордогу өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ал маалымат берүү ишинде мамлекет тарабынан, анын ичинде Маданият министрлиги, УТРК (аймактардагы өкүлчүлүктөрү) менен өнөктөштүктө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу толук баяндама жасады. Ишке телекомпаниялар, анын ичинде аймактык телекомпаниялар тартылып, алар күн сайын маалымат берип, дебаттарды да көрсөтүп турду.
Э.Искаков шайлоо учурунда блоггерлик коомчулуктун маалыматтык кампанияга кошкон салымы тууралуу маалымат берди.
Диалогдун жүрүшүндө маалымат өнөктүгүнө активдүү катышкан жалпыга маалымдо каражаттарынын жана блоггер коомчулугунун салымы жогору бааланды.
Шайлоо учурунда социалдык тармактарга көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнүн биринчи тажрыйбасы тууралуу Э.Токтогулова баяндады. Катышуучулар бул маанилүү жана толук камтылган тажрыйбага айлангандыгын, ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти, аны кийинки шайлоолордо ѳнүктүрүүнүн зарыл.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбаев диалогдун катышуучуларын жаңы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ишмердүүлүгү жана алардын муктаждыктары менен тааныштырды. Ал депутаттар бирикменин колдоосунан куру калбасын айтып, жергиликтүү эл өкүлдөрүнүн статусун көтөрүү үчүн мамлекет менен биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди.
Ал эми парламенттик шайлоо боюнча сунуштарга келсек, бул маселелерди ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында өзүнчө талкуулоонун зарылдыгы белгиленди. Талкуунун жыйынтыгында келечектеги шайлоо өнөктүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар түзүлѳрү абзел.
Иш-чара 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн шайлоо процессинин катышуучуларына Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи менен аяктады.
Маалымат иретинде: жыл сайын февралдын биринчи бейшембисинде бардык өлкөлөр 2005-жылы Венгрияда шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары негизделген Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн белгилешет.
Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү эркин жана таза шайлоонун маанилүүлүгүн эскертип, ар бир жарандын добушу керектүү жана маанилүү экенин, ал өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эте тургандыгын жарандардын аң-сезиминде бекемдейт.
Кыргыз Республикасында шайлоо реформасы жигердүү ишке ашырылууда. Шайлоолордун ишенимдүүлүгүн жана айкындуулугун камсыз кылуу, шайлоо процессинин атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле жарандардын эркин жана адилет ѳз эркин билдирүүсү үчүн укуктук жана практикалык шарттарды түзүү реформанын азыркы этабынын негизги жетишкендиктеринен болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ш.Т.Молдалиеваны «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
КР БШК «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Молдалиева Шарийпа Токтоматовнадан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде,
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин,
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Молдалиева Шарийпа Токтоматовна «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы
«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө» №859 чечиминде талапкер Молдалиева Шарийпа Токтоматовнаны каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп, айрым талапкерлерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2025-жылдын 31-январындагы жыйынында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук,
Базар-Коргон, Манас, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Шопоков шаардык кеңешинин «Ынтымак» депутаттык фракциясынан Акылбек уулу Чынгыздын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Эмил уулу Абайга берилди.
Сокулук районунун, Манас айылдык кеңешинен Зыкиров Илияс Кенешбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Ахметахунов Зарлык Мусаевичке берилди.
Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясынан Жуманазаров Элдияр Жамшитовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абылов Бектур Сатарбековичке берилди.
Базар-Коргон районунун, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинен Тагаева Жыпар Маматкаримовнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Чойтоева Үмүт Кашиевнага берилди.
Манас районунун, Үч-Коргон айылдык кеңешинен Карабаева Бактыкан Канатбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Зарыкбаев Аманкелди Зарыкбаевичке берилди.
Түп районунун, Ысык-Көл айылдык кеңешинен Деркимбаев Тилек Урусовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Борончиева Сонун Эрмековнага берилди.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер:
Сокулук районунун, Манас айылдык кеңешинен Абдыкааров Алимардан Акылидинович тизмеден өзүнүн арызынын негизинде чыгарылды.
Жумгал районунун, Байзак айылдык кеңешинен Турусбекова Тамчыгүл Кашкарбековна тизмеден өзүнүн арызынын негизинде чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 31 - январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 31-январь 2025-ж.
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Молдалиева Шарийпа Токтоматовнаны чыгаруу жөнүндө.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук,
Базар-Коргон, Манас, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин жыйынына катышты
2025-жылдын 24-январында Минск шаарында БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Беларусь Республикасынын БШКсынын төрагалыгы астында КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын башчыларынын консультативдик кеңешинин төртүнчү жыйынына катышты.
Жыйынга Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенко, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Абдиров, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Е. Памфилова, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З. Низамходжаев катышты.
Ошондой эле Консультативдик кеңештин жыйынына КМШнын Башкы катчысы С.Лебедев жана КМШ ПААнын Башкы катчысы - Катчылыгынын жетекчиси Д.Кобицкий, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары, МИМРДнын директору И. Мушкет катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы «Кыргыз Республикасында шайлоонун жаңы циклинин башталышы. Административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” баяндама менен чыгып сүйлѳдү.
Төрага өз сөзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган адаптациялык чараларды кабыл алуу менен жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын аспектилери тууралуу маалымат берди.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо колдонулган инновациялар, атап айтканда, мыйзамдык өзгөртүүлөр, аралыктан добуш берүү жабдууларын колдонуу жана шайлоо жабдууларын модернизациялоо 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жогорку деңгээлде ачык жана айкын болушуна кѳмѳктѳшүп, шайлоочулардын шайлоо процессине кеңири катышуусун жана жарандардын шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимин жогорулатууну камсыз кыла алды.
Шайлоо боюнча талкуунун алкагында Консультативдик кеңештин мүчөлөрү Казакстанда 2024-жылдагы шайлоо окуялары боюнча баяндаманы; тренддер жана жыйынтыктар; 2024-жылдын 27-октябрында Өзбекстандын мамлекеттик бийлигинин өкүлчүлүктүү органдарына болгон шайлоонун айрым өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндамадалрды угушту.
Е.Памфилова КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы аймактык кызматташуусунун келечеги жөнүндө сунуш киргизди. Ошондой эле КМШ ПАА тарабынан шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык мониторингдин отуз жылдыгы, тажрыйба жана перспективалар боюнча И.Мушкеттин баяндамасы угулду.
Консультативдик кеңештин жыйынында курамына КМШ ѳлкѳлѳрүнүн жаштарынын ѳкүлдѳрү кирген шайлоо чөйрөсүндөгү жаштар саясаты боюнча жумушчу топ түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алынды жана жогоруда аталган топтун алкагында Кыргызстанда жаштардын иш-чараларын ѳткѳрүү жѳнүндѳ алдын ала маалымдалды.
Маалымат иретинде:
КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешин (Консультативдик кеңеш) түзүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 14-октябрында Астанада КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында кол коюлган.
Консультативдик кеңештин курамына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын борбордук шайлоо органдарынын жетекчилери кирет.
2024-жылдын 6-майынан баштап Казакстан Республикасы КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кошулган.
Алгачкы эки жыйын Ташкентте (экинчи жыйын онлайн форматта) Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында, үчүнчү жыйын Минск шаарында болуп, төрагалык Өзбекстан Республикасынан Беларусь Республикасына өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Президентин шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда
2025-жылдын 26-январында БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова - делегациянын башчысы, БШКнын мүчөлөрү А.Бекматов, М.Абдалиев жана БШК аппаратынын кызматкери КМШнын жана ШКУнун байкоочулар миссияларынын курамында Беларусь Республикасынын Президентин шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышып жатат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З. Ормонов, А.Т. Эрбаев, Э.Р.Сатыбалдиев; ЖККУ ПАдан - Б.У.Сыдыков, Б.В.Шабазов, А.Т.Кылычбаев КМШ ПААнын миссиясынын курамына киришкен.
Шайлоонун алдында байкоочулар Маалымат борборунун ачылыш аземине жана "2025-жылы Беларусь Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жөнүндө" Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенконун пресс-конференциясына катышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенко менен жолугушту. Жолугушууда шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу боюнча маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Беларусь Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулар сыяктуу эле талапкерлердин да жарандык шайлоо укуктарын толук кандуу жүзѳгѳ ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча даярдык иш-чараларынын комплекси системалуу түрдө ишке ашырылганын белгиледи.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн алкагында байкоочулар бир катар шайлоо участкаларында болушту. Делегациянын мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо өкүлдөрү жана жергиликтүү байкоочулар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Шайлоочулардын тизмесине 6,9 миллиондон ашык адам киргизилген. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө, 21-25-январдын аралыгында шайлоочулардын 41,81% катышты.
5325 участок түзүлгѳн, анын 207 участогу ооруканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө жана башка убактылуу жашоочу жайларда уюштурулган.
Шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн 486 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.
Маалымат иретинде:
2024-жылдын 23-октябрында Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасы Беларусь Республикасынын Президентин шайлоону 2025-жылдын 26-январына дайындаган.
Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык, Республиканын Президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.
Эгерде добуш берүүгө катышкан жарандардын жарымынан көбү ал үчүн добуш беришсе, президент шайланды деп эсептелет.
Беларусь Республикасынын Президентинин кызмат ордуна беш талапкер ат салышууда:
1. Александр Лукашенко – азыркы мамлекет башчысы;
2. Олег Гайдукевич – Беларуссиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери;
3. Александр Хижняк — республикалык Эмгек жана адилеттүүлүк партиясынын лидери;
4. Сергей Сыранков — Белоруссия Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары;
5. Анна Канопацкая - мурдагы шайлоолордогу экс-талапкер, ишкер, партияда жок.
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2025-жылдын 23-январындагы жыйынында Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн райондорунун аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге ыйгаруу боюнча чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Панфилов районунун, Кайыңды шаардык кеңешинен «Бирге-Вместе» депутаттык фракциясынан Молдалиев Бакытбек Джусуповичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Зайнидинов Муканбет Жожобаевичке берилди.
Айтматов районунун, Кара-Буура айылдык кеңешинен Керимкулов Эсенбек Мирлановичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Асылбеков Копболсун Кушубаковичке берилди.
Сузак районунун, Сузак айылдык кеңешинен Хакимов Жахонгир Абдумуталиповичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Арипов Аслиддин Алимбаевичке берилди.
Өзгөн районунун, Төрт-Көл айылдык кеңешинен Марат уулу Ибрагимдин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Мамытов Шекербек Өмүрзаковичке берилди.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы П.Р.Тулендыбаевге Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 23-январдагы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Тулендыбаев Пархат Розымович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖКнын депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-январындагы №13 Жарлыгынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри болуп дайындалганына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш.Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 23 -январындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 23январь 2025-ж.
Убактысы: 14:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Панфилов, Айтматов, Сузак жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу боюнча борбордогу ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуу өткөрдү
КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н.Шайлдабекова менен борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин жолугушуусу болуп, анда “Кыргызстандын жаштарын ТѲМ боюнча билим берүү” программасынын алкагында “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу” деген тема талкууланды.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирип, 45-орунду ээледи. 2030-жылга карата Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруу боюнча БУУнун алдыңкы 30 өлкөсүнө кирүүнү максат кылууда.
Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жакырчылыкты жоюуга, социалдык инклюзивдүүлүккө жетишүүгө, климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө жана кийинкимуундардын туруктуу келечегин камсыз кылууга багытталган 17 глобалдык максаттарды кѳздѳйт.
ТӨМдү ишке ашырууга таасир эте ала турган ѳбѳлгѳлѳрдүн бири бул шайлоо болуп саналат. Шайлоо – бул жөн гана лидерлерди жана эл өкүлдөрүн шайлоо процесси эмес, бул ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарынын көптөгөн аспектилерин ишке ашыруунун маанилүү механизми болуп саналат.
Шайлоо натыйжалуу институттарды калыптандырууга, ресурстарды адилет бөлүштүрүүгө, инклюзивдүүлүккө, жарандардын коомго катышуусуна жана туруктуу өнүгүүгө багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизет.
Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн шайлоо укуктары, Кыргызстандагы шайлоо укуктарынын негиздери жана процесстери, колдонулуп жаткан шайлоо технологиялары менен таанышты.
КР БШК бардык деңгээлде таасирдүү, отчеттуу институттарды түзүүгө жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган 16 ТӨМ жана 5 ТӨМ алкагында активдүү иш алып барууда.
16 ТѲМ: Шайлоо реформасынын алкагында маалыматтык технологияларды киргизүүнүн аркасында биометрикалык идентификация аркылуушайлоочуларды каттоонун тактыгы, автоматтык эсептөө (АЭУ) жана сайтта ыкчам көрсөтүү аркылуу добуштарды эсептөөнүн тактыгы камсыз кылынды. Ошону менен добуш берүүнүн натыйжаларынын ишенимдүүлүгү камсыз кылды.
5 ТѲМ: Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын жана шайлоонун жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңешке 20 аял (депутаттардын жалпы санынын 22%), ал эми жергиликтүү кеңештерге 2538 (39,75%) аял депутаттар шайланды, бул жергиликтүү шайлануучу органдарга аялдардынкатышуусунун өсүп жаткандыгын чагылдырат.
ТѲМ биз күн сайын туш болуп жаткан маселелер экенин эстен чыгарбоо керек. Ал эми бул максаттарды ишке ашыруу бардык жарандардын, анын ичинде жаштардын шайлоодогу активдүүлүгүнө жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусуна көз каранды. Жаштар - туруктуу өнүгүү маселелери мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп калышына жардам берүүчү күч.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде 4 135 039 адам катталса, анын 42% жаш шайлоочулар (18 жаштан 35 жашка чейинки) болуп саналат, бул 1 735 417 адамды түзөт. Жергиликтүү кеңештерге шайланган 6384 депутаттын ичинен 561 депутат -жаштар, анын ичинен 96сы шаардык кеңештерге, 465и айылдык кеңештерге шайланышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө анын жаш катышуучулар шайлоого катышуу босогосун киргизүү, чет өлкөдөгү мигранттардын, этностордун шайлоо укуктарын ишке ашыруунуншарттары, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу сыяктуу өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.
Жолугушуу жаштарды жарандык тарбиялоодо, алардын шайлоо процессине активдүү катышуусуна дем берүүдѳ жана шайлоочулардын укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болду.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти
25.09.2026
КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
25.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын төрагасы менен жолугушту
25.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 25-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
24.09.2026
КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады
24.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады