БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу М.Ш. Чолпонбаевден арыз келип түштү
2017-жылдын 5-июлунда БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, “Мукар жана профи” адвокаттык коллегиясынын адвокаты Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтен арыз келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 5-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-14 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев).
-2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы).
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү