БШК Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай районунун кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
16 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-декабрындагы жыйналышында Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай районунун аймактарындагы төмөнкү кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Ош шаары:
- № 5551 шайлоо участогу Күренкеев көчөсүндөгү (номуру жок) «Илхом» жеке ишкананын имаратынан Ишматов, 46 көчөсүндөгү «Нихол» дүкөнүнүн имаратына которулсун;
- № 5311 шайлоо участогу №1 ҮВТ имаратынан Раимбеков Ж., 106а көчөсүндөгү «Мол Булак» бала бакчанын имаратына которулсун.
Ош облусунун Алай району:
- № 5133 шайлоо участогу Ленин айылынын маданият үйүнүн имаратынан Согонду айылынын китепканасынын имаратына которулсун;
- № 5139 шайлоо участогу Корул айыл өкмөтүнүн имаратынан А. Бекташов атындагы орто мектептин имаратына которулсун;
- № 5142 шайлоо участогу Арпа-Тектир айылынын маданият үйүнүн имаратынан Арпа-Тектир айылынын орто мектебинин имаратына которулсун;
- № 5147 шайлоо участогу Исманов атындагы орто мектептин имаратынан №959 жолду тейлөө боюнча ишканасынын имаратына которулсун;
- № 5442 шайлоо участогу Сары-Могол айылынын маданият үйүнүн имаратынан «Гүлбурак» бала бакчасынын имаратына которулсун;
- № 5152 шайлоо участогу Жаны-Арык участогунун конторасынын имаратынан Умаров атындагы орто мектептин имаратына которулсун;
- № 5151 шайлоо участогу Жаны-Алай айылынын маданият үйүнүн имаратынан С. Ашимов атындагы орто мектептин имаратына которулсун.
Чечим Ош жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.
Ош жана Алай аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
