Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

30 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Өзгөн шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 30404 болсо, анын 11224 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 36,92%ды түзөт.

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчү Өзгөн шаарынын аймагында 14 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 7 саясий партиянын тизмесинде 351 талапкер катталган (алардын ичинен: 239 эркек, 112 аял).

2021-жылы 24-апрелде Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 7 партиянын ичинен 5 партия өттү:
1. «Народно-демократическая партия Кыргызстана» - 33,25%
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 24,14%
3. «Аманат» - 13,42%
4. «Өнугуу-Прогресс» - 9,84%
5. «Нур» - 7,12%

Өзгөн шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Народно-демократическая партия Кыргызстана» - 12 мандат;
2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 9 мандат;
3. «Аманат» - 13,42% (5 мандат);
4. «Онугуу-Прогресс» - 3 мандат;
5. «Нур» - 2 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү