Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине …

КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды

05-Окт, 2012

КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды 

Азыркы учурда Бишкек шаарында иш жүзүндө жашаган жери боюнча жатаканаларда күндүзгү окутуу формасындагы студенттерге, аспиранттарга жана убактылуу катталган жарандарга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга укук берүү аракеттери жасалып жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине паспортунда (ID картта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгилери бар жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы талап кылгандай, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды гана киргизүү чечимин кабыл алды.

Төмөндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин толугу менен келтиребиз.

№ 9 чечим

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн, азыркы учурда Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо окутуунун күндүзгү формасындагы студенттерге, аспиранттарга жатаканалардагы иш жүзүндө жашаган жерлери жана убактылуу катталган жарандарга шайлоо укугун берүү далалаты жүрүп жаткандыгына карата кайрылуусун карап чыгып. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3 жана 46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Бардык аймактык шайлоо комиссиялардагы системдик администраторлорго жана атайын өкүлдөргө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоо жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине паспортунда (ID карта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгиси бар жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелген адамдарды кана киргизүү көрсөтүлсүн.  

Тийиштүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттары, мындайча айтканда окуу жайына өткөнгө чейин шайлоолор өткөрүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашабаган, бирок жатаканалар турган жер боюнча паспортунда каттоо белгиси барлар, ошондой эле убактылуу катталган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы бул чечимди системдик администраторлорго, атайын өкүлдөргө, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 4-октябры

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>