Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
«Бүткүл жаштар саясий партиясы» шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
«Бүткүл жаштар саясий партиясы» 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында партиянын билдирүүсүн карап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, аны эске алуу жөнүндө чечим чыгарды.
«Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Адам-Демократ» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
«Адам-Демократ» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында партиянын билдирүүсүн карап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, аны эске алуу жөнүндө чечим чыгарды.
«Адам-Демократ» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-августундагы жыйналышында Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.С. Халмурзаевдин комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө, Т.Абдивалиевдин комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылды:
“Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Халмурзаев Абдимомун Саматович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдивалиев Тагай комиссиянын резервинен чыгарылсын;
“Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда укуктарын токтотту
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында Ысык-Көл, Москва, Жалал-Абад жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл, Москва, Жалал-Абад жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жеке арыздарынын негизинде төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району:
Тамчы айылдык кеңеши – Иманалиев Нурбек Табынович ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат убактылуу иштебеген Максутов Нурлан Ногойбаевичке өткөрүп берилди.
Бостери айылдык кеңеши – Учкурткаев Замир Турдубекович ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат Солтонбаев Кенжебек Аскеркановичке (“Адеп булагы” КФ) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва району:
Биринчи Май айылдык кеңеши – Назаров Хайрулло Сайфуллоевич ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат жеке ишкер Казыкеев Бактияр Элчибековичке өткөрүп берилди.
Александровка айылдык кеңеши – Мырзабеков Улан Болотбекович ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат Шамурза Арли Мухамеевичке (Мурап АВП) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад шаардык кеңеши – Ормоков Эрнисбек Абдижалилович (№1, «Ата-Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктарын токтотту.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Түркбаев Айбек Бактыбековичти (№31, «Энергетик» с/п) жеке арызынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин бекитти.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кадыров Рысбек Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-июлундагы №147 токтому менен дайындалган шайлоо 2020-жылы 17-августунда болуп өттү.
Добуш берүүгө Он-Арча айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, Р.З. Кадыров 9 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына добуш берилген эмес.
Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Маалымат үчүн:
Кадыров Рысбек Зарлыкович, 1985-ж. 11.01 туулган, Кыргыз Республикасынын жараны. Улуту – кыргыз. Жашаган жери – Нарын району, Эчки Башы айылы. Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн.
Он-Арча айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын жалпы стажы – 13 жыл, 2006-2019-жылдары КР ИИМде иштеген.
Жогорку билимдүү: Кыргыз Республикасынын милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясын (юриспруденция адистиги боюнча) бүтүргөн.
Р.З. Кадыров “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына ылайык келет.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК ЖК депутаты Зиядин Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 24-августта өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын мүчөсү Жамалдинов Зиядин Исламовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамалдинов Зиядин Исламовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.
Депутат Жамалдинов Зиядин Исламовичдин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 24-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 24-август 2020-ж.
Убактысы: 12:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З. И. Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылы 17-августундагы өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Москва, Кара-Көл жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. "Адам-Демократ" саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. "Бүткүл жаштар саясий партиясы" саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
8. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоо боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам байланышы Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү
Эми шайлоо маселелери менен жол-жоболору боюнча маалымат алууну каалаган Кыргызстандын жарандары БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын (КР БШК) колл-борборунун ыкчам байланышына акысыз чала алышат.
Колл-борбордун максаты – өлкөдө жана өлкө аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарын шайлоо маселелери жана жол-жоболору: биометрикалык каттоо, консулдук эсепке алуу, шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүү участкалары ж.б. боюнча кеп-кеңештерди берүү жолу менен шайлоо процесстерине кеңири аралаштыруу болуп саналат.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо өткөрүүдө түз байланыш боюнча маалымат берүүнүн маанилүү экендигин белгиледи: «Жарандарыбыздын чет өлкөлөрдөгү добуш берүү процессине катышуусун активдештирүү биз үчүн абдан маанилүү. Жарандарды кызыктырган ар кандай суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берген ыкчам байланышты түзүү жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана ага катышуу эрежелери, ошондой эле шайлоого катышкан талапкерлер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жолдорунун бири болуп саналат. Маалымдуулукту арттыруу – чет өлкөлөрдөгү жарандардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу үчүн зарыл болгон маанилүү шарттардын бири болуп эсептелинет».
Өзгөчө маанилүү нерсе – ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, пенсионерлер, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрү колл-борбордун операторлору катары ишке тартылган. Алардын катышуусу БУУӨП долбоору тарабынан камсыздалган. КР БШКда алар үчүн атайын окутуп-үйрөнүү курстары уюштурулган. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, ошондой эле жаштардын, аялдардын жана башка калктын аялуу топторунун өкүлдөрүнүн шайлоо процессине катышуусун колдоого алуу БУУӨПтүн аталган программасынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова төмөнкүлөрдү баса белгиледи: «Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү демократиялык шайлоону өткөрүүнүн негизги принциби болуп саналат жана БУУӨП Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандардын бардык категорияларынын шайлоо укуктары ишке ашырылуусун ар тараптан камсыздоо боюнча иш-аракеттерин колдойт. Бул демилгени көтөрүп чыгуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы, бир жагынан, чет жактарда жашаган жарандарга өз шайлоо укугун жүзөгө ашырууга жардам берип, экинчи жагынан, мыкты эл аралык практикага шайкеш - шайлоочулардын көбүрөөк аялуу болгон категориясын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, пенсионерлердин, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрүн ишке тартып, алардын Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүгө жана уюштурууга катышуусун камсыздоо менен бул милдетти комплекстүү түрдө чечүүгө аракет кылды».
Шайлоо маселелери жана жол-жоболору боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн номерлер:
8 10 800 0000 5727 (Казакстандан)
8 800 3018318 (Россия Федерациясынан).
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 24-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24-август 2020-ж.
Убактысы: 12:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З. И. Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылы 17-августундагы өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Москва, Кара-Көл жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. "Адам-Демократ" саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. "Бүткүл жаштар саясий партиясы" саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Кыргызстандын «Таза коом» элдик саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
8. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Жарандарга жана саясий партияларга кайрылуу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын – Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Кадамжай, Жалал- Абад облусунун Базар-Коргон, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Чүй облусунун Кемин, Токмок, Чүй жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 5-сентябрынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2020-жылдын 5-сентябрынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 62-35-69
Керектүү документтердин үлгүлөрү: Арыз, СП Протоколу, Чогулуштун протоколу
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
Боршайком шайлоо процессинин алкагында кызматтык абалды пайдаланууга жол берилбестигин билдирди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-МАБ башчысынын үгүт жүргүзгөнү тууралу“Реформа” саясий партиясынын кайрылуусун карады.
“Реформа” саясий партиясы колунда болгон видеоматериалдарга таянып, үй жана квартал комитеттери үчүн үгүт жүргүзгөн Биринчи Май району боюнча 12-муниципалдык аймактык башкармасынын башчысы Т.И. Касымов тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренеси бузулгандыгын көрсөткөн.
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ тараптардын катышуусунда берилген материалдарды карап чыкты.
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы №232 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармасы жөнүндө Типтүү жобонун 4-пунктунда МАБ Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмчөсү болуп саналат деп көрсөтүлгөн. МАБ кызматкерлери муниципалдык кызматчылар статусуна ээ.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин 6-главасына ылайык МАБ начальнигинин кызмат орду административдик муниципалдык кызмат ордуна кирет.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыгын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.”
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3,4-абзацтарында минтип белгиленген: “Прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карайт.
Ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды копшогондо, шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде жоопкерчилиги каралган, шайлоо процессинин субъекттеринин иш-аракеттерине карата арыздарды мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде карайт.”
Ушул негизде Жумушчу топ бул факт боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүүнү БШКга сунуш кылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кароонун жүрүшүндө БШК чечими КР БШКнын бир катар мүчөлөрүнүн сунушу боюнча толукталды. Боршайком мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын шайлоого катышуучу тигил же бул саясий күчтөрдүн пайдасына карата аракеттерине жол берилбейт деп чечти жана Биринчи Май району боюнча 12-муниципалдык аймактык башкармасынын башчысы Т.И. Касымовго эскертүү берди.
12-МАБ начальниги Т.И. Касымовдун аракеттерине укуктук баа берүү жана аны мыйзамдарга ылайык укуктук жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратурага жөнөтүүнү чечти.
Дискуссиянын жүрүшүндө МАБ башчысына байланыштуу эскерилген “Биримдик” партиясына эскертүү берүү жөнүндө дагы сунуш айтылды. Бирок берилген материалдар 12-МАБ башчысы Т.И. Касымовдун аракеттеринде “Биримдик” партиясы менен өз ара байланышы бар-жогу тууралу маселени изилдөөнү талап кылат.
БШК мүчөлөрүнүн пикири боюнча партия-талапкерлердин жоопкерчилиги тууралу сөз болгондо маселени кылдат териштирүү зарыл, себеби ар кандай күчтөр партияга билгизбей туруп партиянын атынан иш-аракет жасаган провокацияларга жол бербөө үчүн байланыштар материалдар менен бышыкталышы керек. Ушуга байланыштуу ал пунктту киргизүү тууралу сунуш колдоого алынган жок.
БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова каттоо аяктагандан кийин партияларга сунушталуучу Өз ара урматтоо жөнүндө меморандумга шайлоо процессинде администрациялык ресурсту пайдалануудан баш тартуу жөнүндө пунктту киргизүүнү сунуштады. БШК мүчөлөрү бул сунушту колдоду.
видеого шилтеме
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Парламетке шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ планшеттерди пайдалануу Кыргызстандын УШКсынын ишин жеңилдетет
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламентке шайлоолорду ѳткѳрүү күнү Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) менен участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашууну жакшыртуу максатында БУУ Өнүктүрүү программасы БШКга 2550 планшет берди.
Техникалык жардам Япониянын ѳкмѳтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан «2020-2021-ж. Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо» боюнча ПРООНдун программасынын алкагында берилген.
Шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ, ошондой эле добуш берген күнү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү планшеттердин жардамы менен талаш жана чыр-чатактуу кырдаалдардан качуу максатында процедуралык маселелер боюнча БШКга ыкчам кайрыла алышат. УШК мүчѳлѳрү ошондой эле планшеттерге түшүрүлгѳн ченемдик укуктук актыларды жана жоболорду жетекчиликке алуу менен укуктук бузуулар жѳнүндѳ БШКга ыкчам маалымдай алышат. Планшеттердеги жабдууларды пайдалануу жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча нускамаларга ылайык добуш берген күнү УШК мүчѳлѳрүнүн планшеттерди пайдалануусу шайлоолорду ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ ар кандай мүчүлүштѳрдү болтурбоого жарадам берет.
БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова белгилегендей, «Планшеттерди пайдалануу кыйла деңгээлде участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетип, БШК менен УШКнын ортосунда маалыматтарды алмашууну ыкчамдатары талашсыз. Мындан тышкары, пандемиядан улам участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү үчүн контактык окуу мүмкүнчүлүгү жок болгондугунан улам, УШКларды онлайн окутуу ѳткѳрүлүүдѳ. БШК ПРООН менен биргеликте УШК бүгүнкү күндѳ пайдаланып жаткан санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин эске алуу менен шайлоо процессинин бардык этаптары боюнча окутуучу фильмди даярдаган. Ал эми добуш берген күнү видео шайлоочуларга да пайдалуу, анткени добуш берүү жол-жоболору демонстрацияланат. Окутуучу видеону кѳрсѳтүү үчүн участкалык шайлоо комиссияларына мониторлор да берилет.»
Планшеттер менен мониторлор Кыргызстандын аймагындагы бардык 2420 шайлоо участкаларына жеткирилиет. 4-октябрда парламеттик шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ планшеттер участкалык шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрүн окутуу үчүн пайдаланылат, анткени окутуу роликтери, атайын программалар жана тиркемелер түрүндѳ шайлоонун жол-жоболору тууралуу бардык керектүү маалыматтар планшеттерге түшүрүлѳт.
2020-2021-жылдарда КР шайлоолорду колдоо программасы Япониянын, Германиянын, Швейцариянын финансылык колдоосунда КР БШК менен кызматташтыкта Кыргызстандагы ПРООН тарабынан жүзѳгѳ ашырылууда.
Прогамма технологияларды колдонуу менен 2020-2021-жылдарда жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын потенциалын жогорулатууга жардам кѳрсѳтүүгѳ багытталган.
Кененирээк билүү >>
“Чоң казат” партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
21-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Чоң казат” саясый партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу боюнча билдирүүсүн карады.
БШК “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алып партиянын билдирүүсүн эске алуу менен, “Чоң казат” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Чинтемирович Турдалиевдин каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
“Чоң казат” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Алия Базарбаевна Рысмендеева катталды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«КУТ» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
«КУТ» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-августтагы жыйналышында партиянын билдирүүсүн карап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, аны эске алуу жөнүндө чечим чыгарды.
«КУТ» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Ак калпак» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
«Ак калпак» саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-августтагы жыйналышында партиянын билдирүүсүн карап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, аны эске алуу жөнүндө чечим чыгарды.
«Ак калпак» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Улуу Журт” саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышпай жана ыйарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы тууралуу БШКга “Улуу Журт” саясый партиясы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 21-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирүүсүн эске алуу чечимин кабыл алды.
“Улуу Журт” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады