Башкы Жаңылыктар Эл аралык уюмдар демократиялык процесстерди жана гендерлик укукту …

Эл аралык уюмдар демократиялык процесстерди жана гендерлик укукту чыңдоодо БШКны колдоого даяр экендигин билдиришти

22-Апр, 2021

2021-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекова Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин ишине катышты, кеңештин тең төрагалары катары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Туруктуу өкүлү Л.Чемберлен чыгып сүйлөштү. Ага ошондой эле эл аралык уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун  (жалпы элдик добуш берүүнүн) натыйжалары боюнча баяндама жасалып, “Жалпы иш” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин жергиликтүү шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүү боюнча алдын ала корутундулары менен тааныштырылды.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен Борбордук шайлоо комиссиясын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүлгөнү менен куттуктады, атап айтканда, ал минтип айтты:

“Абдан чектелүү мөөнөттө шайлоодо жана референдумда БШК камсыздай алган күч-аракеттерге жана иштин сапатына терең урматтоо менен баа беремин. Ошону менен бирге акыркы календарлык жылдын ичинде бир нече шайлоо циклы өткөрүлгөнүн белгилеймин. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана алардын шайлоо процесстерине катышуусунда биз жетишкен маанилүү прогрессти баса белгилөө керек. Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын саны мурдагы шайлоо циклына салыштырмалуу иш жүзүндө эки эсе көп болду. Аялдардын катышуусу жагынан Кыргызстан көп ийгиликтерге жетишти, ошондуктан Төрага айымга жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине ыракмат айткым келет”.

ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин бардык катышуучулары менен саламдашып, буларды айтты: “Учурда өлкө өзүнүн кезектеги шайлоо циклын өткөрүүдө. БШК өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен кандай күч жумшап, иш жүргүзүп жатканын биз көрүп турабыз. Силерге жардам берүү биз үчүн чоң сыймык. Өткөн шайлоолор менен силерди дагы бир жолу куттуктайбыз”.

БШК Төрагасы БШК жана төмөн турган шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо этабында тургандыгы тууралуу маалымат берди.

Натыйжалар жергиликтүү шайлоодо – 2-майдан кечиктирилбестен,  референдумда – 16-майдан кечиктирилбестен аныкталууга тийиш. Көпчүлүк аймактык  шайлоо комиссиялары натыйжалар тууралуу маалыматтарды өткөрүп берүүнү аяктоого даяр болуп калышты. Шайлоо 448 кеңеште өттү, ошону менен бирге көп кеңештерде добуш берүүнү уюштурууга даттануулар жок. Шайлоо айрыкча Бишкек жана Ош сыяктуу республикалык манидеги шаарларда атаандаштыкта өткөндүгүн биз көрүп турабыз. Даттануулар түшүүдө, бирок азыр бузуулардын саны мурдагыдай масштабда эмес. Даттануулардын бир бөлүгү укук коргоо органдарынын кароосунда, бир бөлүгүн ЫКЧТ карап жатат жана  дагы бир бөлүгү – БШКда. Шаарларга шайлоого 59 партия катышты. Талапкерлердин 236 тизмесинен 7%дык тоскоолдуктан талапкерлердин 146 тизмеси өттү. Бул 2016-жылдагы шайлоого салыштырмалуу өткөн партиялардын кыйла өкүлчүлүктүү пайызы. Бардык партиялар өткөн тогуз шаарда коомчулуктун шайлоонун жыйынтыктарына канааттангандыгын жана партиялардын иштиктүү өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин көрүүгө болот.

Талас шаарында бюллетендер толук кайра саналууда, себеби шаардык кеңешке өтүү үчүн добуштар бир аз жетпей калгандыктан партиялардын бири даттануу берди. Бардык арыздарды – алар негизсиз болсо дагы – карап чыгуудан баш тартпоо – биздин позиция. Калган  шаарлардын көп эмес сандагы участокторунда добуштар кайра саналууда. Бирок мында арыз ээлери канааттанып, бурмалоолордун жок экендигине ынанууда. Ошондуктан участоктордо добуштарды кайра саноону биз оң көрүнүш катары баалоодобуз, анткени шайлоо комиссияларынын ишиндеги аныктыкты жана тактыкты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Гендерлик жактан колдоо аялдарга ишеним бергени кубанычтуу. Аялдар “үстөк квота” алган округдар дагы бар. Өз орундарынан тышкары аялдар “эркектердин” орундарын дагы алышты. Реформаларды колдогондугу үчүн өнөктөштөргө өзүнчө ыракмат айткым келет. Бул шайлоодо шайлоочу аялдардын жигердүүлүгү бир нече эсе өстү. Участоктордун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА) үчүн жеткиликтүүлүгүнүн өнүккөнүн белгилей кетүү керек. Ошондой эле шайлоо процесси чөйрөсүндө укук коргоо органдары үчүн атайын курстарды киргизүү боюнча жаңы жышаандар бар. БШКнын укук коргоо органдары менен биргелешип иштөөсү жакшы натыйжаларды берди.

Оң өзгөртүүлөргө коомдун суроо-талабын жана ой-пикирлерди эске алып, биз парламент депутаттарын жөнөкөй жана ошол эле учурда тутумдуу шайлоо зарыл деген тыянакка келүүдөбүз. Мажоритардык тутумга өтүү жөнүндө абдан көп айтылгандыгына карабастан, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ ачык тизме менен пропорциялык тутумга өтүү максатка ылайыктуураак деген тыянакка келүүдө”, - деп айтты БШК Төрагасы.

“Жалпы иш” коомдук фондунун башкармалыгынын төрагасы Сүйундүева Аиданын баяндамасында төмөнкүдөй белгиленди:

“Эки түрдөгү байкоо жүргүзүлдү: узак мөөнөттүү – Бишкек, Ош, Каракол, Кайыңды, Баткен, Токмок, Талас, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында; кыска мөөнөттүү – 10-11-апрелде көчмө добуш берүүнүн жүрүшүндө жана добуш берүү күнү 9 шаарда 416 УШКда, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында шайлоо участокторун 100% камтуу менен участокторду ачууга, добуш берүүгө, участокторду жабууга жана добуштарды саноого байкоо жүргүзүлдү. 416 УШКда бардыгы 350 байкоочу, башкы кеңсенин жана 8 аймактык кеңсенин кызматкерлери, ошондой эле колл-борбордун 10 оператору болду. Табылган бузуулардын саны 78ди түздү, ЫЧКТга – 11, АШКларга – 36 арыз берилди. Талапкерлердин тизмеси жана шайлоо фонддору боюнча аналитикалык отчетторду басып чыгаруу мерчемделүүдө”.

“Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин директору Зульфия Кочорбаева чыгып сүйлөп, төмөнкүлөрдү баса белгиледи:

420 айылдык кеңешке жана 28 шаардык кеңешке шайлоодо гендерлик өңүттө байкоо жүргүзүлдү. Байкоо жүргүзүү үчүн 4 улуттук эксперт-аналитик жана 18 аймактык эксперт тартылды. Аялдар үчүн резервге калтырылган 2943 мандат – бул айылдык кеңештердеги аял депутаттардын санын 4 эсе көбөйтүү мүмкүнчүлүгү (шайлоого чейин 718 же 9,6% аял депутат болгон).

1393 округдан бардыгы 28 округда аял талапкер катталган эмес, бул бардыгы 2%ды түзөт. Ошону менен бирге көп учурда ар бир айылдык кеңеш үчүн бир нече округ түзүлөрүн эске алсак, шайлоо округдарында бир дагы аял талапкер катталбаган айылдык кеңеш болгон эмес. Калган бардык 1365 округда 5300 аял талапкер көрсөтүлдү, бул айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкер катары көрсөтүүдө аялдардын жогорку деңгээлде жигердүү катышуусун айгинелейт”.

Жолугушуунун аягында БШК Төрагасы шайлоо процессин реформалоого, инклюзивдүүлүктү арттырууга,  укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн окутууга ж.б. көп өңүттөрдө Кыргызстанга дайыма көмөктөшкөндүгү үчүн донорлор коомчулугуна ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Төрага ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси катары көп жылдык жардамы жана натыйжалуу өз ара аракеттешкендиги үчүн гана эмес, ошондой эле, албетте, натыйжалардын майнаптуу жана оң болушуна таасир эткен жеке адамдык сапаттары үчүн дагы БШКнын атынан Элчи Пьер фон Аркска ыракмат айтты. “Биз Сизди биздин мейман катары көрүүгө дайыма кубанычта болобуз”, деп баса белгиледи БШК Төрагасы.

“Мен биздин жолугушууга абдан кубанычтамын. Мен абдан алыс кетпеймин. Мен Ташкенттеги кеңсенин башчысы боломун. Мен Кыргызстан – суктанарлык адамдары бар сонун өлкө деп айтар элем. Биз баарыбыз бир багытта, атап айтканда, демократиялык дөөлөттөрдү алга сүрөп баратканыбызга кубанычтамын. Силер, балким, Кыргызстанда демократияны алга сүрөө боюнча чемпионсуңар. Ошондой эле колдогону жана көмөктөшкөнү үчүн Координациялык кеңештин бардык мүчөлөрүнө ыракмат айткым келет”, - деп жооп берди соңунда ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс.

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>