Башкы Жаңылыктар Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо …

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады

23-Мар, 2021

2021-жылы 21-мартта жергиликтүү кеңештерди шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планга ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктады.

Республика боюнча 420 айылдык кеңештеги 7 560 мандатка 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5 300 талапкер – аялдар. 

63  талапкер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлдү, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп саналат.

Республика боюнча бир мандатка 2,5 талапкер ат салышууда.

Талапкерлердин кыйла көпчүлүгү төмөнкү аймактарда катталды:

Ош облусу  (Чоң-Алай району)

№

Айылдык

кеңештин

аталышы

Шайлоо 

округдарынын

аталышы

Мандат-тардын

саны 

Аялдар үчүн

квота 

Катталды 

Өзүн өзү көрсөткөндөр

Анын ичинде аялдар 

 

1 мандатка

1

Чоң-Алай

айылдык

кенеши

№4 «Дароот-Коргон»      шайлоо округу

10

3

54

54

12

 

5,4

Жалал-Абад облусу  (Сузак району)

2

С.Атабеков

айылдык

кенеши

№4 "Жийде"                             шайлоо округу 

10

3

45

45

      8

  4,5

Чүй облусу  

3

Военно-

Антоновка айылдык

кенеши

№3 Военно-

Антоновка

шайлоо

округу

7

3

38

38

 

13

 

5,4

Төмөндө облустар боюнча талапкерлерди каттоо жөнүндө маалымат берилди:  

Облустардын  аталышы

Шайлоо  округдарынын саны

Мандаттардын саны

Аялдар үчүн квота

Катталган талапкерлердин саны

Өзүн өзү көрсөткөндөр

С/пдан

 

Аялдар 

%

 

1 мандатка 

Республика боюнча

1376

7560

2943

18772

18709

63

5300

28,2

2,5

Чүй облусу

288

1598

639

4227

4182

45

1282

30,3

2,6

Жалал-Абад облусу 

254

1352

520

3609

3609

0

993

27,5

2,6

Баткен

облусу 

121

577

231

1610

1610

0

390

24,2

2,7

Талас

облусу 

88

544

206

1195

1195

0

318

26,5

2,1

Нарын

облусу 

121

789

300

1685

1667

18

496

29,4

2,1

Ысык-Көл облусу 

166

959

366

1995

1995

0

591

29,6

2,0

Ош облусу  

338

1741

681

4451

4451

0

1230

27,6

2,5

Кыргызстанда 420 айылдык кеңешке шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>