Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсы кээ бир АШКнын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
БШК айрым АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 23-декабрдагы жыйынында Араван, Ноокат, Лейлек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү:
Араван АШК: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Минура Абдикаримованы, Төрөбек Токтосуновду чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Анаркан Жээнбаеваны, Мубарахан Гапиржанованы киргизүү.
Ноокат АШК: - комиссиянын курамынан "Кыргызстан" саясый партиясынан Улукбек Шапиевди чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Мамасали Назаралиевди киргизүү.
Лейлек АШК: - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Назакат Максутованы, Авазбек Бердиевди киргизүү.
Чоң-Алай АШК: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Аширали уулу Кубатбекти чыгаруу; - комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Марбет Кожоеваны киргизүү боюнча токтом кабыл алды. Чечим "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамы бо
юнча Араван, Ноокат, Лейлек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн түшкөн арыздын негизинде, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-пункту боюнча, КР БШКсы тарабынан 2019-жылдын 6-декабрында №176-токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" Жобонун негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИНИН ДОЛБООРУ
Өткөрүү датасы:23-декабрь2020-ж.
Убактысы:19:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Араван, Ноокат, Лейлек жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Исаков Б.С.,шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
3. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Баткен облусунун Лейлек,Чуй облусунун Ысык-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С.,шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
4.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын тизмелери маселелери боюнча айрым укуктук-ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
5. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)
6. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда (бардык варианттарга каршы № 2 “каршы”, жетекчи - Карасартова Р.Р.) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда (№3 президенттик республикага “каршы”, жетекчи - Калмаматов Б.О.) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда (№1 президенттик республикага “макул”, жетекчи - Муканова Н.А.) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда (№2 парламенттик республикага “макул”, жетекчи - Султанбеков Т.М. ) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда (№2 президенттик республикага “макул”, жетекчи - Токтоназаров М.С.) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
11. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда жетекчи - (№3 президенттик республикага “макул”, Саликеев Т.К.) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
12. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда (№4 президенттик республикага “макул”, жетекчи - Бектурова Б.Б.) үгүт тобун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
13. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
14. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана КР референдумун даярдоодо жана ѳткѳрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жөнүндө айтып берди
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.
Маалымат жыйынына референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана КР референдумун даярдоодо жана ѳткѳрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жөнүндө айтып берди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – КБМР) камтылган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
КБМРди түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – МКК) жүзөгө ашырат.
2020-жылдын 10-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесинде 3 544 403 шайлоочу болгон.
Иш-чаралардын календарлык планына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмеси 2020-жылдын 18-декабрында “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталына жайгаштырылды. Шайлоочулардын тизмесинде 3 556 864 шайлоочу бар. Шайлоочулардын өсүшү 12 461 адамды түздү.
Ар бир шайлоочу 2020-жылдын 19-ноябрынан 2020-жылдын 29-декабрына (кошуп алганда) чейин шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталынан, 119 номуруна чалып (чалуу акысыз), 119 номуруна жеке ПИН номуру менен смс жөнөтүп, өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, тактай алат, Сиз өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.
2020-жылдын 23-декабрына карата маалыматтарды шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө 308 арыз түшкөн, анын ичинде 137си шайлоочулар бекитилген чек араларга ылайык өз УШКсында болгондугуна байланыштуу четке кагылды, 171и аткарылды; шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча 10 арыз түштү.
Кандай болбосун ката же болбосо так эместикти, шайлоочунун паспортунда көрсөтүлгөн жашаган жеринин дарегине дал келбестикти тапкан учурда, жашаган же келип жүргөн жери боюнча каттоо дарегине дал келбесе, шайлоочу 2020-жылдын 29-декабрына (кошуп алганда) чейин паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтөт”, - деди ал.
МККнын маалыматы боюнча 2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN) паспорту бар 269 631 шайлоочунун “Дарек-маалымдоо бюросунун” АИТсында жана “Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринин” АИТсында камтылган маалыматтарда дал келбестиги бар.
1. Жашаган же келип жүргөн жери боюнча даректеринин (АСБ) каттоосун алмаштырган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү (eID) паспорту бар шайлоочулар – 32 129 миң адам туруктуу жашаган жеринин дарегинин каттоосунун (АСБ) негизинде шайлоо участкаларынын бекитилген чек араларына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
2. 2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN) паспорту бар шайлоочулар шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) берүү үчүн тиешелүү шайлоо участогуна кайрылуусу керек. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтөт.
БШК башчысы жашаган же келип жүргөн жерин каттоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн шайлоочулар тиешелүү шайлоо участогуна кайрылып (жашаган же келип жүргөн жеринин дареги УШКнын бекитилген чек араларына ылайык келүүсү керек), шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) берүүгө тийиш экенин белгиледи.
“Жалпы республикалык маанидеги шайлоону өткөргөндөн кийин “Дарек-маалымдоо бюросунун” АИТсында жана “Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринин” АИТсында камтылган маалыматтарда дал келбестиктери бар болсо, шайлоочулар паспортунда көрсөтүлгөн жашаган жеринин дарегине ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине кайтарыларын белгилөө зарыл.
Жалпы республикалык маанидеги шайлоодо жашаган жеринин жана турган жеринин каттоосунун дарегин алмаштырган, бирок ошол эле учурда жашаган жеринин жана турган жеринин каттоосунун дарегине ылайык паспортун алмаштырбаган шайлоочулар тиешелүү шайлоо участогуна шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз берүүсү керек.
Бирок көп жарандар каттоо эсебин алмаштырганда 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картадагы чипке жазууну жаздырышпайт же 2004-жылдын үлгүсүндөгү өз паспортторун алмаштырбайт.
Маселен, 2020-жылдын мартынан тартып КРдин 30 168 жараны каттоо эсебине коюлган, анын ичинде 13 689 жарандын дарек боюнча өзгөртүүнүн электрондук идентификациялык картадагы чипке жазууну жаздырышкан эмес.
КРдин 269 631 жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту боюнча каттоо эсебиндеги даректери паспортто жазылган даректерден айырмаланат.
Ушуга байланыштуу жарандарга чоң өтүнүч: шайлоо участогун актуалдаштыруу үчүн жаңыланган каттоо дарегин чипке өз убагында жаздырыңыздар же өзүңүздөрдүн 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторуңуздарды алмаштырыңыздар.
Ошону менен бирге КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери боюнча каттоосу өзгөрүлгөн учурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү”, - деди ал.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2014-2019-жылдары шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо МККга жүктөлгөн. Бул мезгилде МКК бирдиктүү идентификаторунун – жарандын ПИНинин (персоналдык (жеке) идентификациялык номеринин) базасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграцияланган КБМР базалык модели иштелип чыгып, ишке киргизилген. Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө пайдаланылуучу төмөнкү автоматташтырылган маалыматтык тутумдар КБМРдин бөлүгү болуп саналат:
- АИС «ЗАГС» - жарандык абалдын (туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузгандыгы, ФАА өзгөрткөндүгү, өлгөндүгү) актыларын жазууну укуктук жактан тариздөөнү камтыйт;
- Берилген паспорттордун маалыматтар базасы – КР жаранынын өздүгүн күбөлөндүрүүчү, КР жарандыгына таандыгын ырастоочу документтерди камтыйт;
- ПИН маалыматтар базасы – жарандын КР аймагында негизги идентификациялык белгиси болуп саналат, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумдарынын деңгээлинде жарандардын ар түрдүү категорияларын эсепке алуу жана идентификациялоо үчүн МКК тарабынан пайдаланылат;
- АИС «Адресный регистр» - Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз объектилердин даректери тууралуу маалыматтарды топтоого, жүргүзүүгө, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө арналган;
- 16 жаштан жогору жарандардын биометрикалык маалыматтар базасы – КБМРдин негизин түзгөн бөлүгү, ал жарандар жөнүндө актуалдуу, сапаттуу жана толук маалыматтар базасын камтыйт, ошондой эле арыз бергенде, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо жүргүзүүдө пайдаланылат;
- АИС «Адресно-справочное бюро» - жашаган же келип жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебин жүргүзүүгө байланыштуу автоматташтырылган ишке арналган;
- АИС «Гражданство» - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан КР жарандарынын кыймылына байкоо жүргүзүү үчүн пайдаланылат.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча Чүй облусунда кеңешме ѳткѳрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгы астында референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча тѳмѳн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү.
Кеңешмеге КР БШКнын атайын ѳкүлдѳрү, Чүй облусундагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндѳ референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланып, комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн, добуш берүүнүн жана так эсептѳѳнүн жол-жоболорун бекем сактоонун, идентификациялоо жана АСУ добуштарды автоматтык эсептѳѳ жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуунун, маалыматтарды берүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу маанилүү. Шайлоочулардын ѳздѳрү тарабынан жашыруун добуш берүүсүн ачып кѳрсѳткѳн учурлардын (сүртѳкѳ тартып алуу ж.б.) жолугуп жаткандыгына байланыштуу мындай фактыларга тѳмѳндѳгүдѳй таасир этүү алгоритми талкууланды:
- бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактабагандыгы, бюллетенди сүрѳткѳ жана видеого тартуу боюнча) жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
КР ЖКнын депутаттарын шайлоонун ѳткѳндѳгү сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери алдыга коюлду.
Райондордогу жана шаарлардагы АШКнын алдындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топтор КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү борбордук координациялык топтору менен ѳз ара аракетте иштерин уюштурууга тийиш. АШКга жана УШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана арыздардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүгѳ тийиш экендиги белгиленди.
Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу тууралуу маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт жүргүзүү жана кол топтоо процессине тартууга жол бербѳѳ белгиленди.
КР БШК тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова 2020-жылдын 5-октябрындагы КР ЖК шайлоодо уюшкандыкта жана так аткарган иштери үчүн кеңешменин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, шайлоо комиссияларынын мындан ары да уюшкандыкта иш жүргүзѳрүнѳ чоң ишеним бар экендигин билдирди.
Маалымат иретинде:
Чүй облусунда 550018 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 9 аймактык шайлоо комиссияларында 406 шайлоо участкалары түзүлгѳн. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 4778 мүчѳсү камсыз кылыт.
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү
КР Өкмөтүнүн вице-премьер министри жана республикалык штабдын төрагасы М. Мамытканов жана КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова Чүй облусунун шайлоо участокторунун даярдыгын талкуулашты.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине мындай тапшырмалар берилди:
- 2021-жылдын 10-январында өтө турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына үзгүлтүксүз байланыш, электрэнергиясы жана транспорттон жардам берүү;
- 10-январда өтө турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштурууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин алдын-алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
- шайлоо участокторун жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
- шайлоо участокторунун жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун укук коргоо органдары тарабынан камсыздоо;
- жер-жерлерде шайлоочулардын пайда болгон көйгөйлөрүн чечүү;
- шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшү тууралуу республикалык штабга убагында кабар берип туруу;
- шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
- шайлоочулар арасында биометрикалык каттоодон өтүү, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо сыяктуу маалыматтык, кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
- административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана башка мыйзам бузулган учурларда ыкчам аракет кылуу;
- өзгөчө категориядагы жарандар менен иш алып баруу;
- керектөө картасын тактап, калктын кыйналган – мүмкүнчүлүгү чектелген категориясы үчүн шарттарды түзүү (пандустар, кармоочтор, чакыруу кнопкасы менен камсыздоо).
- аймактык ЖМКны тартуу менен жергиликтүү тургундар, жаңы конуштар, дача айылдарынын арасында шайлоо участокторун тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга ыкчам реакция кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын ички иштер органдары менен мыйзам бузуулар боюнча өз ара иштешүүсүнүн жоболору боюнча түшүндүрмө берилип, мындан тышкары жарандарга алар боюнча маалымат берүүнүн маанилүү экендиги да айтылды.
Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун кароонун тартиби жана мөөнөттөрдү сактоонун прокурордук көзөмөлүнүн маанилүү экендиги да белгиленди. Мындай иштерди кароонун мөөнөтү 2-3 күн.
Ар бир райондо жана шаарда ыкчам аракет кылуучу координациялык топтор (ЫАККТ) түзүлүп, алардын курамына шайлоо комиссияларынын төрагалары жана укук коргоо органдарынын жетекчилери кирет.
КР БШК Маалыматтык бөлүгү
Кененирээк билүү >>
БШКда КМШ байкоочулар миссиясынын штабынын башчысы О. Кулеба менен жолугушуу болуп өттү
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы КМШ байкоочулар миссиясынын штабынын башчысы О. Кулеба менен жолугушту.
Эки тарап 2021-жылдын 10-январында боло турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты.
КР Боршайкомунун төрайымы шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо органдары тарабынан шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
КМШ байкоочулары алардын миссиясынын негизги максаты - шайлоо кампаниясын жана референдумдун улуттук мыйзамдарга шайкеш келерин баалап жана эркин демократиялуу шайлоо жана референдум өткөрүүгө жардам берүү экендигин билдиришти.
Миссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шериктештик өлкөлөрүнүн алкагында кабыл алынган документтерге жана шайлоону уюштуруу, референдум өткөрүүнүн эл аралык принциптерине жана ченемдерине ылайык алынып барылат.
КМШ миссиясынын штабы президенттик шайлоо жана референдум боюнча мониторинг жасоо ишине 21-декабрдан тарта киришти.
КР БШК Мааалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобун каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.
2020-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобу арыз менен кайрылды. Жетекчиси – Шабдан уулу Чынарбек. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси:
№
ФАА
Туулган датасы
1
Шабдан уулу Чынарбек (жетекчи)
28.03.1992
2
Абадбек уулу Сагындык
27.02.1992
3
Джаныбаев Урмат Тимурович
18.06.1984
4
Джекшеев Азият Джыпарович
22.09.1987
5
Ибраев Кубанычбек Жыпарбекович
05.01.1981
6
Казакбаев Урматбек Абдыбекович
19.04.1986
7
Курманкожоев Султанбек Садырович
02.12.1978
8
Мукамбетов Таалайбек Байышбекович
01.08.1974
9
Рахманов Бексултан Элчибекович
03.02.2002
10
Сыдыгалиева Нурайым Жаныбековна
14.11.1987
БШК Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашырууну камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кабыл алды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР референдумунда «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобун каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик 1-номур менен «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.
2020-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобу арыз (кириш № 01-12/3770) менен кайрылды. Жетекчиси – Бекешев Дастан Далабайевич, курамында төмөнкү 13 киши бар:
№
ФАА
Туулган датасы
1
Бекешев Дастан Далабайевич (жетекчи)
22.11.1983
2
Алагөз уулу Азамат
21.06.1991
3
Асанбек уулуАдилет
31.08.1991
4
Довлотов Бектур Сейитбекович
12.09.1992
5
Калдыбек кызы Батма
17.08.1994
6
Насыкулов Урмат Омургазиевич
29.05.1989
7
Рычкова Анна Петровна
22.12.1985
8
Сайтбурхан кызы Перизат
22.03.1994
9
Талантбек уулу Азамат
16.06.1983
10
Турарбеков Насип Турарбекович
13.12.1994
11
Турдубеков Улукбек Бактыбекович
02.04.1994
12
Шаршенова Айзада Туратбековна
25.10.1996
13
Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович
26.07.1978
БШК Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кабыл алды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы 42 эл аралык байкоочуну каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында төмөнкү ар кандай миссиялардын 42 өкүлүн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитациялады.
2020-жылдын 21-декабрына карата БШК тарабынан 23 мамлекеттен 15 эл аралык уюмдардын атынан келген 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялаган.
Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;
Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1 байкоочу;
Молдова БШКнан – 2 байкоочу;
КМШ ПАА – 34 байкоочу;
КМШ Миссиясы – 4 байкоочу;
Азербайджан БШКнан – 1 байкоочу.
ЕККУ ДИАУБ – 34
РФ БШКнан – 1
К. Аденауэр атындагы фонд – 1
КРдагы Япония элчилигинен – 2
КРдагы РФ элчилигинен – 2
КРдагы Монголия элчилигинен – 1
КРдагы Азербайжан элчилигинен – 2
КРдагы Өзбекстан элчилигинен – 2
ТТӨКК (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен) – 6
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо комиссияларынын референдумга карата протоколдорунун формасын бекитти
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүү) карата шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формасын бекитүү чечимин кабыл алды. Шайлоо комиссияларынын референдумдун жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн корутундусу жөнүндө протоколдордун формасын атайын форматтагы коргоосу бар кагазга даярдоо бекитилди. Токтом "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 34-37-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун өкүлүн каттады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Садыр Жапаровдун Боршайкомдогу өкүлү кылып Жаркын Бапанованы каттап ага тиешелүү күбөлүк берүү чечимин кабыл алды.
Бул чечим 16-декабрдагы КР Президенти кызматына талапкер Садыр Жапаровдун өз өкүлүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитүү жана добуш берүү үчүн бюллетендерди “Учкун” ААКсында даярдоону ишке ашыруу жөнүндө токтом кылды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, “2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө” 2020-жылдын 19-декабрындагы протоколдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы “Бекем отчеттуулуктагы документтерди даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы кээ бир АШКнын резервинен толуктоолорду киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында төмөнкү аймактык шайлоо комиссиялардын резервине толуктоолорду киргизүү боюнча тѳмѳндѳгүдѳй токтом кабыл алды:
Баткен АШКсынын резервине камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Гапаров Марат Мамазаитович
Арапова Чинара Эгембердиевна
Касымова Токтокан Жусуповна
Шадимуратова Акылай Абдусаттаровна
Токтоназаров Максатбек Миңбаевич
Тохтобаева Гулмира Ибраимовна
Лейлек АШКсынын резервине камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкулчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Максутова Назакат Бекназаровна
Бердиев Авазбек Турабаевич
Наркозуев Жыргалбек Курчубаевич
Туркбаева Нургул Эгемназаровна
Тагаев Женешбек Рыскулович
Иргашев Шахабитдин Атакузиевич
Мамадалиев Кубанычбек Хасанбаевич
Майлуу-Суу шаардык АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Дарманов Кудайберди Мамытович
Абдубаитов Бексултан Даирбекович
Жанибекова Мираида Турусбековна
Ноокат АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Насибжан кызы Жылдыз
Бекеева Айгүл Жокошевна
Мамашов Орозбек Анарбекович
Бекжанов Даирбек
Жуманова Айнагуль Маразыковна
Алимбеков Эламан Асанбаеввич
Усонов Кубанычбек Абдимажитович
Ажыбаева Жайлоокан Шарабидиновна
Чаткал АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Рысбеков Кубаныч Сатамбаевич
Музурет кызы Акылай
Маматов Азамат Азамбекович
Ажыкулов Рысбай Суйоркулович
Тороева Гулбайра Райымбекова
Ак-Талаа АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Токталиева Нурайым Жакыпбековна
Токтокуев Улан Бактыгулович
Суйгонбаев Канатбек Назарбекович
Райымбек уулу Омурбек
Арпачиева Жийдегул Замирбековна
Арыкбаева Бегай Байышбековна
Майрамбекова Асель Майрамбековна
Нурматов Айбек Дуйшенович
Бейшеналиева Тангул Алмазбековна
Жумгал АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Ирасов Тынчтыкбек Ирасович
Абдылдаева Луиза Турсунбековна
Матхаликова Миргүл Наманжановна
Нарын АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Мамбетакунова Гулай Бекболотовна
Сатыбекова Айзада Абдыбековна
Алай АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Анарбаева Максаткан Адиевна
Молдобаев Мамыт
Араван АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Тойчиева Умсунхон
Ахмадалиев Анарбек Абдималикович
Жеенбаева Анаркан Алишеровна
Гапиржанова Мубарахан Муталовна
Мамасидик уулу Наврузбек
Кара-Кулжа АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Ашырмаматов Нурмухаммед Нурбекович
Токтосун уулу Билал
Ноокат АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Турсункулова Мафтуна
Рустамжановна
Кутмидинов Нурпаис
Ысманалиевич
Кудайберди уулу Мухамед
Сапарова Динара Кармышаковна
Шафигулина Мунира Равильевна
Талас АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Кадырбаева Кульнур Тажибаевна
Дыйкамбаева Гулайым Кашкабашовна
Манас АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Шейшенов Нуржан Сабырович
Конурбаев Азиз Кубанычбекович
Нармамбетова Жумагүл Шералиевна
Жолдошбек кызы Айжамал
Рахманкулова Наргиза Сейитказыевна
Бейшеева Эрке Бузурманкуловна
Чылманбетов Азамат Бактыбекович
Панфилов АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Кубанычбеков Азис Алмазбекович
Элдияр уулу Үрүстөм
Синельникова Людмила Викторовна
Ак-Суу АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Асыпаев Толубай Курманбекович
Букамбаев Мирбек Алтымышбекович
Ордобаева Турган Тусунбаевна
Орузбаев Кадырбек Курманович
Урбекова Зарина Каныбековна
Жети-Өгүз АШКсынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү:
Бакасов Эсен Омурович
Муканова Фарида Муратбековна
Даниярова Гульмира Молдалиевна
Сатиев Шарып Мыктыбекович
Азиева Азиза Туйгуновна
Мамбеталиев Назарбек Жумабаевич
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19 беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 18-октябрында бекитилген №375 «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө», 2011-жылдын 8-июлундагы №7 “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө” Жоболорду жетекчиликке алып аймактык шайлоо комиссиялардын резервине келип тушкөн талапкерлердин арыздарынын негизинде Жумушчу топтун 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйынында кабыл алынды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК эки айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында Ысык-Кѳл облусунунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл ѳкмѳтүнүн жана Жети -Өгүз районунундагы Светлая Поляна айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 токтому менен дайындалган Ысык-Кѳл облусунунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 21-декабрында болуп ѳткѳн жок.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 токтому менен дайындалган Ысык-Кѳл облусунунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 21-декабрында болуп ѳткѳн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жѳнүндѳ” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык –Кѳл облусундагы Ак-Суу районундагы Отрадное айыл ѳкмѳтүнүн башчысын жана Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл ѳкмѳтүнүн башчысын 2021-жылдын 4-январында 9:00дѳн 12:00 саатка чейин кайра шайлоону дайындоо тууралуу чечим кабыл алды.
Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен кайра шайлоо ѳткѳрүүнү уюштурсун.
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Вознесеновка айлыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында КР БШКнын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 389 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунундагы 2020-жылдын 17-декабрында болуп ѳткѳн Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары жѳнүндѳ Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколун бекитүү тууралуу чечим кабыл алды.
Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан Казымкулов Адилет Бактыбекович кѳрсѳтүлүп катталган.
Кайра добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген, добуш берүүгѳ Вознесеновка айылдык кеңештин 11 депутатынын 6 депутаты катышкан. Добуш берүүдѳ А.Б. Казымкулов 6 добушка ээ болгон, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн – 0 добуш берген.
Кайра добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен А.Б. Казымкулов Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленген.
Чүй облусунун Панфилов районунундагы Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысына добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана кайра добуш берүүнүн натыйжаларына даттануулар жана арыздар келип түшкѳн эмес.
КР БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Вознесеновка айыл ѳкмѳтүнүн башчысына добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра добуш берүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ 2020-жылдын 17-декабрдагы протоколдорунун негизинде чечим кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын 17-декабрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер - Сүйөрбек Исаев жана Талантбек уулу Азамат катталган. Добуш берүүгө Гүлчө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18 катышты, С. Исаев 13 добуш, Талантбек уулу Азамат 5 добуш алган. Ошентип Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сүйөрбек Исаев шайланды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды