Башкы Жаңылыктар Саясий партиялар 1 046 талапкерди көрсөттү

Саясий партиялар 1 046 талапкерди көрсөттү

20-Окт, 2021

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады. 

Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтө алат, бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш: 

  • - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
  • - 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • - ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • - кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу коюлган, мөөрү басылган талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлөт. 

Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт.  Талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгып кеткен учурда мурунку талапкердин номери башка талапкер тарабынан толукталбайт. 

Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.

Майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46, 189 талапкер – башка улуттун өкүлдөрү, 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт. 

2021-жылдын 29-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт. 

 

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер тууралуу маалымат 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши  

№

Саясий партиялардын аталышы

Көрсөтүлгөн талапкер-н саны

эркек

аял

 МЧА саны

алдыӊкы 25тегилердин саны

35 жаштан улуу эмес-н саны

Алдыӊкы 25тегилердин саны

Башка улуттардын саны

Алдыӊкы 25тегилердин саны

 

Бардыгы болуп талапкерлердин тизмесин көрсөттү:

21 с/п

1046

669 (64%)

377

(36%)

46 (4,39)

23

267 (25,52%)

126

189 (18%)

84

1

Бүтүн Кыргызстан

(12.10.21-ж.)

54

34 (63%)

20 (37%)

2

1

14 (26%)

4

10 (19%)

3

2

“Ата Мекен” социалисттик партиясы

(13.10.21-ж

54

36 (67%)

18 (33%)

2

1

14 (26%)

6

9 (17%)

3

3

Ишеним

(13.10.21-ж.)

54

38 (70%)

16 (30%)

2

1

9 (17%)

6

8 (15%)

3

4

Ынтымак

(13.10.21-ж.)

54

38 (70%)

16 (30%)

2

1

(10 (19%)

7

8 (15%)

3

5

Улуттар Биримдиги

(13.10.21-ж.)

 

54

38 (70%)

16 (30%)

3

1

9 (17%)

5

9 (17%)

5

6

Ата-Журт Кыргызстан

(14.10.21-ж.)

54

37 (69%)

17 (30%)

2

1

10 (19%)

3

10 (17%)

5

7

Акыйкаттуулуктун жана өнүгүүнүн “Ыйман Нуру”

(14.10.21-ж.)

54

36 (67%)

18 (33%)

2

1

18 (33%)

10

10 (19%)

4

8

“АЛЬЯНС”

(16.10.21-ж.)

54

36 (67%)

18 (33%)

2

1

14 (26%)

5

9 (17%)

3

9

" Надежда Народа/Эл Үмүтү социалдык-саясий партиясы"

(17.10.21-ж.)

54

37 (69%)

17 (31%)

2

1

36 (67%)

17

9

(17%)

3

10

"Азаттык" демократиялык партиясы"

(18.10.21-ж.)

54

37 (69%)

17 (31%)

2

1

11 (20%)

3

9

(17%)

3

11

“Улуу-Журт”

(18.10.21-ж.)

54

38 (70%)

16 (30%)

3

1

8

(15%)

5

9

(17%)

3

12

“Мекенчил Эл”

(18.10.21-ж.)

54

36 (67%)

18 (33%)

2

2

12 (22%)

4

8 (15%)

3

13

“Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы”

(18.10.21-ж.)

54

36 (67%)

18 (33%)

2

1

13 (24%)

4

14 (26%)

7

14

"Социал-демократтар"

(18.10.21-ж.)

54

37 (69%)

17 (31%)

2

1

11 (20%)

4

9

(17%)

3

15

"Аруузат – элдик дөөлөттөр партиясы"

(18.10.21-ж.)

54

18 (33%)

36 (67%)

3

2

8

(15%)

4

9

(17%)

4

16

“ОРДО”

(18.10.21-ж.)

54

38 (70%)

16 (30%)

2

1

19 (35%)

4

10 (19%)

3

17

"Багыт"  Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы"

(18.10.21-ж.)

45

23 (51%)

22 (49%)

2

1

10 (22%)

5

8

(18%)

4

18

" Кыргызстандын Жашылдар партиясы"

(18.10.21-ж.)

54

27 (50%)

27 (50%)

4

1

11 (20%)

4

11 (20%)

7

19

“Легалайз”

(18.10.21-ж.)

27

19 (70%)

8

(30%)

3

1

14 (52%)

12

8

(30%)

6

20

“Кучтуу регион”

(18.10.21г.)

30

18 (60%)

12 (40%)

1

1

10 (33%)

9

5(17%)

4

21

Жашасын Кыргызстан

26

12

(46%)

14 (53,8%)

1

1

6 (23%)

5

7 (26,9%)

5

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>