Башкы Жаңылыктар Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү …

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

28-Сен, 2021

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында бул жол-жободон өтсө болот.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калганда, б.а. 2021-жылдын 29-сентябрына чейин жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз.

Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2021-жылдын 9-октябрына чейин тиешелүү шайлоо участкаларында илинет.

Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер табылган учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 12-ноябрына чейин жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.

Шайлоо участкасында арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.

Ошондой эле белгиленген тартипте тастыктоодон өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат.

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Шаардык кеңештердин депутаттары пропорционалдык тутум боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттары - мажоритардык тутум боюнча шайланат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга, айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 40 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 18-октябрында саат 24:00гө чейин аяктайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 29-октябрына чейин аяктайт.

2. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 28-октябрында саат 24:00гө чейин аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 8-ноябрына чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо  өнөктүгүн  каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер  жана  саясий  партиялар  жөнүндө  жалпы  маалыматтар, шайлоо алдындагы программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылган.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе Сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды.

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.

Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштурууга тийиш. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдык тутум боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

Айылдык кеӊештерге жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 9-октябрына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет.

Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.

Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округдагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;

2) 4, 5, 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;

3) 7, 8, 9, 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;

4) 11, 12, 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;

5) 14, 15, 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилген.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо мандаттар алгач аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер шайланган болуп таанылат.

Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.

Эгерде тиешелүү шайлоо округунда аял-талапкерлер жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү:

- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;

- орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо;

- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулук менен камсыздоо;

- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;

- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;

- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 8-октябрына чейин ЖМК, интернет-басылмалар эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шаардык кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 29-октябрынан тартып, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү айылдык кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 8-ноябрынан тартып башталат.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбоо максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды) уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:

- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;

- адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;

- санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу;

- катышуучулардын температураларын көзөмөлдөө;

-колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды кайра-кайра дезинфекциялоо.

КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлөт.

Шайлоо укуктук нукта өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын талаптары бекем сакталууга тийиш, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

КР БШК өз тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык, айкындуулукка кепилдик берет жана шайлоо тынч, туруктуу  маанайда өтүшүнө болгон күчүн жумшайт, биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>