Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болбой калды
21.12.2020

Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болбой калды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрдагы №420- токтому менен 21-декабрга дайындалып, бирок бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болбой калды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болбой калды
21.12.2020

Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болбой калды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрдагы №420- токтому менен 21-декабрга дайындалып, бирок бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болбой калды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 21-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
21.12.2020

2020–ж. 21-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 21-декабрь 2020-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумундагы (бүткүл добуш берүүдөгү) шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул” жана “каршы”) каттоо жана алардын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
19.12.2020

БШК “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул” жана “каршы”) каттоо жана алардын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун (“макул” жана “каршы”) каттоо жана алардын ишин уюштуруу тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды. 1) 1.4. пункт: - төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: “референдумдун катышуучуларына маалымдоо – референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес;”; - төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: “маалыматтык материал – референдум өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, референдум участоктору, референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, добуш берүүгө катышуу тартиби, добуш берүү тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматты камтыган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;”; - төмөнкү мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: “референдумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү катышуучусу – шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген оорулар, жаракаттын кесепеттери же организмдин функцияларынын туруктуу бузулуусу же угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу аркылуу билинген дефекттер менен шартталган, жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны.”; 2) 2.9. пунктта “үгүт тобу” деген сөздөрдөн кийин “1-формага ылайык арыз берип,” деген сөздөр менен толукталсын; 3) 3.7.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “3.7.1. Бардык басма сөз, укма-көрмө үгүт материалдары мындай материалдарды даярдаган уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин), ушул материалдарга тапшырык берген уюмдун, жеке ишкердин аталышын (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын), аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фонддун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Басма сөз жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратуу башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүсү керек. “Макул” топ, “каршы” топ үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес сандагы бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитрлөөнү колдонуп, окууну жеңилдетүү үчүн чоңойтулган арип менен, ошондой эле Брайль арибин же башка атайын каражаттарды колдонуп чыгарууга жана таратууга милдеттүү.”. 4) 3.7.2. пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөөсүз жана ушул пунктта белгиленген талаптарды бузуу менен үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.”; 5) 3.7.3. пунктта: “10” деген сан “35” деген санга алмаштырылсын; - төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн орундар референдумдун катышуучуларынын келүүсүнө ыңгайлуу болууга, референдумдун катышуучулары анда берилген маалыматтар менен тааныша ала тургандай жайгашууга тийиш. “Макул” топко, “каршы” топко басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянт берилүүгө тийиш. Берилген орундардын аянты анда шайлоо комиссиясынын маалыматтык материалдарын жана “макул” топтун, “каршы” топтун басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болууга тийиш. “Макул” топ, “каршы” топ референдумду өткөрүү боюнча тиешелүү аймактык комиссиясынан басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу.”; 6) 3.8.1. пунктта “согушту пропагандалаган үгүткө” деген сөздөрдөн кийин “башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен көпчүлүк алдындагы иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө,” деген сөздөр менен толукталсын; 7) 4-глава күчүн жоготту деп таанылсын; 8) тиркемеге ылайык 2-тиркеме төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын: Чечим “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын  “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды.   КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдумдун фондун (“макул” жана “каршы” топторунун) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобону бекитти
19.12.2020

БШК “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдумдун фондун (“макул” жана “каршы” топторунун) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдумдун фондун (“макул” жана “каршы” топторунун) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө токтом кылды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 42 жана 54-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
19.12.2020

БШК “КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды. 1) Жобонун преамбуласында “Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону” деген сөздөр “Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумдарын” деген сөздөргө алмаштырылсын; 2) бүт текст боюнча: - тиешелүү жөндөмө түрлөрүндөгү жана сандагы “талапкерлердин, саясий партиялардын” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө “макул” топторунун, “каршы” топторунун” деген сөздөр менен толукталсын; - тиешелүү жөндөмө түрлөрүндөгү жана сандагы “шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө” деген сөздөргө алмаштырылсын; 3) 1.2. пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1.2. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары – көзөмөлдөө-текшерүү тобу) шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, референдум фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, туура эсепке алынышын жана пайдаланылышын контролдоо үчүн, ошондой эле алардын  каржылык  отчетторун текшерүү үчүн түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 7 кишиден кем эмес санда түзүлөт.”; 4) 2-пункттун төртүнчү абзацында “ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “аталган фонддордун” деген сөздөр менен толукталсын; 5) 3-пунктта: - бешинчи абзацында “шайлоо фонддорунун” деген сөздөр “тиешелүү фонддордун” деген сөздөргө алмаштырылсын; - онунчу абзацында “шайлоо өнөктүгүн” деген сөздөр “шайлоо жана референдум өнөктүктөрүн” деген сөздөргө алмаштырылсын; - он төртүнчү абзацында “шайлоо өнөктүгүн” деген сөздөрдөн кийин “,  референдум өнөктүгүн” деген сөздөр менен толукталсын; 6) 4.1. пунктчада “шайлоолорду” деген сөздөн кийин “, референдумду” деген сөз менен толукталсын; 7) 5.1. пунктча: - төртүнчү абзацында “шайлоо алдындагы үгүттөөнү” деген сөздөрдөн кийин “,  референдум маселелери боюнча үгүттөөнү” деген сөздөр менен толукталсын; - төртүнчү абзацында “шайлоо өнөктүктөрүн” деген сөздөрдөн кийин “,  референдум өнөктүгүн” деген сөздөр менен толукталсын; - бешинчи абзацында “шайлоолорду” деген сөздөн кийин “, референдумдарды” деген сөз менен толукталсын; 8) 5.1-1. пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “5.1-1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүү мезгилинде көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум жөнүндө, жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форматта талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо, “макул” топторунун, “каршы” топторунун” фонддоруна каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды, талапкерлердин, көрсөтүлгөн фонддордун каржылык отчетторун Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялайт.”; 9) 6-пункттун бешинчи абзацында “ошондой эле талапкерлердин” деген сөздөрдөн кийин “, “макул” топторунун, “каршы” топторунун”” деген сөздөр менен толукталсын. Токтом “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК А.К. Сегизбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
19.12.2020

БШК А.К. Сегизбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады

Бүгүн – 2020-жылы 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Абдил Кенешевич Сегизбаевдин 2020-жылдын 19-декабрындагы ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып төмөнкүдөй токтом кылды: Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдил Кенешевич Сегизбаевдин ишенимдүү адамдары катары катталсын: Насыров Алмаз Турусбекович; Мусаева Айжан Эркиновна; Турпанов Милан Калыбекович; Алымкулов Болот Карыпбекович; Ибраимова Эльмира Султановна; Качаганов Мукамбек Шайзадович.   БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК А, Касеновдун ишенимдүү адамдарын каттады
19.12.2020

БШК А, Касеновдун ишенимдүү адамдарын каттады

2020-жылдын 19-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президенти кызматына катталган талапкер Аймен Касеновдун ишенимдүү адамдарын каттоо тууралуу 17-декабрдагы арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык, КР Президенти кызматына талапкер Аймен Абдыталипович Касеновдун ишенимдүү адамдары катары КР жарандары: Жапар Султановду, Амир Абильдаевди, Айдарбек Байдолетовду, Марат Чоруновду, Рыскулбек уулу Адылбекти, Алмазбек Акматовду, Рысбек Бошкоевди, Бактыбек Сатымбаевди, Таалайбек Ногойбаевди, Султан Айтбаевди, Асмат Усупжановду, Айбек Сыдыковду, Токтосун Нурсадыковду, Кайрат Жаанбаевди, Алыбек Апазовду, Таалайбек Исаковду, Бектемир Исабековду каттоого токтом кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК А. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттады
19.12.2020

БШК А. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттады

 2020-жылдын 19-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президенти кызматына катталган талапкер А. Мадумаровдун 18-декабрдагы арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык, КР Президенти кызматына талапкер Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ишенимдүү адамдары катары: - Мирлан Ураимовду; - Аскарбек Насирдиновду каттоо токтомун кабыл алды. БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК К. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
19.12.2020

БШК К. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

2020-жылдын 19-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентинин кызматына өзүн-өзү көрсөткөн талапкер К. Асановдун 16-декабрдагы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо боюнча арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүмүн, 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-19-бөлүмдөрүн жетекчиликке алуу менен: 1. КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Жолдошбековдун каттоосун жокко чыгаруу. 2. КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Нурбек кызы Айгелемди каттоо боюнча токтом кабыл алды.  БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Сүлүктү жана Лейлек АШКларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
19.12.2020

БШК Сүлүктү жана Лейлек АШКларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Сүлүктү жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылды: 1. Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пушненко Анна Юрьевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибраимова Кенжегүл Абдыкалыковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.   2. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширов Немат Умурзакович, Бабаев Фаррух Абдикодирович, Рузибаев Гуломжон Мусаямович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Разакбердиев Анваржон Облобердиевич, Артиков Сайдали Турсунбоевич, Кадыров Ильёржон Боходирович комиссиянын резервинен чыгарылсын. Чечим Сүлүктү жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.Ю. Пушненконун, Н.У. Ашировдун, Ф.А. Бабаевдин, Г.М. Рузибаевдин, ошондой эле Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган А.О. Разакбердиевдин, С.Т. Артиковдун, И.Б. Кадыровдун арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.     КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
19.12.2020

БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Ош облусунун Чоң-Алай, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунун аймактарындагы төмөнкү кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды: Талас облусу: Кара-Буура району Арал айыл аймагы - № 6003 шайлоо участогунун дареги Акбай, 85 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Акбай, 63 көчөсүндөгү А.Үсөнбаев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн; Покровка айыл аймагы - № 6009 шайлоо участогунун дареги М. Кояшев, 63 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан М. Кояшев, 70 көчөсүндөгү Покровка орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; Кызыл-Жылдыз айыл аймагы - № 6014 шайлоо участогунун дареги О. Төрөгелдиев, 14 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан О. Төрөгелдиев, 14 көчөсүндөгү М. Рахманбердиев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн; Талас облусу: Манас району Кайнар айыл аймагы - № 6022 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу, 36 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Кызыл-Туу, 5 көчөсүндөгү Кайнар орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; Жоон-Дөбө айыл аймагы - № 6027 шайлоо участогунун дареги Осмонов, 9 көчөсүндөгү айыл клубунун имаратынан Тургумбаев, 5 көчөсүндөгү Осмонов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн; Кара-Буура айыл аймагы - № 6046 шайлоо участогунун дареги Кара-Буура, 7 көчөсүндөгү Умарбеков атындагы орто мектептин эски имаратынан Масадык, 1 көчөсүндөгү Умарбеков атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн. Ош облусу: Чоң-Алай району Кашка-Суу айыл аймагы - № 5165 шайлоо участогунун дареги Мурас, 2 көчөсүндөгү спорт залынын имаратынан А. Кожомуратов, 5 көчөсүндөгү Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн; - № 5166 шайлоо участогунун дареги А. Базаров, 21 көчөсүндөгү спорт залынын имаратынан А. Базаров, 29 көчөсүндөгү айыл клубунун имаратына өзгөртүлсүн; - № 5167 шайлоо участогунун дареги Тунгуч, 9 көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Өзгөрүш, 1/1 көчөсүндөгү спорт залынын имаратына өзгөртүлсүн. Чүй облусу: Кемин району Кемин шаары - № 7011 шайлоо участогунун дареги Нур кичи районунун Ладышев, 9  көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан Ладышев көчөсүндөгү Кемин РЭС администрациясынын имаратына өзгөртүлсүн. Ысык-Көл облусу: Ак-Суу району Ак-Булуң айыл аймагы - № 3105 шайлоо участогунун дареги Мамытов көчөсүндөгү айыл клубунун имаратынан Ажыгожоев көчөсүндөгү Б. Мамытов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн. Жалал-Абад облусу: Сузак району Көк-Жаңгак шаары - № 2075 шайлоо участогунун дареги Асанов Артык-Ажы, 36 көчөсүндөгү соода борборунун имаратынан № 66 көчөсүндөгү «Радуга» бала бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн. Сузак айыл аймагы - № 2011 шайлоо участогунун дареги А.Юнусов, 2 көчөсүндөгү Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынан Сарык Аксакал, 43 көчөсүндөгү Алымжан Юнусов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн; - № 2009 шайлоо участогунун дареги Юбилейлик, 179 көчөсүндөгү музыкалык мектебинин имаратынан Каримбердиев, 2 көчөсүндөгү «Философия – 1» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн; Чечим Кара-Буура, Манас, Чоң-Алай, Кемин, Ак-Суу жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участогунун орун-жайында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды. Кара-Буура, Манас, Чоң-Алай, Кемин, Ак-Суу жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19.12.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Жумгал, Кызыл-Кыя жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды: Алай району: Гүлчө айылдык кеңеши – Чапыев Шайбек Бусурмановичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат Т. Отунчиев атындагы орто мектептин мугалими Олокова Эркгүл Абдисатаровнага өткөрүп берилди. Кара-Суу району: Ак-Таш айылдык кеңеши – Амирбеков Баатырбек Салидиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кара-Суу РЭСинин инспектору Сали уулу Орозбайга өткөрүп берилди. Кара-Кулжа району: Ой-Тал айылдык кеңеши – Иминов Темиркул Акматбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Сатыбалдыев Абдимиталип Жумабековичке өткөрүп берилди. Жумгал району: Чаек айылдык кеңеши – Бозбалаев Залкарбек Усеналиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Какелеев Таалайбек Касымалиевичке өткөрүп берилди. Баткен облусу: Кызыл-Кыя шаардык кеңеши – Абдуллаев Адылбек Ганыевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат БЖСМ машыктыруучусу Аматов Жаныбек Женишбековичке өткөрүп берилди. Сузак району: Сузак айылдык кеңеши – Жумуков Эмильбек Маматжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Көк-Арт мектеп-гимназиясынын мугалими Темиров Уланбек Мурзакуловичке өткөрүп берилди. Абдужаминов Азизбек Азамжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Камбаров Баходиржон Усманалиевичке өткөрүп берилди. Жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Жумгал, Кызыл-Кыя жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынды. БШК токтомду “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.     КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 18-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
19.12.2020

2020-жылдын 18-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президент кызматына талапкерлердин шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 18-декабрга банк маалыматтарынын негизинде 18 талапкердин шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № и/м КР Президенттигине талапкердин Ф.А.А. Келип түштү Чыгымдалды 1 Жапаров Садыр Нургожоевич 47 404 000 43 720 069 2 Исаев Канатбек Кедейканович 1 177 000 1 070 515 3 Арстанбек Мыктыбек 1 117 000 1 115 750 4 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1 026 900 1 020 370 5 Ташов Имамидин Асамидинович 4 924 600 2 950 110 6 Тагаев Рашид Бакирович 3 722 500 3 057 117 7 Сегизбаев Абдил Кенешевич 3 609 910  3 472 570 8 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 1 583 100 1 425 401 9 Касенов Аймен Абдыталипович 3 310 305 2 799 788 10 Кочкоров Улукбек Абдышевич 1 372 250 1 343 650 11 Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 2 934 100 2 596 086 12 Абакиров Эльдар Курманбекович 1 439 000 1 390 036 13 Асанов Курсан Сатарович 2 391 676 2 191 237 14 Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 1 585 000  1 569 323 15 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 1 898 000 1 725 203 16 Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 1 317 020 1 247 155 17 Тольбаев Бабыржан Латиханович 9 352 722 5 687 095 18 Иманалиев Каныбек Капашович 1 646 568 1 533 670 Бардыгы: 91 811 651 79 915 146 Толугураак маалымат шилтеме аркылуу КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 19-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
19.12.2020

2020–ж. 19-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 19-декабрь 2020-ж. Убактысы: 16.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Жумгал, Кызыл-Кыя жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Ош облусунун Чоң-Алай, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Сүлүктү жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы №157-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 9. «Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдум фондуларынын («макул» жана «каршы» топторунун) акча каражаттарын түзүүнүн, келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу. (баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы №191-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун («макул», «каршы») каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 11.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү
19.12.2020

КР БШК КР Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү

КР БШКга караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ КР Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүнүн кыскарышын эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 19 календардык күндөн кечиктирбестен чүчүкулак өткөрүлөт. Чүчүкулактын натыйжасы боюнча шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүк төмөнкүдөй болду: 1. Жапаров Садыр Нургожоевич; 2. Исаев Канатбек Кедейканович; 3. Арстанбек Мыктыбек; 4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна; 5. Ташов Имамидин Асамидинович; 6. Тагаев Рашид Бакирович; 7. Сегизбаев Абдил Кенешевич; 8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич; 9. Касенов Аймен Абдыталипович; 10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич; 11. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович; 12. Абакиров Эльдар Курманбекович; 13. Асанов Курсан Сатарович; 14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич; 15. Джеенбеков Равшан Бабырбекович; 16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич; 17. Тольбаев Бабыржан Латиханович; 18. Иманалиев Каныбек Капашович. Чүчүкулакка КР Президентине катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 264 266 … 483