Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жѳнүндѳ» токтомго ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы жыйналышында «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жѳнүндѳ» КР БШКнын 2021-жылдын 14-мартындагы № 65 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылды:
токтом тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 1.1. пункт менен толукталсын:
«1.1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдѳ) 2021-жылдын 10-январында ѳткѳрүлгѳн Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо түзүлгѳн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссияларын бекитсин».
Чечим «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамына ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Сүлүктү жана Манас АШКларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы жыйынында Сүлүктү жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.
Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы:
- «Ата-Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кенжебаева Гулнора Умаркуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Хаитова Бегайым Каримовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясы:
- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Чолпонкулов Фархад Абдылдаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джекшемалиев Марат Дуйшонович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Сүлүктү жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрдү
2021-жылы 26-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылы 11-апрелге дайындалган Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда мамлекеттик “КТРК” телеканалында акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.
“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын натыйжасы боюнча акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк төмөнкүдөй болду:
“Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” с/п,
“Кыргызстан” с/п,
“Тынчтык” с/п,
“Айкөл Кыргызстан” с/п,
“Ынтымак” с/п,
“Реформа” с/п,
“Республика” с/п,
“Улуу-Журт” с/п,
“Бийлик элге” с/п,
“Социал-демократтар” с/п,
“Кыргызстандын демократиялык кыймылы” с/п,
“Замандаш” с/п,
“Ишеним” с/п,
“Тандоо эркиндиги” с/п,
“Эмгек” с/п,
“Биздин эл” с/п,
“Кыргызстандын жашылдар партиясы ” с/п,
“Ыйман Нуру” с/п,
“Ата-Журт Кыргызстан” с/п,
“Улутман” с/п,
“Патриот” с/п,
“Кыргызстандын социалисттик партиясы” с/п,
“Ак Бата” с/п,
“Кыргызстандын коммунисттер партиясы” с/п,
“Бүтүн Кыргызстан” с/п.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 26-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 26-март 2021-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Сүлүктү жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 65 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга коюлган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл добуш берүүнү) долборунун тексти газетанын атайын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
5. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
“Ак Бата” партиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузган эмес – БАШК чечими
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Ак Бата” саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу К.М. Маратовдун арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 19-мартта Бишкек АШКга К.М. Маратовдон арыз түшкөн, арызында ал “Ак Бата” саясий партиясы тарабынан атайын газетада балдардын сүрөттөрү менен үгүт материалы жайгаштырылганын көрсөтөт.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун жыйналышында ал сүрөттөгү балдар үгүт жүргүзүшкөн эместиги, үгүт материалдарын чыгарган жана таркаткан эместиги, сүрөткө тартылган балдардын жаш курагы көрсөтүлгөндөн айырмаланып турары жөнүндө түшүндүрмө берилген.
КР БШКнын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мыйзамдарга карша келүүчү аракеттер болбогондугуна байланыштуу “Ак Бата” саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу К.М. Маратовдун арызын канааттандыруудан баш тартууну чечти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БАШК “Ак Бата” партиясына даттанууну канааттандыруудан баш тартты
БАШК “Ак Бата” партиясына даттанууну канааттандыруудан баш тартты
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Ак Бата” саясий партиясы боюнча арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 19-мартта Бишкек АШКга К.М. Маратовдон арыз түшкөн, арызында ал болжолунда №1024 участоктук шайлоо комиссиянын төрагасы Ситникова Маргарита Хамзиевна “Ак Бата” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер М.В. Ситниковдун энеси болуп саналарын, ал эми КР БШКнын 2010-жылдын 17-августундагы №161 токтому менен бекитилген райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык талапкерлердин жакын адамдары аталган комиссияларга мүчө боло албай тургандыгын көрсөткөн.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун жыйналышында ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу жогоруда аталган ченемдик укуктук акт күчүн жоготкондугу жөнүндө түшүндүрмө берилген.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мыйзамдарга каршы келүүчү аракеттер болбогондугуна байланыштуу К.М. Маратовдун арызын канааттандыруудан баш тартууну чечти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Биздин эл” партиясынан талапкерге эскертүү берилди
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышында “Биздин эл” саясий партиясынан талапкер А.К. Кайратовага шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестиги жөнүндө кат жүзүндө эскертүү берүү тууралуу чечим чыгарды.
2021-жылы 19-мартта Бишкек АШКга К.М. Маратовдон арыз түшкөн, арызында ал “Биздин эл” саясий партиясынан талапкер А.К. Кайратова шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин жана шарттарын бузгандыгын көрсөтөт.
Үгүт “Де-факто” газетасында чыгаруу маалыматтарысыз материал жарыялоо аркылуу жүргүзүлгөн, бул үгүт жүргүзүү эрежелеринин талаптарын бузгандык болуп саналат.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун жыйналышында интервью 2021-жылы 1-мартта берилгендиги, бирок газетанын жаңылыштыгы боюнча ал 2021-жылы 12-мартта жарыялангандыгы жөнүндө кат жүзүндө түшүндүрмө берилген.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-пунктунда минтип жазылган: “шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат”.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Бишкек АШК “Биздин эл” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер А.К. Кайратова тараптан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү белгилери бар деген тыянакка келди.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Биздин эл” саясий партиясынан талапкер А.К. Кайратовага шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестиги жөнүндө кат жүзүндө эскертүү берүүнү чечти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК эске салат: жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо үчүн 3 күн калды
2021-жылдын 16-мартында «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутумунда түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн референдумдун катышуучуларынын тизмеси түзүлдү.
Мурда чет өлкөдө жашаган же чет өлкөдөн келген, добуш берүү күнү – 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларынын тизмесине киргизүү үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуулары керек.
Урматтуу шайлоочулар!
2021-жылдын 27-мартына чейин (кошо алганда) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн өзүңөрдү шайлоочулардын тизмесинен тактооңуздар зарыл:
- «Тизме» шайлоочулардын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/;
- өзүңүздүн шайлоо участогуңузда;
- паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН номуруңуз менен 119 номуруна чалып же SMS жөнөтүү менен (чалуу жана SMS акысыз), Сиз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.
Эгерде шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 2021-жылдын 27-мартына чейин (кошо алганда) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына Сиз шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен кайрыла аласыз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын шаарынын ЖМКларына жана жарандык коомуна шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана үгүт эрежелери жөнүндө айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Нарын шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жана жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү үчүн “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө учурдагы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.
Ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30%дан аз эмес квотасын аялдар үчүн резервге калтыруу өтүп жаткан айылдык кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүгү болуп калат. Бул атайын чара аялдардын айылдык кеңештердеги 10%ды түзгөн төмөн өкүлчүлүгүн талдоонун негизинде аялдардын жергиликтүү кеңештерге катышуусун жигерлетүү максатында мыйзам менен кабыл алынган. Ал мыйзамдын негизинде учурдагы шайлоодо 5 383 талапкер аял көрсөтүлгөн округдарда 2 943 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Бул жергиликтүү шайлоодо мыйзамдын төмөнкү жаңы ченемдери биринчи жолу колдонулат: талапкерлерде жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болуусу жөнүндө талап; 1 миң сом шайлоо күрөөсү; талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө каржы отчётун түзүү жана тапшыруу; саясий партияларга теледебат өткөрүү үчүн обо убактысын берүү.
Шайлоо дайындалган учурдан тартып, шайлоочуларды сатып алууга, кайрымдуулук кылууга тыюу салынат.
Саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда үгүт топтору үчүн обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өттү
Бүгүн – 2021-жылы 24-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2021-жылдын 11- апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган «макул» жана «каршы» топторунун ортосунда акысыз обо убактысын бөлүштүрүүдө кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү.
КР БШКда референдумда үгүт жүргүзүүчү 15 топ катталды:
«макул» тобу – үгүт жүргүзүүчү 12 топ;
«каршы» тобу –үгүт жүргүзүүчү 3 топ.
КТРК телеканалында акысыз обого чыгуу убактысы төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Жеке чыгып сүйлөө («КТРК»):
Обо датасы
Обого чыгуу убактысы
Топтун аталышы
25.03.2021
23:00
№ 2 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 3 «макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 9 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
26.03.2021
23:00
№ 5 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 11«макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 4 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
29.03.2021
23:00
№ 6 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 7 «макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 10 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
30.03.2021
23:00
№ 8 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 1 «макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 12 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
31.03.2021
23:00
№ 2 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 3 «макул» тобу
23:30
№ 2»каршы» тобу
23:40
№ 9 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
1.04.2021
23:00
№ 5 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 11 «макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 4 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
2.04.2021
23:00
№ 6 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 7 «макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 10 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
5.04.2021
23:00
№ 8 «макул» тобу
23:10
№ 3 «каршы» тобу
23:20
№ 1 «макул» тобу
23:30
№ 2 «каршы» тобу
23:40
№ 12 «макул» тобу
23:50
№ 1 «каршы» тобу
Дебаттар («КТРК»)
Обо датасы
Топтун аталышы агитации
6.04.2021
(23:00-24:00)
№ 2 «макул» тобу
№ 3 «макул» тобу
№ 9 «макул» тобу
№ 5 «макул» тобу
№ 3 «каршы» тобу
8.04.2021
(23:00-24:00)
№ 11 «макул» тобу
№ 4 «макул» тобу
№ 6 «макул» тобу
№ 7 «макул» тобу
№ 2 «каршы» тобу
9.04.2021
(23:00-24:00)
№ 10 «макул» тобу
№ 8 «макул» тобу
№ 1 «макул» тобу
№ 12 «макул» тобу
№ 1 «каршы» тобу
«ЭлТР» МТРК телеканалында акысыз обого чыгуу убактысы төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Жеке чыгып сүйлөө:
Обо датасы
Обого чыгуу убактысы
Топтун аталышы
25.03.2021
20:00
№ 4 «макул» тобу
20:15
№ 1 «каршы» тобу
20:45
№ 2 «макул» тобу
26.03.2021
20:00
№ 9 «макул» тобу
20:15
№ 2 «каршы» тобу
20:45
№ 5 «макул» тобу
29.03.2021
20:00
№ 3 «макул» тобу
20:15
№ 3 «каршы» тобу
20:45
№ 6 «макул» тобу
30.03.2021
20:00
№ 7 «макул» тобу
20:15
№ 1 «каршы» тобу
20:45
№ 8 «макул» тобу
31.03.2021
20:00
№ 12 «макул» тобу
20:15
№ 2 «каршы» тобу
20:45
№ 10 «макул» тобу
1.04.2021
20:00
№ 11 «макул» тобу
20:15
№ 3 «каршы» тобу
20:45
№ 1 «макул» тобу
Дебаттар ( «ЭлТР» МТРК)
Обо датасы
Топтун аталышы
2.04.2021
(20:00 – 21:00)
№ 4 «макул» тобу
№ 2 «макул» тобу
№ 1 «каршы» тобу
5.04.2021
(20:00 – 21:00)
№ 9 «макул» тобу
№ 5 «макул» тобу
№ 2 «каршы» тобу
6.04.2021
(20:00 – 21:00)
№ 3 «макул» тобу
№ 6 «макул» тобу
№ 3 «каршы» тобу
7.04.2021
(20:00 – 21:00)
№ 7 «макул» тобу
№ 8 «макул» тобу
№ 1 «каршы» тобу
8.04.2021
(20:00 – 21:00)
№ 12 «макул» тобу
№ 10 «макул» тобу
№ 2 «каршы» тобу
9.04.2021
(20:00 – 21:00)
№ 11 «макул» тобу
№ 1 «макул» тобу
№ 3 «каршы» тобу
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Каракол шаарынын ЖМКларына жана ЖКУларына саясий каржылоого байкоо жүргүзүү жөнүндө айтылды
Каракол шаарынын ЖМКларына жана ЖКУларына саясий каржылоого байкоо жүргүзүү жөнүндө айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Каракол шаарында жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнө “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө саясий каржылоого байкоо жүргүзүү, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда каралган талаптар иш жүзүндө канчалык натыйжалуу колдонулуп жана аткарылып жаткандыгын кандай түшүнүүгө болору жөнүндө айтып беришти.
ЖКУ жана ЖМК партияларды жана талапкерлерди каржылоо жөнүндө расмий отчёттордогу маалыматтарды талдап, ал талдоонун натыйжаларын жана отчётторун кийин жарыялоо менен маанилүү роль аткарышат. Ошондой иш-аракеттердин бир варианты – саясий каржылоого кызыккан, бирок толгон-токтой чийки маалыматтарды териштирүүгө убактысы жок калк жана/же журналисттер үчүн жеткиликтүү таризде маалыматтар базасын даярдоо.
Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы жайылтып жаткан каржылоодогу айкындуулук жөнүндө жаңы ченемдер колдонулуучу ушундай тариздеги алгачкы шайлоо болуп саналат. Анын ичинде саясий партиялардын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган каражаттары тууралуу маалыматтардын КР БШКнын расмий сайтына коомчулукка жеткиликтүү ачык жарыяланышы дагы бар.
ЖКУга төмөнкү маселелер боюнча маалымат берилди: шайлоо өнөктүгүнө чыгымдардын ар кандай түрлөрүнө кандай байкоо жүргүзүүгө болот; түшкөн жана чыгымдалган каражаттар боюнча мыйзам менен чектөөлөргө жана лимиттерге кандай талдоо жүргүзүү зарыл; саясий партиялардын жана талапкерлердин пайдасына кайрымдуулук кылуулары, ошондой эле шайлоо өнөктүгүнүн кызыкчылыктарына мамлекеттик же коомдук ресурстарды кыянат пайдалануулар.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады
2021-жылы 21-мартта жергиликтүү кеңештерди шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планга ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады.
Республика боюнча 420 айылдык кеңештеги 7 560 мандатка 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5 300 талапкер – аялдар.
63 талапкер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлдү, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп саналат.
Республика боюнча бир мандатка 2,5 талапкер ат салышууда.
Талапкерлердин кыйла көпчүлүгү төмөнкү аймактарда катталды:
Ош облусу (Чоң-Алай району)
№
Айылдык
кеңештин
аталышы
Шайлоо
округдарынын
аталышы
Мандат-тардын
саны
Аялдар үчүн
квота
Катталды
Өзүн өзү көрсөткөндөр
Анын ичинде аялдар
1 мандатка
1
Чоң-Алай
айылдык
кенеши
№4 «Дароот-Коргон» шайлоо округу
10
3
54
54
12
5,4
Жалал-Абад облусу (Сузак району)
2
С.Атабеков
айылдык
кенеши
№4 "Жийде" шайлоо округу
10
3
45
45
8
4,5
Чүй облусу
3
Военно-
Антоновка айылдык
кенеши
№3 Военно-
Антоновка
шайлоо
округу
7
3
38
38
13
5,4
Төмөндө облустар боюнча талапкерлерди каттоо жөнүндө маалымат берилди:
Облустардын аталышы
Шайлоо округдарынын саны
Мандаттардын саны
Аялдар үчүн квота
Катталган талапкерлердин саны
Өзүн өзү көрсөткөндөр
С/пдан
Аялдар
%
1 мандатка
Республика боюнча
1376
7560
2943
18772
18709
63
5300
28,2
2,5
Чүй облусу
288
1598
639
4227
4182
45
1282
30,3
2,6
Жалал-Абад облусу
254
1352
520
3609
3609
0
993
27,5
2,6
Баткен
облусу
121
577
231
1610
1610
0
390
24,2
2,7
Талас
облусу
88
544
206
1195
1195
0
318
26,5
2,1
Нарын
облусу
121
789
300
1685
1667
18
496
29,4
2,1
Ысык-Көл облусу
166
959
366
1995
1995
0
591
29,6
2,0
Ош облусу
338
1741
681
4451
4451
0
1230
27,6
2,5
Кыргызстанда 420 айылдык кеңешке шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 15 сунуштама түшкөн.
2021-жылдын 22-мартына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15 үгүт топторду каттоодон өткөрдү:
- «макул» - 12 үгүт тобу;
- «каршы» - 3 үгүт тобу.
2021-жылдын 18-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды:
1) 1 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Тентишев Бакыт Эркинович, курамы 15 адамдан турат:
1
Тентишев Б.Э.
9
Жапаркулов Р.Ж.
2
Абылгазиев М.А.
10
Жумабеков А.Ж.
3
Аджигулов Т.Б.
11
Нурманбетов А.К.
4
Алаков Ч.К.
12
Сагынбаев Т.Т.
5
Амантуров А.З.
13
Тологонов Д.Н.
6
Аскаров Э.А.
14
Укумалиев Р.Э.
7
Байымбеков А.И.
15
Эдигеев Д.А.
8
Жамангулов К.К.
2) 2 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сапаркулова Мээрим Сапаркуловна, курамы 11 адамдан турат:
1
Сапаркулова М.С.
7
Додоева Ж.
2
Абдураимов Ж.Ж. у.
8
Мейманбеков Э.М.
3
Айталиев Т.Т.
9
Назарбекова А.Ж.
4
Акылбекова Б.Ю.
10
Садирдинова А.Д.
5
Алмазбекова А.А.
11
Самарбек к. А.
6
Барсанаев Э.Ы.
3) 3 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Исмаилов Фархат Даткабаевич, курамы 14 адамдан турат:
1
Исмаилов Ф.Д.
8
Жыргалбек у. А.
2
Абдыкалыков М.Б.
9
Исмаилов Э.М.
3
Азимжанов Э.Н.
10
Мырзабеков М.Э.
4
Аширалиев А.А.
11
Нажиев Ш.О.
5
Бекболсун к. А.
12
Сатвалдиева М.А.
6
Жолонов Ч.А.
13
Үсөнова М.М.
7
Жумашов А.К.
14
Юсупов Р.А.
4) 1 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Карасартова Рита Рахмановна, курамы 10 адамдан турат:
1
Карасартова Р.Р.
6
Мамырбаева К.Н.
2
Акунова Г.Б.
7
Нурбаев Э.Р.
3
Бирюкова В.А.
8
Труханова О.Ю.
4
Иманалиева М.Э.
9
Усманалиева Б.М.
5
Макенбаева Б.Д.
10
Чакиев А.А.
5) 2 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сооронкулова Клара Сыргабековна, курамы 13 адамдан турат:
1
Сооронкулова К.С.
8
Мамасалиева Г.Э.
2
Айтбаева А.Ж.
9
Октяброва Н.У.
3
Алымбаева А.Б.
10
Омуркул у. У.
4
Карасартова С.Р.
11
Таалайбек у. М.
5
Каримова А.А.
12
Тологонов М.З.
6
Качиева Ж.А.
13
Эшимбеков Н.К.
7
Кельдибекова Л.П.
2021-жылдын 19-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды:
6) 4- катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Абдумаликов Туголбай, курамы 12 адамдан турат:
1
Абдумаликов Т.
7
Асанбекова Д.Ж.
2
Абдипаттаев Т.М.
8
Жолдошов Ж.И.
3
Аташбаев Н.А.
9
Жоодарбек уулу Н.
4
Анарбаева А.Г.
10
Мекенова А.М.
5
Абидинова А.А.
11
Назаров Б.С.
6
Акимбай кызы Г.
12
Парпиев М.М.
7) 5 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Акунов Кенешбек Жасынович, курамы 12 адамдан турат:
1
Акунов К.Ж.
7
Кулмаматов Б.С.
2
Амиракулов У.О.
8
Маткаликов А.Ж.
3
Акыев Н.Т.
9
Мурзакметов Т.Т.
4
Авазов Э.А.
10
Мамасыдыков М.М.
5
Байырбек кызы А.
11
Маматбеков А.М.
6
Исаков Б.М.
12
Халматов К.А.
8) 6 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси- Бектур Жанарбек, курамы 10 адамдан турат:
1
Бектур Ж.
6
Набиева А.
2
Асыранбеков К.С.
7
Осмоналиев К.
3
Бакчиев Т.А.
8
Озубеков А.А.
4
Ибраев А.А.
9
Сатыбалдиева А.Ж.
5
Мамбетова Н.И.
10
Усубалиев Т.С.
9) 7 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Арстанкулов Утарбек Бектурович, курамы 11 адамдан турат:
1
Арстанкулов У.Б.
7
Раимова Ж.Ж.
2
Акылбекова Б.Ю.
8
Турдумамбет уулу Т.
3
Жолдошбаев К.К.
9
Чынгызов О.Ч.
4
Маткеримов Х.Ш.
10
Чикиев Т.Д.
5
Мырзагулов А.М.
11
Шербек уулу Б.
6
Мойдунов Б.П.
10) 8 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Пулатов Азамат Акбаралиевич, курамы 12 адамдан турат:
1
Пулатов А.А.
7
Орунбаев Э.С.
2
Азизбаев А.С.
8
Саматов У.К.
3
Баратов Р.П.
9
Саттаров Б.А.
4
Жасын кызы М.
10
Суюнбаев О.С.
5
Казыев А.К.
11
Ибрагимов З.К.
6
Нурматов Б.Б.
12
Иманкулов А.М.
11) 9 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Байматов Азамат Тарзанович, курамы 13 адамдан турат:
1
Байматов А.Т.
8
Мирбеков Н.М.
2
Ажибеков Э.А.
9
Мусаканова С.А.
3
Алтынбеков У.А.
10
Молдали уулу Н.
4
Джакыпбеков Б.К.
11
Надырбеков Э.Н.
5
Джумабеков С.С.
12
Озорбаев М.Э.
6
Жузупаев А.А.
13
Усон уулу А.
7
Качкеева Н.М.
12) 3 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Шабдан уулу Чынарбек, курамы 10 адамдан турат:
1
Шабдан уулу Ч.
6
Кайыпов Э.С.
2
Абдыисаева Б.А.
7
Казакбаев У.А.
3
Жаныкулова С.Ш.
8
Муканбетов Ж.Ж.
4
Жолдошева Н.М.
9
Сыдыгалиева Н.Ж.
5
Курманкожоев С.С.
10
Эрдоолатов М.М.
13) 10 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Мадаминов Аскаралы Шукуралиевич, курамы 11 адамдан турат:
1
Асанов Н.А.
6
Курвантаев Б.Т.
2
Аликулов А.М.
7
Кулов А.С.
3
Батырканов Т.К.
8
Кенешбек уулу К.
4
Илиязова А.Д.
9
Очокеев М.М.
5
Исеналиев Э.А.
10
Эркинов С.Э.
2021-жылдын 22-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды:
14) 11 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, курамы 12 адамдан турат:
1
Акматалиев А.А.
7
Казакбаева Ч.С.
2
Абдиева А.И.
8
Осмонкулова А.М.
3
Баймулдинова А.Т.
9
Султаналиев А.Т.
4
Бекмуратова Э.А.
10
Супатаева Н.Т.
5
Исланова Р.У.
11
Туйбаев Р.Ж.
6
Кадырова Б.М.
12
Жапаров Т.Т.
15) 12 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Макеева Жаркынай Болотбековна, курамы 13 адамдан турат:
1
Макеева Ж.Б.
8
Медербекова И.З.
2
Абдиева Ч.У.
9
Мисиркан у. У.
3
Акмолдоева Г.Ч.
10
Мыктарбек к. А.
4
Алыбаев Т.Б.
11
Рыскулбеков А.Ж.
5
Бегалиев М.А.
12
Таалайбеков Н.Т.
6
Литовченко В.Д.
13
Убайдылдаев М.Ж.
7
Макеева Э.Б.
Кыргыз Республикасынын референдумга «макул», «каршы» үгүт топтордун каттоо үчүн түшкөн арыздарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ, КР БШК
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 22-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22-март 2021-ж.
Убактысы:12 :00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 «макул», жетекчиси – А. Акматалиев.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 12 «макул», жетекчиси – Макеева Ж.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси
Баткен облусу
Баткен АШК
Кадамжай АШК
Лейлек АШК
Жалал-Абад облусу
Аксы АШК
Ала-Бука АШК
Базар-Коргон АШК
Ноокен АШК
Сузак АШК
Тогуз-Торо АШК
Токтогул АШК
Чаткал АШК
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу АШК
Жети-Өгүз АШК
Ысык-Көл АШК
Тоң АШК
Түп АШК
Нарынская область
Ак-Талаа АШК
Ат-Башы АШК
Жумгал АШК
Кочкор АШК
Нарын АШК
Ош облусу
Алай АШК
Араван АШК
Кара-Кулжа АШК
Кара-Суу АШК
Ноокат АШК
Өзгөн АШК
Чоң-Алай АШК
Талас облусу
Бакай-Ата АШК
Кара-Буура АШК
Манас АШК
Талас АШК
Чүй облусу
Аламүдүн АШК
Жайыл АШК
Кемин АШК
Москва АШК
Панфилов АШК
Сокулук АШК
Чүй АШК
Ысык-Ата АШК
Кененирээк билүү >>
2,3 миңден ашык адам инфобустардын жардамы менен биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу алдында жарандарга маалыматтык автобустардын жардамы менен биометрикалык каттоодон өтүү боюнча кызмат көрсөтүүдө.
Биометрикалык каттоонун болуусу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Акция жарандардын 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуусун кеңейтүү үчүн ишке киргизилди.
3-марттан 20-мартка чейин инфобустар республиканын 130 калктуу конушуна барып, жер-жерлерде биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортко алмашуу үчүн документтерди берүү, туруктуу жашаган жери боюнча катталуу, электрондук санариптик колтамга алуу боюнча кызмат көрсөтүштү.
Биометрикалык каттоонун мобилдик топторунун жардамы менен 2 329 адам биометрикалык каттоодон өттү, 183ү – паспортко алмашуу, 585и – каттоосун алмаштыруу үчүн документтерин тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
08.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады