Башкы Жаңылыктар КР Президентине талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кол тамгаларды …

КР Президентине талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кол тамгаларды жыйноонун тартибин үйрөтүү боюнча окутуу болуп өттү

21-Ноя, 2020

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар өткөрүп, анда талапкерлерди колдоого кол топтоонун тартибине үйрөтүү болуп өттү.

Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-пунктунун талабына жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгалары коюлган колдоосуна ээ болушу керек. Ошол эле учурда  сунуш кылынган кол тамгалардын саны 60 миң шайлоочунун кол тамгасынан ашпашы керек.

Президенттикке талапкерди колдогон кол тамгалар жыйналган баракчалар, мыйзам тарабынан коюлган эсептик көрсөткүчтөрдөн он миң эсеге көп өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн койгондугун бекемдеген документтер менен бирге ыйгарым укуктуу өкүлдөр аркылуу шайлоого чейинки 37 календарлык күндөн кечикпеген убакытта, башкача айтканда 03.12.2020 (кошулат) саат 24:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.

Тиги же бул талапкерди колдоого кол тамгалар жашы 18ге толгон шайлоочулар арасында гана жыйналуусу керектиги ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн эсине салынды. Кол тамгаларды жыйноо иштеген жерлерде, кызмат өтөгөн жайларда, окуган, жашаган жерлерде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле кол тамгаларды жыйноо жана агитация жасоо конституциялык мыйзам тыюу салбаган башка жерлерде да жүргүзүлөт. Ошол эле учурда шайлоочуларды мажбурлоо же кол койгону үчүн сый акы берүүгө болбойт, мындан тышкары бул процесске маморгандар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алышпайт.

БШК айлык акылар, пенсиялар жана башка төлөмдөр төлөнүп жатканда шайлоочулардын кол тамгаларын жыйноого жол берилбестигин белгиледи. Кол тамгаларды жыйноо коомдук тартипти, жол кыймылынын эрежелерин, жарандардын эс алуу укуктарын жана үй-жайынын кол тийбестигин, жамааттардагы ички иш тартибинин эрежелерин бузбашы зарыл.

Кол коюла турган баракчаны шайлоочу өз колу менен толтураары, байланыш телефону шайлоочунун каалоосу боюнча көрсөтүлөөрү ыйгарым укуктуу өкүлдөргө түшүндүрүлдү. Шайлоочулар ар башка талапкерлер үчүн кол коюуга укуктуу, бирок бир эле талапкер үчүн бир эле жолу кол кое алышат.

Эгер шайлоочу майып болсо же жашы 65тен өткөн шайлоочунун кол коюу баракчасын өз алдынча толтурууга физикалык мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал шайлоочу тууралуу маалыматты кол тамгаларды жыйнап жүргөн адам толтура алат. Бирок кол тамгасын жана кол коюлган күндү шайлоочу өз колу менен коюшу керек. Кокус шайлоочунун колдору иштебей же жок болсо ал шайлоочу тууралуу бардык маалыматтарды кол тамгаларды жыйнап жүргөн адам анын өтүнүчү боюнча толтура алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы кол тамгалар коюлган баракчалардагы жарандар жөнүндө персоналдуу маалыматтарды текшере алышат, анын ичинде мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасын мыйзамга ылайык колдонуу менен текшере алат. Текшерүү жумушчу тобу тарабынан 8 күндүк мөөнөт ичинде ишке ашырылат. Шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү үчүн, шайлоочу тарабынан кол тамгалар коюлган баракчалардагы маалыматтар текшерилет. БШК кол тамгалардын аныктыгын каттоо кызматынын кызматкерлерин жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин ишке тартуу менен текшерет.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>