Башкы Жаңылыктар КР БШК 2021-жылдын 11-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» …

КР БШК 2021-жылдын 11-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады

30-Апр, 2021

2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын протоколу бекитилди.

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын 54 протоколунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу протокол түздү.

Мында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30-апрелиндеги №172 токтомуна ылайык референдумдун натыйжалары тууралуу протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган 21 участок боюнча маалыматтардын чыгарылып салынганы эске алынды.

Маалымат үчүн: Добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган 21 участок боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын саны – 39 595, анын ичинде – 16 594ү добуш берүүгө катышкан. Коюлган суроого “макул” деп 13 724 жаран же 82,70%ы жана “каршы”  деп 1656 жаран же 9,98%ы жооп берди, ал эми жогоруда аталган участкаларда добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган учурга чейин 1 214 бюллетень жараксыз деп таанылган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүдөй токтом кылды:

- «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдум (жалпы элдик добуш берүү) болуп өттү деп таанылсын.

- долбоору «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31  Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган жана 2021-жылдын 19-мартында «ЭркинТоо» газетасынын 21-22 (3200-3201) сандарына жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынды деп таанылсын.

Референдумдун натыйжалары тууралуу КР БШКнын протоколуна ылайык:

  • референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы саны – 3 606 201 референдумдун катышуучусу;
  • добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны – 1 322 124 же референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы санынын 36,66%ы.
  • коюлган суроого “макул” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны – 1 048 660 жаран же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 79,32%ы.
  • коюлган суроого “каршы”  деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны – 181370 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 13,72%ы.

Референдумдун натыйжалары тууралуу КР БШКнын 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 173 токтому Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жөнөтүлдү, расмий сайтта жарыяланды жана «ЭркинТоо» газетасына берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

     

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>