Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2021-жылы 28-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 28-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясына карата А.И.Катагановдун арызы жөнүндө
(баяндамачы - А.Осмоналиев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
2. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. «Улуу-Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. «Мекенчил Эл» Демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. «Аруузат-Эл Куту партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. «Ордо» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. «Багыт» Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. «Легалайз» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. «Күчтүү регион» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. Б.Бегалиевге карата шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин бузгандыгы боюнча А.С.Сатыгуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы - А.Осмоналиев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
15. «Ыйман Нуру» саясий партиясынын талапкерлердин тизменсин жана саясий партиянын айрым талапкерлерин каттоодон баш тартуу туралуу «Кыргыз баалуулуктардын коргоо кыймылы» коомдук кыймылынын арызы жөнүндө
(баяндамачы - А.Осмоналиев, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
16. Ыкчам чара көрүү тобунун Нурбек уулу Ормонго карата маалыматы тууралуу
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, Ыкчам чара көрүү тобунун катчысы)
17. Ыкчам чара көрүү тобунун Н. Талиповго карата маалыматы тууралуу
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, Ыкчам чара көрүү тобунун катчысы)
18. Ыкчам чара көрүү тобунун Ш. Ташиевге карата маалыматы тууралуу
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, Ыкчам чара көрүү тобунун катчысы)
19. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Катталган саясий партиялардын, бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин эсине!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо катталган саясий партиялардын, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин арасында шайлоо бюллетенине киргизүүдөгү кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрөт.
Чүчүкулакка талапкерлер, саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катыша алышат.
Шайлоо бюллетенине киргизүүдөгү кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү графиги:
№
Катталган саясий партиялар
Чүчүкулак өткөрүү убактысы
Эскертүү
Катталган саясий партиялардын ортосунда
30.10.2021-ж.
саат 10:00дөн 11:00гө чейин
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин ортосунда
№ округа
Бир мандаттуу шайлоо округдарынын аталыштары
Талапкерлердин саны
Чүчүкулак өткөрүү убактысы
Эскертүү
Баардыгы республика боюнча:
321
Баткен облусу
37
30.10.2021-ж.
саат 11:00дөн 11:30га ч.
№1
Лейлек шайлоо округу
9
№2
Баткен шайлоо округу
10
№3
Кадамжай шайлоо округу
18
Ош облусу
59
30.10.2021-ж.
саат 12:00дөн 13:00гө ч.
№4
Көк-Жар шайлоо округу
8
№5
Ноокат шайлоо округу
3
№6
Араван шайлоо округу
6
№7
Ош шайлоо округу
8
№8
Төлөйкөн шайлоо округу
5
№9
Кара-Суу шайлоо округу
7
№10
Куршаб шайлоо округу
10
№11
Алай шайлоо округу
8
№12
Өзгөн шайлоо округу
4
Жалал-Абад облусу
50
30.10.2021-ж.
саат 13:00дөн 14:00гө ч.
№13
Сузак шайлоо округу
13
№14
Жалал Абад шайлоо округу
6
№15
Базар - Коргон шайлоо округу
5
№16
Ноокен шайлоо округу
5
№17
Аксы шайлоо округу
6
№18
Ала-Бука шайлоо округу
5
№19
Токтогул шайлоо округу
10
Талас облусу
15
30.10.2021-ж.
саат 14:00дөн 14:30га ч.
№20
Манас шайлоо округу
6
№21
Талас шайлоо округу
9
ЧҮЙ ОБЛУСУ
63
30.10.2021-ж.
саат 14:30дан 15:30га ч.
№22
Жайыл шайлоо округу
8
№23
Москва шайлоо округу
12
№24
Сокулук шайлоо округу
7
№25
Аламүдүн шайлоо округу
10
№30
Ысык-Ата шайлоо округу
11
№31
Чүй-Кемин шайлоо округу
15
БИШКЕК ШААРЫ
27
30.10.2021-ж.
саат 15:30дан 16:00гө ч.
№26
Ленин шайлоо округу
11
№27
Биринчи май шайлоо округу
7
№28
Октябрь шайлоо округу
5
№29
Свердлов шайлоо округу
4
НАРЫН ОБЛУСУ
29
30.10.2021-ж.
саат 16:00дөн 16:30га ч.
№32
Кочкор шайлоо округу
16
№33
Нарын шайлоо округу
13
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ
41
30.10.2021-ж.
саат 16:30дан 17:30га ч.
№34
Жети-Өгүз шайлоо округу
17
№35
Ак-Суу шайлоо округу
11
№36
Ысык-Көл шайлоо округу
13
Кененирээк билүү >>
БШК “Ата-Мекен” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Ата-Мекен” саясий партиясы көрсөткөн Турдалиева Чынара Алымкуловнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Турдалиева Чынара Алымкуловнанын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 25-октябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Улуттар Биримдиги” саясий партиясы көрсөткөн Бешимов Аскар Жолчубековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Бешимов Аскар Жолчубековичтин талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 26-октябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы көрсөткөн Алымбаев Алайбек Анаркуловичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Алымбаев Алайбек Анаркуловичтин талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 26-октябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Ыйман Нуру” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Ыйман Нуру” саясий партиясы көрсөткөн Алыбаева Жаңыл Ишенбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Алыбаева Жаңыл Ишенбековнаны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарлыгына дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 19-октябрындагы тескемесинин, ошондой эле Алыбаева Жаңыл Ишенбековнанын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 26-октябрындагы өз арызынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевичке өткөрүп берди
КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевичти “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Эл Үмүтү» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында «Эл Үмүтү» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21, 41, 59, 60, 61-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
27-октябрга карата төмөнкү 9 партия катталды: «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру», «Альянс», «Эл Үмүтү».
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 8 арыз түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө 8 арызды карап, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Атап айтканда, төмөнкүлөр арыз беришти:
- Артыков Асылбек Авазбекович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович, №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Ешалиев Улан Жолдошбекович, №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Акматова Динара Асанкуловна, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Акунбеков Эрлин Абакирович, №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Маматов Улан Орозалиевич, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Жолболдуев Памирбек Бакыевич, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Муса кызы Алина, №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 27-октябрындагы жыйналышында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Юсуров Абдумажит Лелезовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык А.Л. Юсуровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Юсуров Абдумажит Лелезовичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 27-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
Бишкекте алдыдагы парламенттик шайлоодо кастык тилин колдонууну азайтуу маселеси талкууланды
Бишкекте “Жарандык платформа” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жана Демократия үчүн Вестминстер Фонду (WFD) менен биргеликте уюштурган “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо: Кастык тилсиз шайлоо өнөктүгү” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Депутаттар жана депутаттыкка талапкерлер, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан иш-чара таза шайлоо жана эффективдүү үгүт жүргүзүү, шайлоо процессинин катышуучуларынын кастык тилин колдонгон аракеттерге жол бербөө үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүүгө багытталган.
КР БШКнын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, үгүт өнөктүгү КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн календардык планына ылайык 2021-жылдын 29-октябрынан башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 08.00гө чейин уланат. Алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн негизги жаңычылдыктары, анын ичинде шайлоочуларды акча каражаттарын төлөп берүү; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу; товарларды жеңилдетилген баада сатуу; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүү аркылуу сатып алууга тыюу салынгандыгы белгиленди.
Талапкерлер, талапкердин жубайы, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлердин жана: саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерин, футболкаларын, баш кийимдерин, моюн орогучтарын гана таратууга болот.
Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн талапкерлер, саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт материалдарын сурдокотормону же субтитрди колдонуп, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарын пайдалануу менен үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес санда басып чыгарууга жана таркатууга милдеттүү экендиги белгиленти.
КР Журналисттеринин көз карандысыз союзунун төрагасынын орун басары, КР БШКнын маалымат маселелери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү Семетей Аманбеков “Кастык тили деген эмне? Кастык тилин таануу” деген темасында аймактарда өткөн тренингдер тууралуу маалымат берди. Үгүт мезгилиндеги кастык тилинин укуктук жана практикалык негиздери тууралуу айтылды, аны колдонуу жана жайылуу коркунучун азайтуу боюнча сунуштар берилди.
Семетей Аманбековдун айтымында, «Жарандык платформа» КФ тарабынан КР ЖКга шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жаштар жана жарандык активисттер үчүн жек көрүүнүн жана кастыктын тилине үндөөнүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тренингдер Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлдү. Тренингдердин жүрүшүндө жаштардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге кастык тилин азайтуу боюнча түзүлгөн кайрылуусу, тегерек столдун катышуучуларына тааныштырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Пассивдүү шайлоо укугу болбогондугуна байланыштуу КР ЖК депутаттыгына 4 талапкерди каттоодон баш тартылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо баардыгы 327 талапкерди каттады.
Мында БШК талапкердин пассивдүү шайлоо укугу болбогондугуна байланыштуу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 4 талапкерди каттоодон баш тартты. ББЖИМдин маалыматына ылайык төмөнкү 4 талапкердин жогорку билими тууралуу диплому жок: К. Джаналиев, Н. Касымов, М.Нишанходжаев, Ж. Монолдоров.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн шайлоочуларга, жарандардын коомдук бирикмелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий партияларына №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2021-жылдын28-ноябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №755 токтомунун негизинде №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары – №29 Свердлов ОШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары
жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкерлерди түзүлгөн төмөнкү шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүү жөнүндө жарыялайт: № 9059 – Россия Федерациясы, Москва ш., Большая Ордынка көчөсү, 64;
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн
жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протокол жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. №29 Свердлов ОШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет: чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу
боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынынченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
паспорттун көчүрмөсү; иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, мобилдик, электрондук почта). Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамына жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча поротоколдор 2021-жылдын 5-ноябрына саат 18.00 чейин №29 Свердлов
ОШКда, анын ичинде электрондук түрүндө кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426
Төмөнкү телефондору боюнча: +996-550-963-669 (WhatsApp)
Эл. почта: tikbishkek@gmail.com
Свердлов округдук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо күрөөсү төгүлбөгөндүгүнө байланыштуу КР ЖК депутаттыгына 29 талапкерди каттоодон баш тартылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо баардыгы 327 талапкерди каттады.
Мында БШК конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес) байланыштуу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 29 талапкерди каттоодон баш тартты: А.Исиралиева, Ш. Касенов, А. Койчубаев, Р. Юсупов, И. Якубов, У. Камбарбек уулу, Т. Калбаев, М. Жорокулов, М. Козубаев, М. Кадырбердиев, У. Конурбаев, Г. Камиль кызы, С. Турдумалиев, Б. Алымбеков, Т. Чынтемиров, А. Токторов, Ж. Искендеров, О. Жээнбаев, Б. Мурзакматов, А. Тайлаков, Е. Токтогулов, Б. Чокморов, М. Турков, Б. Олжобаев, К. Самидинов, Б. Ажыбеков, Б. Жолдошов, Е. Клипачева, У. Тургунбаев.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «АЛЬЯНС» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылы 26-октябрда өткөн жыйналышында «АЛЬЯНС» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21, 41, 59, 60, 61- беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
14.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14.10.2026
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди