Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 жана №8014 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-октябрындагы жыйналышында Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 жана №8014 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөрттү:
- Баткен облусунун Лейлек районунун №8013 шайлоо участогунун дареги Кулунду айылы, К. Ниязматов 14 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн эски имаратынан Кулунду айылы, Ленин 56 көчөсү дареги боюнча Кулунду айыл өкмөтүнүн жаңы имаратына;
- Баткен облусунун Лейлек районунун №8014 шайлоо участогунун дареги И. Раззаков айылы, Ленин (номуру жок) көчөсүндөгү Спорт комплексинин эски имаратынан И. Раззаков айылы, Ленин 44 көчөсү дареги боюнча И.Раззаков атындагы орто мектептин жаңы имаратына.
Лейлек округдук шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 26-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 26-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 21:15
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Баткен облусунун Лейлек районунун № 8013 жана №8014 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 759 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исламбеков Белек Мамасалиевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. №35 Ак-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Асылбек уулу Дамирбекти шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Мадинов Орозобек Капарбековичти №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Марлис уулу Эдилди №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. “АЛЬЯНС” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №35 Ак-Суу шайлоо округунан Монолдоров Жакшылык Кубанычбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №18 Ала-Бука шайлоо округунан Нишанходжаев Минавар Мусаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараков Акбарбек Садырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Гаипов Адахамжон Алимжоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. «Улуу-Журт» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. «Багыт» Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. Ар кандай маселелер
-
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда талапкер аялдар үчүн окутуу өнөктүгү жүрүп жатат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК), Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” структурасы жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте аялдардын саясий лидерлиги боюнча эки күндүк окутуу курстарын өткөрүүдө.
Бул иш-чаралардын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (КР ЖК) депутаттыгына талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын жаңы эрежелери жана талаптары менен тааныштыруу.
Саясий партиялардан жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан көрсөтүлгөн 250дөн ашык аял алдыдагы шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатат, анын ичинде талапкерлердин билдирүүсүн даярдоо, шайлоочулар менен максаттуу иш алып баруу, үгүт өнөктүгүн пландаштыруу жана башкаруу.
Эки күндүк тренингдердин жүрүшүндө КР БШКнын мүчөлөрү тренер катары катышуучулардын ар бир тобуна алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беришет, шайлоо округу, көрсөтүү жүрүп жаткан шайлоо участкасынын өзгөчөлүгү - биринчи кезекте бир мандаттуу талапкерлер үчүн, жана бүтүндөй саясий ландшафт жөнүндө түшүнүктү калыптандырууга жардам берет.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар максаттарды түзүп, өнөктүк үчүн максаттуу аудиторияны жана коммуникациялык пландарын аныкташат. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 8:00дө аяктай турганы эскертилди, ал эми басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын мыйзамга ылайык чыгаруу жана жайылтуу зарыл. Мындан тышкары, шайлоонун инклюзивдүүлүгү каралышы керек: талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү.
Ошондой эле, тренингдин жүрүшүндө шайлоо фонддорун түзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана каржы отчеттуулук боюнча маалымат берилет. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кѳрсѳтүлгѳн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер, ошондой эле бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү. Талапкерлердин тизмесинин курамында талапкерлигин койгондор өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.
«Бул семинар жана биздин лекторлор шайлоого баруу үчүн өзүбүзгө болгон ишенимибизди чыңдоого жардам берди. Алдыдагы шайлоолорго карата колдонулуп жаткан мыйзамдардын өзгөчөлүгүн, ошондой эле бул мыйзам аялдарды колдоорун түшүндүк, анткени азыр квота кепилдикке алынды. Канча күч-аракет жумшап, канча убакыт коротсок да, биз шыктанып, ишеним менен шайлоого бара жатабыз. Жеке мен социалдык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ЖКга баргым келет», - тренингдин катышуучусу Гүлмира Жаанбаева бөлүштү.
Катышуучулар конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин аспектилерин, шайлоо процессинде арыздарды жана даттанууларды кароонун тартибин жана мөөнөттөрүн, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликти изилдешет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына 18 талапкерди каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 25-октябрда өткөн жыйналышында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлиги көрсөтүлгөн 36 талапкер боюнча маселени карады.
Мында БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 18 талапкерди каттоодон баш тартты:
- Джаналиев Кенжебек Бектурович, №22 Жайыл шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Талапкердин пассивдүү шайлоо укугу болбогондугуна байланыштуу каттоодон баш тартылды. ББЖИМдин маалыматына ылайык талапкердин жогорку билими тууралуу диплому жок.
- Исиралиева Анара Үсөнбековна, № 25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Касенов Шаршеналы Рахимович, №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамда (КМ) каралган көрсөтүү тартиби сакталбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылды, шайлоо күрөөсү конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен төгүлгөн.
- Койчубаев Азамат Ашымович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Юсупов Рустамжон Абдувалиевич, №1 Лейлек шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Якубов Ильязбек Абдувалижонович, №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Камбарбек уулу Үсөн, № 7 Ош шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Калбаев Толонбай Мамытович, № 7 Ош шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Жорокулов Максатбек Мергенбаевич, № 7 Ош шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Козубаев Муртазали Кутугалиевич, № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Кадырбердиев Маматурайым, № 11 Алай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Конурбаев Уланбек Искакович, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Камиль кызы Гузель, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Турдумалиев Сазыкбай Абдрахманович, № 21 Талас шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Алымбеков Бекмамат Алмазович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Чынтемиров Талантбек Керимбекович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Токторова Абдыш, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Искендеров Жеенбек Урудинович, № 26 Ленин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого дагы 31 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 25-октябрда өткөн жыйналышында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы өкүлчүлүгүнүн, Түркия Республикасынын Жогорку Шайлоо Кеңешинин (ЖШК) өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү.
2021-жылдын 25-октябрына карата төмөнкү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болуп саналган 25 мамлекеттен 81 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү:
- Шайлоо органдары -3;
-Эл аралык уюмдар-5.
№
Чет мамлекеттердин шайлоо органдары
Саны
Украина
2
Молдова
2
Түркия
2
Баардыгы:
6
Эл аралык уюмдар
Ханнс Зайделдин Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү
1
ЕККУ ДИАУБ Миссиясы
39
КМШ Миссиясы
6
КМШ ПАА
28
К.Аденауэр атындагы Фонд
1
Баардыгы:
75
№
Жарандыгы боюнча
Саны
Австрия
1
Азербайжан
5
Беларусь
5
Босния жана Герцеговина
1
Улуу Британия
5
Грузия
1
Дания
1
Италия
3
Казакстан
1
Литва
1
Молдова
2
Нидерланды
1
Норвегия
2
Польша
1
Россия
29
Словения
1
АКШ
3
Тажикстан
1
Түркия
2
Украина
2
Финляндия
2
Франция
2
Германия
5
Чехия
2
Швейцария
2
Баардыгы:
81
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 25-октябрда өтүүчү жыйналышынын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Өзбекстанда болуп өткөн шайлоодогу инклюзивдүүлүктү белгиледи
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова 2021-жылдын 24-октябрында болуп өткөн Өзбекстан Республикасынын президентин шайлоодо КМШ өлкөлөрүнүн байкоочуларынын миссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча брифингде сөз сүйлөдү.
Анын айтымында, Өзбекстанда демократиялык шайлоо процессинин негиздерин тынымсыз өнүктүрүү, шайлоо укуктарын жана шайлоо процессин жакшыртуунун үстүндө иш жүрүп жатат.
“Бирдиктүү электрондук шайлоо тизмесин түзүү – бул өзбектердин шайлоо процессинин жетишкендиги. Ал шайлоочулардын тизмесин так берүүгө жана ошону менен бирге эле кош добуш берүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөргө бөгөт коет, бул, албетте, шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана шайлоочуларды каттоонун тууралыгын камсыздоодо алдыга жасалган арбын арышы. Бул – демократиялык шайлоолордун маанилүү критерийи болуп эсептелет», - деди ал.
КР БШК төрагасы шайлоонун жүрүшүндө майыптыгы бар адамдардын добуш берүүгө катышуусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн, участкалар тийиштүү ыӊгайлар менен жабдылгандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын компетенциялары, шайлоо процессинин жалпы электоралдык маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттер жөнүндө, анын ичинде шайлоо тууралуу маалымат алууну жана түшүндүрүүнү жакшыртуу боюнча да иш-чаралар тууралуу да айтылды.
“Добуш берүүдө катышуу тартиби, талапкерлер, шайлоого катышуучулар тууралуу активдүү маалымдоо жарандардын тандоосун ишке ашырууда көмөк көрсөттү. Бул демократиялык шайлоолордун маанилүү стандарттарын жакшыртуу үчүн кызмат кылмакчы. Шайлоо талаш-тартыштарын кароонун соттук тартиптеги жаӊы формаларын киргизүү – шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн жана шайлоонун айкындуулугун өнүктүрүүдө маанилүү кадам”, - деп Н.Шайлдабекова шайлоонун айкындуулугунун жана добуш берүүнүн купуялыгынын сакталышынын жогорку деӊгээлин белгилеп кетти.
Өзбекстандагы шайлоодо кыргыз делегациясынан 43 өкүл катышты, алар Ташкентте жана Кыргызстандын райондору менен чектешкен башка шаарларында иш алып барышты. Кыргызстандан барган байкоочулар КМШ, ЕККУ, ШКУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеӊеши миссияларынын алкагында ишин жүргүздү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Ынтымак” саясий партиясынын талапкери Т. Мамытовду каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылы 24-октябрда өткөн жыйналышында тизмеден №7 талапкер Т. Мамытовду алып салып, “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо чечимин кабыл алды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкер Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы болуп саналса, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы колдонуудагы мыйзамдар менен мамлекеттик саясий кызмат орундарынын катарына киргизилген.
Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартылды, ал “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. БШК аталган партиянын саны 53 талапкерден турган тизмесин каттады.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК дагы 6 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2021-жылдын 24-октябрындагы жыйынында «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру» саясий партиялары тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына дал келет.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" жана "Ынтымак" саясий партияларынын тизмесинен бирден талапкерди чыгарды. "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмесинен талапкер жогорку кесиптик билими тууралуу документти тапшырбагандыгына байланыштуу чыгарылган. "Ынтымак" саясий партиясынын тизмесинен талапкер конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык өз убагында кызмат ордунан кетпегендигине байланыштуу чыгарылган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 24-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24-октябрь 2021-ж.
Убактысы:17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. “Өнүгүү- Прогресс” саясий партиясынын катталган тизмесинен Карымшаков Фархад Саалиевичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
2. «Ата Мекен» социалистик саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
3. “Ишеним” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
4. “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. “Улуттар биримдиги” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. “Ыйман нуру” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
8. №35 Ак-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бекжанов Жолдубай Талантбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
9. №26 Ленин шайлоо округунан Макешов Кубанычбек Бектемировичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
10. Кара-Суу шайлоо округунан Бакир Бакытбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
11. №29 Свердлов шайлоо округунан Дайырбеков Таалайбек Эсенбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
12. №16 Ноокен шайлоо округунан Насырбеков Бакытбек Насырбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
13. №14 Жалал-Абад шайлоо округунан Атабеков Таалайбек Айтышовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
14. №32 Кочкор шайлоо округунан Асанбаев Майрамбек Жекшеновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
15. №31 Чуй-Кемин шайлоо округунан Сариев Абаскан Казакбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
16. №5 Ноокат шайлоо округунан Коргонбай уулу Жусупбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
17. №32 Кочкор шайлоо округунан Жумаев Сайранбек Кенешбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
18. №31 Чуй-Кемин шайлоо округунан Мамыров Кубатбек Шамырбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
19. №23 Жети-Огуз шайлоо округунан Моңолдоров Дамир Чериковичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
20. №21 Талас шайлоо округунан Нусубалиев Токтоналы Сатаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
21. №20 Манас шайлоо округунан Шаршенбеков Сардарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
22. №14 Жалал-Абад шайлоо округунан Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
23. №19 Токтогул шайлоо округунан Бекишов Абдыбек Дуйшенбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
24. №24 Сокулук шайлоо округунан Карымшакова Гулуйпа Өмүрзаковна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
25. №18 Ала-Бука шайлоо округунан Сулайманкулов Медеркул Ормоновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
26. №33 Нарын шайлоо округунан Борочоров Талантбек Айсаракуновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
