Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрда Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Жайыл округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Кожокеева Бактыгүл Токтосуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Өмүрзакова Гүльнара Мергенбаевна Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Кочкор округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Деркенбаев Карыпбек Момункулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Рысбаев Топчубек Акимжанович Кочкор аймактык шайлооъ комиссиясынын курамынан комиссиянын курамына киргизилсин.
Кара-Кулжа округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Абдибает кызы Гүлдара жана Эсенбаева Миргүл Эсенбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Торобекова Назгүл Ногойбаевна – Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан, Додоев Уланбек Абдимиталипович Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Кулибаев Усеналы Далибаевич, Аширова Гүлбарам Абдраимовна, Суеркулов Келсинбек Тажымырзаевич жана Абдымаликова Гүлзада Жумабаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Токталиева Айжаркын Карыбековна, Мырзаканов Улан Нуржанович, Чому кызы Мээрим – Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан, Исираилов Улан Токтоналиевич Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жан ареферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жайыл жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрдагы жыйналышында Жайыл жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джунушалиева Жылдызхан Сагынбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дубанаева Гулмира Качкынбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширбекова Гүлзар жана Мүзүретбек кызы Акылай комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кошокбаева Наргиза Кудайбердиевна жана Зыядбек уулуБактыяр резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.С. Джунушалиеванын каза болгондугуна байланыштуу, Жайыл жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 22-октябрындагы жыйналышында Жалал-Абад, Токтогул, Талас жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты Ташиев Тай-Мурас Камчыбековичтин (№1) («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турдукулов Канатбек Турусбековичке (№28) берилди («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) – жеке ишкер.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айылдык кеӊешинин депутаты Сартов Алмаз Анарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тоялиев Нурэлес Нурисовичке өткөрүп берилди - жеке ишкер.
Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык кеӊешинин депутаты Борубаев Азат Абаскановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Көчөркулов Байырбек Илиясовичке берилди - М. Туйтунов атын. ОМ мугалими.
Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеӊешинин депутаты Сулайманова Назыра Бейшеновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алыбаева Бурулбүү Сапановнага берилди – пенсионер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР БШК токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди
Бүгүн, 2021-жылдын 22-октябрында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын «2021-жылы 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 698 чечимине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
№
№ УШК
Чет өлкөдөгү мекемелер
Дареги
Электрондук почтасы
59.
9059
Россия Федерациясындагы КР Элчилиги
Москва ш.,
Большая Ордынка көч. 64
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
Аталган өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 2-, 13-беренелерине, №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын чечимине жана 2021-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жана жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Жобосуна ылайык киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 22-октябрда өтүүчү күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 29-октябрынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 29-октябрынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
«Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 66-01-16, (0312) 66-01-18
Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
БШКда шайлоочуларды идентификациялоо тутуму тесттен өткөрүлдү
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда шайлоочуларды идентификациялоо тутумун тестирлөө жүргүзүлдү.
Шайлоочунун идентификациясы, б.а. тийиштүү базалык маалымат ресурстарында камтылган маалыматтар менен бирге шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтарын салыштыруу аркылуу анын инсандыгын тастыктоонун жол-жобосу, арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоону участкалык шайлоо комиссиясында, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүдѳ, ошондой эле добуш берген күнү ишке ашырылат.
Кыргызстандын аймагында идентификациялоону идентификациялоочу оператор, республиканын чегинен тышкары - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкери жүргүзөт, ал арыздарды кабыл алууда шайлоочуларды идентификациялоого жооп берет. Идентификациялоочу операторго идентификациялоо системасына кирүүсү үчүн ѳздүк логин жана пароль берилет, ал үчүнчү жакка берилүүгѳ жана жарыя кылынууга жатпайт. Логинди жана паролду алганда идентификациялоочу оператор милдетүү түрдѳ жарандардын жеке маалыматтарын жарыя кылбоо жѳнүндѳ жана жеке маалыматтар жѳнүндѳ мыйзамдарды бузган учурда юридикалык жоопкерчилик тууралуу милдеттенменин формасын толтурат.
Шайлоочуларды идентификациялоо тийиштүү аралыкта, тарапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнүн жана байкоочулардын шайлоочулдарды идентификациялоо жана мониторинг жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган шартта жүргүзүлѳт. Мында талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнѳ жана байкоочуларга кѳрүнгѳн жерде илинген монитордо тѳмѳндѳгү маалыматтар жазылуу болот:
ошол шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
идентификациядан ѳткѳн, ушул учурда ошол шайлоо участкасында идентификациядан ѳткѳндүгү жѳнүндѳ чек алган шайлоочулардын саны;
идентификациядан ѳткѳн шайлоочунун фото сүрѳтү, ФАА;
жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүгүнѳ жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте БШК белгилеген башка маалыматтар.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын айтуунча, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды идентификациялоо жаатында добуш берүүнү уюштурууга даяр.
“Автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) үчүн программа иштелип чыгары менен эки участкада тийиштүү участкадагы реалдуу шайлоочулар менен тесттик добуш берүү жүргүзүлөт: бири – шаарда, экинчиси – айыл жергесинде. Бул эки бюллетень боюнча добуш берүүгө канча убакыт кетерин аныктоого, аталган тутум кандай иштерин көрүүгө мүмкүндүк берет. Эгер кандайдыр бир маселелер пайда болсо, аларды добуш берүү күнүнө чейин чечүүгө болот.
Шайлоо күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоочулар алган добуш берүү үчүн чектерди добуш берүү үчүн бюллетендерге алмаштырышат. Эгерде шайлоочулар кандайдыр бир күмөн санаса, алар жыйынтыктоочу отчетту оператордун чектери менен салыштыра алышат.
Идентификациялоо технологияларды жана автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуунун натыйжасында Кыргызстанда добуштарды туура эсептөөгө жетише алдык. Добуш берүүнүн купуялыгына мамлекет кепилдик берет. Бүгүн мамлекет башчысынан бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо процессинде комиссиялардын ишине кийлигишүү болбошу керек деген абдан маанилүү билдирүү келди”, - деди Шайлдабекова.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүттөө боюнча окутуу Жалал-Абад шаарында болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад шаарында «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы октуучу тренингин уюштурду.
КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов катышуучуларга шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу маалымат берди. Шайлоолор аралаш тутуму боюнча өтүп жатканына байланыштуу үгүттөө иштеринде саясий партиялар менен катар эле талапкерлер да өзүнчө катыша тургандыгы айтылды.
Катышуучуларга мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга жыйындарды уюштурууда жана жарандар менен жолугушууда, көпчүлүк алдында дебаттарды жана талаш-тартыштарды, көрсөтүүлөрдү жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүп, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоого милдеттүү экендигин түшүндүрүп беришти. Талапкердин, саясий партиялардын мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги имаратынан шайлоочулар менен жолугушууну уюштуруу үчүн жай бөлүштүрүп берүүсү тууралуу арызы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арыз берилген күнү каралат.
Талапкердин, саясий партиялардын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу үчүн жай бөлүштүрүп берүү өтүнүчү четке кагылган учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары четке кагуусу тууралуу негиздүү кат түрүндөгү чечимин көрсөтүүгө тийиш. Эгер массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн бир талапкерге, саясий партиялардын бирине көрсөтүлгөн жай берилген болсо, ошол эле жайды башка бир талапкерге, башка саясий партияга берүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шартта түзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн баштап 10 календарлык күн аралыгында ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жер бөлүп берүүгө милдеттүү.
Талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын жайгаштырууда бирдей шарттар менен камсыз болууга тийиш. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы басма сөз үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүштүрүлгөн жерлердин тизмесин алууга укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-октябрында өткөн жыйналышында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитти.
Токтом шайлоо округдарынын схемалары менен чек араларын бекитүү жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы №457 Жарлыгы менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-октябрында Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоону дайындады.
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 8-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 13-октябрындагы буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Жоомарт Амадалиевич өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 20-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 335 талапкер документтердин толук топтомун берди (жаңыланууда)
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү документтерди берүү аяктады.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктаган 2021-жылдын 13-сентябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына 381 арыз берилди: арыз бергендердин 349у – эркектер жана 32си – аялдар. 335 талапкер документтердин толук топтомун берди, 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
Бүгүнкүгө карата 330 талапкер катталды.
Облустар боюнча көрсөтүлгөн жана катталган талапкерлер
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялар 1 046 талапкерди көрсөттү
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады.
Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтө алат, бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш:
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу коюлган, мөөрү басылган талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт. Талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгып кеткен учурда мурунку талапкердин номери башка талапкер тарабынан толукталбайт.
Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.
Майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46, 189 талапкер – башка улуттун өкүлдөрү, 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт.
2021-жылдын 29-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт.
Депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши
№
Саясий партиялардын аталышы
Көрсөтүлгөн талапкер-н саны
эркек
аял
МЧА саны
алдыӊкы 25тегилердин саны
35 жаштан улуу эмес-н саны
Алдыӊкы 25тегилердин саны
Башка улуттардын саны
Алдыӊкы 25тегилердин саны
Бардыгы болуп талапкерлердин тизмесин көрсөттү:
21 с/п
1046
669 (64%)
377
(36%)
46 (4,39)
23
267 (25,52%)
126
189 (18%)
84
1
Бүтүн Кыргызстан
(12.10.21-ж.)
54
34 (63%)
20 (37%)
2
1
14 (26%)
4
10 (19%)
3
2
“Ата Мекен” социалисттик партиясы
(13.10.21-ж
54
36 (67%)
18 (33%)
2
1
14 (26%)
6
9 (17%)
3
3
Ишеним
(13.10.21-ж.)
54
38 (70%)
16 (30%)
2
1
9 (17%)
6
8 (15%)
3
4
Ынтымак
(13.10.21-ж.)
54
38 (70%)
16 (30%)
2
1
(10 (19%)
7
8 (15%)
3
5
Улуттар Биримдиги
(13.10.21-ж.)
54
38 (70%)
16 (30%)
3
1
9 (17%)
5
9 (17%)
5
6
Ата-Журт Кыргызстан
(14.10.21-ж.)
54
37 (69%)
17 (30%)
2
1
10 (19%)
3
10 (17%)
5
7
Акыйкаттуулуктун жана өнүгүүнүн “Ыйман Нуру”
(14.10.21-ж.)
54
36 (67%)
18 (33%)
2
1
18 (33%)
10
10 (19%)
4
8
“АЛЬЯНС”
(16.10.21-ж.)
54
36 (67%)
18 (33%)
2
1
14 (26%)
5
9 (17%)
3
9
" Надежда Народа/Эл Үмүтү социалдык-саясий партиясы"
(17.10.21-ж.)
54
37 (69%)
17 (31%)
2
1
36 (67%)
17
9
(17%)
3
10
"Азаттык" демократиялык партиясы"
(18.10.21-ж.)
54
37 (69%)
17 (31%)
2
1
11 (20%)
3
9
(17%)
3
11
“Улуу-Журт”
(18.10.21-ж.)
54
38 (70%)
16 (30%)
3
1
8
(15%)
5
9
(17%)
3
12
“Мекенчил Эл”
(18.10.21-ж.)
54
36 (67%)
18 (33%)
2
2
12 (22%)
4
8 (15%)
3
13
“Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы”
(18.10.21-ж.)
54
36 (67%)
18 (33%)
2
1
13 (24%)
4
14 (26%)
7
14
"Социал-демократтар"
(18.10.21-ж.)
54
37 (69%)
17 (31%)
2
1
11 (20%)
4
9
(17%)
3
15
"Аруузат – элдик дөөлөттөр партиясы"
(18.10.21-ж.)
54
18 (33%)
36 (67%)
3
2
8
(15%)
4
9
(17%)
4
16
“ОРДО”
(18.10.21-ж.)
54
38 (70%)
16 (30%)
2
1
19 (35%)
4
10 (19%)
3
17
"Багыт" Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы"
(18.10.21-ж.)
45
23 (51%)
22 (49%)
2
1
10 (22%)
5
8
(18%)
4
18
" Кыргызстандын Жашылдар партиясы"
(18.10.21-ж.)
54
27 (50%)
27 (50%)
4
1
11 (20%)
4
11 (20%)
7
19
“Легалайз”
(18.10.21-ж.)
27
19 (70%)
8
(30%)
3
1
14 (52%)
12
8
(30%)
6
20
“Кучтуу регион”
(18.10.21г.)
30
18 (60%)
12 (40%)
1
1
10 (33%)
9
5(17%)
4
21
Жашасын Кыргызстан
26
12
(46%)
14 (53,8%)
1
1
6 (23%)
5
7 (26,9%)
5
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-октябрындагы жыйналышында 50 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. 2021-жылдын 19-октябрына карата 22 мамлекеттен 50 эл аралык байкоочу аккредитацияланган:
Шайлоо органдарынан – 2;
Эл аралык уюмдардан – 3.
№
Чет мамлекеттердин шайлоо органдары
Саны
Украина
2
Молдова
2
Бардыгы:
4
Эл аралык уюмдар
Ханнс Зайдель фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
1
ЕККУ / ДИАУБ Миссиясы
39
КМШнын миссиясы
6
Бардыгы:
46
№
Жарандык контекстинде
Саны
Австрия
1
Азербайджан
2
Беларусь
4
Босния жана Герцеговина
1
Улуу Британия
5
Грузия
1
Дания
1
Италия
3
Литва
1
Молдова
2
Нидерланды
1
Норвегия
2
Польша
1
Россия
7
Словения
1
АКШ
3
Украина
2
Финляндия
2
Франция
2
ГФР
4
Чехия
2
Швейцария
2
Бардыгы:
50
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
Бүгүн, 2021-жылдын 18-октябрында саат 24-00дө Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Көрсөтүүнүн субъекттери тарабынан берилген документтердин дал келүүсүн текшергенден кийин, Кара-Суу АШК 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алат.
№
Шаардык кеңештердин аталышы
Партиялардын аталышы
Мандаттардын саны
Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны
эркек
аял
Ош облусу
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары
1
Кара-Суу шаардык кеңеши
"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы
31
52
35
17
2
“Эл Үмүтү” социалдык саясий партиясы
49
33
16
Бардыгы:
2
31
101
68
33
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочулар үчүн БШКнын CALL-борборунун жаңдоо тили менен WhatsApp видео түз байланышы иштей баштады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жеткиликтүү форматтарда жана майыптыктын ар түрдүү формаларын эске алган технологияларды пайдалануу менен майыптыгы бар шайлоочуларга баардык шайлоо процесстери тууралуу маалымдоо боюнча активдүү өнөктүк жүргүзүүдө жана зарыл болгон атайын чараларды көрүүдө.
Угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочуларды маалыматтык жактан камсыздоо максатында БШКнын CALL-борбору 0996-550-011255 whatsapp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты иштете баштады, угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочулар ал аркылуу кайрылып, өз суроолоруна жаңдоо тили менен жооп алса болот. WhatsApp номери боюнча чалып, шайлоочулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу актуалдуу маалымат алат, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жөнүндө маалымат алып, өз маалыматтарын тактаса жана башка алса маалыматтарды алса болот.
0996-550-011255 WhatsApp номеринин иш графиги: календарда кара арип менен көрсөтүлгөн күндөрү саат 9.00дөн 13.00гө чейин.
Октябрь
Дүйш
Шейш
Шарш
Бейш
Жума
Ишем
Жекш
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
Ноябрь
Дүйш
Шейш
Шарш
Бейш
Жума
Ишем
Жекш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Шайлоочу жумушчу эмес күнү WhatsApp номерине кайрылган учурда кийинки күнү жогоруда көрсөтүлгөн убакытта чалууну өтүнөбүз.
WhatsApp номери угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочуларга арналган.
Видео көрсөтмө бул жерде
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
14.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14.10.2026
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди