Башкы Жаңылыктар Саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

28-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү тууралуу билдирет. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын келүүсү 107 852 адамды же жалпы шайлоочулардын санынын 2,91%ын түздү.

Баткен облусу – 9 553 шайлоочу же 3,12%,

Жалал-Абад облусу – 22 253 шайлоочу же 3,25%,

Ош облусу – 26 849 шайлоочу же 3,62%,

Бишкек ш. – 12 259 шайлоочу же 2,81%,

Ош ш. – 5 373 шайлоочу же 3,45%,

Талас облусу – 4 267 шайлоочу же 2,64%,

Нарын облусу – 5 645 шайлоочу же 2,73%,

Чүй облусу – 13 829 шайлоочу же 2,26%,

Ысык-Көл облусу – 7 238 шайлоочу же 2,30%,

Чет өлкөлөрдө – 586 шайлоочу же 0,70%.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын келүүсү 103 332 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 2,86%ын түздү.

№1 Лейлек шайлоо округу – 3 583 шайлоочу же 3,98%,

№2 Баткен шайлоо округу – 2 596 шайлоочу же 2,55%,

№3 Кадамжай шайлоо округу – 2 810 шайлоочу же 2,48%,

№4 Көк-Жар шайлоо округу – 2 996 шайлоочу же 3,74%,

№5 Ноокат шайлоо округу – 2 300 шайлоочу же 2,81%,

№6 Араван шайлоо округу – 2 925 шайлоочу же 3,21%,

№7 Ош шайлоо округу – 3 788 шайлоочу же 3,41%,

№8 Төлөйкөн шайлоо округу – 3 534 шайлоочу же 2,98%,

№9 Кара-Суу шайлоо округу – 3 266 шайлоочу же 3,25%,

№10 Куршаб шайлоо округу – 4 270 шайлоочу же 3,81%,

№11 Алай шайлоо округу – 3 084 шайлоочу же 2,69%,

№12 Өзгөн шайлоо округу – 4 956 шайлоочу же 5,55%,

№13 Сузак шайлоо округу – 3 124 шайлоочу же 2,80%,

№14 Жалал-Абад шайлоо округу – 1 918 шайлоочу же 1,80%,

№15 Базар-Коргон шайлоо округу – 2 753 шайлоочу же 2,44%,

№16 Ноокен шайлоо округу – 3 569 шайлоочу же 3,75%,

№17 Аксы шайлоо округу – 2 739 шайлоочу же 3,45%,

№18 Ала-Бука шайлоо округу  – 2 378 шайлоочу же 2,97%,

№19 Токтогул шайлоо округу – 3 913 шайлоочу же 3,92%,

№20 Манас шайлоо округу – 2 165 шайлоочу же 2,62%,

№21 Талас шайлоо округу – 1 876 шайлоочу же 2,34%,

№22 Жайыл шайлоо округу – 2 090 шайлоочу же 2,10%,

№23 Москва шайлоо округу – 1 734 шайлоочу же 1,97%,

№24 Сокулук шайлоо округу – 1 715 шайлоочу же 1,71%,

№25 Аламүдүн шайлоо округу – 1 793 шайлоочу же 1,61%,

№26 Ленин шайлоо округу – 2 721 шайлоочу же 2,44%,

№27 Биринчи Май шайлоо округу – 3 997 шайлоочу же 3,65%,

№28 Октябрь шайлоо округу – 2 631 шайлоочу же 2,49%,

№29 Свердлов шайлоо округу – 3 516 шайлоочу же 3,40%,

№30 Ысык-Ата шайлоо округу – 2 669 шайлоочу же 2,76%,

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу – 3 257 шайлоочу же 2,84%,

№32 Кочкор шайлоо округу – 2 661 шайлоочу же 2,56%,

№33 Нарын шайлоо округу – 2 985 шайлоочу же 2,85%,

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу – 2 910 шайлоочу же 2,68%,

№35 Ак-Суйский избирательный округу – 2 060 шайлоочу же 1,74%,

№36 Ысык-Көл шайлоо округу - 2 050 шайлоочу же 2,28%.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>