Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү …

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

28-Ноя, 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында, саат 08.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова  Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган «Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чектери жөнүндө» №684 токтомуна ылайык, пропорционалдык тутум боюнча  КР ЖК 54 депутатын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бардык аймактары бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептеле тургандыгын айтты.  

Саясий партиялар жана жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлгөн мажоритардык тутум боюнча КР ЖК 36 депутатын шайлоону өткөрүү үчүн 36 бир мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн:  

  • Бишкек ш. –  4 округ;
  • Ош ш. жана Ош облусу – 9 округ;
  • Баткен облусу – 3 округ;
  • Жалал-Абадс облусу - 7 округ;
  • Талас облусу – 2 округ;
  • Чүй облусу – 6 округ;
  • Нарын облусу – 2 округ;
  • Ысык-Көл облусу - 3 округ.

Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте, тийиштүү шайлоо округдарында иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларынын тийиштүү мүчөлөрүнөн түзүлгөн. 

Округдук шайлоо комиссиялары Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өз ыйгарым укуктарын токтотот. 

Учурда 36 округдук шайлоо комиссиясынын курамы бекитилген, алардын мүчөлөрүнүн саны 491 адамды түзөт. 

 2 494 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп, учурда иштеп жатат, алардын ичинен: 59 УШК республикадан тышкары жерде жайгашкан, мүчөлөрүнүн саны 30 309 адамды түзөт.

Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жатышкан жарандардын Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыздоонун географиясын кеӊейтүү максатында, Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен чет өлкөлөрдөгү (29 мамлекетте) шайлоо участкаларынын саны 59га чейин көбөйтүлдү. 

Төмөнкү шаарларда биринчи жолу 10 шайлоо участкасы түзүлдү:  

  • Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.;
  • АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шш.;
  • Түркия – Анталья ш.;
  • Италия – Кальяри ш.;
  • Венгрия – Будапешт ш.

Россия – бардыгы 21 участок:

  • Москвада – 6 участок;
  • Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында 1ден участок.

3 участкадан:

  • Германияда – Берлин, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шш.;
  • АКШда – Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго шш.;
  • Түркияда –Анкара, Стамбул жана Анталья шш.

2 участкадан:

  • Италия – Рим жана Кальяри шш.;
  • Казахстан – Нур-Султан жана Алматы шш.;
  • Кытай – Пекин жана Гуанчжоу шш.;
  • БАЭ – Абу-Даби жана Дубай шш.

1 участкадан: Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында.

Н.Шайлдабекова добуш берүүнүн купуялыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен кепилденерин айтты. «Биздин тандообузга таасир этүүгө эч ким укуксуз. Добуш берүүнүн купуялыгы кепилденет. Биз эркин добуш берүүгө чакырабыз» - деди ал.   

«Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, добуш берүү жол-жобосунун тынч, ырааттуу өтүшү сиздердин иштен көз каранды. Мен сиздерден буга чейин иштеп келгендей эле, бирдиктүү, жоопкерчиликтүү жана компетенттүү команда катары иш алып барууӊуздарды суранам» - деп кайрылды Нуржан Шайлдабекова.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>