27. №23 Москва шайлоо округунан Иманкулов Талай Маданбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
28. №36 Ыссык-Кол шайлоо округунан Мамытова Назгуль Туратбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
29. №32 Кочкор шайлоо округунан Сардарбеков Сабырбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
30. №3 Кадамжай шайлоо округунан Маманова Розаканды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
31. №12 Озгон шайлоо округунан Бердалиев Бакыт Чырмашбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы
32. №30 Ыссык-Ата шайлоо округунан Бекитаев Мирлан Абдыбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
33. №10 Куршаб шайлоо округунан Артыков Асылбек Авазбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
34. №27 Биничи май шайлоо округунан Абдраманова Эркингуль Абыловнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
35. №24 Сокулук шайлоо округунан Джунусалиев Рамис Майрамбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
36. №31 Чуй-Кемин шайлоо округунан Осмоналиев Каныбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
37. №33 Нарын шайлоо округунан Капаров Чынгыз Капаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
38. №33 Нарын шайлоо округунан Кылжыров Эсенбек Токоновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
39. №20 Манас шайлоо округунан Мамбеткулов Замирбек Токтогуловичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
40. №32 Кочкор шайлоо округунан Турумбеков Максатбек Медербековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
41. №36 Ленин шайлоо округунан Акматова Динара Асанкуловнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
42. №34 Жети-Огуз шайлоо округунан Алымов Манас Кадыровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
43. №26 Ленин шайлоо округунан Калыков Улугбек Абдисатаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
44. №35 Ак-Суу шайлоо округунан Сарыбаев Тынчтыкбек Калмаковичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
45. №19 Токтогул шайлоо округунан Кармышов Тимурлан Апизкановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
46. №13 Сузак шайлоо округунан Маматов Улан Орозалиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
47. №15 Базар-Коргон шайлоо округунан Уметалиев Артур Алимжановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
48. №33 Нарын шайлоо округунан Саяк кызы Элзатты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
49. №8 Толойкон шайлоо округунан Темирбаев Мухаммед Минбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
50. №22 Жайыл шайлоо округунан Аманкулов Эмир Эркинбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
51. №23 Москва шайлоо округунан Ибраимова Атыркул Сыйдалиевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
52. №15 Базар-Коргон шайлоо округунан Арзыкулов Суйунбек Абитовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
53. №35 Ак-Суу шайлоо округунан Бараков Акбарбек Садырбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
54. №33 Нарын шайлоо округунан Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
55. №16 Ноокен шайлоо округунан Матсаков Кадырбек Мусаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
56. №25 Аламудун шайлоо округунан Чакибаев Эмил Акжолтоевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
57.№7 Ош шайлоо округунан Камчиев Жамбылбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
58. №29 Свердлов шайлоо округунан Кенжебаев Акназар Аскарбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
59. №13 Сузак шайлоо округунан Камбаров Абдиллабек Ракмановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
60. №23 Москва шайлоо округунан Ешалиев Улан Жолдошбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
61. №32 Кочкор шайлоо округунан Ажымамбетов Актан Айылчиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
62. №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кожокеев Акылбек Алмарбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
63. №9 Кара-Суу шайлоо округунан Примкулов Гавхарбек Асылбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
64. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан менен Өзбекстандын БШК төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү
Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова жана Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Низамходжаевдин жолугушуусу өттү.
Жолугушууда Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды. Шайлоо өнөктүгү Шайлоо кодексинин талаптарына жана демократиялык принциптерге ылайык өтүп жатканы белгиленди.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын айтымында, эки өлкөнүн БШКларынын ортосунда жемиштүү кызматташтык түзүлүп, добуш берүү шарттарын жакшыртуу максатында үзгүлтүксүз тажрыйба жана эффективдүү практика алмашуу жүрүп жатат.
«Шайлоону жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү жана демократиялуу кылуу үчүн канчалаган иштер жасалганын көрүп турабыз. Шайлоочулардын тизмеси боюнча иштер жүргүзүлдү, шайлоонун инклюзивдүүлүгү жана маалыматтык аспекти жогорулады, бул эркин шайлоонун маанилүү шарты болуп саналат. Шайлоо мыйзамдуулуктун жана туруктуулуктун кырдаалында өтүп жатат, бул шайлоо тутумуна болгон ишенимдин деңгээлин көрсөтүп турат”, - деди ал.
Өзбекстан Республикасынын БШК төрагасы З.Низамходжаев шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн бардык этаптары ачыктык, маалымдуулук жана айкындуулуктун негизинде уюштурулганын маалымдады, ошондой эле шайлоо процессине эл аралык байкоочулар жана ЖМКлар көз салып турат. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо мыйзамдары боюнча теориялык билимдерин жана практикалык тажрыйбасын жогорулатуу максатында республика боюнча окуу семинарлары уюштурулуп, шайлоочулардын бирдиктүү электрондук тизмеси түзүлгөнү белгиленди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү ШКУ байкоочулар миссиясынын курамында Өзбекстандын президентин шайлоого байкоо жүргүзүүдө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Кайрат Маматов менен Узарбек Жылкыбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен жолугушууга катышты.
Бул өлкөнүн БШКсынын чакыруусу боюнча барган ШКУ миссиясы Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине байкоо жүргүзөт, шайлоо процесси боюнча материалдарды чогултат жана талдайт, шайлоо мыйзамдарын укуктук экспертизадан өткөрөт, шайлоо процессинин маалыматтык жактан коштолуусуна байкоо жүргүзөт.
Миссияын курамына Казакстан, Кыргызстан, Россиядан жана Тажикстандан 26 байкоочу кирет.
Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Низамходжаев төмөнкүлөрдү белгиледи: бул жылы президентти шайлоо жогорку уюшкан деңгээлде өтүүдө, атап айтканда, шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн квалификациясын арттыруу уюштурулду, шайлоо процессине заманбап МКТ киргизилди, шайлоо мыйзамдары калк арасында жайылтылууда, жаштардын саясий иш-чараларга катышуу жигердүүлүгү артууда, аялдардын шайлоодогу ролун күчөтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 23-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 23-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 20.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. «Ата Мекен» саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. “Ишеним” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. “Улуттар биримдиги” саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмеси жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына 13 талапкерди каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрда өткөн жыйналышында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлиги көрсөтүлгөн 124 талапкер боюнча маселени карады.
Мында БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 13 талапкерди каттоодон баш тартты:
- Касымов Нурлан Орозалиевич, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Талапкердин пассивдүү шайлоо укугу болбогондугуна байланыштуу каттоодон баш тартылды. ББЖИМдин маалыматына ылайык Н.О. Касымов каттоо үчүн документтер менен бирге тапшырылган диплом берилген эмес.
- Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич, №1 Алай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамда (КМ) каралган көрсөтүү тартиби сакталбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылды, шайлоо күрөөсү конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен төгүлгөн.
- Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович, №26 Көк-Жар шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
Тайлаков Арстанбек Кылычбекович, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Токтогулов Ербол Бекинович, №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Чокморов Болотбек Сексенбешович, № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Турков Мунарбек Максатбекович, № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Олжобаев Баатырбек Бактыбекович, № 34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Самидинов Кумарбек Манапбаевич, № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Ажыбеков Бактыгул Ажыбекович, № 20 Манас шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
- Жолдошов Беки Кадырбердиевич, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
-Клипачева Елена Сергеевна, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
-Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылы 22-октябрда өткөн жыйналышында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61- беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдорун жокко чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрда өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир токтомдорун жокко чыгарды.
Атап айтканда, БШК төмөнкү токтомдорун жокко чыгарды:
- 05.10.2021-ж. №721 токтом;
- 09.10.2021-ж. №729 токтом;
- 13.10.2021-ж. № 734 токтом;
- 15.10.2021-ж. № 738 токтом;
- 15.10.2021-ж. № 739 токтом;
- 17.10.2021-ж. № 742 токтом;
- 19.10.2021-ж. № 753 токтом;
- 20.10.2021-ж. №754 токтом.
Токтомдор Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы Мыйзамы 2021-жылы 22-октябрда күчүнө киргендигине байланыштуу жокко чыгарды.
Аталган Мыйзамдын 47, 53-беренелерине ылайык райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын аким дайындайт. Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин Президент дайындайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
14.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14.10.2026
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди