Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылы 22-октябрда өткөн жыйналышында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттады.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61- беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү