Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайлоого 286 талапкер катышууда
28.11.2021

Бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайлоого 286 талапкер катышууда

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 286 талапкер катышууда. Каттоонун аяктоо этабында КР БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча 381 арыз келип түштү, алардын ичинен: Эркектер – 349 (91,6%); Аялдар – 32 (8,3%); Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен документтерин 374 талапкер тапшырды; саясий партиялардан – 7 («Альянс» -1; «Социал-демократтар» - 1; «Бүтүн Кыргызстан» - 1; «Ыйман-Нуру» - 2; «Кыргызстан» -1; «Улутман» - 1 с/п). Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн 381 талапкердин ичинен 330 талапкер КР БШКнын каттоосунан өттү, 51 көрсөтүлгөн талапкер катоодон төмөнкү себептерден улам өткөн жок: каттоодон өткөнгө чейин шайлоого катышуудан баш тартуу – 17 көрсөтүлгөн талапкер; жогорку кесиптик билиминин бар экендигин тастыктоочу документтердин жоктугуна байланыштуу – 3 көрсөтүлгөн талапкер; шайлоо күрөөсүн төлөбөгөндүктөн четке кагылды – 31 көрсөтүлгөн талапкер. Бир мандаттуу округдар боюнча катталган 330 талапкердин ичинен 43 талапкер жеке арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тартты. КР БШК 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 1228 чечими менен №26 Ленин шайлоо округу боюнча талапкер К.Жолдошбаевди каттоону жокко чыгарды. 2021-жылдын 23-ноябрына карата республиканын бир мандаттуу округдары боюнча шайлоого 286 талапкер катышууда.   Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй: Баткен облусу – 36 талапкер, Ош облусу – 44 талапкер, Жалал-Абад облусу – 45 талапкер, Талас облусу – 12 талапкер, Чүй облусу – 58 талапкер, Бишкек ш. – 26 талапкер, Нарын облусу – 26 талапкер, Ысык-Көль облусу – 39 талапкер. Талапкерлердин тизмеси жана алардын программалары жергиликтүү ЖМКларда жарыяланды, ошондой эле КР БШКнын сайтында «Талапкер» порталында https://talapker.shailoo.gov.kg шилтемеси боюнча жайгаштырылган. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучулары үчүн Конституциянын, мыйзамдардын, усулдук жана окутуучу материалдардын миллиондон ашуун нускасы бастырылып чыгарылды
28.11.2021

КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучулары үчүн Конституциянын, мыйзамдардын, усулдук жана окутуучу материалдардын миллиондон ашуун нускасы бастырылып чыгарылды

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъектилерине маалымат берүү жана үгүттөө эрежелери маселеси боюнча КР БШК Жумушчу тобунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев жарандардын эрк-ниетин эркин жана шайлоонун ачык-айкындуулугун ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүчү иштер тууралуу маалымат берди.  ЖМКда жана социалдык тармактарда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн 36 ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун ишмердигин байма-бай жарыкка чыгарып туруу уюштурулган.   Аныкталган мыйзам бузуулар жана аларга чара көрүү боюнча Иликтөө борбору – КР БШК ЫЧКТ иштейт. Бардык кайрылуучулар Электрондук реестрде катталат.    Бир мандаттуу округдар боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин программалары, ошондой эле алар тууралуу маалыматтар жана алардын шайлоо фонддору тууралуу маалыматтар ММКлардын, байкоочулардын жана кеӊири коомчулуктун таанышуусу үчүн КР БШК сайтында – https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary жайгаштырылган. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 саясий партиядан көрсөтүлгөн 1 015 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча 296 талапкер тууралуу маалымат, ошондой эле жаӊы аралаш шайлоо тутуму, шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жол-жоболору жана шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалымат  жалпы тиражы 200 миӊ нускага жеткен 15 гезитте жарыяланган.  Эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде: Шайлоо системасынын Эл аралык фондунун (IFES), ЮСАИД, БУУӨП, ЕККУ ж.б.  колдоосу менен КР ЖК жаӊы түзүлүшү, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, шайлоочулардын тизмесинде өзүн текшерүү, аялдарды жана жаштарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү, добуштарды саноонун ишенимдүүлүгү, шайлоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги, чет өлкөлөрдө добуш берүү ж.б. тууралуу эки тилде, сурдокотормосу жана субтитрлери менен 56 видеоролик жана  эки тилде 8 аудиоролик даярдалды.   Роликтердин трансляциясы бардык санариптик эфирдик телеберүүчү жана кабелдик тармактагы мамлекеттик, аймактык, жеке телеканалдарда, мамлекеттик радиостанциялардын эфиринде жүргүзүлдү. Видеороликтер КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, шаарлардын мэриясы жана райондук мамлекеттик администрациялардын өз ара карым-катышуусунда 27 Калкты тейлөө борборлорунун LED экрандарында жана бүткүл өлкө боюнча LED-экрандарда, мекемелердин жана өнөктөш уюмдардын социалдык тармактарынынын баракчаларында көрсөтүлдү.  Мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн окутуу үчүн эки тилде 12 окутуучу видеоролик, 10 видеосабак, анын ичинде бюллетендерди толтуруу боюнча, добуштарды саноо боюнча шайлоо комиссиялары үчүн окутуучу видео, мотивация берүүчү роликтер даярдалды.    Боршайком шайлоо процессинин ар кыл катышуучуларын маалымдоо жана окутуу үчүн миллиондон ашуун экземпляр басма продукциясын чыгарды, атап айтканда:  Кыргыз Республикасынын Конституциясы – 6 000 экз., «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзам - 5 500 экз., «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамы - 3000 экз., КР ЖК шайлоого катышуучу талапкерлер жана саясий партиялар үчүн методикалык материалдардын жана ЧУА жыйнагы – 1000 нуск., плакаттар, лефлеттер, флаерлер, баннерлер, календарлар, күбөлүктөр ж.б. – жалпы тиражы 757 миӊ нуск. жогору 34 аталыштагы продукция, 21 окуу-методикалык колдонмо – 39730 нуск. 200 миӊ нускадан ашуун аталыштагы ар кыл материалдар бастырылып чыгарылды.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо дайындалгандан тартып ЫЧКТга 106 арыз түштү
28.11.2021

Шайлоо дайындалгандан тартып ЫЧКТга 106 арыз түштү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан тартып 2021-жылдын 28-ноябрында добуш берүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна  106 арыз, даттануу, кайрылуу түштү. ЫЧКТнын жетекчиси, КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында, бул 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого салыштырганда 4,5 эсе аз. 1. Арыздардын/кайрылуулардын категориялары: Шайлоочуларды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу – 54; Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу тууралуу – 8; Административдик ресурсту кыянат пайдалануу тууралуу – 37; Шайлоо фондунан тышкары каражаттарды пайдалануу тууралуу – 3; Башка бузуулар – 4. Региондор: Бишкек – 10 Баткен облусу – 7 Жалал-Абад облусу - 13 Ысык-Көл облусу – 5 Нарын облусу – 11 Ош облусу – 22 Талас облусу – 7 Чүй облусу – 31. 3. Укук коргоо органдары көргөн чаралар: • 7 факт боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү; • 4 факт боюнча жарандарга шектенүү жөнүндө билдирме берилди. (*БШК чечими менен шайлоочуларды сатып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары эске алынды, териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү баа берилет). • 59 факт боюнча материалдар номенклатуралык ишке эсептен чыгарылды/териштирүү кылмыш/жорук курамы болбогондугуна байланыштуу токтотулду; • 10 факт боюнча материалдар Бузуулар жөнүндо кодекске ылайык чара көрүү үчүн шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү; • 15 факт боюнча сотко чейинки териштирүү/текшерүү жүргүзүлүүдө; • 1 факт боюнча башка чара көрүлдү: Ленин районунун прокуратурасы тарабынан ЭжФМге караштуу МСКга 15 ст. КР КМдин 22-беренесинин 15-бөлүгүн, ошондой эле п. 3 КР П 01.11.2021-ж. №512 ПЖ 3-пунктун бузгандыгы үчүн А. Аманкуловго карата сунуштама жөнөтүлдү; • 18 факт боюнча маселе каралууда. 4. ЫЧКТны маалыматтары боюнча БШК/ОШК көргөн чаралар: 1. талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды: №26 Ленин  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. Жолдошбаевди каттоо жокко чыгарылды.   2. 1 саясий партияга жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди: “Азаттык” саясий партиясына. 3. төмөнкү талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди: •        О. Нурбек уулуна – №32 Кочкор шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Н. Талиповго – №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Ш. Ташиевге – №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        К. Мамыровго – №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Б.К. Райымкуловго – №22 Жайыл шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        У. Примовго – №11  Алай шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Б.Э. Тентишевге – «Ынтымак» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер; •        Д. А. Эдигеевге – №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        М.Р. Назарбековго – №22 Манас шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Ю.В. Лилиенталга  – №13  Сузак шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Э.М. Абдыкадыровго – №21  Талас шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; •        Ш.А. Умарбековго  – «Ишеним» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер: •        Г.О. Култаевага – «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер: •        Э.Т. Аширбаевге – №11  Алай шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; 4. шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн 1 оозеки эскертүү берилди: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына.   5. башка адамдарга 3 эскертүү берилди: №2017 УШК төрагасы М. Мурзаевге – шайлоо процессине байланышпаган иш жүргүзгөндүгү үчүн; жаран А.И. Коваленкого, “Манас” СК грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу – шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн; жаран М. Мамадалиевге негизсиз даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн. 6. Төмөнкүлөргө 45 000 сом суммасында 6 айып пул салынды: З. Абдувалиевге - №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө; “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж.Бакировго 7 500 сом өлчөмүндө; шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн ЖК КР депутаттыгына талапкер Д.  Бекешевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А. Толоновага 7 500 сом өлчөмүндө; шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жаран Д. Тургуналиевге 7 500 сом өлчөмүндө; шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жаран А. Касымовага –  7 500 сом өлчөмүндө; шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жарандар  Л. Мадумаров менен К. Салиевге 7 500 сом өлчөмүндө. 7. тиешелүү органдарга жөнөтүү тууралуу 2 чечим кабыл алынды: баш ийген кызматкерлерине талаптагыдай контроль жүргүзбөгөндүгү үчүн ОшМунун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо жана  тиешелүү чара көрүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштама жөнөтүлдү;  “Кадастр” ММдин Базар-Коргондогу филиалынын директору А. Султаналиевге карата аны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке кат  жөнөтүлдү.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК: шайлоо участкаларынын 85%ы пандустар менен жабдылган
28.11.2021

КР БШК: шайлоо участкаларынын 85%ы пандустар менен жабдылган

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы майыптыгы бар жарандардын активдүү шайлоо укуктары салыштырмалуу ишке ашырылгандыгын маалымдайт. Бүгүнкү күндө 2 080 шайлоо участкасында пандустар орнотулган, бул жалпы УШКлардын санынын 85%ын түзөт. 2020-жылдагы маалыматтарга салыштырмалуу, пандустар менен жабдылган участоктордун саны 1 054 жайга көбөйгөн.    Бардык шайлоо участоктору жардам берүүчү атайын каражаттар – чоӊойтуучу лупалар, добуш берүү үчүн трафареттер, Брайл ариби менен басылган добуш берүү нускамалары менен жабдылган.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Боршайком тарабынан майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыгынын картасы түзүлгөн. Майыптыгы бар шайлоочулардын жалпы саны - 15 853 адамды түздү. Аларды маалымдоо үчүн кыргыз жана орус тилдеринде 5 000 плакат, ошондой эле Брайл арибин колдонуу менен 5 000 маалымдоочу брошюралар бастырылып чыгарылды. КР БШК CALL-борборунда угуусунда жана кебинде кемчилиги бар майып шайлоочулар үчүн «ысык байланыш» видеобайланышы ачылган, анын жардамы менен алар жаӊсоо тилинде маалымат ала алышат. Бүгүнкү күндө видеобайланыш менен 24 шайлоочу колдонду.    КР мыйзамдарына ылайык, үгүттөө материалдарынын 1%дан кем эмеси атайын форматта даярдалышы керек.  Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн арыз беришкен майыптыгы бар шайлоочулар 2021-жылдын 27-ноябрында үйлөрүндө добуш бере алышты. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
28.11.2021

Саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү тууралуу билдирет.  Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын келүүсү 107 852 адамды же жалпы шайлоочулардын санынын 2,91%ын түздү. Баткен облусу – 9 553 шайлоочу же 3,12%, Жалал-Абад облусу – 22 253 шайлоочу же 3,25%, Ош облусу – 26 849 шайлоочу же 3,62%, Бишкек ш. – 12 259 шайлоочу же 2,81%, Ош ш. – 5 373 шайлоочу же 3,45%, Талас облусу – 4 267 шайлоочу же 2,64%, Нарын облусу – 5 645 шайлоочу же 2,73%, Чүй облусу – 13 829 шайлоочу же 2,26%, Ысык-Көл облусу – 7 238 шайлоочу же 2,30%, Чет өлкөлөрдө – 586 шайлоочу же 0,70%. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын келүүсү 103 332 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 2,86%ын түздү. №1 Лейлек шайлоо округу – 3 583 шайлоочу же 3,98%, №2 Баткен шайлоо округу – 2 596 шайлоочу же 2,55%, №3 Кадамжай шайлоо округу – 2 810 шайлоочу же 2,48%, №4 Көк-Жар шайлоо округу – 2 996 шайлоочу же 3,74%, №5 Ноокат шайлоо округу – 2 300 шайлоочу же 2,81%, №6 Араван шайлоо округу – 2 925 шайлоочу же 3,21%, №7 Ош шайлоо округу – 3 788 шайлоочу же 3,41%, №8 Төлөйкөн шайлоо округу – 3 534 шайлоочу же 2,98%, №9 Кара-Суу шайлоо округу – 3 266 шайлоочу же 3,25%, №10 Куршаб шайлоо округу – 4 270 шайлоочу же 3,81%, №11 Алай шайлоо округу – 3 084 шайлоочу же 2,69%, №12 Өзгөн шайлоо округу – 4 956 шайлоочу же 5,55%, №13 Сузак шайлоо округу – 3 124 шайлоочу же 2,80%, №14 Жалал-Абад шайлоо округу – 1 918 шайлоочу же 1,80%, №15 Базар-Коргон шайлоо округу – 2 753 шайлоочу же 2,44%, №16 Ноокен шайлоо округу – 3 569 шайлоочу же 3,75%, №17 Аксы шайлоо округу – 2 739 шайлоочу же 3,45%, №18 Ала-Бука шайлоо округу  – 2 378 шайлоочу же 2,97%, №19 Токтогул шайлоо округу – 3 913 шайлоочу же 3,92%, №20 Манас шайлоо округу – 2 165 шайлоочу же 2,62%, №21 Талас шайлоо округу – 1 876 шайлоочу же 2,34%, №22 Жайыл шайлоо округу – 2 090 шайлоочу же 2,10%, №23 Москва шайлоо округу – 1 734 шайлоочу же 1,97%, №24 Сокулук шайлоо округу – 1 715 шайлоочу же 1,71%, №25 Аламүдүн шайлоо округу – 1 793 шайлоочу же 1,61%, №26 Ленин шайлоо округу – 2 721 шайлоочу же 2,44%, №27 Биринчи Май шайлоо округу – 3 997 шайлоочу же 3,65%, №28 Октябрь шайлоо округу – 2 631 шайлоочу же 2,49%, №29 Свердлов шайлоо округу – 3 516 шайлоочу же 3,40%, №30 Ысык-Ата шайлоо округу – 2 669 шайлоочу же 2,76%, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу – 3 257 шайлоочу же 2,84%, №32 Кочкор шайлоо округу – 2 661 шайлоочу же 2,56%, №33 Нарын шайлоо округу – 2 985 шайлоочу же 2,85%, №34 Жети-Өгүз шайлоо округу – 2 910 шайлоочу же 2,68%, №35 Ак-Суйский избирательный округу – 2 060 шайлоочу же 1,74%, №36 Ысык-Көл шайлоо округу - 2 050 шайлоочу же 2,28%. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо дайындалгандан тартып КР БШКнын арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 50 арыз түштү
28.11.2021

Шайлоо дайындалгандан тартып КР БШКнын арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 50 арыз түштү

2021-жылдын 28-ноябрына саат 08:25ке карата шайлоо дайындалгандан тартып Кыргыз Респубикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жаша шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобуна 50 арыз түштү. 1. Арыздардын/кайрылуулардын категориялары: 1. Шайлоочуларды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу – 1; 2. Административдик ресурсту кыянат пайдалануу тууралуу – 7; 3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу тууралуу – 30; 4. Шайлоо өнөктүгүн (фондун) каржылоо тартибин бузуу тууралуу – 1; 5. Талапкерди/талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу – 5; 6. Саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибин бузуу ыктымалдыгы тууралуу – 2; 7. Талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнмө – 1; 8. Талапкер тууралуу билип туруп жалган маалымат таратуу жөнүндө – 2; 9. Ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо тууралуу – 1. 2. Региондор: 1. Бишкек – 29 2. Ош – 1 3. Ош облусу – 9 4. Жалал-Абад облусу - 2 5. Ысык-Көл облусу– 4 6. Талас облусу – 5. БШК/ОШК көргөн чаралар: 1. Төмөнкүлөргө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди: • Д. Бегалиевге – №25 Аламүдүн округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; • Д. Бекешевге – №28 Октябрь округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер; · Кыргыз Респубикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясыны (КТРК); • Д. Джумабековго – №20 Манас округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер. 2. Төмөнкүлөргө 105 0000 сом суммасында 14 айып пул салынды: · жаран И.Л. Торакуловго – 7 500 сом өлчөмүндө; · А.А. Эгембердиевге – «Ата-Журт Кыргызстан» с/п КР ЖК депутаттыгына талапкер 7 500 сом өлчөмүндө; · жаран Б. Омурзаковага – 7 500 сом өлчөмүндө; · А.Т.Түмөнбаевге – №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөткөн талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө; · А.Р. Ташиевге - №22 Ленин шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө; · А.Н. Шыкмаматовго - «Ынтымак» с/п КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө; · Б. Бегалиевге - №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө; · Д.А. Джумабековго - №20 Манас шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 30 000 сом өлчөмүндө (ар бири 7500 сом өлчөмүндө 4 жолу); · М.Р. Назарбековго - №20 Манас шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 15 000 сом өлчөмүндө (ар бири 7500 сом өлчөмүндө 2 жолу). · А.Д. Таштанбековго - №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө.   3. Төмөнкүгө карата тиешелүү органдарга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды: · «Акыркы жанылыктардын»Youtube-каналына карата КР БжКнын 45-беренесинде каралган администрациялык жоопкерчиликке тартуу үчүн ээлерин аныктоо максатында материалдарды ыйгарым укуктуу ички иштер органдарына жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды; 4. Төмөнкүгө оозеки эскертүү берилди: · Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн «Super kg» интернет порталына оозеки эскертүү берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Биринчилерден болуп Южно-Сахалинск шаарында шайлоо участкасы ачылды
28.11.2021

Биринчилерден болуп Южно-Сахалинск шаарында шайлоо участкасы ачылды

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо 29 өлкөдө 59 шайлоо участкасы ачылды.    Төмөнкү шаарларда биринчи жолу 10 шайлоо участкасы түзүлдү:   Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.; АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шш.; Түркия – Анталья ш.; Италия – Кальяри ш.; Венгрия – Будапешт ш. Бишкек убактысы боюнча биринчи болуп, саат 03.00дө Южно-Сахалинск шаарындагы КР Элчилигинин Канцеляриясында шайлоо участогу ачылды. Бишкек убактысы боюнча саат 20.00дө акыркы болуп Чикаго шаарындагы шайлоо участкасы ачылат.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү КР аймагынан тышкары түзүлгөн УШКлардын иштөө графиги  № к/н   КР чет өлкөлүк мекемелериндеги УШКлар Чет өлкөлөрдөгү УШК ишинин башталышы, Бишкек убактысы боюнча  Чет өлкөлөрдөгү УШК ишинин аякташы, Бишкек убактысы боюнча  1. 9013 Южно-Сахалинск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы   03.00. 15.00. 2. 9004 Владивосток ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы    04.00. 16.00. 3. 9021 Хабаровск ш. шайлоо участкасы 04.00. 16.00. 4. 9006 Якутск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы   05.00. 17.00. 5. 9019 Жапониядагы КР Элчилиги 05.00 . 17.00. 6. 9042 Кореядагы КР Элчилиги 05.00. 17.00. 7. 9007 Иркутск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы   06.00. 18.00. 8. 9040 КЭРдеги КР Элчилиги 06.00. 18.00. 9. 9041 Гуанчжоу ш. КР Башкы элчилиги   06.00. 18.00. 10. 9048 Малайзиядагы КР Элчилиги     06.00. 18.00. 11. 9003 Красноярск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы   07.00. 19.00. 12. 9010 Новосибирск ш. КР Башкы элчилиги 07.00. 19.00. 13. 9020 Томск ш. шайлоо участкасы 07.00. 19.00. 14. 9018 Тюмень ш. шайлоо участкасы 07.00. 19.00. 15. 9027 Алматы ш. КР Башкы элчилиги 08.00. 20.00. 16. 9028 РК (Нур-Султан) КР Элчилиги 08.00. 20.00. 17. 9008 Индиядагы КР Элчилиги 08.30. 20.30. 18. 9009 Екатеринбург ш. КР Башкы элчилиги 09.00. 21.00. 19. 9011 Түркмөнстандагы КР Элчилиги 09.00. 21.00. 20. 9014 Сургут ш. КР Башкы элчилиги 09.00. 21.00. 21. 9024 Тажикстан Республикасындагы КР Элчилиги 09.00. 21.00. 22. 9025 Өзбекстан Республикасындагы КР Элчилиги 09.00. 21.00. 23. 9049 ПИРдеги КР Элчилиги 09.00. 21.00. 24. 9012 Азербайжандагы КР Элчилиги 10.00. 22.00. 25. 9044 Дубай ш. КР Башкы элчилиги 10.00. 22.00. 26. 9051 БАЭдеги (Абу-Даби) КР Элчилиги 10.00. 22.00. 27. 9052 Самара ш. шайлоо участкасы 10.00. 22.00. 28. 9043 Ирандагы КР Элчилиги 10.30. 22.30. 29. 9001 РФтеги (Москва) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 30. 9005 РФтеги (Москва) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 31. 9015 РФтеги (Москва) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 32. 9016 РФтеги (Москва) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 33. 9017 РФтеги (Москва) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 34. 9059 РФтеги (Москва) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 35. 9002 Санкт-Петербург ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы 11.00. 23.00. 36. 9026 Казань ш. шайлоо участкасы 11.00. 23.00. 37. 9053 Краснодар ш. шайлоо участкасы 11.00. 23.00. 38. 9023 Беларусь Республикасындагы КР Элчилиги 11.00. 23.00. 39. 9035 Стамбул ш. КР Башкы элчилиги 11.00. 23.00. 40. 9036 Турциядагы (Анкара) КР Элчилиги 11.00. 23.00. 41. 9056 Анталья ш. шайлоо участкасы 11.00. 23.00. 42. 9045 САКтагы КР Элчилиги 11.00. 23.00. 43. 9046 Кувейттеги КР Элчилиги 11.00. 23.00. 44. 9050 Катардагы КР Элчилиги 11.00. 23.00. 45. 9022 Украинадагы КР Элчилиги 12.00. 00.00. 46. 9029 ГФРдеги (Берлин) КР Элчилиги 13.00. 01.00. 47. 9030 Франкфурт-на-Майне ш. КР Консулдук агенттиги  13.00. 01.00. 48. 9031 Бонн ш. КР Элчилигинин бөлүмү 13.00. 01.00. 49. 9032 Австриядагы КР Элчилиги 13.00. 01.00. 50. 9033 Италиядагы КР Элчилиги 13.00. 01.00. 51. 9057 Кальяри ш. шайлоо участкасы 13.00. 01.00. 52. 9037 Бельгиядагы КР Элчилиги 13.00. 01.00. 53. 9039 Швейцариядагы КР Элчилиги 13.00. 01.00. 54. 9047 Франциядагы КР Элчилиги 13.00. 01.00. 55. 9058 Венгриядагы КР Элчилиги 13.00. 01.00. 56. 9038 Улуу Британиядагы КР Элчилиги 14.00. 02.00. (ү.ж. 29-ноябры) 57. 9034 Вашингтон ш. КР АКШдагы Элчилиги 19.00. 07.00. (ү.ж. 29-ноябры) 58. 9054 Нью-Йорк ш. КР БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү   19.00. 07.00. (ү.ж. 29-ноябры) 59. 9055 Чикаго ш. шайлоо участкасы 20.00. 08.00. (ү.ж. 29-ноябры)
Кененирээк билүү >>
Шайлоо участокторунан тышкары 12 137 шайлоочу добуш берди
28.11.2021

Шайлоо участокторунан тышкары 12 137 шайлоочу добуш берди

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 481 шайлоочунун 12 137 шайлоочусу добуш берди. Жалпысынан шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулардын 90%ы добуш берди. 1 344 адам арыз берген, бирок добуш берген эмес, алардын 642си участоктук шайлоо  комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок. Баткен облусу боюнча  –  856  шайлоочунун 803ү добуш берди; Ош ш. жана Ош облусу боюнча  –  4140  шайлоочунун 3 787си добуш берди; Жалал-Абад облусу боюнча  –  2704  шайлоочунун 2 446сы добуш берди); Талас облусу боюнча  –  480  шайлоочунун 368и добуш берди; Чүй облусу боюнча  –  1571  шайлоочунун 1 348и добуш берди; Бишкек шаары боюнча  –  1987 шайлоочунун 1 760ы добуш берди; Нарын облусу боюнча  –  1085 шайлоочунун 1 019у добуш берди; Ысык-Көл облусу боюнча  –  658 шайлоочунун 606сы добуш берди.   Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616 шайлоочусу б.а. шайлоочулардын 89,29%ы добуш берди. 1 393 адам арыз берип, бирок добуш берген эмес, алардын 659у участоктук шайлоо  комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок. Баткен облусу боюнча  –  843 шайлоочунун 794ү добуш берди; Ош ш. жана Ош облусу боюнча  –  4 060 шайлоочунун 3 730у добуш берди; Жалал-Абад облусу боюнча  –  2 579 шайлоочунун 2 343ү добуш берди); Талас облусу боюнча  –  480  шайлоочунун 291и добуш берди; Чүй облусу боюнча  –  1571  шайлоочунун 1 310у добуш берди; Бишкек шаары боюнча  –  1 785 шайлоочунун 1 584ү добуш берди; Нарын облусу боюнча  –  1 033 шайлоочунун 983ү добуш берди; Ысык-Көл облусу боюнча  –  658 шайлоочунун 581и добуш берди.   2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 196 шайлоочунун 181 шайлоочусу б.а. шайлоочулардын 92,34 %ы добуш берди. 15 адам арыз берип, бирок добуш берген эмес, алардын 8и участоктук шайлоо  комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок. Ош облусунун Кара-Суу шаары боюнча  –  81 шайлоочунун 76сы добуш берди; Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаары боюнча  –  58 шайлоочунун 52си добуш берди; Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Токтогул айылдык кеңеши боюнча  –  4 шайлоочунун 4өө добуш берди «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу: шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар. Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча – добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар, вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
28-ноябрда шайлоо участкаларына 84 412 шайлоочу биринчи жолу келет
28.11.2021

28-ноябрда шайлоо участкаларына 84 412 шайлоочу биринчи жолу келет

Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесинде катталган жалпы жарандардын саны 3 703 420 адамды түздү. Алардын ичинен 84 128 шайлоочу республикадан тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесине кирген.    Бир мандаттуу шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын саны 3 619 292 адамды (чет өлкөлөрдө катталган шайлоочуларды эске албаганда) түздү. 2021-жылдын 9-сентябрында жайгаштырылган бир мандаттуу округдар боюнча алдын ала тизме (3 617 591 адам) менен салыштырмалуу, 1701 шайлоочуга көбөйгөн (кеӊири маалыматты «Тизме» порталынан - https://tizme.gov.kg/ көрүүгө болот). Салыштырма иликтөөнүн негизинде, шайлоочулардын саны өскөнү байкалууда. Алсак, 2020-жылдын октябрындагы КР ЖК депутаттарын шайлоодо 3 523 554 шайлоочу, алардын ичинен ТИМ багыты боюнча - 32 602 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын өсүшү 179 866 жана 51 526 адамды түзгөн. Гендердик-курактык көрсөткүч боюнча шайлоочулардын тизмесинин курамы төмөнкүчө:  эркектер – 1 775 935, бул жалпы шайлоочулардын санынын 48%ын түзөт;    аялдар – 1 927 485, бул жалпы шайлоочулардын санынын 52%ын түзөт.    Шайлоо участкаларына биринчи жолу 84 412 адам келет, бул жалпы шайлоочулардын санынын 2% түзөт.   2021-жылдын 18-ноябрына карата гендердик-курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен шайлоочулардын саны боюнча маалымат Округдар УШК саны 18- ноябрга карата саны Гендердик көрсөткүч Курактык көрсөткүч Эркектер (48%) Аялдар (52%) 18 жаш (2%) 18-29 (29%) 30-39 (24%) 40-49 (17%) 50-59 (15%) 60-69 (10%) 70- (5%) Бирдиктүү округ + ТИМ: 2494 3 703 420 1 775 935 1 927 485 84 412 1 088 605 914 505 635 451 535 405 365 093 164 361 Бир мандаттуу округдар 2435 3 619 292 1 733 162 1 886 130 83 493 1 061 06          
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды
28.11.2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында, саат 08.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова  Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган «Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чектери жөнүндө» №684 токтомуна ылайык, пропорционалдык тутум боюнча  КР ЖК 54 депутатын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бардык аймактары бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептеле тургандыгын айтты.   Саясий партиялар жана жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлгөн мажоритардык тутум боюнча КР ЖК 36 депутатын шайлоону өткөрүү үчүн 36 бир мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн:   Бишкек ш. –  4 округ; Ош ш. жана Ош облусу – 9 округ; Баткен облусу – 3 округ; Жалал-Абадс облусу - 7 округ; Талас облусу – 2 округ; Чүй облусу – 6 округ; Нарын облусу – 2 округ; Ысык-Көл облусу - 3 округ. Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте, тийиштүү шайлоо округдарында иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларынын тийиштүү мүчөлөрүнөн түзүлгөн.  Округдук шайлоо комиссиялары Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өз ыйгарым укуктарын токтотот.  Учурда 36 округдук шайлоо комиссиясынын курамы бекитилген, алардын мүчөлөрүнүн саны 491 адамды түзөт.   2 494 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп, учурда иштеп жатат, алардын ичинен: 59 УШК республикадан тышкары жерде жайгашкан, мүчөлөрүнүн саны 30 309 адамды түзөт. Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жатышкан жарандардын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыздоонун географиясын кеӊейтүү максатында, Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен чет өлкөлөрдөгү (29 мамлекетте) шайлоо участкаларынын саны 59га чейин көбөйтүлдү.  Төмөнкү шаарларда биринчи жолу 10 шайлоо участкасы түзүлдү:   Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.; АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шш.; Түркия – Анталья ш.; Италия – Кальяри ш.; Венгрия – Будапешт ш. Россия – бардыгы 21 участок: Москвада – 6 участок; Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында 1ден участок. 3 участкадан: Германияда – Берлин, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шш.; АКШда – Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго шш.; Түркияда –Анкара, Стамбул жана Анталья шш. 2 участкадан: Италия – Рим жана Кальяри шш.; Казахстан – Нур-Султан жана Алматы шш.; Кытай – Пекин жана Гуанчжоу шш.; БАЭ – Абу-Даби жана Дубай шш. 1 участкадан: Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында. Н.Шайлдабекова добуш берүүнүн купуялыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен кепилденерин айтты. «Биздин тандообузга таасир этүүгө эч ким укуксуз. Добуш берүүнүн купуялыгы кепилденет. Биз эркин добуш берүүгө чакырабыз» - деди ал.    «Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, добуш берүү жол-жобосунун тынч, ырааттуу өтүшү сиздердин иштен көз каранды. Мен сиздерден буга чейин иштеп келгендей эле, бирдиктүү, жоопкерчиликтүү жана компетенттүү команда катары иш алып барууӊуздарды суранам» - деп кайрылды Нуржан Шайлдабекова. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК «Элдик көзөмөл» КФдан коомдук байкоочуларды шайлоого мониторинг жасоосуна жол берди
28.11.2021

БШК «Элдик көзөмөл» КФдан коомдук байкоочуларды шайлоого мониторинг жасоосуна жол берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 27-ноябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин деутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүүнү ишке ашыруу ниети тууралуу«Элдик көзөмөл» коомдук фондунан КР БШКга келип түшкөн билдирүүсүн  эске алды.  Кыргыз Республикаынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республиасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4-, 8-беренелерин, 2021-жылдын 29-августунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин ПУ №370 Указын, 2017-жылы 11-июлда кабыл алынган КР БШК токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын  Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алуу менен, келип түшкөн билдирүүнү эске алуу, аны фонддордун өкүлдөрүн байкоочу кылып каттоо үчүн  төмөн жактагы комиссияларга  жөнөтүү, аларга шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү чечими кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 27 ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
27.11.2021

КР БШКнын 2021-жылы 27 ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
-
27.11.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Эл аралык байкоочуларга шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана добуштарды эсептөөнүн тууралыгын камсыздоо жөнүндө маалымдашты
27.11.2021

Эл аралык байкоочуларга шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана добуштарды эсептөөнүн тууралыгын камсыздоо жөнүндө маалымдашты

Бүгүн, 2021-жылдын 27-ноябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында эл аралык байкоочулар үчүн брифинг болуп өттү.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Кыргызстанда аралаш шайлоо тутуму киргизилди, мында 36 депутат бир мандаттуу округдардан, ал эми 54 – пропорционалдык тутум боюнча шайланат, ал аймактардын өкүлчүлүгүнүн, саясий жана социалдык топтордун балансын камсыздоого багытталган жана ал өлөкбүздүн өнүгүүсүнүн учурдагы этабында парламенттин ролун күчөтүү, аймактардын, саясий күчтөрдүн, социалдык топтордун өкүлчүлүгүнүн балансын камсыздоо үчүн көптөгөн башка варианттардын ичинен тандалып алынган.  54 депутат пропорционалдык тутум боюнча шайланат, мында ар бир партия бүткүл өлкө боюнча 5%дан жана ар бир обулста шайлоого катышкандардын жалпы санынан ар бир облуста 0,1%дан кем эмес добуш алышы керек. 54 депутатты көрсөтүүчү субъект болуп партия эсептелет, алар да өкүлчүлүк боюнча бир жыныстагы талапкерлердин саны 70%дан ашпаган бир катар талаптарды аткарууга тийиш. Эркектер менен аялдардын позициясындагы айырма үч позициядан ашпашы керек, тизмеде жок эле дегенде, ар бир 4-позиция аял болушу керек. Ошондой эле тизмеде 15%дан аз эмеси 35 жаштан төмөнкүлөр, башкача айтканда жаштар, 15%ы башка этносторго тиешелүү өкүлдөр жана тизмеде 2 адамдан кем эмеси майыптыгы бар адамдар болушу керек.  Белгилей кетчү нерсе, 2015-жылдан тартып шайлоочулардын саны табигый өсүшкө жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган калктын санынын өсүшүнө байланыштуу 1 миллион адамга жогорулады. Шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн шарты катары 18 жашка чыгуу жана биометрикалык каттоодон өтүү, жарандардын электрондук шайлоо тизмесине кирүүсү эсептелет. Бул учурда шайлоочулардын тизмеси автоматтык режимде түзүлөт.    Пропорционалдык тутум боюнча саясий партиялар сунуштаган тизме боюнча талапкерлерди Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бардык аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептелет. Бул учурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашап жатышкан шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна киргизилген болуп эсептелет.  Шайлоонун мажоритардык тутуму боюнча Жогорку Кеӊешке 36 депутатты шайлоону өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн. Мыйзамга ылайык, шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар аткарылышы керек:  шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет; шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт; талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат. КР БШК тарабынан 36 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округ болжолдуу шайлоочулардын 100 476 саны +/- 20% менен түзүлгөн. Жаӊы шайлоо тутумунда бир мандаттуу округдар боюнча да, пропорционалдык тутум боюнча да ар бир конкреттүү талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү эӊ чоӊ артыкчылык болуп эсептелет.  Кезектеги шайлоодо шайлоочу идентификация тууралуу 2 чек алат, аларды бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн эки бюллетенге алмаштырат. Шайлоочу идентификация тууралуу чектин ордуна: саясий партияларга жана алардан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүү үчүн – ак, бир мандаттуу округ боюнча талапкер үчүн – көгүш тилкеси бар ак шайлоо бюллетендерин алат.  Добуш берүү аяктагандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыгынын алдын ала маалыматтары байланыштын корголгон каналдары боюнча шифрленген түрүндө АЭУдан БШКнын борбордук серверине автоматтык түрдө берилет жана Маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында (https://newess.shailoo.gov.kg/) дароо жарыяланат.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Р. Момбеков боюнча чечимди добуш берүү күнүнөн кийин даттанат
27.11.2021

БШК Р. Момбеков боюнча чечимди добуш берүү күнүнөн кийин даттанат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Социал-демократтар” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбеков боюнча Бишкек шаардык Административдик сотунун чечимин добуш берүү күнүнөн кийин даттанат. Ж. Баласагын атындагы КУУнун Р. Момбеков тапшырган диплому жалган экендиги тууралуу факт ырасталгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 24-ноябрда өткөн жыйналышында “Социал-демократтар” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Р. Момбековду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. КР БШК чечими «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык кабыл алынган. 27-ноябрда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүп жатканын жана 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунда добуш берүү өтөөрүн эске алып, соттун чечиминин негизинде Р. Момбеков талапкер бойдон калууда. Ошол эле учурда КР БШК өз чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастап, Бишкек шаардык Административдик сотунун чечимин добуш берүү күнүнөн кийин даттанууга укуктуу жана бул аткарылат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө
27.11.2021

Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө

Бүгүн – 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:  добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;  алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар. Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –  добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар, вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 13 396 (2494/1311 УШК) арыз берилди. Анын ичинде: · ден соолугунун абалы боюнча – 5815, · улгайгандыгы боюнча – 5118, · ДМЧА – 607, · кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр – 278, · вахталык ыкма менен иштегендер – 755, · аскер кызматчылары 192, · алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар – 103, · интернат үйлөрдө жашагандар – 214, · алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар – 40, · карылар үйлөрүндө жашагандар – 132, · ооруканаларда жүргөндөр – 142. Облустар боюнча: · Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 856 арыз берилди; · Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШК 4114 арыз берилди; · Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2700 арыз берилди); · Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 480 арыз берилди; · Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди; · Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1963 арыз берилди; · Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1076 арыз берилди; · Ысык-Көл облусу боюнча – 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилди.   Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 (2435/1311 УИК) арыз берилди. Анын ичинде: · ден соолугунун абалы боюнча - 5816, · улгайгандыгы боюнча - 5117, · ДМЧА - 607, · кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр - 67, · вахталык ыкма менен иштегендер - 604, · аскер кызматчылары - 130, · алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар - 40, · интернат үйлөрдө жашагандар – 214, · алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар - 102; · карылар үйлөрүндө жашагандар 88. Облустар боюнча: · Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 836 арыз берилди; · Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШКга 4034 арыз берилди; · Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2571 арыз берилди; · Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 329 арыз берилди; · Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди; · Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1784 арыз берилди; · Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1024; · Ысык-Көл облусу боюнча 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилди.   Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн төмөнкүдөй арыздар берилди: Токтогул АШК - 53 шайлоочу, Чаткал АШК - 0 шайлоочу, Аксы АШК – 58 шайлоочу.  
Кененирээк билүү >>
1 … 162 164 … 485