Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарында укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарын …

Бишкек шаарында укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарын бузууга чара көрүү боюнча окутуу өткөрүлдү

10-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Бишкек шаарында окутуу өткөрдү.

Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды. Жолугушууда шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алуу жана ага каршылык көрсөтүү боюнча шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттеринин алгоритми талкууга алынды.

КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди.

Анын айтуунча, Кыргызстанда талапкерлердин бирдей катышуусу менен демократиялык форматта шайлоо өткөрүүгө эрк бар. 2020-жылы октябрда болгондой бузууларга карата чара көрүлбөй калуусун кайталабоо эӊ маанилүү, анткени ал шайлоо процессинин мыйзамдуулугуна ишенбөөчүлүккө алып келген. Алдыда боло турган парламенттик шайлоодо бузууларга карата чара көрүүлөр калыс болуш керек. Укук коргоо органдарыөз ишмердигинде мөөнөттөрдү эске алуулары зарыл – шайлоо процесси кыска мөөнөттүү, шайлоонун ар бир этабында өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана өзүнүн милдеттери бар. 

Талапкерлерди каттоо учурунан тартып эӊ активдүү этап башталат, бул – үгүттөө этабы, ал 2021-жылдын 27-ноябры, саат 8.00гө чейин созулат. Негизги күн  – 28-ноябрь, добуш берүү күнү, бул учурда участкадагы кандай гана үгүт иштери болбосун шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу деп эсептелет жана добуш сатып алуу сыяктуу эле кесепттүү таасирге ээ. 

Катышуучуларга, ошондой эле, бир мандаттуу округдар боюнча аталган участкада 2021-жылдын 30-августуна чейин, башкача айтканда, добуш берүү күнүнө чейин 90 күн калганда каттоодон өткөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү гана добуш бере ала тургандыгы маалымданды. 

Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Жоруктар тууралуу Кодексинде жана Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинде жоопкерчилик каралган деп айтылды. Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар бардык жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арызды жана билдирүүнү кабыл алып, каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.  Арыз берүүчүгө кабыл алынган кылмыш тууралуу арызы же билдирүүсү, аны каттоого алган убактысы жана каттоо номери  тууралуу, каттоого алган адамды көрсөтүү менен документ берилет.  

Жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жашырып коюу Кылмыш кодексинин 377-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат (50 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин айып пул төлөө, эки жылга чейин эркинен, белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу). 

Жаранга өзүнүн шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүү купуялыгын бузуу кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге салуу же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү иштери менен, же 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч менен айып пул төлөтүү аркылуу жазаланат. 

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан шайлоо комиссиясынын же шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердигине кийлигишүү аркылуу, анын ичинде кызмат абалынан пайдаланып алардын чечимине таасир этүү максатында шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук жаратуу, атап айтканда, кызматтагы адамдын талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын добуштарын саноо жана башка маселелер боюнча талап кылуусу же көрсөтмө берүүсү, же ишти атайылап бузуусу же шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалыматтык тутумдардын маалыматтарын жокко чыгаруу, жүз сааттан үч жүз саатка чейин коомдук иштерге салуу же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү иштери менен же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен жазаланат.  

Төлөп берүү же акча каражатын таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызматты алууга же башка жыргалчылыктарга жетишүүгө өбөлгө түзүү, ошондой эле шайлоо өтүп жаткан мезгилде эл алдында убада берүү аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен жазаланат.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер тарабынан, ошондой эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана анын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан мындай иштин жасалышы 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен же беш жылга чейин эркинен ажыратуу аркылуу  жазаланат.   

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>