Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

"Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү" коомдук фонду  жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
29.03.2021

"Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү" коомдук фонду  жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы отурумунда КР БШКга 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу "Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү" коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүнү эске алды. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.   Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү» коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Бешим» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
29.03.2021

«Бешим» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы отурумунда КР БШКга 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бешим» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүнү эске алды. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.   Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Бешим» коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмеси жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
29.03.2021

"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмеси жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы отурумунда КР БШКга 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинен келип түшкөн билдирүүнү эске алды. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.   Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
29.03.2021

БШК Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы жыйынында Чуй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды: -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенбаев Марат Бекболотович, Акматбеков Максат Турусбекович, Эсеналиев Тилек Эмильевич жана Саралаев Бейшенбек Аланбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Вишнивецкий Игорь Вальеревич, Айдыралиев Айбек Мамбетович, Джаилов Аскарбек Сатаевич, Ешалиева Назгуль Жолдошбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Москва аймактык шайлоо комиссиясынын  мүчөлөрү М. Б. Усенбаев, М. Т. Акматбеков, Т.Э. Эсеналиев жана Б. А. Саралаев Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы кээ бир АШКнын резервине толуктоолорду киргизди
29.03.2021

КР БШКсы кээ бир АШКнын резервине толуктоолорду киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы жыйынында төмөнкү аймактык шайлоо комиссиялардын резервине толуктоолорду киргизүү боюнча тѳмѳндѳгүдѳй токтом кабыл алды: Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Омурзакова Чынара  Айдаралиевна Мумбаева Чолпон Турдалиевна Пазылов Арстанбек Токтоматович Сейдалиев Элмурат Акрамалиевич Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Каримова Гулиза Аширалиевна Раимбеков Турдали Абдыкайымова Кумаркан Абдыкаюмовна Зулумбекова Динара Жанышовна Абдуыахапова Хасиетхан Йигиталиевна Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Сакеев Жолдош Табышева Саламат Орозбековна Курманбаев Эмил Бекенович Кыдыманов Омурбек Дуйненалиевич Касымалиев Канатбек Асенович Самарова Айзада Насбековна Тюлегенов Турат Бектурович Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Медерова Жусмабүбү Кадыров Дастан Азаматович Надыршаев Нурадин Надыршаевич Урматова Жанара Мирланбековна Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Кырбашов Шаршен Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Жылкычыманова Кенжегүл Асанакуновна Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Эсенбаева Миргуль Эсенбаевна Жабагыев Эдик Маматибраимович Токтогулов Жоодарбек Кумарбеков Мыктыбек Мусабаевич Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Маматкулов Туратбай Мамадарипович Гиниятулина Венера Мисбаховна Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Ормонбекова Патма Жакшыбайевна Капарова Нуржамал Токтобеков Бакытбек Камалович Темиров Мирбек Алипбековичю Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү Вишнивецкий Игорь Вальеревич Айдыралиев Айбек Мамбетович Джаилов Аскарбек Сатаевич Ешалиева Назугль Жолдошбековна Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» Жобосуна, аймактык шайлоо комисиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 29-мартындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2021-жылдын 22-февралындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештеринин токтомдорунун негизинде кабыл алынды. КР БШК маалыматтык бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 29-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
29.03.2021

2021–ж. 29-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 29-март 2021-ж. Убактысы: 18.30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бешим» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 5. Об уведомлении общественного фонда «Оказание юридической помощи инвалидам» о намерении осуществлять наблюдение на выборах депутатов местных кенешей, назначенных на 11 апреля 2021 года (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу
29.03.2021

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу

Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына айрым талапкерлерге жана Бишкек шаардык мэриясынын кээ бир кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштери боюнча акыркы билдирүүлөргө байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелеринин сактоого силердин көңүлүңөрдү бурат. Ага кошумча, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-1-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же администрациялык ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз. Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же администрациялык ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз. Ушул берененин талаптарын бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазыктык же башка жоопкерчиликти тартат. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартууга алып келүүчү аракеттерге жол бербөөнү көптөн-көп өтүнөт. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы  
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК ЫЧКТнын 2021-жылдын 25-мартына карата маалыматы
29.03.2021

Бишкек АШК ЫЧКТнын 2021-жылдын 25-мартына карата маалыматы

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, 2021-жылы 26-мартта КР БШКнын имаратында Бишкек АШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫЧКТ) жыйналышы болуп өттү. ЫЧКТ жыйналышына борбордук АШКнын жана Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. 2021-жылдын 25-мартына карата Маалыматты каттоо журналына (МКЖ) 6 иш катталды, анын 3өө номенклатуралык иштерге өткөрүлдү. Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумунда (КУБР АМТ) сатып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 11 (он бир), анын ичинде УКМКнын Бишкек шаары боюнча ББда 7 (жети) иш катталды: - “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер Т.Ж. жана Р.А. карата (КР ЖК 192-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу); - “Ак Бата” саясий партиясынын үгүтчүсү Р.Ж. карата (КР ЖК 193-берене: Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу); - Бишкек шаардык мэриясынын Ленин административдик району боюнча кызмат адамынын “Эмгек” саясий партиясынын кызыкчылыгына иштегени үчүн (КР ЖК 205-берене. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу, 320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу); - “Эмгек” саясий партиясынын мүчөсү Б.Н. карата (КР ЖК 192-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу); - Бишкек шаардык мэриясынын Октябрь административдик району боюнча МАБ башчыларынын бирине карата “Эмгек” саясий партиясынын кызыкчылыгына иштегени үчүн (КР ЖК 320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу); Бишкек шаарынын ИИББ боюнча 4 (төрт) иш: - №93 орто мектептин мугалимдеринин “Эмгек” саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн факты боюнча; - “Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Р.У. “Арча-Бешик” конушунда таштанды жыйнагычтарды орноткон факты боюнча, бул факты шайлоочулардын добуштарын сатып алуу катары каралууда; - Бишкек шаардык мэриясынын Октябрь административдик району боюнча МАБдарынын биринин башкы адисинин “Эмгек” саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн факты боюнча; - “Инстаграм” социалдык түйүнүнө үн-жазма жайгаштырылган факты боюнча, анда белгисиз аял 1-форма боюнча каттап, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн адамдарды участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүүгө көрсөтмө берген. Мындан тышкары, ал аял участкалык шайлоо комиссияларына жарандарды ташып келүүнү камсыздоого көрсөтмө берген. Андан ары ал мыйзамга ылайык батирлерге катталса болорун, бирок шек туудурбаш үчүн 10дон ашык адамды каттабаш керек экендигин билдирген.  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий партияларына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу
27.03.2021

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий партияларына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 11-апрелине дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынынчегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны өсүп жатканын эске алып, шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкелерди шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт: Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жүргөн же жашаган анын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн. Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет. Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет: - чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралуу милдеттенме; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); - байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, мобилдик, электрондук почтасы). Шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2021-жылдын 30-мартында саат 18.00гө чейин Бишкек АШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426 Төмөнкү телефондор боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp) Эл. почта: tikbishkek@gmail.com Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы      
Кененирээк билүү >>
Аялдардын квотасын колдоо үчүн аллея салынды. Акцияга Мамлекет башчысы, БШК, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты
27.03.2021

Аялдардын квотасын колдоо үчүн аллея салынды. Акцияга Мамлекет башчысы, БШК, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн аялдарынын жергиликтүү кеңештерге катышуусун жигерлетүүнү колдоо боюнча иш-чарага катышты. “Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!” деген ураан менен өткөн акцияга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Наталья Герман, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Куттуктоо сөзүндө Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасы өзүнө эркин, акыйкат жана демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди алгандыгын белгиледи. “Мамлекеттин милдети – биздин жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн тынч шарттарды түзүү. Бүгүнкү өнөктүк жүргүзүлүп жаткан реформаларга коомчулуктун көңүлүн бурууга, аялдардын шайлоого катышуусун күчөтүүгө жана шайлоого катышууга ниеттенген аялдарга толук колдоо көрсөтүүгө багытталган”, - деп айтты БШК төрагасы. Алдыда 11-апрелде айылдык кеңештерге шайлануучу 7 560 депутаттын 2 943 мандаты талапкер аялдар үчүн резервге калтырылгандыгы белгиленди. Ал мандаттар үчүн 5300 талапкер аял ат салышууда. Бул аялдардын саясатка кызыккандыгынын жана ага барууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө даярдыгынын абдан жакшы көрсөткүчү. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий турмушуна катышууга жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн символдоштуруучу бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. “30%дык квотаны иш жүзүндө колдонуу айылдык кеңештерде аялдардын санынын өсүшүнө алып келет, ал эми натыйжасында жер-жерлерде чечим чыгарууда гендерлик теңчиликти камсыз кылат”, - деди С. Жапаров. КР Президенти аялдардын үй-бүлөгө эле камкордук көрбөстөн, аймактарда бакубатчылыкты тартуулоого умтулуусун колдоого даяр экендигин билдирип, облустардын социалдык-экономикалык жактан гүлдөп, өнүгүшүнө аялдар чындыгында көмөктөшө аларын кошумчалады. Бүгүн тиккен көчөттөр аймактарыбыздын ургаалдуу өсүшүнөн артта калбай өсүп кетерине ишенерин билдирди. Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Наталья Герман турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде саясий чөйрөдө гендерлик теңчиликти камсыздоого Кыргыз Республикасынын умтулуусун баса белгиледи. “Бириккен Улуттар Уюмунда аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө олуттуу мамиле жасашат жана бул тынчтык, коопсуздук жана бардык адамдардын туруктуу өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин жакшы түшүнүшөт”, - деди Н. Герман. БУУ гендерлик теңчиликти чыңдоо жана аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү үчүн Кыргызстан дайыма жумшап келаткан күч-аракеттерди кубаттайт. Дипломатиялык корпустун атынан Германиянын Элчиси Моника Иверсен чыгып сүйлөп, бул иш-чараны уюштургандыгы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына ыракматын айтты. “Аллея үчүн дарак көчөттөрүн тигүү келечекте жемишин берүүчү символдуу иш. Биз тигүүчү көчөттөр өсүп, жетилип, дүйнөнү жана бизди курчап турган айлана-чөйрөнү өзгөртөт. 30%дык гендерлик квотаны киргизүү дагы Кыргыз Республикасынын демократиялык нукта өнүгүшүнө узак мөөнөттүү таасир этерине биз ишенебиз”, - деди М. Иверсен. Расмий бөлүк аяктагандан кийин иш-чаранын катышуучулары аялдардын жергиликтүү кеңештерге катышуусун жигерлетүүнү колдоп, борбордогу “Ынтымак” паркында көчөт тигишти. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
26.03.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 19-мартына карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
26.03.2021

2021-жылдын 19-мартына карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 15-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 19-мартына карата банк маалыматтарынын негизинде саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. - 2021-жылдын 19-мартына карата  
Кененирээк билүү >>
-
26.03.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жана референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
26.03.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жана референдумга эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы жыйналышында Ханс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн директорун, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды:     № к/м күб. № Байкоочу көрсөтүлгөн эл аралык уюм   ФАА   Өлкө Кызмат орду     Ханнс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү Майер Макс Георг Германия Федеративдик Республикасы КРдагы Ханнс Зайдель Фондунун директору     Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Чимил Дорин Молдова Республикасы Доктор, Молдова Республикасынын БШКнын төрагасы     Молдова Республикасынын БШКсы Буэчику Татьяна Молдова Республикасы Молдова Республикасынын БШКнын Анализдөө жана документтештирүү бөлүмүнүн башкы адиси     Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Шахбазов Илькин Азербайжан Республикасы Азербайжан Республикасынын БШК мүчөсү     Азербайжан Республикасынын БШКсы Оруджев Фарид Азербайжан Республикасы Азербайжан Республикасынын БШК катчылыгынын маалымат борборунун башчысы     Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы Лопатин Антон Игоревич Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү     Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Постивый Сергей Александрович Украина Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү     Украинанын БШКсы Шараг Екатерина Дмитриевна Украина Украинанын БШК катчылыгынын жетекчиси     Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Толкач Иван Анатольевич Беларусь Республикасы Беларусь Республикасынын БШКнын укуктук, аналитикалык жана усулдук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары 10.   Беларусь Республикасынын БШКсы Урбанович Алеся Валерьевна Беларусь Республикасы Беларусь Республикасынын БШКнын укуктук, аналитикалык жана усулдук иштер бөлүмүнүн башкы адиси 11.   Түрк Республикасынын Жогорку Шайлоо Кеңеши Махмут Акгюн Түрк Республикасы Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин мүчөсү 12.   Түрк Республикасынын Жогорку Шайлоо Кеңеши Баттал Огют Турецкая Республика Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин мүчөсү 13.   Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Имашев Берик Мажитович Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 14.   Казакстан Республикасынын БШКсы Анапин Максатхан Анапияевич Казакстан Республикасы Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси     КР БШК жыйналышында ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын тобун Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды. № к/м күб. № Байкоочу көрсөтүлгөн эл аралык уюм   ФАА   Өлкө Кызмат орду     КМШ парламенттер аралык ассамблеясы (КМШ ПАА) Кобицкий Дмитрий Аркадьевич Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы - КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси     КМШ ПАА Мушкет Иван Ильич   Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын жетекчисинин орун басары - КМШ катышканмамлекеттеринин ПАА демократиясынын, парламентаризмдин жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү Эл аралык институтунун директору (КМШ ПАА ДӨБЭИ)     КМШ ПАА Караваев Сергей Георгиевич Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын кеңешчиси     КМШ ПАА Пашнов Павел Леонидович Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын маалымат жана басма бөлүмүнүн башчысы     КМШ ПАА Еременко Елена Викторовна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИдиректорунун орун басары     КМШ ПАА Боровко Игорь Родионович Беларусь Республикасы КМШ ПАА Кеңешинин КМШнын Аткаруу Комитетинин катчылыгынын өкүлү     КМШ ПАА Мурадов Теймур Джавад оглу Азербайжан Республикасы КМШ ПАА ДӨБЭИ Баку филиалынын директорунун милдетин аткаруучу     КМШ ПАА Гнездилова Ольга Валентиновна Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси     КМШ ПАА Амбурцев Роман Альбертович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ Аналитикалык бөлүмдүн башчысы     КМШ ПАА Анисимова Юлия Владимировна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ шайлоого байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы     КМШ ПАА Ксендзов Александр Николаевич Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ филиалдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы     КМШ ПАА Гаврилкина Светлана Андреевна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИаналитикалык бөлүмдүн кеңешчиси     КМШ ПАА Жеребкова Елена Владимировна Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынын кеңешчиси     КМШ ПАА Лячина Ирина Юрьевна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ аналитикалык бөлүмдүн кеңешчиси     КМШ ПАА Миронов Игорь Андреевич Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын парламенттик кызматташтык бөлүмүнүн делегациялар менен иштөө бөлүмүнүн кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын делегациясы менен иштөөгө жооптуу     КМШ ПАА Раскин Илья Владимирович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ филиалдар менен иштөө бөлүмүнүн кеңешчиси     КМШ ПАА Симакова Виктория Витальевна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ шайлоого байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн кеңешчиси     КМШ ПАА Федоров Анатолий Васильевич Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ филиалдар менен иштөө бөлүмүнүн кеңешчиси     КМШ ПАА Шульгина Татьяна Олеговна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ шайлоого мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн кеңешчиси     КМШ ПАА Андреев Максим Владимирович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИаналитикалык бөлүмдүн консультанты     КМШ ПАА Ашкинадзе Георгий Дмитриевич Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ аналитикалык бөлүмдүн консультанты     КМШ ПАА Виноградова Екатерина Викторовна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ шайлоого байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн консультанты     КМШ ПАА Подторжнова Кристина Владимировна Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ филиалдар менен иштөө бөлүмүнүн консультанты     КМШ ПАА Чернавская Елена Васильевна Россия Федерациясы КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынын адиси-эксперти     КМШ ПАА Барышников Дмитрий Николаевич Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти     КМШ ПАА Бояшов Анатолий Сергеевич Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти     КМШ ПАА Брыксенков Андрей Александрович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти     КМШ ПАА Диноршоев Азиз Мусоевич Тажикстан Республикасы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти     КМШ ПАА Идрисов Наиль Талгатович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти     КМШ ПАА Молдабаев Саркытбек Сарсембаевич Казакстан Республикасы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти       КМШ ПАА Поляков СергейАльбертович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти     КМШ ПАА Ромашов Роман Анатольевич Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти       КМШ ПАА Ткаченко Станислав Леонидович Россия Федерациясы КМШ ПАА ДӨБЭИ эксперти                     Чечим “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана референдумда эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн бекитти
26.03.2021

БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана референдумда эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы өз жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти. Токтом “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31  Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык,  “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана  референдумда эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү Эл аралык байкоочунун күбөлүгү - анын статусун күбөлөндүрүүчү документ. Күбөлүк түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө келтирилди. Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта КР БШКнын логотиби жайгашкан. Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун логотиби жайгашкан. Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, күбөлүктүн колдонуу шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты, өкүлү болуп саналган уюмдун аталышы. Андан кийин КР БШКнын төрагасынын колу коюлат, ал КР БШКнын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК референдумга чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алды
26.03.2021

БШК референдумга чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы өз жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышында 1 100 000 (бир миллион жүз миң) нуска мамлекеттик жана расмий тилинде басып чыгаруу жөнүндө токтом кылды. Чечим 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарды маалыматтык жактан камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-6-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 239 241 … 484