Башкы Жаңылыктар Шайлоо дайындалгандан тартып ЫЧКТга 106 арыз түштү

Шайлоо дайындалгандан тартып ЫЧКТга 106 арыз түштү

28-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан тартып 2021-жылдын 28-ноябрында добуш берүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна  106 арыз, даттануу, кайрылуу түштү.

ЫЧКТнын жетекчиси, КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында, бул 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого салыштырганда 4,5 эсе аз.

1. Арыздардын/кайрылуулардын категориялары:

  • Шайлоочуларды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу – 54;
  • Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу тууралуу – 8;
  • Административдик ресурсту кыянат пайдалануу тууралуу – 37;
  • Шайлоо фондунан тышкары каражаттарды пайдалануу тууралуу – 3;
  • Башка бузуулар – 4.
  1. Региондор:
  • Бишкек – 10
  • Баткен облусу7
  • Жалал-Абад облусу - 13
  • Ысык-Көл облусу 5
  • Нарын облусу 11
  • Ош облусу22
  • Талас облусу7
  • Чүй облусу31.

3. Укук коргоо органдары көргөн чаралар:

• 7 факт боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү;

• 4 факт боюнча жарандарга шектенүү жөнүндө билдирме берилди.

(*БШК чечими менен шайлоочуларды сатып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары эске алынды, териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү баа берилет).

• 59 факт боюнча материалдар номенклатуралык ишке эсептен чыгарылды/териштирүү кылмыш/жорук курамы болбогондугуна байланыштуу токтотулду;

• 10 факт боюнча материалдар Бузуулар жөнүндо кодекске ылайык чара көрүү үчүн шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү;

• 15 факт боюнча сотко чейинки териштирүү/текшерүү жүргүзүлүүдө;

• 1 факт боюнча башка чара көрүлдү: Ленин районунун прокуратурасы тарабынан ЭжФМге караштуу МСКга 15 ст. КР КМдин 22-беренесинин 15-бөлүгүн, ошондой эле п. 3 КР П 01.11.2021-ж. №512 ПЖ 3-пунктун бузгандыгы үчүн А. Аманкуловго карата сунуштама жөнөтүлдү;

• 18 факт боюнча маселе каралууда.

4. ЫЧКТны маалыматтары боюнча БШК/ОШК көргөн чаралар:

1. талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды:

  • №26 Ленин  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. Жолдошбаевди каттоо жокко чыгарылды.  

2. 1 саясий партияга жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди:

  • “Азаттык” саясий партиясына.

3. төмөнкү талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди:

•        О. Нурбек уулуна – №32 Кочкор шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Н. Талиповго – №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Ш. Ташиевге – №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        К. Мамыровго – №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Б.К. Райымкуловго – №22 Жайыл шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        У. Примовго – №11  Алай шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Б.Э. Тентишевге – «Ынтымак» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер;

•        Д. А. Эдигеевге – №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        М.Р. Назарбековго – №22 Манас шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Ю.В. Лилиенталга  – №13  Сузак шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Э.М. Абдыкадыровго – №21  Талас шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

•        Ш.А. Умарбековго  – «Ишеним» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер:

•        Г.О. Култаевага – «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер:

•        Э.Т. Аширбаевге – №11  Алай шайлоо округу боюнча ЖК КР депутаттыгына талапкер;

4. шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн 1 оозеки эскертүү берилди:

  • “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына.

 

5. башка адамдарга 3 эскертүү берилди:

  • №2017 УШК төрагасы М. Мурзаевге – шайлоо процессине байланышпаган иш жүргүзгөндүгү үчүн;
  • жаран А.И. Коваленкого, “Манас” СК грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу – шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн;
  • жаран М. Мамадалиевге негизсиз даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн.

6. Төмөнкүлөргө 45 000 сом суммасында 6 айып пул салынды:

  • З. Абдувалиевге - №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерге 7 500 сом өлчөмүндө;
  • “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж.Бакировго 7 500 сом өлчөмүндө;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн ЖК КР депутаттыгына талапкер Д.  Бекешевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А. Толоновага 7 500 сом өлчөмүндө;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жаран Д. Тургуналиевге 7 500 сом өлчөмүндө;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жаран А. Касымовага –  7 500 сом өлчөмүндө;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн жарандар  Л. Мадумаров менен К. Салиевге 7 500 сом өлчөмүндө.

7. тиешелүү органдарга жөнөтүү тууралуу 2 чечим кабыл алынды:

  • баш ийген кызматкерлерине талаптагыдай контроль жүргүзбөгөндүгү үчүн ОшМунун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо жана  тиешелүү чара көрүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштама жөнөтүлдү;
  •  “Кадастр” ММдин Базар-Коргондогу филиалынын директору А. Султаналиевге карата аны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке кат  жөнөтүлдү.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>