Башкы Жаңылыктар БШК Маасы айылында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окутуу …

БШК Маасы айылында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окутуу өткөрдү

11-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Маасы айылында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрдү.

Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлер,  саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн уюштурулду.

 КР БШК аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын  начальниги Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрүн, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарын түзүүнүн принциптерин, алардын схемаларын жана чек араларын түшүндүрдү. Тренингде шайлоо процессинин этаптары, анын ичинде бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо мөөнөттөрү тууралуу айтылды.

Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон аш тартуунун негиздери жөнүндө айтылды. Ал  төмөнкү негиздер болушу мүмкүн: талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;  көрсөтүүнүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартибин сактабоо; талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу; саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

Катышуучулар талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибин, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин окуп-үйрөнүштү. Шайлоо фонддорун түзүү,  акча каражаттарынын чыгымдалыш тартибин бузуу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү, каржы отчётторун бербөө жана жарыялабоо, талапкерлердин, саясий партиялардын отчётторунда анык эмес маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Талапкер, саясий партия шайлоо өнөктүгүн каржылоодо шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда талапкердин, саясий партиянын каттоосу жокко чыгарылат.

Катышуучуларга шайлоо комиссияларына даттануу, арыз берүү мөөнөттөрү, аларды кароо мөөнөттөрү, даттануу, арыз менен шайлоо комиссияларына кимдер кайрыла ала тургандыгы түшүндүрүштү, арызды кароонун натыйжалары боюнча конституциялык-укуктук (шайлоо) жоопкерчиликке же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга боло тургандыгы белгиленди.

Катышуучуларга шайлоо алдындагы үгүт эрежелери, аларды бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу айтылды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик окутуп-үйрөтүлдү. Атап айтканда, шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, депутаттыкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу – 3-категориядагы айып пул салууга (жеке адамдар үчүн – 5 500 сом, укуктук жактар үчүн – 17 000 сом)  алып келет. Жеке жана укуктук жактардын шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо комиссиясына бербөөсү, ошого тете шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шайлоо комиссиясынын чечимдерин жана талаптарын аткарбоосу, - 3-категориядагы айып пул салууга (укуктук жактар үчүн – 5 000 сом)алып келет.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>