Башкы Жаңылыктар 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын …

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

27-Сен, 2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2012-жылдын 25-сентябрындагы
№ 102  токтому менен бекитилген

 

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын

КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ  

 

Шайлоо күнү – жекшемби

2012-жылдын 25-ноябры.

 

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү

1. 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

2012-жылдын
6-октябрына чейин

 

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен

(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-бер. 1, 3, 4, 5-б.б.)

2. 

ЖМКга шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо

Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын
11-октябрына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 10-бер. 6-б)

3. 

Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

 2012-жылдын
11-октябрына чейин

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча (Мыйзам 11-бер. 2, 3-б)

4. 

ЖМКга шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо

Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын 16-октябрына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 11-бер -б)

5. 

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн окутуу тренингдерди өткөрүү

Өзгөчө план жана график боюнча

Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо технологияларынын борбору, аймактык шайлоо комиссиялары.

(Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам 7-бер. 1-бөл. 29-п) 

6. 

Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуу тренингдерди өткөрүү

Өзгөчө план жана график боюнча

Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо технологияларынын борбору, аймактык шайлоо комиссиялары.

(Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам 7-бер. 1-бөл. 29-п) 

Шайлоочулардын тизмелереи менен иштөө

7. 

катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо

 

Шайлоолор дайындалган күндөн тартып

 

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам 12-бер) 

8. 

Тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болбогон адамдарды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу

Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 3-бер.7,8-б. 12-бер.3,7-б)

9. 

Кагазга чыгаруу (2 нускада) жана шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмесинин бирден экземплярын берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссиялардын төрагаларынын колтамгалары коюлат жана мөөрү басылат)

 

Добуш берүү күнүнө 40 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын 16-октябрына чейин)

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 12-бер. 4-б)

10. 

Шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илүү

 

 Добуш берүү күнүнө 40 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын 16-октябрына чейин)

 

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам 13-бер. 1-б)

11. 

Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

( 2012-жылдын 26-октябрына чейин)

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам 13-бер. 2-б)

12. 

Шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү жана номери коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен ырасталган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

( 2012-жылдын 22-ноябрына чейин)

 

Аймактык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам 13-бер. 5-б)

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

 

13. 

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү

 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күн калганда аяктайт 

 

(2012-жылдын 15-октябрынын саат 24.00нө чейин)

Саясий партиялар

 

(Мыйзам. 49-берене 1-б., 2-б 1-п.)

14. 

Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын 15-октябрынын саат 24.00нө чейин)

Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

  (Мыйзам 53-берене
1-б.)

15. 

Талапкерлердин тимелерин көрсөтүү тартибин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келишин текшерүү

Документтерди кабыл алуу күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

 (Мыйзам 53-берене 4-б.)

16. 

Талапкерлердин тизмесин каттоо

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт

 

(2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

 (Мыйзам 53-берене 6-б..)

17. 

саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелерине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин ошондой эле саясий партиялардын аталаштарын, көрсөтүү менен талапкерлердин тизмелери катталгандыгы тууралуу маалыматты басма сөзгө жарыялоо

 

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 53-берене 11-б.)

18. 

талапкерлерге катталган датасы көрсөтүлгөн   талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берүү

 

Талапкерлердин тимесин каттоо күнүнөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

 (Мыйзам 53-берене 12-б.)

19. 

Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртын алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу  

 

Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын 21-ноябрынын саат 24.00нө чейин)

Талапкер, саясий партия

(Мыйзам 54-берене 1,2-б.)

20. 

саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу

Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 21-берене 3-б)

21. 

саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу

Саясий партиянын көрсөтүүнүн жана  жарандын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде талапкерлерди каттоодон кийин

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 18-бер. 2-б.)

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

 

22. 

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү

Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт

 

(2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин)

Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болгон шайлоочулардын тобу жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөткөн жарандар

(Мыйзам. 49-берене1-б, 2-б. 2-п,)

23. 

Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен

 

(2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин)

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам. 60-берене 1-б)

24. 

Талапкерлерди көрсөтүү тартибин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келишин текшерүү

Документтерди кабыл алуу күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 60-берене
3-б.)

25. 

Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

Добуш берүү күнүнө 20 календарлык күнгө чейин

 

(2012-жылдын 4-ноябрынын саат 24.00нө чейин)

 

 Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам. 60-берене 7-б..)

26. 

Айылдык кеңештеринин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү

Талапкерлерди каттоодон кийин 2 күндүн ичинде

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 60-берене 9-б.)

27. 

аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен  айылдык кеңештердин депуттатыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо

 

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып  5 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 60-берене 8-б)

28. 

Айылдык кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртын алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу  

 

Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын 21-ноябрынын саат 24.00нө чейин)

 

талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу

(Мыйзам 54-берене 1,2-б.)

29. 

Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу

 

Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймакытык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 21-берене 3-б.)

30. 

Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу

 

Талапкерлер катталгандан кийин талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун сунушунун жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 18-берене 2-б.)

Шайлоо алдындагы үгүт

31. 

Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларды маалымдоо,  шайлоо алдындагы үгүт

 

 

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык

(Мыйзам 22-б.1,2-б.)

 

32. 

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу

 (Мыйзам 23-берене 1-б.)

33. 

жарандар менен чогулуштарды, жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин

 

Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте

 (Мыйзам. 26-берене 1-б.)

34. 

Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма  үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 (Мыйзам 27-берене 3-б.)

Шайлоолорду каржылоо

35. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү

Шайлоо дайындалгандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

36. 

шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмсин көрсөткөн  саясий партиясы тарабынан шайлоо фондун түзүү.

Эсеп: № 1290522382820060 (4402012100000945) «РСК Банк» ААК Бишкектеги филиалы

БИК 129052 . Алуучу: Биринчи май РОК / Кыргыз республикасныны Боршайком  ИНН 01704199610123

Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде

Саясий партия, шайлоочулар тобу

 (Мыйзам 15-бер 1-б. , 55-бер)

37. 

Айылдык кеңештин депуьтаттыгына талапкерлер ге шайлоо фондун  түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү

 Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин

Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 15-бер.1-б., 61-бер)

38. 

Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо

Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып

/Тиешелүү шайлоо комиссиялары

(Мыйзам  16-бер.1-б.)

39. 

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контроль

 

Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу

 

(Мыйзам 16-бер.2-б.)

40. 

Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү  

Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын 6-декабрына чеийн)

 

Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу

 (Мыйзам 15-бер.19-б.)

Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби

41. 

шайлоо бюллетенинин текстин, формасын бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен

 (2012-жылдын 5-ноябрына чеийн)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 30-бер. 3-б.)

42. 

ЖМК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн кечиктирбестен

(бүткүл мезгил ичинде)

(2012-жылдын 15-ноябрына чеийн) 

 

 

Участкалык шайлоо комиссиялар

(Мыйзам 31-бер. 1-б)

43. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо

Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн кечиктирбестен.

(2012-жылдын 15-ноябрына чеийн) 

 

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

(Мыйзам.30-бер.8-б)

44. 

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда   добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда

 (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн) 

Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 30-бер. 13-б.)

45. 

Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу

Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 30-бер. 13-б.)

Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо

46. 

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн мурда

 (2012 –жылдын 16-24-ноябрына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 32-бер.1-б.)

47. 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды жана оозеки кайрылууларды кабыл алуу

 

 

 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрүн аныктоо боюнча чучукулак өткөрүү

 

 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын 22-ноябрына чейин)

Добуш берүү күнүнө чейин 2  календардык күн мурда

(2012-жылдын 23-ноябрына чейин)

Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн мурда

(2012-жылдын 24-ноябрына чейин)

 

 

 

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 33-бер.2-б.)

 

 

 

(Мыйзам 33-бер.4-б.)

 

 

(Мыйзам 33-бер.2-б.)

 

 

48. 

Шайлоо күнү добуш берүүнү өткөрүү 

2012-жылдын

25-ноябры

 саат  8.00дөн 19.00 чейин

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 31-бер)

49. 

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүү. Келип түшкөн даттанууларды (арыздар) кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу

Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт)

Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам 36-бер.) 

50. 

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү. Добуштарды эсетөөгө катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун мөөр менен күбөлүндүрүлгөн көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) берүү

Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 36-бер. 20-б.) 

51. 

Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү

Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам.37-бер.1-б.)

52. 

Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын, жыйынды таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү 

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен

(2012-жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен)

 

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 37,38-бер. 1,4-б)

53. 

Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө

Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер

 (Мыйзам.51-бер.1-б.)

54. 

Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо

Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

 

Борбордук шайлоо  комиссия

(Мыйзам 40-бер.4-б.)

55. 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү

Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы

 

(Мыйзам.51-бер.2-б.)

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>