Башкы Жаңылыктар КР БШКнын шайлоо боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам …

КР БШКнын шайлоо боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам байланышы Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү

24-Авг, 2020

Эми шайлоо маселелери менен жол-жоболору боюнча маалымат алууну каалаган Кыргызстандын жарандары БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын (КР БШК) колл-борборунун ыкчам байланышына акысыз чала алышат.  

 

Колл-борбордун максаты – өлкөдө жана өлкө аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарын шайлоо маселелери жана жол-жоболору: биометрикалык каттоо, консулдук эсепке алуу, шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүү участкалары ж.б. боюнча кеп-кеңештерди берүү жолу менен шайлоо процесстерине кеңири аралаштыруу болуп саналат.

 

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо өткөрүүдө түз байланыш боюнча маалымат берүүнүн маанилүү экендигин белгиледи: «Жарандарыбыздын чет өлкөлөрдөгү добуш берүү процессине катышуусун активдештирүү биз үчүн абдан маанилүү. Жарандарды кызыктырган ар кандай суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берген ыкчам байланышты түзүү жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана ага катышуу эрежелери, ошондой эле шайлоого катышкан талапкерлер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жолдорунун бири болуп саналат. Маалымдуулукту арттыруу – чет өлкөлөрдөгү жарандардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу үчүн зарыл болгон маанилүү шарттардын бири болуп эсептелинет».

 

Өзгөчө маанилүү нерсе – ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, пенсионерлер, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрү колл-борбордун операторлору катары ишке тартылган. Алардын катышуусу БУУӨП долбоору тарабынан камсыздалган. КР БШКда алар үчүн атайын окутуп-үйрөнүү курстары уюштурулган. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, ошондой эле жаштардын, аялдардын жана башка калктын аялуу топторунун өкүлдөрүнүн шайлоо процессине катышуусун колдоого алуу БУУӨПтүн аталган программасынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.


 

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова төмөнкүлөрдү баса белгиледи: «Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү демократиялык шайлоону өткөрүүнүн негизги принциби болуп саналат жана БУУӨП Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандардын бардык категорияларынын шайлоо укуктары ишке ашырылуусун ар тараптан камсыздоо боюнча иш-аракеттерин колдойт. Бул демилгени көтөрүп чыгуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы, бир жагынан, чет жактарда жашаган жарандарга өз шайлоо укугун жүзөгө ашырууга жардам берип, экинчи жагынан, мыкты эл аралык практикага шайкеш - шайлоочулардын көбүрөөк аялуу болгон категориясын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, пенсионерлердин, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрүн ишке тартып, алардын Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүгө жана уюштурууга катышуусун камсыздоо менен бул милдетти комплекстүү түрдө чечүүгө аракет кылды».

 

Шайлоо маселелери жана жол-жоболору боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн номерлер:
8 10 800 0000 5727 (Казакстандан)
8 800 3018318 (Россия Федерациясынан).








Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>