Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Бишкекте ЖМК жана ЖКУ өкүлдөрүнө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо чыгымдар сметасын түзүү өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Бишкекте “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жана жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо чыгымдар сметасын түзүү өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Смета шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү төмөнкү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдарды камтыйт: шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана жабдыктардын операторлорунун кызматтык сапарларына жана окутуу иш-чараларына, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдар, жабдыктарды жана материалдарды жеткизүү, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо боюнча жабдыктарды, компьютердик техниканын комплектилерин, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдү, бюллетендерди, маалыматтык материалдарды, анын ичинде баннерлерди, кеңсе буюмдарын региондордун ичинде ташуу боюнча чыгымдар.
Бекитилген чыгымдар сметасы, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо тууралуу Каржылык отчёт мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланат.
Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишин, анын ичинде шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги ишин камсыздоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Мамлекеттик сатып алуулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүдөн башка учурларда борборлоштурулуп (БШК деңгээлинде) ишке ашырылат.
БШК бардык операцияларды жана тиешелүү бардык каржы документтерин тариздөөнү борборлоштуруп жүргүзөт, сатып алынган жабдыктарды жана ТМБларды АШКларга бөлүштүрөт, аларды АШКлар өз кезегинде УШКларга бөлүштүрөт.
Шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контроль жүргүзүү үчүн БШКга караштуу көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен шаарынын укук коргоо органдарына шайлоодо мыйзамдуулукту камсыздоо чаралары жөнүндө маалымат берилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Баткен шаарында укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү.
КР БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров өткөргөн тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. Шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.
Окутуу процессине жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.
Тренингде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоодо мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо чаралары, анын ичинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча иштелип чыккан мыйзам ченемдери (жоопкерчиликке тартуу субъектилеринин кеңейтилиши), администрациялык ресурсту пайдалангандык үчүн киргизилген жоопкерчилик, даттануулар Реестри жөнүндө айтылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешип, шайлоо процессинин бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун зарыл чараларына абдан катуу көңүл бурулууда. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык добуш берүү күнү участокко кире бериште контактысыз температуралык контроль уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү жана шайлоочулар жеке коргоо каражаттары (беткап, колкап) менен камсыздалат. Атайын чийин-көрсөткүчтөр добуш берүүнүн катышуучуларына добуш берүү үчүн орун-жайдын сыртында дагы, ичинде дагы контактысыз басып жүрүүнү жана 1,5 - 2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыздоого жардам берет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү жөнүндө айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Бишкек шаарында укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү.
КР БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өткөргөн тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.
Окутуу процессине жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн окутууда алдыдагы шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
2021-жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңешинин, алардын ичинде 420 айылдык кеңештин жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктаган 386 кеңешке ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктоочу 32 кеңешке шайлоо өтөрү айтылды.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шайлоо процессинин алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү, анын ичинде талапкерлердин шайлоо мыйзамдарына ылайыктуулугун текшерүү үчүн “Түндүк” тутуму аркылуу өз ара аракеттешүү маселелери менен тааныштырылды. БШК – МКК: КР жарандыгын жана жашаган жерин текшерүү; БШК – МКК – ИИМ: соттолгондуктун бар/жогун текшерүү; БШК – Билим берүү министрлиги: билими тууралуу документтердин аныктыгын текшерүү; БШК – Минюст: партиялардын катталган мөөнөттөрүн текшерүү; БШК – Улуттук статком: жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо округдарын аныктоо, жалпы улуттук шайлоодо кошумча участоктордун божомолу (ички миграция боюнча) үчүн калктын саны тууралуу статистикалык маалыматтарды алмашуу; БШК – ЖӨБЭММА: ЖӨБ боюнча статистиканы жаңылоо; БШК – Соцөнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери, ЖАМК: шайлоочулардын өзгөчө категориялары тууралуу эсептик маалыматтарды алуу ж.б.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын ЖМКларына жана ЖКУларына шайлоонун каржылык айкындуулугун контролдоо механизмдери түшүндүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Жалал-Абад шаарында “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө алардын шайлоо процессиндеги ролу жөнүндө айтып беришти. Маселен, ЖКУ курч маселелерди козгоп, укукту колдонуудагы кемчиликтерге басма сөздүн жана коомчулуктун көңүлүн бура алат, ошентип, мыйзамдардын аткарылышынын сапатын арттырууга түрткү берет.
