Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2021-жылдын 26-ноябрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
Коопсуздук Кеңешинин жыйналышында добуш берүүгө даярдык талкууланды
26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйналышы болуп өттү. Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда кыргызстандыктарды алардын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого чакырды.
“Мыйзамдын бардык ченемдерин кынтыксыз аткаруу принциби мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы сыяктуу эле, шайлоо процессинин эң негизги өзөгү болууга тийиш. Эч кимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга укугу жок”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров.
Анын айтымында, шайлоону укуктук талаада гана ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерди сактоо менен өткөрүү Кыргыз Республикасында кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн орун алганынын көрсөткүчү болот. “Бийлик органдары шайлоо элдин чыныгы эркин чагылдырышы үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Биз шайлоону, бардык талапкерлер, саясий күчтөр, көз карандысыз байкоочулар жана дүйнөлүк коомчулук жана биринчи кезекте биздин шайлоочулар тарабынан таанылгыдай өткөрүүгө милдеттүүбүз.
„2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыкта мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалын депутаттыкка талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына пайдаланууга түздөн-түз тыюу салган ченемдер камтылган. Аны менен бирге шайлоо мыйзамдарын бузган кызмат адамдарын ээлеген кызматынан кечиктирбестен бошотуу тууралуу тапшырма коюлган.
Ошентип, мамлекет талапкерлердин чыныгы турмуштук жана амбициялуу саясий программаларына таянуу менен коомдогу биримдикти бекемдей алат, экономиканы андан ары өнүктүрүп, жарандардын жыргалчылыгын жогорулата алат. Бардык талапкерлердин жана саясий бирикмелердин эл алдындагы өз жоопкерчилигин түшүнүүсү жана өлкөдө
коомдук-саясий туруктуулукту сактоо үчүн бардыгын жасоосу абдан маанилүү экенин мен баса белгилеп кетем”, - деп айтты С.Жапаров.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси А. Жапаров өз сөзүндө жапырт каттого, ошондой эле шайлоо процессинин убагында медиктер, мугалимдер жана бюджеттик уюмдардын башка кызматкерлери тартылган маселелерге токтолду.
КР БШК төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова добуш берүү күнүнө карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодо шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү максатында шайлоо комиссиясында 36 округдук шайлоо комиссиясында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча кайрылууларды Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо процессинин башка катышуучулары боюнча – аймакка караштуулугуна жараша – округдук шайлоо комиссиялары карайт.
Өткөрүлгөн жыйналыштардын жыйынтыгы боюнча бардык ЫЧКТларга мыйзам бузууларга ыкчам (үч күндүк мөөнөттө) чара көрүү, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен иштерди тыгыз координациялоо боюнча тапшырмалар берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы ички иштер, прокуратура органдарынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 600дөн ашык өкүлүн шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, конституциялык-укуктук жоопкерчилик, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого көзөмөл боюнча окутту.
Бардык облустарда жана Бишкек шаарында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө
шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйналыштары өткөрүлдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана акыйкаттыгын арттыруу максатында добуш берүү күнүнө даярдык көрүү алкагында шайлоо процессинин 50 миңден ашык ар түрдүү катышуучусун окутууну уюштурду. Аралаш шайлоо тутуму боюнча шайлоо өнөктүгү уюштурулду.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Көзөмөлдөө-текшерүү тобу маалымдайт
БШК Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (КТТ) шайлоо маалындагы жасалган иштери тууралуу маалымдайт.
Конституциялык мыйзамдын 42-беренесине ылайык, Көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун киреше жана чыгымдалган каражаттары тууралуу биринчи каржы отчетторун текшерүүдө, мыйзам ченине ылайык, аларды берүүнүн мөөнөтү 2021-жылдын 17-нобярында аяктаган (б.а. добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирилбестен).
Натыйжада, биринчи каржы отчету төмөнкүлөр тарабынан берилген эмес:
- «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынан - 1 (21 катталган, шайлоого катышуусун уланткан саясий партиянын ичинен);
- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 23 талапкер (шайлоого катышууну уланткан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 287 талапкерден):
«Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы жана 23 талапкерге мыйзам чендерин бузгандыгы тууралуу кат жөнөтүлдү.
Бардыгы болуп бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 22 саясий партия (1 шайлоого андан ары катышуудан баш тартты) жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан 321 талапкер (34 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты) шайлоо фонддорун түзгөн.
2021-жылдын 240-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 208 418 372.50 сом келип түшкөн, анын ичинен 162 252 129,38 сом чыгымдалган; бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддоруна 240 585 745,00 сом келип түшкөн, 182 084 873,40 сом чыгымдалган.
2021-жылдагы КР ЖК шайлоолору менен салыштырмалуу 2020-жылдагы КР ЖК шайлоосундагы шайлоо өнөктүгүн каржылоого жүргүзүлгөн салыштырма иликтөө 16 саясий партиянын шайлоо фондуа келип түшкөн сумма 2021-жылдагы 21 саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттардын суммасынан 3,2 эсе көп экенин, ал эми чыгымдалган каражаттар 4,1 эсе жогору болгондугун көрсөттү (таблицадан караӊыз).
Берененин аталышы
2020-жыл
2021-жыл
Айырма
Шайлоого катышкан саясий партиялардын саны
16
21
2021-жылы 5ке көп
Шайлоо фондуна келип түштү
668 865 108,00
208 418 372,50
2020-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге көп
Шайлоо фондунан чыгымдалды
668 572 980,00
162 252 129,38
2020-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 4,1 эсеге көп
Бул маалыматтар шайлоо фонддорун түзүүнүн жана атайын эсептерди жүргүзүүнүн мыйзамда каралган жаӊы чендери жана жол-жоболору шайлоо фонддорунун каражаттарын максатсыз пайдалануу кооптуулугун минималдаштырып, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн шарттарды бирдей кылып койгондугун көрсөтүп турат. Талапкер, саясий партиялар менен жеке, юридикалык жактардын ортосундагы иштерди аткаруу/кызматтарды көрсөтүү үчүн эсептешүүлөрү келишимдик түрдө, нак эмес, которуу аркылуу жүргүзүлөт. Ошону менен бирге эле, «Каржылык ачык-айкындуулук» автоматтык маалыматтык тутум аркылуу (АМТ) БШКга киргизилген шайлоо процессинин каржылык ачык-айкындуулугунун стандарты жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын кирешеси жана чыгымдары тууралуу маалыматты майда-баратына чейин БШКнын расмий сайтында чагылдырууга мүмкүндүк берет. БШКнын аталган автоматташтырылган тутуму (АМТ) шайлоо фонддорунун эсебине ар бир акча каражатын жөнөтүүчүнү жана кабыл алуучуну идентификациялоого мүмкүндүк берет жана ар бир шайлоочу үчүн талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюча маалыматтын таза жана ачык булагы болуп эсептелет.
Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Ыктыярчылар шайлоочуларды маалымдоодо Боршайкомго жардам беришти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ыктыярчылар менен биргеликте алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу шайлоочуларга маалымат берүүнү уюштурду.
Ыктыярчы жаш шайлоочулар – Кыргыз Республикасынын Президенти алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Республикасынын медициналык академиясынын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери.
Акциянын алкагында студенттер Жогорку Кеӊештин ыйгарым укуктары жана Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоо тартиби тууралуу КР БШК маалыматтык материалдарын (лифлеттерди жана буклеттерди) таратышты. Ыктыярчылар шайлоодо шайлоо бюллетендерин кантип туура толтуруу керектигин, талапкерлер жана партиялар жана алардын шайлоо алдындагы программалары менен кай жерден таанышууга боло тургандыгын түшүндүрүп беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Түрк мамлекеттери Уюмунун Миссиясына парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Гизмат Гозалов жетектеген Түрк мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) байкоочулар Миссиясы менен жолугушту.
КР БШК төрагасы 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Алдыда күтүлүүчү Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өткөрүлөт, бул көз карандысыз талапкерлердин катышууга болгон суроо-талабын канааттандыруу эле, анткени, мурунку тутумдун тушунда партиялар талапкерлерди көрсөтүүдө монополисттерге айланып кеткен. Бул сунуштар, ошондой эле, 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мониторингдик миссиялардын отчетторунда да берилген.
Мекемелер аралык жумушчу топ Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун мүмкүн болгон варианттарын изилдөө менен кемчиликтери болбогон бир да оптималдуу шайлоо тутуму жок экен деген тыянакка келди. Чечим кабыл алуу үчүн эки вариант сунушталды – ачык тизмелүү пропорционалдык тутум жана жабык тизмелүү аралаш тутум, мында бир мандаттуу компонент менен бирге эле жабык тизмелүү пропорционалдык компонент да бар.
Пропорционалдык тутум боюнча көрсөтүүдө бир жыныстуу адамдардын 70%дан ашпаган талабы сакталат, аялдар менен эркектердин ортосундагы айырма үч позициядан ашпашы керек. “Электрондук талапкер” тутуму тизмени түзүүдө пайыздык катышты дароо аныктайт жана талаптар аткарылбаган учурда тизмени кабыл албай коет.
Талапкерлердин 15%дан кем эмеси 35 жаштан ашпашы керек – бул да мурунку талап, мында жаӊылыгы – алардан үчтөн кем эмес талапкер алдыӊкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. “Электрондук талапкер” тутуму ошондой эле бул тизмени көзөмөлдөп турат. Үчтөн кем эмес талапкер майыптыгы бар адамдардан болушу керек, алардын бирөөсү алдыӊкы 25 талапкердин тизмесине кириши керек.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоодо бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу 13 396 арыз келип түштү:
Баткен облусу – 856;
Ош облусу – 4114;
Жалал-Абад облусу – 2700;
Талас облусу – 480;
Чүй облусу – 1550;
Бишкек ш. – 1963;
Нарын облусу – 1076;
Ысык-Көл облусу – 657.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 арыз келип түштү:
Баткен облусу – 836;
Ош облусу – 4034;
Жалал-Абад облусу – 2571;
Талас облусу – 329;
Чүй облусу – 1550;
Бишкек ш. – 1784;
Нарын облусу – 1024;
Ысык-Көл облусу – 657.
АШКсынын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоо үчүн 53 шайлоочу, Тогуз-Торо АШК - 4, Чаткал АШК - 0 шайлоочу, Аксы АШК - 58, Кара-Суу АШК - 81 шайлоочу арыз беришти.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:
добуш берүү күнү ооруканада жаткан, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:
добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
умуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар,
вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
Кененирээк билүү >>
Партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө добуш берүүнүн жыйынтыгынын ишенимдүүлүгү кантип камсыздалаарын көрсөтүштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө добуш берүүнүн тазалыгын жана добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоочу технологияларды көрсөтүштү.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Кыргызстанда шайлоо тутумун реформалоонун натыйжасында шайлоочулардын тизмесин түзүүдө ачык-айкындуулукка, шайлоо участкаларында добуш берүүнүн ачык-айрымдуулугуна жана эркиндигине, добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүнө жетише алдык деп билдирди.
Ишенимдүүлүк улуттук шайлоо тутумун реформалоодо маанилүү жетишкендик болуп эсептелет. Дүйнө жүзүндө бардык эле өлкөлөрдө ишенимдүүлүктүн мындай деӊгээлине жетише элек. Ондогон жылдар бою өлкөбүздө добуш берүүнүн жыйынтыгын жалганга чыгарып келишкен, «Бир шайлоочу – бир добуш» принциби камсыздалган эмес.
Добуш берүүгө жеткиликтүүлүк маселесин чечүүдө көз карандылыкты камсыздоонун алкагында шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча ыйгарым укуктар МККдан БШКга өткөрүлүп берилди. Добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн жалпы шарттарын жакшыртуу үчүн «Тизме» порталы (https://tizme.gov.kg/) ай сайын актуалдаштырылып турат. Ыӊгайлуулук үчүн жарандардын шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо мөөнөтү 20 күнгө узартылды. Ал эми республикадан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар үчүн шайлоо участкаларынын саны 44 кө көбөйтүлдү. Консулдук каттоого алууда шайлоо укуктарынын артыкчылыктары киргизилген.
Жолугушуунун катышуучуларына шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыздоонун бүткүл алгоритми тууралуу айтып беришти. Алсак, добуш берүү күнү табы текшерилип, колду санитайзер менен чайкап, коргоочу беткапты алгандан кийин, ар бир шайлоочу манжанын изин же беттин геометриясы боюнча сканерлөө аркылуу идентификациядан өтөт. Добуш берүүчү жайда шайлоочуну идентификациялоо идентификациялоочу тутум ишке киргизилгенде фамилиясы кийрилген УШК мүчөсү менен биргеликте идентификациялоо оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында КР БШК добуш берүү күнүнө карата 7 160 идентификациялоочу операторду окутту.
Идентификациянын жүрүшүндө оператор УШК мүчөсү менен биргеликте жарандарга идентификациялоонун жол-жоболорун түшүндүрөт. Идентификациялоочу оператор жаран паспортун көргөзгөн учурда милдеттүү түрдө паспорттогу сүрөт менен шайлоочуну салыштырып, визуалдык текшерүүдөн өткөрөт. Дал келген учурда идентификациялоочу оператор шайлоочунун паспортунун MRZ-аймагын сканерлөө камерасынын жардамы менен сканерлейт, андан соӊ аталган шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын электрондук тизмесинен шайлоочуну автоматтык түрдө издөө башталат. Дал келбеген учурда – идентификациялоочу оператор паспортту шайлоочуга кайтарып берет, шайлоочуну идентификациялоого жол берилбейт.
Паспорту боюнча шайлоочу идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда биометрикалык маалыматтары – колдун манжасынын издери боюнча идентификация жүргүзүлөт. Манжанын издерин сканерлөөгө жасалган аракет – 10 (он).
Манжанын изи боюнча шайлоочу идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда ноутбуктун мониторуна жана обзордук мониторго: идентификациядан өткөн шайлоочунун тизмесиндеги шайлоочунун сүрөтү, катар номуру жана аты-жөнү, аталган участокто идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы саны чыгат, идентификациядан кийин шайлоочу үчүн шайлоочулардын тизмесиндеги номуру көрсөтүлгөн чек чыгарылып берилет.
Чекте төмөнкүлөр: чектин катар номуру, УШКнын номуру, шайлоочуну идентификациялоо датасы жана убактысы, шайлоочунун жекече идентификациялык номуру (ПИН), шайлоочунун аты-жөнү, шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочунун катар номуру көрсөтүлөт.
Манжанын изи боюнча идентификациядан өтпөй калган учурда, шайлоочу камераны колдонуу менен бети боюнча идентификациядан өтөт. Бул учурда шайлоочунун бети тийиштүү шайлоо участкасынын биометрикалык маалыматтар базасындагы сүрөтү менен салыштырылат. Бети боюнча идентификциялоо аракетинин саны – 1 (бир). Бети боюнча идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда – шайлоочу идентификациядан өткөндүгү тууралуу чек автоматтык түрдө чыгарылат.
Шайлоочуну идентификациялоо процесси чек чыгарылгандан кийин бүттү деп эсептелет. Жаран манжасынын изи же бети боюнча идентификациядан өтүп, бирок чек чыгарылбай калса, идентификациялоо процесси аяктады деп эсептелбейт жана идентификациялоо жол-жобосу кайрадан жасалат.
Кезектеги шайлоодо шайлоочу идентификациялоо тууралуу 2 чек алат, аларды бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн эки бюллетенге алмаштырат. УШК мүчөсү шайлоочуну кагаз түрүндөгү тизмеде каттоого алат, шайлоочу кагаз түрүндөгү тизмеде өзүнүн маалыматтары жазылган тушка колун коет.
Идентификациялоо тууралуу чектин ордуна шайлоочу– саясий партия жана алардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүдө ак, ал эми бир мандаттуу округ боюнча талапкер үчүн – көгүш тилкеси бар ак шайлоо бюллетендерин алат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде чүчү кулак менен аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлгөн. Ар бир шайлоо округунда аталган округда катталган гана талапкерлер көрсөтүлгөн. Талапкерлердин тизмесинин аягында «Баарына каршы» деп жазылган сап жайгаштырылган, анын оӊ жагында бош чарчы бар. Ача белги тандоо жасалган талапкердин тушундагы чарчыга же «Баарына каршы» деген чарчыга коюлушу керек.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетени эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө партиянын аталыштары чүчү кулак менен аныкталган тартипте жайгаштырылган. Ар бир саясий партиянын оӊ жагында бош чарчы жайгаштырылган. Тизменин аягында «Баарына каршы» деп жазылган сап жайгаштырылган, анын оӊ жагында бош чарчы бар.
Шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө тышкы сол жак тарабында номерленген 54 бош чарчы жайгаштырылган. Бош чарчынын номуру саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталган талапкердин катар номуруна дал келет.
Добуш берүү аяктагандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыгынын алдын ала маалыматтары автоматтык түрдө ширфленип, корголгон байланыш каналдары боюнча АЭУдан БШКнын борбордук серверине берилет жана Маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында дароо жарыяланат (https://newess.shailoo.gov.kg/).
Маалыматтык шайлоо тутуму (МШТ) төмөнкүлөрдөн турат:
модеми бар автоматтык эсептөөчү урнадан (АЭУ) – ар бир УШКга 2 АЭУ, ошондой эле АШКларда резервден - 20%,
маалыматтарды берүү боюнча байланыштын корголгон каналдарынан;
байланыштын негизги жана резервдик каналдарына ээ сервердик жана тармактык жабдуулардан;
АЭУлардан маалыматтарды чогултуу боюнча программалык камсыздоодон;
МШТ сайтынан – newess.shailoo.gov.kg.
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз (кол менен) эсептөөнүн алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялайт, бул тууралуу өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго тиркелет жана бардыгына жарыяланат. Мөөр басылган автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, мөөр басылган биринчи жана жыйынтыктоочу идентификациялоо боюнча отчеттор добуш берүүчү жайдагы саясий партиялардын бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.
Округдук шайлоо комиссиясы УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдордун биринчи экземплярларын башка шайлоо документтери менен кошо алат жана андагы маалыматтарды кошуу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөндүгүн текшергенден кийин округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу аркылуу бир мандаттуу округ боюнча жана бирдиктүү округ боюнча тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 25-ноябрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
Республикалык штабдын жыйналышында 28-ноябрдагы добуш берүүгө даярдык талкууланды
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген жыйналышында добуш берүү күнүнө даярдык талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйналышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, штабдын тең төрагасы – Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова, Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы катышты.
М. Иманкуловдун айтымында шайлоо өнөктүгүнүн убагында терс көрүнүштөрдүн санын олуттуу азайтууга жетишилди. Ал президент С.Жапаровдун «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында жана Республикалык штабдын талаптарында мамлекеттик органдарга мыйзамдарды так сактоо жана буйруктарды кынтыксыз аткаруу боюнча так тапшырмалар берилгенин эске салды.
А. Жапаров өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында шайлоо процессинин шарттары өзгөргөнүн айтып, өлкөнүн парламентинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.
“Шайлоо процессине билим берүү, медицина тармактарынын кызматкерлерин, техникалык кызматкерлерди тартууга тыюу салынды. Биздин милдет – жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсүнө зарыл шарттарды түзүү”, - деп айтты ал.
Кабминдин башчысы шайлоо участоктору керектүү жабдыктар, байланыш жана интернет менен жабдылгандыгын баса белгиледи. Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 млн сом бөлүндү.
“Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо участогунда тийиштүү санитардык талаптар сакталууга тийиш. Эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Шайлоо участоктору интернет, электроэнергиясынын генераторлору, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, жардамга чакыруу баскычтары менен камсыздалышы керек”, - деп айтты ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 3 625 277 бюллетень (анын ичинде 2435 бюллетень Брайль ариби менен) даярдалды.
Бишкек шаарына – 430 659 бюллетень;
Баткен облусуна – 305 856 бюллетень;
Жалал-Абад облусуна – 687 027 бюллетень;
Ош шаарына жана Ош облусуна – 900 842 бюллетень;
Нарын облусуна – 209 181 бюллетень;
Талас облусуна – 163 090 бюллетень;
Чүй облусуна – 611 621 бюллетень;
Ысык-Көл облусуна – 317 001 бюллетень.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы 7 327 923 бюллетень даярдалды.
Даярдалган бюллетендер 2021-жылдын 21-ноябрында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү участокторго жөнөтүлдү.
Бүгүнкүго карата 21 саясий партиянын 1 015 талапкери жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 296 талапкер катталды. Шайлоочулар бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтар менен https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary сайтынан же КР БШКнын сайтынан https://shailoo.gov.kg/ru/news/5939/ и https://shailoo.gov.kg/ru/news/5934/ шилтемелери боюнча, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган 12 облустук гезиттен же бардык шайлоо участокторунда жайгаштырылуучу маалыматтык плакаттардан таанышса болот.
Жыйналышта Саламаттык сактоо, Энергетика, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин парламентти шайлоону өткөрүүгө даярдыктары тууралуу баяндамалары дагы угулду.
Жыйналыштын соңунда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгын аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 3 арыз түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында төмөнкү талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады.
Ошентип, КР БШКга арыз бергендер:
- Борочоров Талантбек Айсаракунович, №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович, №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Ибраимова Атыркуль Сыйдалиевна, №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 24-ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24 ноябрь 2021-ж.
Убактысы:
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Борочоров Талантбек Айсаракуновичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Атыркул Сыйдалыевнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанкулов Касым Абдусаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Досанов Нурбек Маликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. «Ишеним» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. «Улуттар биримдиги» элдик партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы –Кутуева Л.А., эл аралык бөлүмүнүн эксперти)
9. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
10. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кулматов Эделбек Маматкуловичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
11. «Ата-Мекен» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
12. «Мекенчил эл» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
13. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
14. №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Коргонбай уулу Жусупбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
15. «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Р. Момбековго тиешелүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
16. №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер М.Дж.Саккараевне тиешелүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
17. № 6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер И.Маннановго тиешелүү Араван районунун Ички иштер башкармалыгынын материалдары жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
18. № 7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Ж.Камчиевге тиешелүү Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын материалдары жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
19. № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Б.Ж. Курмановдун үгүт материалдары тууралуу Е.Б. Токтогуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
20. «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер М. Букуевдин үгүт материалдары тууралуу Е.Б. Токтогуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
21. «Ишеним» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Б.Шабазовдун үгүт материалдары тууралуу Е.Б. Токтогуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
22. «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер К.Малтаеванын үгүт материалдары тууралуу Е.Б. Токтогуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
23. № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер А.Таштанбековдун үгүт материалдары тууралуу Е.Б. Токтогуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
24. № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер М.Рыскуловдун үгүт материалдары тууралуу Е.Б. Токтогуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
25. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун “Ишеним” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Ш.А. Умарбековго тийиштүү маалыматы жөнүндө
26. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Г. Култаевага тийиштүү маалыматы жөнүндө
27. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын депутаттыгына талапкер Э. Абдыкадыровго тийиштүү маалыматы жөнүндө
28. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун «Азаттык» саясий партиясына тийиштүү маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
29. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине мониторинг жүргүзүү үчүн 736 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-ноябрында болуп өткөн өзүнүн кезектеги жыйынында 295 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
Ошентип, 2021-жылдын 23-ноябрына карата БШК бардыгы болуп төмөнкү уюмдардын атынан 736 эл аралык байкоочуну аккредитациялады:
Организации
Количество наблюдателей
Избирательные органы: - 14
36
Международные организации: - 20
636
Дипломатические представительства: - 20
64
Всего: 736
Парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөнкү уюмдар эл аралык байкоочуларды жиберишти:
КМШдан миссия (анын ичинде КМШ ПААдан жана ЖККУ ПА топтору) бардыгы 190 байкоочу;
Миссия ДИАУБ ОБСЕ – 288 байкоочу (50 узак мөөнөттөгү жана 238 кыска мөөнөттөгү);
ОБСЕ Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 70 байкоочу;
ШКУ Миссиясы – 17 байкоочу;
Европа Кеӊешинин Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 14 байкоочу;
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 19 байкоочу;
Түрк мамлекеттери уюмунун Миссиясы – 9 байкоочу;
Ислам кызматташтыгы уюмунун Миссиясы – 5 байкоочу ж.б.
КМШ Миссиясы жана ДИАУБ ОБСЕ шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү боюнча Кыргызстанда өз ишин баштады. Бул учурда байкоо жүргүзүүлөр узак мөөнөттөгү байкоочулар тарабынан борбор калаада жана ошондой эле өлкөнүн аймактарында да жүргүзүлүүдө.
Эл аралык уюмдардан тышкары байкоо жүргүзүү чет өлкөлүк шайлоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан да ишке ашырылат. Кыргызстан БШКсы Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Казахстандын, Латвиянын, Литванын, Мальдивынын, Молдованын, Россиянын, Румыниянын, Тажикстандын, Түркиянын, Украинанын жана Өзбекстандын БШК өкүлдөрүн аккредитациялады.
Чет өлкөлүк шайлоо органдарынан келген коллегалар тарабынан шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине байкоо жүргүзүүдөн кийин жасалган мониторинг КР БШК үчүн өлкөдөгү шайлоо системасына ар тараптуу жана объективдүү сереп салууда, мыйзамдык базадагы мүмкүн болгон калпыстыктарды аныктоодо жана аларды жоюуда, ошондой эле колдонулуучу жол-жоболорду жакшыртууда олутуу мааниге ээ.
Ошондой эле чет өлкөлүк 19 элчиликтин өкүлдөрү да эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтүштү.
Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктары ал аккредитациядан өткөн күндөн башталып, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган күнү аяктайт. Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтө алышпайт.
Аккредитациядан өтүшкөн эл аралык байкоочулар бардык шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга жана аларда ары-бери жүрүүгө укуктуу.
Эл аралык байкоочулардын Кыргызстанда болуусунун программасына БШК төрагасы, Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын жетекчилери, саясий партиялар, ЖМК жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен боло турган жолугушуулары, ошондой эле төмөнкү иш-чаралар камтылган:
2021-жылдын 27-ноябрында – Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жана шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүүлүгүнүн жана тазалыгынын заманбап технологияларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу эл аралык жана коомдук байкоочулар үчүн БШК Төрагасынын презентациясы;
2021-жылдын 28 ноябрында – добуш берүүнүн жүрүшүндө байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участкаларына баруу;
2021-жылдын 29-ноябрында – байкоо жүргүзүү миссиясы шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча өз корутундуларын жана сунуштарын түз эфирде билдиришет.
Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө тиешелүү бардык актуалдашырылган маалымат БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg. «Эл аралык байкоочулар» бөлүмүндө жарыяланат.
Кененирээк билүү >>
Жаш шайлоочулар интеллектуалдык оюнда шайлоо мыйзамдары боюнча өз билимдерин текшерип көрүштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «"Илек-Илек жаштары" жаштар уюму менен биргеликте жана USAIDдин колдоосунда Шайлоо системаларынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү менен шайлоого катышууну кеӊири жайылтуу боюнча жаш шайлоочулар үчүн интеллектуалдык оюнду уюштурду.
Жаш шайлоочулар үчүн бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жол-жоболору түшүндүрүлүп, эки бюллетенди толтуруу боюнча түшүнүк берилди.
Ошондой эле БШК добуш берүүнүн жыйынтыгынын тазалыгынын камсыздалышын көрсөтө алды, аны биометрикалык идентификация жана автоматтык эсептөөчү урналар камсыздады. Мындан тышкары, Маалыматтык шайлоо тутум тууралуу да айтып беришти. Жаш шайлоочулар шайлоо процессинин тазалыгына ынануу менен, добуш берүүнүн симулациясына катыша алышты.
Оюндун жүрүшүндө студенттер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык мыйзам боюнча, аралаш шайлоо тутуму, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү жол-жоболору тууралуу суроолорго жооп беришти.
Ошондой эле шайлоочулардын тизмеси жана шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын саны, шайлоодо жаштардын активдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиясынын түзүлүшү боюнча да суроолор берилди.
Калыстар тобуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дайындалды.
Жеӊүүчүлөр чубалгысыз наушниктерди, ноутбуктар үчүн муздатуучу койгучтарды, фитнес-билериктерди, футболкаларды алышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 3 арыз түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-ноябрындагы жыйынында төмөнкү талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады:
- Айталиев Таалайбек Доолотказиевич, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Маматалиев Нурбакыт Мухтарович, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
- Саяк кызы Элзат, №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК автоматтык эсептөөчү урналардын 4,8 миӊ операторун окутту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого техникалык жактан даяр. Бул тууралуу Маалыматтык шайлоо тутумунун (МШТ) жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) программалык камсыздалышын жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Марс Наспеков маалымдады.
БШК балансында 5 716 автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) бар, алар учурда диагностикадан жана шайлоо алдындагы даярдыктан өтүп жатат, жана ар бир шайлоо участкасына экиден бөлүштүрүлөт. Резервдик АЭУлар АШКлар боюнча бөлүштүрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы жаӊы тутум боюнча шайлоону өткөрүүдө шайлоо жабдууларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү боюнча системдик операторлорду окуудан өткөрдү.
Алар, өз кезегинде, 4 870 автоматтык эсептөөчү операторду окутушту. Операторлорго АЭУ конфигурациялары, термопринтерди иштетүү, тесттик добуш берүүнү өткөрүү, участкалык шайлоо комиссиясынын отчетун жана протоколун серверге жөнөтүү тууралуу айтып беришти. Түзүлүштү диагностикалоо, бюллетенди каллибровкалоо тууралуу кеӊири түшүнүк берилди. Окуунун жүрүшүндө операторлор бюллетень тыгылып калган учурда кантип оӊдоо керектиги, талапкер чыгып кеткен учурда АЭУну кантип тууралоо керектиги боюнча көндүмдөргө ээ болушту.
Ошондой эле БШК коргоо тутумдарынын үзгүлтүксүз иштөөсү жана маалыматтардын коопсуздугу үчүн бардык чараларды кабыл алынып, киберкоопсуздук боюнча туруктуу негизде иш жүрүп жатат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК добуш берүү күнүнө карата 7,1 миӊ идентификациялоочу операторду окутту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого техникалык жактан даяр. Бул тууралуу Маалыматтык шайлоо тутумунун (МШТ) жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) программалык камсыздалышын жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Марс Наспеков маалымдады.
Бардык шайлоо участкалары шайлоочуларды идентификациялоочу 2 494 комплект менен жабдылган, алар шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу маалында маалыматтарды тактоо боюнча арыз берүү учурунда колдонулган. Шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгили аяктагандан кийин аталган комплекттер добуш берүү үчүн кайрадан даярдалып чыккан.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте добуш берүү күнүндө шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууну даярдоо жана комплектациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бардыгы болуп резервди эсепке алганда, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу 6 700 комлпект бар.
Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы ЕККУнун колдоосу менен добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоону эксплуатациялоо боюнча 90 тренерди окутту. Экинчи этапта добуш берүү күнүнө карата шайлоочуларды идентификациялоочу 7 160 операторду окутуу ишке ашырылды.
Идентификациялоочу операторлорго шайлоочуну идентификациялоо процессинин жана арыз берүүнүн өзөчөлүктөрүн, ошондой эле кемчиликтерди жоюу усулдарын түшүндүрүп беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.10.2026
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16.10.2026
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
16.10.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады