Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2021–ж. 24-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
24.04.2021

2021–ж. 24-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 24 апрель 2021-ж. Убактысы: 18:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Дөбө, Алай, Бүлөлү, Ленин, Будалык, Жошолу, Корул, Коңур-Дөбө, Гүлчө, Жаңы-Алай жана Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –А. Жороев., Алай АШКнын төрагасы) 2. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Бакыбекова А.Ж., Чоң-Алай АШКнын төрагасы) 3. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол, Отрадный, Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңильчек, Жыргалаң,  Теплоключенка, Октябрь, Челпек, Бөрү-Баш и Кара-Жал айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы– Хан Зульфия, Ысык-Көл,  Ак- Суу АШКнын төрагасы) 4. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө, Түгөл-Сай,              Таш-Дөбө, Баш-Кууганды, Байзак, Кызыл-Жылдыз, Кабак жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Казакбаева С.Т., Жумгал АШКнын төрагасы) 5. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим, Каргалык жана Сары-Булуң айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Монолова С.Т., Тогуз-Торо АШКнын төрагасы) 6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялары референдумда тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо
24.04.2021

Аймактык шайлоо комиссиялары референдумда тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо

Райондук жана шаардык аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо. 50 АШКда чечимдер кабыл алынды. Кыргызстанда референдумда 54 аймактык жана 2483 участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) 31 миңден ашык мүчөсү менен иш жүргүздү. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн кол менен саноонун протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен АШК тарабынан жүзөгө ашырылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен шаардын, райондун тиешелүү аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча АШК жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалардын саны, келип түшкөн протоколдордун саны, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары жазылат. Анда шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) милдеттүү түрдө карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесине ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берилген күндөн тартып 35 календардык күндөн кечиктирбестен референдумдун натыйжаларын аныктайт. Эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду болуп өттү деп тааныйт. Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны боюнча аныкталат. Эгерде добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү коюлган маселе үчүн добуш берсе, Борбордук шайлоо комиссиясы чечимди референдумда кабыл алынган деп тааныйт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Р. Сополованын арызын канааттандырган жок
23.04.2021

КР БШК Р. Сополованын арызын канааттандырган жок

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-апрелиндеги отурумунда Р. Сополованын Э.Султановду жоопко тартуу жана талапкер Е.Б.Султанованы каттоону жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты.  2021-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын БШКсына Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешинин талапкери Р. Сополовадан Таш-Булак айыл башчысы Э. Султановго карата арыз келип түшкөн. Р. Сополова өз арызында талапкер Султанова Еркина Бекмурзаевнанын жубайы Э.Султанов тарабынан "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-1-беренесинин ченемдерин бузулган, анткени шайлоо өнөктүгү учурунда шайлоочуларга өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кысым көрсөткөндүгүн билдирет.  Арыз ээси шайлоо мыйзамдарынын ченемдери жана анын талапкер катары укуктары бузулган деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, арыз ээси Э.Султановду (талапкердин жубайы) кылмыш жоопкерчилигине тартууну жана талапкер Е.Б.Султановага жасаган аракеттери үчүн берилген добуштарды жараксыз деп табууну суранат. 2021-жылдын 23-апрелиндеги Жумушчу топтун отурумуна берилген арызда көрсөтүлгөн бардык жагдайларды тактоо үчүн, арыз ээси Р. Сополова чакырылган. Арыз ээсин угуп, ошондой эле арызды жана берилген материалдарды карап чыккандан кийин төмөнкүлөр аныкталды.  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (мындан ары – мыйзам) “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – бул талапкерлер, кызматтагы адамдар, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын мүчөлөрү жана негиздөөчүлөрү  тарабынан алардын үлүшү 30 пайыздан ашкан мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мамлекеттик (муниципалдык) мекемелердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин үстүнөн алган көзөмөлдүн натыйжасында, бардык талапкерлердин теңчилигин бузуп, тигил же бул талапкерлерди жана саясий партияларды  саясий колдоо же колдоонун башка түрүнө трансформациялана турган финансынын үстүнөн, аларды бөлүштүрүүлөрдүн үстүнөн көзөмөл кылуу, адамдык, финансылык, материалдык, медиалык жана институционалдык ресурстарды мыйзамсыз колдонуу”. Мындан тышкары, Жумушчу топтун отурумунда Р. Сополова арызда көрсөтүлгөн аргументтер ага 2021-жылдын 12-апрелинде гана белгилүү болгонун белгиледи. Ушуга байланыштуу мыйзамдын 42-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, “Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектиси өзүнүн шайлоо укуктарынын бузулгандыгы жөнүндө чечим, кабыл алынган  чечим, жасалган аракеттер (аракетсиздик)  белгилүү болгон учурдан тартып, бирок 3 календарлык күндөн кечиктирилбей токтоосуз берилет".  Ошол эле учурда, шайлоо мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар, даттануулар менен мамлекеттик же башка органдардын чечимдерине жана (же) аракети (аракетсиздиги) боюнча кайрыла алышат. Арыздар, даттануулар негиздүү болушу керек жана аларга негизделген далилдер менен кошо берилиши керек.”   Буга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Р. Сополова тарабынан Жумушчу топтун жыйынында анын жүйөлөрүн жана көмөкчү материалдарын тастыктаган бир дагы далил келтирилген жок. Жогоруда келтирилгендердин негизинде, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-1, 41-42-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, 2017-жылдын 7-июлунда КР БШКнын №212-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин жана башка субьектилердин (катышуучулардын) жана шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алуу менен, КР БШК Э. Султанованы жоопко тартуу жана талапкер Е. Б. Султанованын каттоосун жокко чыгаруу боюнча Р. Сополованын арызын канааттандыруудан баш тартты. КР БШК Маалымат бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.В.Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартты
23.04.2021

КР БШК Чүй облусунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.В.Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-апрелиндеги жыйынында Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.В.Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.  2021-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын БШКсына Чүй облусунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Айнура Викторовна Токобаевадан Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Т.Калыковага байланыштуу арыз келип түшкөн.  Өзүнүн билдирүүсүндө А. В. Токобаева А. Т. Калыкова Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталып, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси болуп саналаарын көрсөтөт. Ушуга байланыштуу, ал бул “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин ченемдерине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин ченемдерине каршы келет деп эсептейт.  Буга байланыштуу А. Т. Калыкова мамлекеттик жарандык кызматкер болгондуктан аны жергиликтүү кеңештин депутаты катары каттоодон баш тартууну суранат. Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо үчүн Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумуна берилген арызда көрсөтүлгөн бардык жагдайларды тактоо үчүн, 2021-жылдын 21-апрелинде арыз ээси - Токобаева А.В  жана Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы - Н.Эсенбекова (онлайн режиминде катышышты) чакырылган.  Материалдарды карап чыгып, кызыкдар тараптардын жүйөөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүдөй жыйынтыкка келди. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын (мындан ары - мыйзам) 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, "Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоолор дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт."  Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин талапкер төмөндөгүдөй учурларда кызматтык же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгерде ал: 1) Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен тышкары, мамлекеттик саясий кызматкер болсо; 2) мамлекеттик кызматтын түрүнө карабастан (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) мамлекеттик кызматкер болсо;  3) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматкер болсо; 4) муниципалдык кызматкер болсо; 5) мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан жогору болгон мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, ишкананын жетекчиси жана алардын бөлүмүнүн жетекчиси болсо; 6) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери болсо”.  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын 2021-жылдын 4-мартындагы №26 / п буйругуна ылайык талапкер А.Т.Калыкованын кызматтык ыйгарым укуктары КР МККнын Борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси кызматынын ыйгарым укугу токтотулган. Белгилей кетүүчү нерсе, катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган учурдан тартып, талапкердин статусуна байланыштуу укуктарынан ажырайт жана милдеттерден бошотулат.  Жогоруда аталган мыйзамдын 51-беренесинин 2-бөлүгүндө “Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялагандан кийин жана депутаттыкка шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна дал келбеген кызматтан кетүү жөнүндө арыздарды алгандан кийин 3 күндүн ичинде , шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырат" деп жазылган.  Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндө Калыкова А.Т. жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер статусуна ээ, ал эми шайлоонун жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан аныктала элек.  Жогоруда келтирилгендердин негизинде, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-49-59-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, 2017-жылдын 7-июлунда КР БШКнын №212-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин жана башка субьектилердин (катышуучулардын) жана шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алуу менен, Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А. В. Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Беловодск айылдык кеңешине талапкер Э.Ж.Сыйданованын арызын карады
23.04.2021

КР БШК Беловодск айылдык кеңешине талапкер Э.Ж.Сыйданованын арызын карады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-апрелиндеги отурумунда, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж.Сыйданованын 2021-жылдын 14-апрелиндеги №14-арызын эске алуу чечимин кабыл алды. 2021-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын БШКсына Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Ж. Сыйдановадан арыз Москва аймактык шайлоо округунун 2021-жылдын 14-апрелиндеги №14-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз түшкөн. 2021-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Ж. Сыйданова (оффлайн режиминде катышты) жана Москва АШКнын төрагасы Т. К. Сейитпаев (онлайн режиминде катышты) берилген документтерди ар тараптуу изилдөө максатында чакырылган.  Жогорудагы арызда арыз ээси №7291 участкалык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну жана ушул участоктогу бюллетендерди кайра санап берүүнү суранган. Ошондой эле ал Москва АШКнын 2021-жылдын 14-апрелиндеги №14 чечимин жокко чыгарууну суранды. Жумушчу топтун 2021-жылдын 21-апрелиндеги отурумунда, арыз ээси 2021-жылдын 17-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.М.Осмоналиевдин катышуусунда №7291 УШКда бюллетендерди кол менен кайра санап чыгуу жүргүзүлгөнүн белгилеген, буга байланыштуу ал 2021-жылдын 14-апрелиндеги арызын кайтарып алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылып, бул факты боюнча эч кандай дооматы жок экендигин белгилеген. Москва АШКнын төрагасы Сейитпаев Т.К. Э.Ж.Сыйданованын 2021-жылдын 17-апрелиндеги №7291 шайлоо участогундагы арызына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.М.Осмоналиевдин катышуусунда бюллетендер кол менен саналган. Ошол эле учурда, ал бюллетендерди эсептөөдө эч кандай мыйзам бузуу катталбагандыгын жана бул аракеттерге акты түзүлгөнүн белгиледи (кол менен кайра санап чыгуу актысынын көчүрмөсү бар).  Ушуга байланыштуу жумушчу топ бюллетендерди кол менен саноо “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, анда “Кайра эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) сөзсүз катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра санап жатканда талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу" деп айтылат. Москва АШКнын 2021-жылдын 17-апрелиндеги №16 чечими менен бюллетендерди кайра саноонун жыйынтыгы боюнча, мыйзам бузуулар табылган жок.  Жогоруда келтирилгендердин негизинде, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 35-36-41-42-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, 2017-жылдын 7-июлунда КР БШКнын №212-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин жана башка субьектилердин (катышуучулардын) жана шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алуу менен, КР БШКсы Москва районунун Беловодск айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Сыйданованын арызын эске алуу чечимин кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23.04.2021

Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Кайыңды шаарындагы шайлоочулардын саны 5888 адамды түзөт, алардын 2391и шайлоого катышты, бул 40,61%ды түзөт. Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кайыңды шаарынын аймагында 4 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү. 2021-жылдын 11-мартында Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 6 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 205 талапкер, анын ичинде 122 – эркек, 83 – аял). 2021-жылдын 16-апрелинде Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады. Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 6 саясий партиянын 5 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү: «Борбор» – 41,5%; «Ыйман-Нуру» – 16,5%; «Күчтүү коом» – 15,1%; «Уулу-Журт» – 10.3%; «Тынчтык»–10,2%. Кайыңды шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: «Борбор» – 9 мандат; «Ыйман-Нуру» – 4 мандат; «Күчтүү коом» – 4 мандат; «Уулу-Журт» – 2 мандат; «Тынчтык»–2 мандат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Орловка  шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23.04.2021

Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Орловка шаарындагы шайлоочулардын саны 5520 адамды түзөт, алардын 1959у шайлоого катышты, бул 35,49%ды түзөт. Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Орловка шаарынын аймагында 4 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү. 2021-жылдын 11-мартында Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 5 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 181 талапкер, анын ичинде 108 – эркек, 73 – аял). 2021-жылдын 15-апрелинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады. Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 5 саясий партиянын баары 7%дык тоскоолдуктан өттү: «Патриот Ынтымагы» – 40.17% ; «Социал-демократтар» – 19.65% ; «Замандаш» – 15.06%; «Тынчтык» – 13.53%; «Эмгек» – 8.32%. Орловка шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: «Патриот Ынтымагы» – 9 мандат; «Социал-демократтар» – 4 мандат; «Замандаш» – 3 мандат; «Тынчтык» –3 мандат; «Эмгек» – 2 мандат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23.04.2021

Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Кемин шаарындагы шайлоочулардын саны 7 503 адамды түзөт, алардын 3063ү шайлоого катышты, бул 40,82%ды түзөт. Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кемин шаарынын аймагында 6 шайлоо участогу жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлдү. 2021-жылдын 11-мартында Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 9 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 322 талапкер, анын ичинде 194 – эркек, 128 – аял). 2021-жылдын 15-апрелинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады. Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 9 саясий партиянын 6 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү: «Патриот Ынтымагы» – 33.17%; «Замандаш» – 12.70%; «Адилет» – 12.18%; «Кыргызстан» – 10.22%; «Эмгек» – 9.57%; «Социал-демократтар» – 7.57%. Кемин шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: «Патриот Ынтымагы» – 8 мандат; «Замандаш» – 3 мандат; «Адилет» – 3 мандат; «Кыргызстан» – 3 мандат; «Эмгек» – 9.57% 2 мандат;  «Социал-демократтар» – 2 мандат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
23.04.2021

Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Кара-Көл шаарындагы шайлоочулардын саны 15669 адамды түзөт, алардын 6397си шайлоого катышты, бул 40,83%ды түзөт. Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Көл шаарынын аймагында 9 шайлоо участогу жана бир аймактык  шайлоо комиссиясы түзүлдү. 2021-жылдын 11-мартында Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 350 талапкер, анын ичинде 236 – эркек, 114 – аял). 2021-жылдын 15-апрелинде Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады. Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 7 саясий партиянын 7 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү: «Замандаш» - 21,26%; «Ата-Журт Кыргызстан» - 15,88%; «Энергетиктер» - 14,96%; «Бирге-Вместе» - 13,11%; «Ыйман Нуру» - 12,61%; «Мекен Ынтымагы» - 10%; «Ынтымак» - 9,02%. Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: «Замандаш» - 7 мандат; «Ата-Журт Кыргызстан» - 5 мандат; «Энергетиктер» - 5 мандат; «Бирге-Вместе» - 4 мандат; «Ыйман Нуру» - 4 мандат; «Мекен Ынтымагы» - 3 мандат; «Ынтымак» - 3 мандат. Шайлоону даярдоо мезгилинде КР БШКга “Ыйман Нуру” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кара-Көл шаарынын мэри, депутаттыкка талапкер И. Еркеев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ЖМК аркылуу “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка башка талапкер тууралуу жалган маалымат таратууда деген даттануу 2021-жылдын 19-мартында кир. № 09-14/872 түшкөн. Чечим чыгаруу үчүн даттануу Кара-Көл АШКсына берилген. Кара-Көл АШКнын 2021-жылдын 23-мартындагы №5 чечими менен И. Еркеевге VI категориядагы айып пул (12500сом) салынды. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.
Кененирээк билүү >>
Алдыда келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында Корея Республикасынын Элчиси менен шайлоо жараянында демократиялык реформаларды улантуу маселелери талкууланды
23.04.2021

Алдыда келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында Корея Республикасынын Элчиси менен шайлоо жараянында демократиялык реформаларды улантуу маселелери талкууланды

2021-жылдын 22-апрелинде БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекова Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк мырза жана KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Джонгсу мырза менен жолугушту. БШК төрайымы элчиге жана KOICA өкүлчүлүгүнүн жетекчисине Кыргыз Республикасында шайлоонун ишенимдүүлүгү жана ачык-айкындыгы үчүн бекем негиз болуп берген шайлоо процессин өркүндөтүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Корея Республикасы Кыргызстанга курч көйгөйдү чечүүдө чоң колдоо көрсөттү. Добуштарды ишенимдүү эсептөө фактысы бар экендиги биздин шайлоо процессинин чоң бөлүгү болуп саналат », - деди Н. Шайлдабекова. БШКнын төрайымы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк мырзага натыйжалуу кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу ага жаңы кызматтык ордунда ийгиликтерди каалады. «Сизге Кыргыз Республикасында көптөгөн долбоорлорду, анын ичинде шайлоо процессин реформалоонун алкагындагы чын ыкластуу ишмердүүлүгүңүз үчүн ыраазыбыз. Сиз Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө жана чыңдоого эбегейсиз салым коштуңуз. Кореянын кийинки элчиси биздин өлкөбүздөгү жакшы иш-аракеттериңизди уланта берет деп ишенебиз », - деди Н. Шайлдабекова. БШКнын төрайымы KOICA өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Йонгсу мырзаны кызмат ордуна дайындалышы жана жаңы ишинин башталышы менен куттуктады. «Биз Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги менен өтө жогорку деңгээлде өз ара кызматташып келе жатабыз. Агенттик Кыргыз Республикасындагы эң негизги, маанилүү жана узак мөөнөттүү долбоорлорду колдойт. Мен бул иш-аракеттерден Кыргызстанга жардам берүүгө чын ыкластан умтулгандыкты көрүп турам. Корея тараптын шайлоо процессин, айрыкча алдыдагы парламенттик шайлоонун алкагында, мындан аркы реформаларды колдоого даярдыгын жогору баалайбыз. Парламенттик шайлоо Кыргыз Республикасында турукташтыруу процессин улантуу үчүн өтө маанилүү. Ушул этапта шайлоо тутумун өзгөртүү боюнча коомдук суроо-талап болуп жатат, ал үчүн аны ишке ашырууга багытталган уюштуруучулук, техникалык жана башка чараларды көрүү зарыл», - деди Н. Шайлдабекова. Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк мырза өз сөзүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун белгиледи. “Үч жыл мурун мен биринчи жолу Кыргызстанга келип, сиз менен дароо жолуктум. Корея өкмөтүнө терең ыраазычылыгыңызды билдирип жатканыңыз үчүн мен абдан ыраазымын. Жакында Кыргызстандын президенти С.Жапаров менен биргеликте сейил бакка көчөттөрдү отургузгандыгыбыз жакшы эсимде. Биздин жардам Кыргызстандагы демократиянын жана гүлдөп-өнүгүүнүн өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизишин каалайбыз. Ушул жылдын апрель айынын башында Кыргызстанга болгон иш сапарында Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушууда ушул маселелерди активдүү талкуулады. KOICA менен биргеликте биз Кыргызстанга керектүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга даярбыз ”, - деп жооп берди Ха Те Ёк мырза.
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 23-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
23.04.2021

2021–ж. 23-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 23 апрель 2021-ж. Убактысы: 21:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун  Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Чымынтаев С., Кара-Көл АШКнын төрагасы) 2. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Абдрахматова А. Дж., Кемин АШКнын төрагасы) 3. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Абдрахматова А. Дж., Кемин АШКнын төрагасы) 4. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин №5 шайлоо округунун депутаттыгына талапкерлер К. Алмазбековдун, Б. Батыркановдун, Н. Турдалиевдин ж.б. даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Э.Дж. Сыйданованын арызы жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. А.В. Токобаеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. Р.А. Сополованын арызы жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-апрелиндеги №42/5 чечимине карата даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
Референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо иденттештирүүдөн өткөрүлгөндөрдүн тизмелери менен БШК сайтынан жана шайлоо участкаларынан таанышса болот
23.04.2021

Референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо иденттештирүүдөн өткөрүлгөндөрдүн тизмелери менен БШК сайтынан жана шайлоо участкаларынан таанышса болот

БШК сайтынан жана шайлоо участкаларынан референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо иденттештирүүдөн өткөрүлгөндөрдүн тизмелери менен таанышса болот. Мыйзамдарга ылайык ар бир шайлоочу шайлоо участогуна келип, манжаларынын издери, бетинин биометрикалык параметрлери жана жеке маалыматтары боюнча иденттештирүүдөн өтөт. Ошону менен бирге референдумга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан адамдардын саны автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган бюллетендердин саны боюнча аныкталат. Референдумда иденттештирүүдөн бардыгы 1345649 адам өттү. 23-апрелге карата АЭУнун алдын ала маалыматтарына ылайык добуш берүүгө 1338735 адам, кол менен саноонун маалыматтары боюнча 1338064 адам катышты (добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санын кошкондо). Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 1288961 адам иденттештирүүдөн өттү. АЭУнун алдын ала маалыматтарына ылайык добуш берүүгө 1287945 адам, кол менен саноонун маалыматтары боюнча 1 287 855 адам катышты (добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санын кошкондо). Учурда референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси жүрүп жатканын эске салабыз, ага ылайык бузуулар жөнүндө байкоочулардын даттануулары жана укук коргоо органдарынын билдирүүлөрү каралууда. Мурда бир катар бузуулардан улам референдум боюнча 12 шайлоо участогунда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча 12 шайлоо участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. 2021-жылдын 11-апрелинде КР референдумунда  (жалпы элдик добуш берүүдө) иденттештирүүдөн өткөрүлгөндөрдүн тизмеси  2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо иденттештирүүдөн өткөрүлгөндөрдүн тизмеси  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Эл аралык уюмдар демократиялык процесстерди жана гендерлик укукту чыңдоодо БШКны колдоого даяр экендигин билдиришти
22.04.2021

Эл аралык уюмдар демократиялык процесстерди жана гендерлик укукту чыңдоодо БШКны колдоого даяр экендигин билдиришти

2021-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекова Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин ишине катышты, кеңештин тең төрагалары катары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Туруктуу өкүлү Л.Чемберлен чыгып сүйлөштү. Ага ошондой эле эл аралык уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун  (жалпы элдик добуш берүүнүн) натыйжалары боюнча баяндама жасалып, “Жалпы иш” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин жергиликтүү шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүү боюнча алдын ала корутундулары менен тааныштырылды. БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен Борбордук шайлоо комиссиясын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүлгөнү менен куттуктады, атап айтканда, ал минтип айтты: “Абдан чектелүү мөөнөттө шайлоодо жана референдумда БШК камсыздай алган күч-аракеттерге жана иштин сапатына терең урматтоо менен баа беремин. Ошону менен бирге акыркы календарлык жылдын ичинде бир нече шайлоо циклы өткөрүлгөнүн белгилеймин. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана алардын шайлоо процесстерине катышуусунда биз жетишкен маанилүү прогрессти баса белгилөө керек. Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын саны мурдагы шайлоо циклына салыштырмалуу иш жүзүндө эки эсе көп болду. Аялдардын катышуусу жагынан Кыргызстан көп ийгиликтерге жетишти, ошондуктан Төрага айымга жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине ыракмат айткым келет”. ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин бардык катышуучулары менен саламдашып, буларды айтты: “Учурда өлкө өзүнүн кезектеги шайлоо циклын өткөрүүдө. БШК өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен кандай күч жумшап, иш жүргүзүп жатканын биз көрүп турабыз. Силерге жардам берүү биз үчүн чоң сыймык. Өткөн шайлоолор менен силерди дагы бир жолу куттуктайбыз”. БШК Төрагасы БШК жана төмөн турган шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо этабында тургандыгы тууралуу маалымат берди. “Натыйжалар жергиликтүү шайлоодо – 2-майдан кечиктирилбестен,  референдумда – 16-майдан кечиктирилбестен аныкталууга тийиш. Көпчүлүк аймактык  шайлоо комиссиялары натыйжалар тууралуу маалыматтарды өткөрүп берүүнү аяктоого даяр болуп калышты. Шайлоо 448 кеңеште өттү, ошону менен бирге көп кеңештерде добуш берүүнү уюштурууга даттануулар жок. Шайлоо айрыкча Бишкек жана Ош сыяктуу республикалык манидеги шаарларда атаандаштыкта өткөндүгүн биз көрүп турабыз. Даттануулар түшүүдө, бирок азыр бузуулардын саны мурдагыдай масштабда эмес. Даттануулардын бир бөлүгү укук коргоо органдарынын кароосунда, бир бөлүгүн ЫКЧТ карап жатат жана  дагы бир бөлүгү – БШКда. Шаарларга шайлоого 59 партия катышты. Талапкерлердин 236 тизмесинен 7%дык тоскоолдуктан талапкерлердин 146 тизмеси өттү. Бул 2016-жылдагы шайлоого салыштырмалуу өткөн партиялардын кыйла өкүлчүлүктүү пайызы. Бардык партиялар өткөн тогуз шаарда коомчулуктун шайлоонун жыйынтыктарына канааттангандыгын жана партиялардын иштиктүү өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин көрүүгө болот. Талас шаарында бюллетендер толук кайра саналууда, себеби шаардык кеңешке өтүү үчүн добуштар бир аз жетпей калгандыктан партиялардын бири даттануу берди. Бардык арыздарды – алар негизсиз болсо дагы – карап чыгуудан баш тартпоо – биздин позиция. Калган  шаарлардын көп эмес сандагы участокторунда добуштар кайра саналууда. Бирок мында арыз ээлери канааттанып, бурмалоолордун жок экендигине ынанууда. Ошондуктан участоктордо добуштарды кайра саноону биз оң көрүнүш катары баалоодобуз, анткени шайлоо комиссияларынын ишиндеги аныктыкты жана тактыкты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот. Гендерлик жактан колдоо аялдарга ишеним бергени кубанычтуу. Аялдар “үстөк квота” алган округдар дагы бар. Өз орундарынан тышкары аялдар “эркектердин” орундарын дагы алышты. Реформаларды колдогондугу үчүн өнөктөштөргө өзүнчө ыракмат айткым келет. Бул шайлоодо шайлоочу аялдардын жигердүүлүгү бир нече эсе өстү. Участоктордун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн жеткиликтүүлүгүнүн өнүккөнүн белгилей кетүү керек. Ошондой эле шайлоо процесси чөйрөсүндө укук коргоо органдары үчүн атайын курстарды киргизүү боюнча жаңы жышаандар бар. БШКнын укук коргоо органдары менен биргелешип иштөөсү жакшы натыйжаларды берди. Оң өзгөртүүлөргө коомдун суроо-талабын жана ой-пикирлерди эске алып, биз парламент депутаттарын жөнөкөй жана ошол эле учурда тутумдуу шайлоо зарыл деген тыянакка келүүдөбүз. Мажоритардык тутумга өтүү жөнүндө абдан көп айтылгандыгына карабастан, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ ачык тизме менен пропорциялык тутумга өтүү максатка ылайыктуураак деген тыянакка келүүдө”, - деп айтты БШК Төрагасы. “Жалпы иш” коомдук фондунун башкармалыгынын төрагасы Сүйундүева Аиданын баяндамасында төмөнкүдөй белгиленди: “Эки түрдөгү байкоо жүргүзүлдү: узак мөөнөттүү – Бишкек, Ош, Каракол, Кайыңды, Баткен, Токмок, Талас, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында; кыска мөөнөттүү – 10-11-апрелде көчмө добуш берүүнүн жүрүшүндө жана добуш берүү күнү 9 шаарда 416 УШКда, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында шайлоо участокторун 100% камтуу менен участокторду ачууга, добуш берүүгө, участокторду жабууга жана добуштарды саноого байкоо жүргүзүлдү. 416 УШКда бардыгы 350 байкоочу, башкы кеңсенин жана 8 аймактык кеңсенин кызматкерлери, ошондой эле колл-борбордун 10 оператору болду. Табылган бузуулардын саны 78ди түздү, ЫЧКТга – 11, АШКларга – 36 арыз берилди. Талапкерлердин тизмеси жана шайлоо фонддору боюнча аналитикалык отчетторду басып чыгаруу мерчемделүүдө”. “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин директору Зульфия Кочорбаева чыгып сүйлөп, төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “420 айылдык кеңешке жана 28 шаардык кеңешке шайлоодо гендерлик өңүттө байкоо жүргүзүлдү. Байкоо жүргүзүү үчүн 4 улуттук эксперт-аналитик жана 18 аймактык эксперт тартылды. Аялдар үчүн резервге калтырылган 2943 мандат – бул айылдык кеңештердеги аял депутаттардын санын 4 эсе көбөйтүү мүмкүнчүлүгү (шайлоого чейин 718 же 9,6% аял депутат болгон). 1393 округдан бардыгы 28 округда аял талапкер катталган эмес, бул бардыгы 2%ды түзөт. Ошону менен бирге көп учурда ар бир айылдык кеңеш үчүн бир нече округ түзүлөрүн эске алсак, шайлоо округдарында бир дагы аял талапкер катталбаган айылдык кеңеш болгон эмес. Калган бардык 1365 округда 5300 аял талапкер көрсөтүлдү, бул айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкер катары көрсөтүүдө аялдардын жогорку деңгээлде жигердүү катышуусун айгинелейт”. Жолугушуунун аягында БШК Төрагасы шайлоо процессин реформалоого, инклюзивдүүлүктү арттырууга,  укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн окутууга ж.б. көп өңүттөрдө Кыргызстанга дайыма көмөктөшкөндүгү үчүн донорлор коомчулугуна ыраазычылык билдирди. Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Төрага ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси катары көп жылдык жардамы жана натыйжалуу өз ара аракеттешкендиги үчүн гана эмес, ошондой эле, албетте, натыйжалардын майнаптуу жана оң болушуна таасир эткен жеке адамдык сапаттары үчүн дагы БШКнын атынан Элчи Пьер фон Аркска ыракмат айтты. “Биз Сизди биздин мейман катары көрүүгө дайыма кубанычта болобуз”, деп баса белгиледи БШК Төрагасы. “Мен биздин жолугушууга абдан кубанычтамын. Мен абдан алыс кетпеймин. Мен Ташкенттеги кеңсенин башчысы боломун. Мен Кыргызстан – суктанарлык адамдары бар сонун өлкө деп айтар элем. Биз баарыбыз бир багытта, атап айтканда, демократиялык дөөлөттөрдү алга сүрөп баратканыбызга кубанычтамын. Силер, балким, Кыргызстанда демократияны алга сүрөө боюнча чемпионсуңар. Ошондой эле колдогону жана көмөктөшкөнү үчүн Координациялык кеңештин бардык мүчөлөрүнө ыракмат айткым келет”, - деп жооп берди соңунда ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс.            
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Токтоманбетов Аманкул Жапаровичке тапшырды
21.04.2021

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Токтоманбетов Аманкул Жапаровичке тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондуктан, Токтоманбетов Аманкул Жапаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Токтоманбетов Аманкул Жапарович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып ага күбөлүк жана төш белги берилди. Токтом «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
21.04.2021

БШК Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-апрелиндеги отурумунда Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын курамынан Сейдакматова Гүлзана Таласбековна, Абдулганиева Сания Каримовна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - резервден комиссиянын курамына Токбаева Элеонора Абдраевна, Буракенова Кулянда Баисовна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан киргизилсин. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясы: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Максат Тынайбекович Тынайбековду комиссиянын курамынан чыгаруу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына запастагы Толомушева Айгерим Даирбековна киргизилсин. Бул чечим Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн комиссиянын курамынан жана резервден чыгаруу тууралуу арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-14-18-19-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсы айрым шайлоо участкаларындагы референдумдагы добуштарды кайра саноого байланыштуу маалымат берет
21.04.2021

Бишкек АШКсы айрым шайлоо участкаларындагы референдумдагы добуштарды кайра саноого байланыштуу маалымат берет

2021-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы №1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 УШКлардагы референдумда (жалпы элдик добуш берүү) шайлоочулардын добуштарын коомдук байкоочулардын катышуусунда кайра санады. Добуштарды кайра саноонун натыйжасында, Бишкек АШКсы "макул" жана "каршы" бюллетендеринде берилген добуштардын саны өзгөрбөгөнүн жана участкалык шайлоо комиссияларынын берилген протоколдоруна дал келгендигин аныктады. Бишкек АШКсы өз чечими менен добуштарды кайра саноо боюнча протоколдорду өзгөрүүсүз бекитти, анткени техникалык каталар добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасирин тийгизген жок.
Кененирээк билүү >>
1 … 231 233 … 484