Өз кезегинде ЖМК саясий партиялардын жана шайлоо комиссияларынын ишинин каржы маселелерин, ошондой эле акча менен саясаттын ортосундагы өз ара байланышка тийиштүү жалпы проблемаларды чагылдыра алат. ЖМК жарыялануучу каржы отчётторуна сын көз менен талдоо жүргүзүп, мүмкүн болгон бузуулар тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берет, кыянат пайдалануулардын кесепеттеринин зыяндуулугун түшүндүрүп, кеңири коомчулукту саясий каржылоо чөйрөсүндөгү маселелер боюнча агарта алат. Бүтүндөй алганда ЖКУ жана ЖМК жарандардын эрк-ниетин билдирүүгө конституциялык укуктарын ишке ашырууга көмөктөшөт.
Тренингдин катышуучуларына шайлоо комиссияларын каржылоо кандай ишке ашырылары жана шайлоо процессин республикалык бюджеттен каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо үчүн КР БШК кандай чараларды көрүп жаткандыгы түшүндүрүлдү. Каржылоодогу айкындуулукту арттыруу максатында бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча эсепке алуу жана отчёттуулук жаатындажаңы ыкмалар түзүлдү. АШКлар менен УШКлардын чыгымдарынын корголгон беренелери боюнча гана акча каражаттарын АШКларга өткөрүп берүү шайлоо комиссияларынын чыгымдар сметасын түзүүдөгү жана төмөн турган комиссияларды андан ары каржылоодогу жаңы ыкмалар болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдарына көрүлгөн чаралар боюнча шайлоо процессинин катышуучуларына ыкчам маалымдоо зарылдыгы тууралуу айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү. Тренингди КР БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өткөрдү.
Тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. Шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.
Окутуу процессине карата жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.
БШК тараптан жарандарга андан ары маалымдоо, ыйгарым укуктардын алкагында коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо, шайлоочуларды сатып алууга бөгөт коюу, жарандардын укуктарын бузган же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылган ар кандай аракеттер боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу күн сайын ыкчам маалымдоо үчүн бузуу фактылары боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу толук маалымат берип туруу зарылдыгы баса белгиленди.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмдерин жакшыртуу, ЫЧКТнын аймактык бөлүмчөлөрүнө ыкчам тапшырмаларды берүү, шайлоо мыйзамдарын бузууларды каттоо Реестрин, түшкөн бузуу фактылары тууралуу жалпы статистикалык маалыматтарды түзүүнү өркүндөтүү жаатында КР БШК көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шайлоо процесси боюнча квалификациясын жогорулатышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү. Тренингди КР БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров өткөрдү..
Тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.
Окутуу процессине жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.
Ар бир өнөктүктүн өзгөчөлүгү укук коргоо органдары ишке ашырган чаралардын комплексинин жана шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүгө көмөктөшүүчү чаралардын курамдуу бөлүгү болуп саналары айтылды.
Шайлоо процессине киришүү менен укук коргоо органдары чаралар менен милдеттердин конкреттүү чөйрөсүн түшүнүү үчүн өзгөчөлүктөрдү, мөөнөттөрдү, этаптарды эске алуулары зарыл. Акыркы шайлоо процесси шайлоо талаш-тартыштарына байланыштуу иштердин олуттуу түрдө төмөндөгөндүгү менен мүнөздөлөт. Муну объективдүү түшүндүрмөсү бар: оң натыйжалары бар жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эсебин алуудагы аныктыкка жана добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгына алып келген кардиналдуу реформа ишке ашырылды. 2015-жылдан тартып жаңы технологиялар, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана добуштарды автоматтык жол менен эсептөө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 14 сунуштама түшкөн.
2021-жылдын 19-мартына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 13 үгүт топторду каттоодон өткөрдү:
- «макул» - 10 үгүт тобу;
- «каршы» - 3 үгүт тобу.
2021-жылдын 18-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды:
1) 1 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Тентишев Бакыт Эркинович, курамы 15 адамдан турат:
1
Тентишев Б.Э.
9
Жапаркулов Р.Ж.
2
Абылгазиев М.А.
10
Жумабеков А.Ж.
3
Аджигулов Т.Б.
11
Нурманбетов А.К.
4
Алаков Ч.К.
12
Сагынбаев Т.Т.
5
Амантуров А.З.
13
Тологонов Д.Н.
6
Аскаров Э.А.
14
Укумалиев Р.Э.
7
Байымбеков А.И.
15
Эдигеев Д.А.
8
Жамангулов К.К.
2) 2 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сапаркулова Мээрим Сапаркуловна, курамы 11 адамдан турат:
1
Сапаркулова М.С.
7
Додоева Ж.
2
Абдураимов Ж.Ж. у.
8
Мейманбеков Э.М.
3
Айталиев Т.Т.
9
Назарбекова А.Ж.
4
Акылбекова Б.Ю.
10
Садирдинова А.Д.
5
Алмазбекова А.А.
11
Самарбек к. А.
6
Барсанаев Э.Ы.
3) 3 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Исмаилов Фархат Даткабаевич, курамы 14 адамдан турат:
1
Исмаилов Ф.Д.
8
Жыргалбек у. А.
2
Абдыкалыков М.Б.
9
Исмаилов Э.М.
3
Азимжанов Э.Н.
10
Мырзабеков М.Э.
4
Аширалиев А.А.
11
Нажиев Ш.О.
5
Бекболсун к. А.
12
Сатвалдиева М.А.
6
Жолонов Ч.А.
13
Үсөнова М.М.
7
Жумашов А.К.
14
Юсупов Р.А.
4) 1 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Карасартова Рита Рахмановна, курамы 10 адамдан турат:
1
Карасартова Р.Р.
6
Мамырбаева К.Н.
2
Акунова Г.Б.
7
Нурбаев Э.Р.
3
Бирюкова В.А.
8
Труханова О.Ю.
4
Иманалиева М.Э.
9
Усманалиева Б.М.
5
Макенбаева Б.Д.
10
Чакиев А.А.
5) 2 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сооронкулова Клара Сыргабековна, курамы 13 адамдан турат:
1
Сооронкулова К.С.
8
Мамасалиева Г.Э.
2
Айтбаева А.Ж.
9
Октяброва Н.У.
3
Алымбаева А.Б.
10
Омуркул у. У.
4
Карасартова С.Р.
11
Таалайбек у. М.
5
Каримова А.А.
12
Тологонов М.З.
6
Качиева Ж.А.
13
Эшимбеков Н.К.
7
Кельдибекова Л.П.
2021-жылдын 19-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды:
6) 4- катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Абдумаликов Туголбай, курамы 12 адамдан турат:
1
Абдумаликов Т.
7
Асанбекова Д.Ж.
2
Абдипаттаев Т.М.
8
Жолдошов Ж.И.
3
Аташбаев Н.А.
9
Жоодарбек уулу Н.
4
Анарбаева А.Г.
10
Мекенова А.М.
5
Абидинова А.А.
11
Назаров Б.С.
6
Акимбай кызы Г.
12
Парпиев М.М.
7) 5 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Акунов Кенешбек Жасынович, курамы 12 адамдан турат:
1
Акунов К.Ж.
7
Кулмаматов Б.С.
2
Амиракулов У.О.
8
Маткаликов А.Ж.
3
Акыев Н.Т.
9
Мурзакметов Т.Т.
4
Авазов Э.А.
10
Мамасыдыков М.М.
5
Байырбек кызы А.
11
Маматбеков А.М.
6
Исаков Б.М.
12
Халматов К.А.
8) 6 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси- Бектур Жанарбек, курамы 10 адамдан турат:
1
Бектур Ж.
6
Набиева А.
2
Асыранбеков К.С.
7
Осмоналиев К.
3
Бакчиев Т.А.
8
Озубеков А.А.
4
Ибраев А.А.
9
Сатыбалдиева А.Ж.
5
Мамбетова Н.И.
10
Усубалиев Т.С.
9) 7 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Арстанкулов Утарбек Бектурович, курамы 11 адамдан турат:
1
Арстанкулов У.Б.
7
Раимова Ж.Ж.
2
Акылбекова Б.Ю.
8
Турдумамбет уулу Т.
3
Жолдошбаев К.К.
9
Чынгызов О.Ч.
4
Маткеримов Х.Ш.
10
Чикиев Т.Д.
5
Мырзагулов А.М.
11
Шербек уулу Б.
6
Мойдунов Б.П.
10) 8 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Пулатов Азамат Акбаралиевич, курамы 12 адамдан турат:
1
Пулатов А.А.
7
Орунбаев Э.С.
2
Азизбаев А.С.
8
Саматов У.К.
3
Баратов Р.П.
9
Саттаров Б.А.
4
Жасын кызы М.
10
Суюнбаев О.С.
5
Казыев А.К.
11
Ибрагимов З.К.
6
Нурматов Б.Б.
12
Иманкулов А.М.
11) 9 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Байматов Азамат Тарзанович, курамы 13 адамдан турат:
1
Байматов А.Т.
8
Мирбеков Н.М.
2
Ажибеков Э.А.
9
Мусаканова С.А.
3
Алтынбеков У.А.
10
Молдали уулу Н.
4
Джакыпбеков Б.К.
11
Надырбеков Э.Н.
5
Джумабеков С.С.
12
Озорбаев М.Э.
6
Жузупаев А.А.
13
Усон уулу А.
7
Качкеева Н.М.
12) 3 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Шабдан уулу Чынарбек, курамы 10 адамдан турат:
1
Шабдан уулу Ч.
6
Кайыпов Э.С.
2
Абдыисаева Б.А.
7
Казакбаев У.А.
3
Жаныкулова С.Ш.
8
Муканбетов Ж.Ж.
4
Жолдошева Н.М.
9
Сыдыгалиева Н.Ж.
5
Курманкожоев С.С.
10
Эрдоолатов М.М.
13) 10 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Мадаминов Аскаралы Шукуралиевич, курамы 11 адамдан турат:
1
Мадаминов А.Ш.
7
Курвантаев Б.Т.
2
Асанов Н.А.
8
Кулов А.С.
3
Аликулов А.М.
9
Кенешбек уулу К.
4
Батырканов Т.К.
10
Очокеев М.М.
5
Илиязова А.Д.
11
Эркинов С.Э.
6
Исеналиев Э.А.
Кыргыз Республикасынын референдумга «макул», «каршы» үгүт топтордун каттоо үчүн түшкөн арыздарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ, КР БШК
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды төмөнкүчө сатып алууга тыюу салынат:
- шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө;
- шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга;
- товарларды жеңилдетилген баада сатууга;
- талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга;
- акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө.
Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүндө талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келүүсү мүмкүн болгон жогоруда аталган Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузуучу аракеттерге жол бербөөнү көптөн-көп өтүнүү менен сунуштайт.
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, бош депутаттык мандаттарды тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 19-мартындагы жыйналышында Жайыл, Кочкор жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды:
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Аалыев Алмаз Аалыевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жумагулов Тимур Доктурбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Айткулуев Темирлан Намазбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Универсал” ЧИ директорунун жардамчысы ЖапсаровТилек Абдыбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Аситов Алмасбек Толоковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кочкор районунун үй-бүлөлүк врачы Балкыбеков Медетбек Жанарбековичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты Бейшенбек уулу Нурсултандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Карабаев Уланбек Тыйтаевичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле БШК Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Асанбай уулу Мирбекти өз арызынын негизинде талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Чечим “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 19-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 19-март 2021-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жайыл, Кочкор жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 4 «макул», жетекчиси – Абдумаликов Т.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 5 «макул», жетекчиси – Акунов К.Ж.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 6 «макул», жетекчиси – Бектур Ж.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 7 «макул», жетекчиси – Арстанкулов У.Б.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 8 «макул», жетекчиси – Пулатов А.А.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 «макул», жетекчиси – Байматов А.Т.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 3 «каршы», жетекчиси – Шабдан у. Ч.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 10 «макул», жетекчиси – Акматалиев А.А.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
10. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 «макул», жетекчиси – Мадаминов А.Ш.)
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
11. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Нарын шаарындагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоонун ар бир этабында шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын шаарындагы укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна чара көрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуудагы укук коргоо органдарынын ролу” аталышта тренинг болуп өттү. Тренингди КР БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өткөрдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жолу укук коргоо органдары үчүн жаңы форматтагы тренинг өткөрдү, анын максаты - мыйзам бузууларга жооп кайтаруунун туруктуу тутумун түзүү. Окуу процессине жаңыча мамиленин калыптанышын эске алуу менен, тренингдерге тергөө жана иликтөө органдарынын эң квалификациялуу, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын билим берүү мекемелеринин окутуучулары чакырылган.
Катышуучуларга КР БШК тарабынан укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү планы, паракорчулукка жана административдик ресурстарга каршы күрөшүү боюнча укуктук негиз иштелип чыккандыгы маалымдалды. Шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жаңы жоболор иш жүзүндө колдонулушу керек. Өз ара аракеттенүү шайлоо кампаниясынын ар бир этабындагы милдеттердин өзгөчөлүктөрүнө ылайык, артыкчылыктуу милдеттерге ылайык жүргүзүлүшү керек.
Тренингде белгиленгендей, шайлоо процессине киришип жатып укук коргоо органдарынын кызматкерлери өз иштерин толугу менен ачык жүргүзүшү керек, айрыкча талапкерлер менен партиялар байланышкан мыйзам бузууларга байланыштуу.
Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды кароонун мөөнөтү маанилүү жагдай болуп саналат. Мыйзамдарга ылайык, шайлоонун кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен, мыйзам бузууларды кароонун кыска мөөнөттөрү дагы бар. Бул эки күндүк жана үч күндүк убакыт, бул шайлоо учурунда укук коргоо органдарына өтө чоң күч келтирет.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаарынын укук коргоо кызматкерлери шайлоо процесси учурунда мыйзам бузууларга жооп кайтаруунун жаңы алгоритминин үстүнөн иштөөгө үйрөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын укук коргоо органдары үчүн "Шайлоо мыйзамдарын бузууда чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө ички иштер органдарынын ролу" аттуу тренинг өткөрдү. Тренингди КР БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров өткөрүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жолу укук коргоо органдары үчүн жаңы форматтагы тренингдерди өткөрүүдө, анын максаты - мыйзам бузууларга жооп кайтаруунун туруктуу тутумун түзүү.
Окуу процессине жаңыча мамиленин калыптанышын эске алуу менен, тренингге тергөө жана иликтөө органдарынын эң квалификациялуу, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын билим берүү мекемелеринин окутуучулары чакырылды.
Шайлоонун маанилүү принциби бул ачыктык жана калыс болуусу. Шайлоонун калыс өтүшү шайлоодо иштеген бардык органдардын калыс болушун талап кылат. Тренингде алар шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле ыкчам аракет кылуучу (ЫАККТ) координациялык тобунун алкагында ачык, калыс, биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Шайлоо процессинде шайлоо кампаниясынын убактысы эске алынышы керек. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор учурдагы мыйзамдарга ылайык эки айдын ичинде, парламенттики үч айдын ичинде жана президенттики төрт айдын ичинде өткөрүлөт. Мыйзамдарга ылайык, шайлоонун кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен, мыйзам бузууларды кароонун кыска мөөнөттөрү дагы бар – алар 2-3 күн. Шайлоо процессине кирүүдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери айрыкча талапкерлер менен партиялар байланышкан мыйзам бузууларга байланыштуу өз ишин толугу менен ачык жүргүзүшү керек.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Эмгек Партиясынын» даттануусун канааттандыруудан баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 14-мартта КР БШКга «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү М.Узюровдон талапкер Ж.Б. Абировго кат жүзүндө эскертүү берүү жөнүндө (шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы жөнүндө жаран М.К. даттануусунун негизинде) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Бишкек АШК) 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине даттануу түшкөн.
2021-жылы 17-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жана Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ кызыкдар тараптардын катышуусунда «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын арызын карап чыгышты. Жыйынтыгында төмөнкүлөр белгиленди:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – шайлоо жөнүндө мыйзам) 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен.
Мында шайлоо жөнүндө мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
Шайлоо жөнүндө мыйзамдын 2-беренесине ылайык “үгүт материалдары – шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши”.
Ушуга байланыштуу Жумушчу топтордун мүчөлөрү Бишкек АШКнын аракеттери мыйзам алкагында болгон, чечими укук ченемдүү жана негиздүү кабыл алынган деп септешет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 22, 28, 42-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин, КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 токтому менен бекитилген “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ” Жобону, КР БШКнын 2017-жылдын 10-июлундагы №117 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 5 сунуштама түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 5 үгүт топторду каттоодон өткөрдү:
- «макул» - 3 үгүт тобу;
- «каршы» - 2 үгүт тобу.
2021-жылдын 18-мартында төмөнкү үгүт топтору катталды:
1) 1 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Тентишев Бакыт Эркинович, курамы 15 адамдан турат:
1
Тентишев Б.Э.
9
Жапаркулов Р.Ж.
2
Абылгазиев М.А.
10
Жумабеков А.Ж.
3
Аджигулов Т.Б.
11
Нурманбетов А.К.
4
Алаков Ч.К.
12
Сагынбаев Т.Т.
5
Амантуров А.З.
13
Тологонов Д.Н.
6
Аскаров Э.А.
14
Укумалиев Р.Э.
7
Байымбеков А.И.
15
Эдигеев Д.А.
8
Жамангулов К.К.
2) 2 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сапаркулова Мээрим Сапаркуловна, курамы 11 адамдан турат:
1
Сапаркулова М.С.
7
Додоева Ж.
2
Абдураимов Ж.Ж. у.
8
Мейманбеков Э.М.
3
Айталиев Т.Т.
9
Назарбекова А.Ж.
4
Акылбекова Б.Ю.
10
Садирдинова А.Д.
5
Алмазбекова А.А.
11
Самарбек к. А.
6
Барсанаев Э.Ы.
3) 3 - катар номери менен «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Исмаилов Фархат Даткабаевич, курамы 14 адамдан турат:
1
Исмаилов Ф.Д.
8
Жыргалбек у. А.
2
Абдыкалыков М.Б.
9
Исмаилов Э.М.
3
Азимжанов Э.Н.
10
Мырзабеков М.Э.
4
Аширалиев А.А.
11
Нажиев Ш.О.
5
Бекболсун к. А.
12
Сатвалдиева М.А.
6
Жолонов Ч.А.
13
Үсөнова М.М.
7
Жумашов А.К.
14
Юсупов Р.А.
4) 1 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Карасартова Рита Рахмановна, курамы 10 адамдан турат:
1
Карасартова Р.Р.
6
Мамырбаева К.Н.
2
Акунова Г.Б.
7
Нурбаев Э.Р.
3
Бирюкова В.А.
8
Труханова О.Ю.
4
Иманалиева М.Э.
9
Усманалиева Б.М.
5
Макенбаева Б.Д.
10
Чакиев А.А.
5) 2 - катар номери менен «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Сооронкулова Клара Сыргабековна, курамы 13 адамдан турат:
1
Сооронкулова К.С.
8
Мамасалиева Г.Э.
2
Айтбаева А.Ж.
9
Октяброва Н.У.
3
Алымбаева А.Б.
10
Омуркул у. У.
4
Карасартова С.Р.
11
Таалайбек у. М.
5
Каримова А.А.
12
Тологонов М.З.
6
Качиева Ж.А.
13
Эшимбеков Н.К.
7
Кельдибекова Л.П.
Кыргыз Республикасынын референдумга «макул», «каршы» үгүт топтордун каттоо үчүн түшкөн арыздарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ, КР БШК
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен жана Кочкор АШКларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 18-мартындагы жыйынында Баткен жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.
Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбалды уулу Улукбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозалиев Кенжебай Артыкбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мойденов Рысбек Алиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Беккожоев Муканбет Ишенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Баткен жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жергиликтүү кеңештерге шайлоодо кастык тилди пайдаланууну болтурбай коюу механизмдери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо мезгилинде кастык тилди пайдаланууну болтурбай коюу боюнча маселелерди талкуулоо” деген темада эксперттердин жолугушуусун өткөрдү.
Европа Бирлиги каржылап, беш уюм – Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү (долбоордун негизги өнөктөшү) Медиа Полиси Институту, Article 19, Жергиликтүү Демократиянын Европа Ассоциациясы (ALDA Europe) жана Демократия үчүн Вестминстер Фондунан турган консорциум ишке ашыруучу МедиаДиалог долбоорунун алкагында жолугушуу өттү.
Долбоор демократиянын кыймылдаткыч күчү жана шайлоо циклинин жүрүшүндө турукташтыруучу фактор катары медиа секторунун дараметин жана жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталган. Демократия үчүн Вестминстер Фонду өз мандатынын алкагында шайлоо процессинин катышуучуларынын арасында кастык тилди пайдаланууну болтурбай коюу боюнча иш жүргүзөт, бул талапкерлер, ошол сыяктуу эле жигердүү жаштар менен кастык тил маселеси боюнча иш-чараларды өткөрүүгө түрткү болду.
Дискуссияга бейөкмөт уюмдардын, эксперттер жамаатынын өкүлдөрү, юристтер, журналисттер, КР Башкы прокуратурасынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана БШК мүчөлөрү катышты.
Жолугушууда кастык тилди пайдалангандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрүн, үгүт жүргүзүү мезгилинде кастык тилди пайдалануунун тобокелдиктерин азайтуу маселелерин, кастык тилди аныктоонун эл аралык тажрыйбасын жана тилди оң жана сабырдуулук менен кабыл алууну илгерилетүү чараларын талкуулашты.
Эксперттер кастык тил тууралуу кабардар болуу деңгээлин арттыруу максатында жаштар жана талапкерлер үчүн иш-чараларды өткөрүү жөнүндө, ошондой эле кастык тилдин радикалдуулугунун даражалары жөнүндө пикир алмашты.
Саясий партиялардын талапкерлерине партиялык Этика кодексин түзүү сунушу айтылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
08.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады