БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмаларын аккредитациялады

02 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын дагы14 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу токтом кабыл алды.

Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма аянттарын бергендиги үчүн жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары жѳнүндѳ маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырыды.