Башкы Жаңылыктар Боршайком шайлоо процессинин алкагында кызматтык абалды пайдаланууга жол …

Боршайком шайлоо процессинин алкагында кызматтык абалды пайдаланууга жол берилбестигин билдирди

21-Авг, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-МАБ башчысынын үгүт жүргүзгөнү тууралу“Реформа” саясий партиясынын кайрылуусун карады.

“Реформа” саясий партиясы колунда болгон видеоматериалдарга таянып, үй жана квартал комитеттери үчүн үгүт жүргүзгөн Биринчи Май району боюнча 12-муниципалдык аймактык башкармасынын башчысы Т.И. Касымов тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренеси бузулгандыгын көрсөткөн.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ тараптардын катышуусунда берилген материалдарды карап чыкты.

Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы №232 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармасы жөнүндө Типтүү жобонун 4-пунктунда МАБ Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмчөсү болуп саналат деп көрсөтүлгөн. МАБ кызматкерлери муниципалдык кызматчылар статусуна ээ.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин 6-главасына ылайык МАБ начальнигинин кызмат орду административдик муниципалдык кызмат ордуна кирет.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыгын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.”

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3,4-абзацтарында минтип белгиленген: “Прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карайт.

Ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды копшогондо, шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде жоопкерчилиги каралган, шайлоо процессинин субъекттеринин иш-аракеттерине карата арыздарды мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде карайт.”

Ушул негизде Жумушчу топ бул факт боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүүнү БШКга сунуш кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кароонун жүрүшүндө БШК чечими КР БШКнын бир катар мүчөлөрүнүн сунушу боюнча толукталды. Боршайком мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын шайлоого катышуучу тигил же бул саясий күчтөрдүн пайдасына карата аракеттерине жол берилбейт деп чечти жана Биринчи Май району боюнча 12-муниципалдык аймактык башкармасынын башчысы Т.И. Касымовго эскертүү берди.

12-МАБ начальниги Т.И. Касымовдун аракеттерине укуктук баа берүү жана аны мыйзамдарга ылайык укуктук жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратурага жөнөтүүнү чечти.

Дискуссиянын жүрүшүндө МАБ башчысына байланыштуу эскерилген “Биримдик” партиясына эскертүү берүү жөнүндө дагы сунуш айтылды. Бирок берилген материалдар 12-МАБ башчысы Т.И. Касымовдун  аракеттеринде “Биримдик” партиясы менен өз ара байланышы бар-жогу тууралу маселени изилдөөнү талап кылат.

БШК мүчөлөрүнүн пикири боюнча партия-талапкерлердин жоопкерчилиги тууралу сөз болгондо маселени кылдат териштирүү зарыл, себеби ар кандай күчтөр партияга билгизбей туруп партиянын атынан иш-аракет жасаган провокацияларга жол бербөө үчүн байланыштар материалдар менен бышыкталышы керек. Ушуга байланыштуу ал пунктту киргизүү тууралу сунуш колдоого алынган жок.

БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова каттоо аяктагандан кийин партияларга сунушталуучу Өз ара урматтоо жөнүндө меморандумга шайлоо процессинде администрациялык ресурсту пайдалануудан баш тартуу жөнүндө пунктту киргизүүнү сунуштады. БШК мүчөлөрү бул сунушту колдоду.

 

видеого шилтеме

 

КР БШК маалымат бөлүмү 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>