Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Ошто КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт эрежелери жана маалымдоо маселелери боюнча коомдук диалог өтүп жатат
Катышуучуларга “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова чыгып сөз сүйлөдү.
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө айтып берди.
“Жарандык платформа” коомдук фондунун юристи Назира Андашева 2021-жылдагы агитациялык кампания жана маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча презентация жасады.
Дискуссияга өлкө президентинин кызматына талапкерлердин штабынын өкүлдөрү, жарандык сектор өкүлдөрү ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) өкүлдөрү катышып жатышат.
Тегерек үстөлдүн катышуучуларынан чет өлкөлөрдө добуш берүү жана форма №2 боюнча суроолор, ошондой эле шайлоо участокторунда байкоочуларды, АСУ операторлорун жана шайлоочуларды жайгаштыруу боюнча көп суроолор түшүүдө.
Тегерек үстөлдүн катышуучулары белгилегендей, АСУ операторлору добуш берүүчү ящикке жакын жайгашкан учурлар болгондуктан бул шайлоочулардын добуш берүүлөрүнө байкоо салып жатышкан байкоочулардын шектенүүсүн жараткан.
Абдыжапар Бегматов өз сөзүндө шайлоону БШКдан каттоодон өткөн 217 ЖМК чагылдыра тургандыгын, дебаттардын графиги БШК сайтында илинип тургандыгын билдирди.
Талаш-тартыштарда өзгөчө форма № 2 менен добуш берүүгө көңүл бурулду. Катышуучулар башка облуста катталып бирок дагы башка облуста жашаган катардагы жарандар эмне кылышат деп суроо беришти. Бул суроого Абдыжапар Бегматов шайлоочулар өздөрүнүн шайлоо участокторун БШКнын сайтына кирип шайлоочунун кабинети аркылуу алмаштыра алышаарын айтты.
“Добуш берүү жашыруун болушу керек, өзүңдөн баштап добуш берүүнүн бардык ченемдерин сакташың керек”, - деди А. Бегматов. Коомдук диалогдун аягында уюштуруучулар тарабынан КР Президентинин кызматына талапкерлерге акыйкат шайлоо кампаниясын өткөрүү боюнча кайрылуу кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Каракол шаарында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында Каракол шаарында төмөн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Каракол шаарынын мэри Э. Жумаев, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын (25 УШК) төрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды, комиссиялардын ишиндеги айрым каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүүнүн, добуш берүү жана добуштарды анык саноонун жол-жоболорун катуу сактоонун, идентификация жана добуштарды автоматтык түрдө саноочу АЭУ жабдыктарын пайдалануу көндүмдөрүн жакшыртуунун, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоонун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Шайлоочулардын өздөрү тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын ачуу учурлары (сүрөткө тартуу ж.б.) көбөйгөндүгүнө байланыштуу мындай фактыларга карата чара көрүүнүн алгоритми талкууланды: бюллетень жараксыз (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, бюллетенди сүрөткө жана көрмөгө тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мурда өткөрүлгөн КР ЖК депутаттарын шайлоонун сабактарын эске алып, шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдарды бузууларга карата натыйжалуу ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.
Район, шаарлардагы АШКлар алдындагы ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор өз иштерин КР БШКнын борбордук ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу менен өз ара аракеттешип жүргүзүүлөрү керек. УШКлар менен АШКларга түшкөн бардык даттануулар БШКнын сайтына – Даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам түрдө өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди.
Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу жөнүндө маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин үгүт жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого колтамгаларды чогултуу процессине тартууга жол берилбестиги белгиленди.
БШК төрагасы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо тутумунун иштешинин маанилүү негизи болуп саналат.
Ошону менен бирге Бузуулар жөнүндө кодексте шайлоону даярдоо мезгилинде комиссия мүчөлөрүнө эмгек акысын сактоо менен эмгек өргүү бербегендик үчүн укуктук жоопкерчилик (айып пул) бар экендиги белгиленди.
Ошондой эле жыйналышта 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштуруу жѳнүндѳ түшүндүрмө берилди, кабыл алынган мыйзам боюнча референдум өткөрүү каралган. Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу суроо коюлууда. УШКларга бекитилген Календарлык планга ылайык референдумду уюштуруу жана ѳткѳрүү этаптары, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана ѳткѳрүүгө зарыл болгон иш-чараларды ѳткѳрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүнү камсыздоо, ошондой эле ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролду камсыздоо жѳнүндѳ айтылды.
КР БШК башчысы Ысык-Көл облусуна жумуш боюнча баруусунун жүрүшүндө бир катар шайлоо участокторунун ДМЧАлар үчүн жеткиликтүүлүк абалын, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарына ылайыктуулугун дагы текшерди.
Маалымат үчүн:
Нарын шаарында 30 575 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 21 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 255 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.
Каракол шаарында 38 536 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн шаарда 25 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 333 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү КР Өкмөтүнүн вице-премьер министри жана республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов жана КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова Ысык-Көл облусунун шайлоо участокторунун даярдыгын талкуулашты.
Шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга ыкчам реакция кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын ички иштер органдары менен мыйзам бузуулар боюнча өз ара иштешүүсүнүн жоболору боюнча түшүндүрмө берилип, мындан тышкары жарандарга алар боюнча маалымат берүүнүн маанилүү экендиги да айтылды.
Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун кароонун тартиби жана мөөнөттөрдү сактоонун прокурордук көзөмөлүнүн маанилүү экендиги да белгиленди. Мындай иштерди кароонун мөөнөтү 2-3 күн.
Ар бир райондо жана шаарда ыкчам аракет кылуучу координациялык топтор (ЫАККТ) түзүлүп, алардын курамына шайлоо комиссияларынын төрагалары жана укук коргоо органдарынын жетекчилери кирет.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине мындай тапшырмалар берилди:
2021-жылдын 10-январында өтө турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына үзгүлтүксүз байланыш, электрэнергиясы жана транспорттон жардам берүү;
10-январда өтө турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштурууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин алдын-алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
шайлоо участокторун жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
шайлоо участокторунун жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун укук коргоо органдары тарабынан камсыздоо;
жер-жерлерде шайлоочулардын пайда болгон көйгөйлөрүн чечүү;
шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшү тууралуу республикалык штабга убагында кабар берип туруу;
шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
шайлоочулар арасында биометрикалык каттоодон өтүү, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо сыяктуу маалыматтык, кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана башка мыйзам бузулган учурларда ыкчам аракет кылуу;
өзгөчө категориядагы жарандар менен иш алып баруу;
керектөө картасын тактап, калктын кыйналган – мүмкүнчүлүгү чектелген категориясы үчүн шарттарды түзүү (пандустар, кармоочтор, чакыруу кнопкасы менен камсыздоо).
КР БШК Маалыматтык бөлүгү
Кененирээк билүү >>
Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат
2020-жылдын 17-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тууралуу маалымат. Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер Чынара Байгазиева жана Жолдошбек Бобуев экөө тең жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн. Добуш берүүгө Кажы-Сай айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, Ч. Байгазиева 7 добуш, Ж. Бобуев 3 добуш алган. Ошентип Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ч. Байгазиева шайланды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Кочкор районунда Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында төмөн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими Т.Абыкеев, Нарын облусунун Кочкор районунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын (37 УШК) төрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды, комиссиялардын ишиндеги айрым каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүүнүн, добуш берүү жана добуштарды анык саноонун жол-жоболорун катуу сактоонун, идентификация жана добуштарды автоматтык түрдө саноочу АЭУ жабдыктарын пайдалануу көндүмдөрүн жакшыртуунун, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоонун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Шайлоочулардын өздөрү тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын ачуу учурлары (сүрөткө тартуу ж.б.) көбөйгөндүгүнө байланыштуу мындай фактыларга карата чара көрүүнүн алгоритми талкууланды: бюллетень жараксыз (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, бюллетенди сүрөткө жана көрмөгө тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мурда өткөрүлгөн КР ЖК депутаттарын шайлоонун сабактарын эске алып, шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдарды бузууларга карата натыйжалуу ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.
Район, шаарлардагы АШКлар алдындагы ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор өз иштерин КР БШКнын борбордук ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу менен өз ара аракеттешип жүргүзүүлөрү керек. УШКлар менен АШКларга түшкөн бардык даттануулар БШКнын сайтына – Даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам түрдө өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди.
Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу жөнүндө маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин үгүт жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого колтамгаларды чогултуу процессине тартууга жол берилбестиги белгиленди.
БШК төрагасы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо тутумунун иштешинин маанилүү негизи болуп саналат.
Ошону менен бирге Бузуулар жөнүндө кодексте шайлоону даярдоо мезгилинде комиссия мүчөлөрүнө эмгек акысын сактоо менен эмгек өргүү бербегендик үчүн укуктук жоопкерчилик (айып пул) бар экендиги белгиленди.
Ошондой эле жыйналышта 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштуруу жѳнүндѳ түшүндүрмө берилди, кабыл алынган мыйзам боюнча референдум өткөрүү каралган. Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу суроо коюлууда. УШКларга бекитилген Календарлык планга ылайык референдумду уюштуруу жана ѳткѳрүү этаптары, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана ѳткѳрүүгө зарыл болгон иш-чараларды ѳткѳрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүнү камсыздоо, ошондой эле ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролду камсыздоо жѳнүндѳ айтылды.
Маалымат үчүн:
Кочкор районунда 45 917 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 37 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 460 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Нарын облусунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү
Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штаб Нарын облусунда кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү.
КР БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, республикалык штабдын жетекчиси М. Мамытканов Нарын облусунун шайлоо участкаларынын даярдыгын талкуулашты.
Шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга ыкчам таасир этүү маселелери боюнча шайлоо кломиссиялары менен ички иштер органдарынын ѳз ара аракеттенүүсүнүн тартиби тууралуу түшүндүрмѳлѳр берилди, ошондой эле кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ жарандарды маалымдоонун маанилүүлүгү баса белгиенди.
Ошондой эле шайлоодо бузууларды кароо мѳѳнѳтүн жана тартибин сактоо үчүн прокурордук кѳзѳмѳлдүн маанилүүлүгү белгиленди. Мѳѳнѳт 2-3 күндү түзѳт.
Ыкчам таасир этүүнүн координациялык топтору ар бир райондо жана шаарда түзүлгѳн, анын курамына шайлоо комиссияларынын тѳрагалары жана укук коргоо органдары кирет.
Жыйындын жүрүшүндѳ мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тѳмѳндѳгүдѳй милдеттер коюлду:
- 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүнү даярдоо боюнча шайлоо комиссияларын байланыш, электр энергиясы, транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча кѳмѳк кѳрсѳтүү;
- 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүнү даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
- шайлоо участкаларын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
- шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн коопсуздугун укук коргоо органадары тарабынан камсыз кылуу;
- жер-жерлердеги шайлоочулардын пайда болгон кѳйгѳйлѳрүн чечүү;
- шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ республикалык штабга ѳз учурунда маалымат берүү;
- шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык камсыз кылуу;
- биометиркалык каттоодон ѳтүү, ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча шайлоочулардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- административдик ресурстарды пайдаланган учурларга, шайлоочуларды сатып алууга, ошондой эле Мыйзамды башка бузууларга ыкчам таасир этүү;
- ѳзгѳчѳ категориядагы жарандар менен иш жүргүзүү;
- керектѳѳ картасын тактоо, кыймылы начар калк (ДСМЧА) үчүн шарттарды түзүү (пандустар, жѳлѳнгүчтѳр, чакыртуу кнопкалары менен жабдуу).
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн КТРКда акысыз обо убактысынын графиги
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн КТРКда акысыз обо убактысынын графиги
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын шаарында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында төмөн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге Нарын шаарынын мэри Н. Молдокадыров, Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими К. Кудайбергенов, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын районунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын (Нарын шаарында – 21 УШК, Нарын районунда – 34 УШК) төрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды, комиссиялардын ишиндеги айрым каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүүнүн, добуш берүү жана добуштарды анык саноонун жол-жоболорун катуу сактоонун, идентификация жана добуштарды автоматтык түрдө саноочу АЭУ жабдыктарын пайдалануу көндүмдөрүн жакшыртуунун, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоонун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Шайлоочулардын өздөрү тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын ачуу учурлары (сүрөткө тартуу ж.б.) көбөйгөндүгүнө байланыштуу мындай фактыларга карата чара көрүүнүн алгоритми талкууланды: бюллетень жараксыз (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, бюллетенди сүрөткө жана көрмөгө тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Мурда өткөрүлгөн КР ЖК депутаттарын шайлоонун сабактарын эске алып, шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдарды бузууларга карата натыйжалуу ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.
Район, шаарлардагы АШКлар алдындагы ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор өз иштерин КР БШКнын борбордук ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу менен өз ара аракеттешип жүргүзүүлөрү керек. УШКлар менен АШКларга түшкөн бардык даттануулар БШКнын сайтына – Даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам түрдө өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди.
Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу жөнүндө маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин үгүт жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого колтамгаларды чогултуу процессине тартууга жол берилбестиги белгиленди.
БШК төрагасы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо тутумунун иштешинин маанилүү негизи болуп саналат.
Ошону менен бирге Бузуулар жөнүндө кодексте шайлоону даярдоо мезгилинде комиссия мүчөлөрүнө эмгек акысын сактоо менен эмгек өргүү бербегендик үчүн укуктук жоопкерчилик (айып пул) бар экендиги белгиленди.
Ошондой эле жыйналышта 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштуруу жѳнүндѳ түшүндүрмө берилди, кабыл алынган мыйзам боюнча референдум өткөрүү каралган. Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоого байланыштуу суроо коюлууда. УШКларга бекитилген Календарлык планга ылайык референдумду уюштуруу жана ѳткѳрүү этаптары, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана ѳткѳрүүгө зарыл болгон иш-чараларды ѳткѳрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүнү камсыздоо, ошондой эле ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролду камсыздоо жѳнүндѳ айтылды.
Маалымат үчүн:
Нарын шаарында 30 575 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 21 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 255 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.
Нарын районунда 33 009 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 34 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 352 мүчөсү шайлоону даярдоону камсыздоодо.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КУМА «Кабар» сайтынын президенттикке талапкерлер үчүн 2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 9-январына чейин акысыз кызмат көрсөтүү түрү
КУМА «Кабар» сайтынын президенттикке талапкерлер үчүн 2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 9-январына чейин акысыз кызмат көрсөтүү түрү:
Жарнама-маалыматтык материал (көлөмү 3 беттен кем эмес (А4 + 5 фото сүрөткө чейин)
Бир видеотасма сайтка жайгаштыруу (3 мүнөттөн кем эмес)
Агентство өз карамагына төмөнкүдөй укуктарды калтырат:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана редакциянын ички саясий ишмердүүлүгүнө каршы келген маанидеги же жасалгаланган жарнама-маалыматтык материалдарды кабыл албоо;
Зарыл болгон учурда жарнама-маалыматтык материалдын стилистикасын жана грамматикасын реадакциялоо.
Маалымат жарыялоо боюнча суроолор болсо байланыш телефондору: 0 773 92 23 83
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 10-январына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын толук деңгээлде жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-декабрындагы №469 токтомунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкерлерди түзүлгөн төмөнкү шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт:
№ 9016 – Россия Федерациясы, Москва ш., Житная көчөсү, 6/8 (№627 мектептин имараты);
№ 9017 – Россия Федерациясы, Москва ш., Житная көчөсү, 6/8 (№627 мектептин имараты);
№ 9018 – Россия Федерациясы, Тюмень ш., Ленин көчөсү, 78.
Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протокол жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясий бирикмелердин уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенмеси;
паспорттун көчүрмөсү;
иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, мобилдик телефону, электрондук почтасы).
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча поротоколдор 2020-жылдын 18-декабрында саат 18.00гө чейин Бишкек АШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426
Төмөнкү телефондор боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp)
Эл. почта: tikbishkek@gmail.com
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Алдыдагы КР Президентин шайлоого жана референдумга карата чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны көбөйдү
Тышкы иштер министрлигинин жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде БШК 2020-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин базасында чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогун түзүү жөнүндө № 370 токтомду кабыл алды.
2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга карата Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн анын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоо географиясын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн базасында Москва жана Тюмень шаарларында (Москва шаарында – 2, Тюмень шаарында – 1 участок) кошумча үч шайлоо участогун түзүү максатка ылайык деген чечим кабыл алынды.
БШК бул токтомду кабыл алгандан кийин алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жана референдумга карата дүйнөнүн 28 өлкөсүндө шайлоо жана референдум участокторунун жалпы саны 48ге көбөйдү. Чет өлкөлөрдөгү 48 участогунун ичинен 15и Россия Федерациясынын аймагында, анын ичинде 5өө Москва шаарында жайгашкан.
Маалымат үчүн: 2017-жылы КР Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө дүйнөнүн 26 өлкөсүндө 37 участок түзүлгөн. 2020-жылы октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө 45 участок (анын ичинде 12си – Россияда) түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн базасында Москва жана Тюмень шаарларында шайлоо участоктору тарыхта биринчи жолу түзүлдү. Бул БШКнын ТИМ, ММК жана МКК менен өз ара аракеттешип, ыкча жүргүзгөн ишинин натыйжасында мүмкүн болду.
Дүйнөнүн 28 өлкөсүндөгү 48 шайлоо жана референдум участоктору тууралуу маалымат
Россия – 15 участок: Москва – 5 участок, 10 шаарда 1 участоктон: Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Түштүк-Сахалин, Сургут, Тюмень;
Германия – бардыгы 3 участок: Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн шаарларында;
2 участоктон: Казакстан – Нур-Султан жана Алматы шаарларында, Кытай – Пекин жана Гуанчжоу шаарларында, ОАЭ – Абу-Даби жана Дубай шаарларында, Түркия – Анкара жана Стамбул шаарларында;
1 участоктон: Ашхабад, Баку, Брюссель, Вашингтон, Вена, Доха, Дүйшөнбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Рим, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК референдумда добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана текстин бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана текстин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК токтомуна ылайык добуш берүү үчүн бюллетендер Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан “Учкун” ААКта даярдалат.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай районунун кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-декабрындагы жыйналышында Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай районунун аймактарындагы төмөнкү кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Ош шаары:
- № 5551 шайлоо участогу Күренкеев көчөсүндөгү (номуру жок) «Илхом» жеке ишкананын имаратынан Ишматов, 46 көчөсүндөгү «Нихол» дүкөнүнүн имаратына которулсун;
- № 5311 шайлоо участогу №1 ҮВТ имаратынан Раимбеков Ж., 106а көчөсүндөгү «Мол Булак» бала бакчанын имаратына которулсун.
Ош облусунун Алай району:
- № 5133 шайлоо участогу Ленин айылынын маданият үйүнүн имаратынан Согонду айылынын китепканасынын имаратына которулсун;
- № 5139 шайлоо участогу Корул айыл өкмөтүнүн имаратынан А. Бекташов атындагы орто мектептин имаратына которулсун;
- № 5142 шайлоо участогу Арпа-Тектир айылынын маданият үйүнүн имаратынан Арпа-Тектир айылынын орто мектебинин имаратына которулсун;
- № 5147 шайлоо участогу Исманов атындагы орто мектептин имаратынан №959 жолду тейлөө боюнча ишканасынын имаратына которулсун;
- № 5442 шайлоо участогу Сары-Могол айылынын маданият үйүнүн имаратынан «Гүлбурак» бала бакчасынын имаратына которулсун;
- № 5152 шайлоо участогу Жаны-Арык участогунун конторасынын имаратынан Умаров атындагы орто мектептин имаратына которулсун;
- № 5151 шайлоо участогу Жаны-Алай айылынын маданият үйүнүн имаратынан С. Ашимов атындагы орто мектептин имаратына которулсун.
Чечим Ош жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.
Ош жана Алай аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Каракол АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-декабрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанбекова Тынара Керезовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамыралиева Гульмира Боталиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен мүчөсү Т.К. Асанбекованын арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-декабрдагы жыйынында Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону тааныган токтом кабыл алды. 2020-жылдын 10-декабрында Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү, бул шайлоо БШК тарабынан 2020-жылдын 26-ноябрында №382-токтому менен дайындалган. Учкун айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер катары 2 адам - Темирбек Мадылканов жана Жумабек Осмоналиев жергиликтүү кеңеш тарабынан көрсөтүлүшкөн. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 10-декабрдагы протоколу боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылган. Добуш берүүгө Учкун айылдык кеңешинин 21 депутатынын 14ү катышып, Т. Мадылканов 11 добушка ээ болсо, Ж. Осмоналиев бир дагы добушка ээ болгон эмес. "Бардыгына каршы" позициясына 3 добуш берилген. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 10-декабрдагы протоколу боюнча, Темирбек Мадылканов Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн эмес. КР БШКсы өз чечимин Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 10-декабрдагы шайлоо жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесинин негизинде кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 16-декабрындагы жыйналышында «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» КР БШКнын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 287 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды:
- 1-пункттагы «686 451 337 (алты жүз сексен алты миллион төрт жүз элүү бир миң үч жүз отуз жети)» деген сөздөр «688 961 237 (алты жүз сексен сегиз миллион тогуз жүз алтымыш бир миң эки жүз отуз жети)» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тиркемеге ылайык 2 509 900 (эки миллион беш жүз тогуз миң тогуз жүз) сом суммасында чыгымдардын кошумча сметасын бекитүү тууралуу токтом чыгарды.
Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-декабрындагы № 469 токтому менен түзүлгөн Россия Федерациясынын Москва шаарындагы (2), Тюмендеги (1) кошумча шайлоо участкаларынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 388 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы (1), Кадамжай районундагы (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы (1), Ош облусунун Кара-Суу районундагы (5), Ноокат районундагы (1) жана Ош шаарындагы (4) кошумча шайлоо участкаларынын ишин уюштурууну каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды