Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 17-августтагы жыйынында «Республика» саясый партиясынан Мидин уулу Канатбектин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алынды.
Бул чечим «Республика» саясый партиясынын 13-августта түшкөн, мурда сунуш кылган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынган.
«Республика» саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары КР БШКсы Исмаилов Анарбек Касымовичти каттады.