Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-декабрындагы жыйналышында Бишкек жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
«Социал-демократтар» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сарылдык уулу Ильгиздин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Социал-демократтар» саясий партиясынан талапкер, «Социал-демократтар» саясий партиясынын Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Усубалиев Таалайбек Болотбековиче өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаты Абдисалам уулу Жумабайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Кубедов Расул Магомедовичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 6-декабрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы аныкталды
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Шайлоочулардын жалпы саны 2732 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 1571, бул 57,5 %ды түздү.
Терек-Сай айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 3 шайлоо участогу жана 3 шайлоо округу түзүлгөн.
35 талапкер катталган. Терек-Сай айылдык кеӊешинде – 11 мандат.
2021-жылдын 4-декабрында Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Терек-Сай АШКнын участокторунда округдар боюнча добуш берүүнүн төмөнкү жыйынтыгы белгиленди:
1.Терек-Сай шайлоо округу (4 мандат)
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
Ажибекова Калыйма Акматовна
121
Баймуратов Ысмайыл Кадырбекович
101
3
Джороев Максат Акматалиевич
97
Жамалбеков Эрмамат Жамалбекович
79
Жаныкулова Нурсаулем Жоомартовна
65
Качикеев Омурбек Шамасурович
59
Кожомжаров Замирбек Коконбаевич
118
Козубеков Самарбек Лаачинович
81
Кубанычбек уулу Маралбек
93
Мирзабеков Чолпонбек Хасаналиевич
91
Мукамбай кызы Бүсара
53
Мырзагулов Азамат Мамырович
171
Сеитов Алмазбек Абдураимович
258
Сманов Израил Апсаматович
54
Таалайбеков Темирлан
114
Токоева Максат Сулаймановна
86
Турдалиев Бактыбек Абдуразакович
117
2. Ак-Терек шайлоо округу (3 мандат)
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
Анарбаев Акылбек Нарбаевич
122
Дөңбаева Айкан Рыскулбековна
119
Дүйшөбаев Ирлан Манатбекович
65
Камбаралиев Ильяз Курбаналиевич
117
Сапаркулова Толкун Мураталиевна
39
Тойчуев Мелисбек Сыдыкбекович
151
Усубалиева Саадат Канайкуловна
91
Чотбаев Абдиумар
104
3. Кызыл-Токой шайлоо округу (4 мандат)
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
Айдаров Эльдар Шекербекович
74
Жолдошбеков Максатбек Жолдошбекович
195
Каипов Марат Эргешович
223
Камчыбекова Гүлзат Булутбековна
213
Кенжаева Буойша Рахимбердиевна
100
Курманбеков Жуманалы Курманбекович
158
Назиров Талант Кылычбекович
184
Нарматов Дөөлөтбек Бакытбекович
229
Орозбаева Чынарбү Оморовна
52
Сатыбалдиева Роза Акмырзаевна
48
Терек-Сай айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
1.Терек-Сай шайлоо округу (4 мандат)
Сеитов Алмазбек Абдураимович
258
Мырзагулов Азамат Мамырович
171
Ажибекова Калыйма Акматовна
121
Токоева Максат Сулаймановна
86
2. Ак-Терек шайлоо округу (3 мандат)
Анарбаев Акылбек Нарбаевич
122
Тойчуев Мелисбек Сыдыкбекович
151
Дөңбаева Айкан Рыскулбековна
119
3. Кызыл-Токой шайлоо округу (4 мандат)
Нарматов Дөөлөтбек Бакытбекович
229
Каипов Марат Эргешович
223
Камчыбекова Гүлзат Булутбековна
213
Кенжаева Буойша Рахимбердиевна
100
Айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо мандаттардын жалпы санынын 30%ынан кем эмеси аялдарга резервге калтырылат.
Аялдардын квотасы боюнча 2 депутат-аял өттү, бардыгы 5 депутат-аял шайланды (№1-шайлоо округунда 2 аял, №2-шайлоо округунда 1 аял, №3-шайлоо округунда 2 аял) .
Терек-Сай айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына 1 даттануу келип түшкөн, ал боюнча Чаткал АШК тарабынан тиешелүү чечим чыгарылган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы аныкталды
2021-жылдын 28-ноябрында Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-суу шаарындагы шайлоочулардын жалпы саны 12 265 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 3 657 , бул 29,82 %ды түздү.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Суу шаарынын аймагында 6 шайлоо участогу түзүлгөн.
2021-жылдын 28-октябрындагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталган.
2021-жылдын 4-декабрында Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады. 35 талапкер катталган. Кара-Суу шаардык кеӊешинде – 31 мандат.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо катталган эки партия тең 7%дык тоскоолдуктан өттү:
№
с/п аталышы
Добуштардын саны
%
1
«Биздин Кыргызстан»
2102
57,48
2
«Эл Үмүтү»
1110
30,35
Саясий партиялар арасында мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
«Биздин Кыргызстан» - 20 мандат;
«Эл Үмүтү» - 11 мандат;
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы аныкталды
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Шайлоочулардын жалпы саны 6677 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 2509, бул 37,6 %ды түздү.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 4 шайлоо участогу жана 3 шайлоо округу түзүлгөн.
35 талапкер катталган.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинде – 21 мандат.
2021-жылдын 3-декабрында Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Токтогул АШКнын участокторунда округдар боюнча добуш берүүнүн төмөнкү жыйынтыгы белгиленди:
1. Кызыл-Өзгөрүш шайлоо округу (8 мандат):
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
2242
2243
Всего
Койчубаев Азизбек Алыбекович
17
355
372
Акматалиев Анарбек Абдырахманович
19
331
350
Осконбаев Жакыпбек Маленкулович
19
299
318
Назаркулова Гулхар Кадыкеевна
3
281
284
Мутуев Эмилбек Мейманжанович
4
274
278
Капашова Салтанат Аскарбековна
8
214
222
Оморова Арзыкан Дуровна
53
165
218
Мундусбаева Токтобубу Смагуловна
15
183
198
Сманова Гулбайра Бабановна
25
173
198
Сулайманов АбдыбекКасымалиевич
114
70
184
Сатаров Муратбек Окушович
15
165
180
Кадыржанев Алманбет Искендерович
22
111
133
Садырбаев Шайымбет Шайлообаевич
4
79
83
2. Камыш-Башы шайлоо округу (6 мандат):
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
1
Нурдинов Бахтияр Кемелбекович
316
2
Табалдиев Бусурман Адашович
313
3
Ибраимова Асилкан Калиловна
264
4
Эгембердиев талантбек Тентикээвич
257
5
Тургуналиева Гульнар Сыргабаевна
237
6
Ажибаев Айбек Омуржанович
224
7
Бердигулов Махаратбек
189
8
Сагынбеков Эсен Сыргатаевич
173
9
Тенгебаева Урматкан Бекишовна
158
10
Асанбеков Кубанычбек Ташыбаевич
153
11
Чаргынов Баатырбек Алыбекович
119
3.Кызыл-Жылдыз шайлоо округу (7 мандат):
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
1
Акматжан уулу Женишбек
422
2
Жапаралиев Мунарбек
414
3
Суранбаева Миргул Букардиновна
339
4
Боргемиков Алтынбек Кыйбаевич
289
5
Керимова Айнура Женишовна
262
6
Ысырайилов Жумабек Сапардинович
250
7
Бусурманкулов Эмилбек Шерматович
248
8
Мусуралиева Токтокан Самидиновна
199
9
Сейдикеримов Сагынбек Сулайманович
169
10
Мамбеталиева Дамира Алешовна
150
11
Шамшарбек кызы Чынаркан
136
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
1. Кызыл-Өзгөрүш шайлоо округу (8 мандат):
1
Койчубаев Азизбек Алыбекович
372
2
Акматалиев Анарбек Абдырахманович
350
3
Осконбаев Жакыпбек Маленкулович
318
4
Назаркулова Гулхар Кадыкеевна
284
5
Мутуев Эмилбек Мейманжанович
278
6
Капашова Салтанат Аскарбековна
222
7
Оморова Арзыкан Дуровна
218
8
Мундусбаева Токтобубу Смагуловна
198
2. Камыш-Башы шайлоо округу (6 мандат):
9
Нурдинов Бахтияр Кемелбекович
316
10
Табалдиев Бусурман Адашович
313
11
Ибраимова Асилкан Калиловна
264
12
Эгембердиев Талантбек Тентикээвич
257
13
Тургуналиева Гульнар Сыргабаевна
237
14
Ажибаев Айбек Омуржанович
224
3.Кызыл-Жылдыз шайлоо округу (7 мандат):
15
Акматжан уулу Женишбек
422
16
Жапаралиев Мунарбек
414
17
Суранбаева Миргул Букардиновна
339
18
Боргемиков Алтынбек Кыйбаевич
289
19
Керимова Айнура Женишовна
262
20
Ысырайилов Жумабек Сапардинович
250
21
Мусуралиева Токтокан Самидиновна
199
Айылдык кеӊештердин депутаттарын шайлоодо мандаттардын жалпы санынын 30%ынан кем эмеси аялдарга резервге калтырылат.
Аялдардын квотасы боюнча 1 депутат-аял өттү, бардыгы 9 депутат-аял шайланды (1-шайлоо округунда 4 аял, 2-шайлоо округунда 2 аял, 3-шайлоо округунда 3 аял) .
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Токтогул АШК чыгарган тиешелүү чечимге бир даттануу келип түштү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы аныкталды
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Шайлоочулардын жалпы саны 2775 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 1158, бул 41,73 %ды түздү.
Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 3 шайлоо участогу жана 2 шайлоо округу түзүлгөн, 20 талапкер катталган.
Тогуз-Торо айылдык кеӊешинде – 11 мандат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тогуз-Торо АШКнын участокторунда округдар боюнча добуш берүүнүн төмөнкү жыйынтыгы белгиленди:
1.Ленин шайлоо округу (7 мандат):
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
Тилемамбетов Акназар Садырович
333
Токтожумаев Урмат Акматбекович
278
Бейшенкадыр уулу Төлөгөн
272
Тагайбеков Улукбек Тагайбекович
267
Чекиев Эрнис Бешкемпирович
263
Сансызбаев Нурбек Сүйүнбекович
256
Рыскул уулу Алтынбек
238
Кадырберди кызы Жазгүл
217
Бекташова Жанара Бекташовна
202
Аманалиева Назира Керимовна
162
Садыров Каламбай Кубатбекович
158
Сапарбек уулу Адилбек
142
Абдымалик кызы Касиет
133
2. Додомол шайлоо округу (4 мандат):
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
Жээналиева Гүлүм Шайлообековна
212
Кыдыкбаева Бейшебүбү Тентимишовна
188
Эркинбаев Анарбек Болотканович
184
Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна
163
Эрмендиров Руслан Базарович
159
Алымбеков Темирбек Өзгөрүшович
147
Бердибек уулу Бейшенбек
95
2021-жылдын 1-декабрында Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады.
Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
№
Талапкерлердин Ф.А.А.
Добуштардын саны
1.Ленин шайлоо округу (7 мандат):
Тилемамбетов Акназар Садырович
333
Токтожумаев Урмат Акматбекович
278
Бейшенкадыр уулу Төлөгөн
272
Тагайбеков Улукбек Тагайбекович
267
Кадырберди кызы Жазгүл
217
Бекташова Жанара Бекташовна
202
Аманалиева Назира Керимовна
162
2. Додомол шайлоо округу (4 мандат):
8
Жээналиева Гүлүм Шайлообековна
212
9
Кыдыкбаева Бейшебүбү Тентимишовна
188
10
Эркинбаев Анарбек Болотканович
184
11
Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна
163
Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо мандаттардын жалпы санынын 30%ынан кем эмеси аялдарга резервге калтырылат.
Аялдардын квотасы боюнча бардыгы 6 депутат-аял шайланды (1-шайлоо округунда 3 аял, 2-шайлоо округунда 3 аял) .
Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы аныкталды
2021-жылдын 28-ноябрында Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кербен шаарындагы шайлоочулардын жалпы саны 17389 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 6765, бул 38,9%ды түздү.
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кербен шаарынын аймагында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
2021-жылдын 5-ноябрында Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 8 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси катталган. Кербен шаардык кеӊешинде – 31 мандат.
Аксы АШКсында добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
№
С/п аталышы
с/пга берилген добуштар
Берилген добуштардын %ы
1
“Ишеним”
1090
16,38
2
“Республика”
356
5,35
3
“Ата-Журт Кыргызстан”
1478
22,22
4
“Ынтымак”
1273
19,13
5
“Өнүгүү-Прогресс”
527
7,92
6
“Бүтүн Кыргызстан”
1094
16,44
7
“Эмгек”
375
5,64
8
“Альянс”
368
5,53
9
Баарына каршы
92
1,38
2021-жылдын 3-декабрында Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктады.
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо 7%дык тоскоолдуктан катталган 5 партия өттү:
№
С/п аталышы
С/га берилген добуштар
Берилген добуштардын %ы
1
“Ишеним”
1090
16,38
2
“Ата-Журт Кыргызстан”
1478
22,22
3
“Ынтымак”
1273
19,13
4
“Өнүгүү-Прогресс”
527
7,92
5
“Бүтүн Кыргызстан”
1094
16,44
Саясий партиялар арасында мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
«Ишеним» - 6 мандат;
«Ата-Журт Кыргызстан» - 9 мандат;
«Ынтымак» - 7 мандат;
«Өнүгүү-Прогресс» - 3 мандат;
«Бүтүн Кыргызстан» - 6 мандат.
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Округдук шайлоо комиссиялары округдарда добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларындагы добуштарды кол менен саноо аяктагандыгын билдирет.
Учурда бардык тийиштүү шайлоо документтери (протоколдор, идентификациялоо чегинин жана АЭУ чегинин көчүрмөсү, бюллетендер ж.б.) тийиштүү округдук шайлоо комиссияларына берилди.
Округдук шайлоо комиссиясы округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын округдун алкагындагы участкалардын протоколдорунун маалыматтарын кошуу аркылуу чыгарат.
Округдук шайлоо комиссиясында тутумдук администратор ар бир участок боюнча протоколдогу маалыматтарды МШТ тутумуна кол менен киргизет:
- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 1 протоколдун маалыматы;
- бирдиктүү шайлоо округу боюнча 1 протоколдун жана ар бир саясий партия боюнча жана тизмедеги талапкерлердин ар бири боюнча добуштардын тиркемесинин маалыматы.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча протоколдордун маалыматын МШТ тутумуна киргизүү аяктады жана МШТ сайтында жайгаштырылды.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча маалыматтарды киргизүү бир аз көбүрөөк убакытты талап кылат. Учурда БШК сайтында бирдиктүү шайлоо округу (партиялар боюнча) боюнча УШК протоколдорунун 80%га жакыны жарыяланды.
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алууда округдук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү текшерет:
- кол менен эсептөө протоколдорунун туура толтурулгандыгын;
- добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго киргизилген жана ага тиркелген документтердеги (идентификациялоонун биринчи жана АЭУ чектеринин болуусу) маалыматтардын текшерилүүчү катышын.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура толтурулгандыгын алдын ала текшергенден кийин, округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу таблица жана протокол түзөт, мында УШКлардын саны, алардын негизинде түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол, шондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматы камтылган.
Участкалык шайлоо комиссияларынан кабыл алынган шайлоо документтеринин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулуш өткөрөт, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөн жактагы шайлоо комиссияларында протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат, шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу чогулушунун протоколу түзүлөт жана ага кол коюлат.
Округдук шайлоо комиссиясынын чечими БШКда 3 күндүк мөөнөттө, ал эми БШК чечими – сотто каралат.
Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК ар бир конкреттүү округдагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечимин кабыл алат, б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин округда шайланган депутаттарын акныктайт.
Партиялык тизме боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча БШК республиканын бүткүл аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт, андан соӊ бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктайт. Өзүнүн протоколунда БШК канча саясий партия босогодон өткөнүн, ар бир партиядан кимдер шайлангандыгын аныктайт.
БШК 2021-жылдын 18-декабрынан кечиктирбестен шайлоонун жыйынтыгын аныктайт.
Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтарын салыштырып текшерүү боюнча топ түзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушуу өткөрдү.
Партиялардын жана ЖМКлардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жүрүшү жана тартиби тууралуу маалымат берилди, 2021-жылдын 28-ноябрында сайтта маалыматтарды көрсөтүүдө келип чыккан механикалык катанын себептери түшүндүрүлдү.
БШК бүгүнкүгө карата участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуштарды кол менен саноонун аяктаганын, ал партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн, ошондой эле коомдук байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөндүгүн түшүндүрдү.
Азыркы учурда округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтарын серверге жүктөөнү аяктоодо, аяктагандан кийин ал маалыматтар сайтта жарыяланат. 1
БШК жана Жарандык көзөмөл комитети автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) маалыматтарынын жана добуштарды кол менен саноонун аныктыгын көз карандысыз түрдө текшерүү үчүн Топ түзүүнү сунуштады. Учурда шайлоого катышкан саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнөн, коомдук байкоочулардан саясий партиялардын өкүлдөрүн топко киргизүү жөнүндө сунуштар түшүүдө.
Бул топ маалыматтарды АЭУдан алынган маалыматтарды текшерүү жана бюллетендерди кол менен саноо үчүн участокторду тандап алат; партиялардын байкоочулары жана коомдук байкоочулар ар бир шайлоо участогунан алган отчёттор менен БШКнын сайтындагы АЭУ боюнча маалыматтарды салыштырат, маалыматтардын аныктыгынын/ажырым бар экендигинин натыйжаларын берет. Андан ары, текшерүү толук болсун үчүн бардык кызыкдар таратардын катышуусунда участоктор боюнча бюллетендерди кол менен саноонун жыйынтыктарын кайра эсептөө жүргүзүлөт.
Ошондой эле АЭУ аппаратынын иштөөсү метрологиялык жактан текшерилет.
Көз карандысыз жумушчу топко өз өкүлдөрүн, анын ичинде IT адистерин киргизүү жөнүндө арыздар шайлоого катышкан саясий партиялардан 2021-жылдын 3-декабрына чейин кабыл алынат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
_____________________________________
1Маалымат үчүн: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 18-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык, БШКнын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгы текшерилгенден кийин БШКнын сайтына жарыяланат.
Кененирээк билүү >>
БШК: Жыйынтык чыгаруу процесси мыйзамга ылайык жүрүп жатат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуштарды кол менен эсептөөнүн жол-жобосу тууралуу маалымдайт.
Мыйзамга ылайык, шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын кол менен эсептөө
алгач, бир мандаттуу шайлоо округдары, андан кийин – бирдиктүү округ боюнча (пропорционалдык тутум боюнча);
бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча бюллетенге кирген талапкерлерге берилген жана «Баарына каршы» позициясы үчүн берилген добуштар саналат.
Пропорционалдык тутум боюнча добуштарды эсептөө жол-жобосу – татаалыраак. Алгач участкалык шайлоо комиссиялары саясий партиялардын жана байкоочулардын көзүнчө шайлоо бюллетендерин ар бир партия жана «Баарына каршы» позициясы боюнча өз-өзүнчө бөлүштүрөт.
Андан соӊ, ар бир топтомдогу партия үчүн берилген бюллетендер эсептелет жана анын жыйынтыгы №2 протоколго жазылат. Андан ары ар бир саясий партия үчүн добуш берген бюллетендер сорттолуп, аталган партиядагы тизмеге кирген ар бир талапкердин баарынын номери боюнча топтолот. Саноо ачык-айрым, көз менен көрүүгө мүмкүн боло тургандай шартта жүргүзүлөт.
Ар бир бюллетендеги ар бир добуш протоколго киргизилет. Протокол мөөр басылып, добуштарды саноого катышкан шайлоо участкасындагы бардык байкоочуларга берилет.
Участкалык шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулушун өткөрүп, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алынат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколдун биринчи экземпляры кол коюлгандан кийин автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору менен бирге, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчет, шайлоо бюллетендери сейф-баштыкчага салынып, УШК төрагасы тарабынан саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосу менен ОШКга жеткирилет.
Округдук шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун (бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу) кабыл алат.
УШКлардан документтерди кабыл алууда округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кол менен эсептөө протоколунун туура толтурулгандыгын, текшерилүүчү маалыматтардын ага тиркелген документтердин толуктугу менен катыштыгынын тууралыгын, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган, идентификациялоочу алгачкы чектердин жана АЭУнун болуусун текшерет.
Округдук шайлоо комиссияларында участкалык шайлоо округдарынын протоколдорунун негизинде системдик администратор ар бир участок боюнча маалыматтарды кол менен электрондук тутумга киргизет. Жаӊы тутумдун киргизилиши менен участок боюнча жалпы протоколдорду, ар бир партия жана партиядан көрсөтүлгөн талапкер боюнча протоколдорго тиркемелерди, бир мандаттуу шайлоо участкасы боюнча протоколду киргизүү зарыл. Бул мурунку шайлоолорго караганда көбүрөөк убакытты талап кылат.
Алдын ала текшерүүдөн кийин маалыматтар мыйзамга ылайык жарыяланат. Андан соӊ участкалык шайлоо комиссияларынын жыйынтыгы боюнча протоколдордогу маалыматтар кошуу аркылуу жыйынтыктоочу таблицага түшүрүлөт.
УШКлардан кабыл алынган шайлоо документтеринин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулуш өткөрөт, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөн жактагы шайлоо комиссияларында протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат, шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу чогулушунун протоколу түзүлөт жана ага кол коюлат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколго УШКлардын саны, келип түшкөн протоколдордун саны киргизилип, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгы, ошондой эле УШК протоколдордун суммаланган маалыматы тууралуу протокол түзүлөт.
Округдук шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууга укуктуу:
эгер добуш берүүнүн жүрүшүндө, добуштарды саноодо, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого тоскоолдук жараткан мыйзам бузууларга орун берилсе;
эгер добуш берүүнүн жүрүшүндө, добуштарды саноодо, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоодо шайлоочунун эркин билдирүүгө таасир этүүчү мыйзам бузууларга орун берилсе;
жогоруда турган шайлоо комиссиясынын чечими менен;
соттун чечими менен;
эгер добуш берүү үкөктөрүндөгү шайлоо бюллетендери жараксыз деп табылса.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүндүк бербеген мыйзам бузуулар деп добуш берүүнүн тартиби, добуштарды эсептөө, шайлоо участкаларында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси тарабынан алыган добуштардын санын так аныктоого мүмкүндүк бербеген добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорду түзүү менен байланышкан жоболордун бузулушун айтабыз.
Шайлоочунун эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар алдында добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочунун өз эркин билдирүүсүнө, добуштарды саноого же шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоого таасир эткен, добуш берүү күнү үгүттөө жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук жаратуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларга пара берүү менен байланышкан мыйзам бузуулар эсептелет.
УШК чечимдери округдук шайлоо комиссияларында 3 күндүк мөөнөттүн ичинде, ал эми ОШК чечимдери БШКда 3 күндүк мөөнөттө, ал эми БШК чечими – сотто каралат.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 37-1-беренесине ылайык, ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүү күнүнөн кийин 18 күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.
Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 1-декабрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 1-декабрь 2021-ж.
Убактысы:18.15
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевич боюнча өтүнүчү жөнүндө
2. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳнүн тартиби жана мѳѳнѳттѳрү жѳнүндѳ
Мыйзамдарга ылайык участкалык шайлоо комиссиялары кол менен эсептѳѳнүн жыйынтыктары боюнча тийиштүү шайлоо участкаларындагы добущ берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Азыркы учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептѳѳ аяктады.
Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде алар округдук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
Округдук шайлоо комиссиясы (ОШК) түздѳн түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкѳн добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу менен тийиштүү аймактагы (округдагы) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын чечими округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылшы мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкѳн протоколдордо камтылган маалыматтарды топтоонун негизинде добуш берүү күнүнѳн тартып 20 календардык күндѳн кеч эмес (2021-жылдын 18-декабрына чейин) шайлоонун натыйжаларын белгилейт.
Мында бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары милдеттүү түрдѳ шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ келип түшкѳн бардык даттанууларды (арыздарды) карап чыгат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.
Комиссиялар ошондой эле шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура огандарынын компетенциясында турган мыйзамдарды бузуулар, анын ичинде талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар жѳнүндѳ билдирүүлѳр, арыздар боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карап чыгат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ тууралуу чечимдерге арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүшкѳн саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү жана байкоочулар кайрыла алышат.
Мында арыздар (даттануулар) келип түшкѳн учурдан тартып 3 күндүк мѳѳнѳттѳ шайлоо комиссиялары тарабынан каралууга жатат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ:
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:
1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;
2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;
3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны белгиленген формадагы, добуш берүү үчүн үкөктөн алынган шайлоо бюллетендеринин саны, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - ошондой эле идентификациядан өткөнү жөнүндө чектер боюнча аныкталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.
Борбордук шайлоо комиссиясы эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.
Округдук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.
Кененирээк билүү >>
БШК билдирет:
Жалпы элге жана кабыл алууга түшүнүктүү болуш үчүн БШК добуш берүүлөр тууралуу маалыматтарды таблица түрүндө жөнөкөй тил менен берет. Сиздер көрүп турган жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналар менен БШКда жайгашкан сервер. 20:00 дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУнун) маалыматтары АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт.
Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган система иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон.
Урна (АСУ) менен серверге эч ким кире албайт. Кирем десең да кире албайсың. Ал автоматташтырылган компьютер системасы.
Адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда шайлоо бүтөөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтыкты кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарабыз. Мыйзам боюнча да кол менен санап бүткөндөн кийинки жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет.
Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна) жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот.
Анткени шайлоочулар койгон "галочка" квадраттан чыгып кетсе, АСУ (урна) аны жараксыз деп эсептеп коет. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.
Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдчук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.
Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан, бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар.
Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 000 адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири бирибизден күмөн санабай эле коелу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз.
Кененирээк билүү >>
ЕККУ ДИАУБ Миссиясы: Шайлоо БШК тарабынан мыкты уюштурулду
ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын алдын ала жыйынтыктар жана корутундулар тууралуу билдирүүсү
Миссиянын жетекчиси – Дам Одри Гловер
28-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоолор атаандаштыктын негизинде болду, бирок конституциялык өзгөрүүлөр парламентти алсыратты, шайлоонун түйүндүү аспектилеринде мыйзамдагы кийинки кеӊири өзгөрүүлөр, басмырланган өнөктүк жана жалпы шайлоочулардын иренжүүсү конструктивдүү катышууга тоскоолдуктарды жаратты. Жаӊы мыйзамдар демократиялык шайлоолор үчүн жетишерлик деӊгээлде негизди камсыздайт, бирок жалпы укуктук база жарандардын жана саясий укуктардын чектелиши, ошондой эле бийликти бөлүштүрүүнүн азайышы жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы натыйжасында бузулууларга дуушар болууда.
Өнөктүк учурунда, жалпысынан, негизги эркиндиктер сакталды жана бийлик таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоо үчүн саясий эркти көрсөтө алды, бирок кийинки чараларды так аткаруунун натыйжасында талапкерлер шайлоо алдындагы өнөктүктү кооптонуу менен өткөрө баштады. Шайлоочуларда саясий варианттарды кеӊири тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле, ал эми шайлоонун техникалык аспектиси шайлоо администрациясы тарабынан натыйжалуу чечилип жатты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын басымдуу көпчүлүгү талапкерлердин ишмердигин жарыкка чыгарууну анчейин каалашкан жок, ошол эле учурда, мында президент менен бийликтин күнүмдүк иштери кеӊири чагылдырылып жатты, бул шайлоочулардын аӊ-сезимдүү тандоо жасоо мүмкүнчүлүгүн чектеди. Шайлоо күнү тынч өткөнү менен добуш берүү байкоого алынган шайлоо участкаларынын басымдуу көпчүлүгүндө жакшы уюштурулган, добуштарды саноодо жана жыйынтыктарды чыгаруунун алгачкы этаптарында жол-жоболук олуттуу көйгөйлөр байкалып турган.
Миссия шайлоо БШК тарабынан жакшы уюштурулганын, ал эми төмөнкү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн уюштурулган тренингдер жалпысынан, практикалык жана интерактивдүү болгондугуна байкоо жүргүзүлдү деп белгиледи. ОШК мүчөлөрү өзүнүн ролу жана милдеттери тууралуу жакшы маалымат алышты, бирок ДИАУБ ШБМ байкоочулары ОШК жыйындары мыйзам талап кылгандай байма-бай өткөрүлбөгөндүгүн белгилеп кетишти. Жаӊы шайлоо тутуму менен байланышкан татаалдыктарды чечүү үчүн БШК кызыкдар тараптардын кеӊири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык өнөктүктү баштады, бирок ал бүткүл өлкө боюнча бирдей өткөн жок.
Алдын ала билдирүүдө жаӊы шайлоо тутумунун жана бюллетендердин татаалдыгын эске алуу менен, БШК комплекстүү маалыматтык өнөктүктү өткөрдү. Ал тренингдер, семинарлар, жарнамалык щиттер, плакаттар, медиаплатформаларда жана мамлекеттик телеканалдарда түшүндүрүүчү видеороликтер, ошондой эле жаӊсоо тилиндеги материалдар аркылуу жүргүзүлдү. Бирок ДИАУБ ШБМ аймактардагы шайлоочулар үчүн маалыматтын көлөмү айырмаланып тураарын айтты.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери, негизинен, тынч жана чыр-чатактарсыз, токтоо маанайда өттү. Бийликтин «таза» шайлоого чакырыгы жана президенттин 1-ноябрдагы указы, катуу талаптар, анын ичинде ГКНБнын катышуусу, шайлоонун катышуучуларын шайлоого кылдаттык менен мамиле жасоого түрттү жана өнөктүктү тартипке чакырды. Бул шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мыйзам бузуулардын токтотулушуна алып келди.
Мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары катталган партияларга (жалпы улуттук берүү) жана ОШКдан айрым талапкерлерге (аймактык берүүлөр) акысыз эфир убактысы берилди. Эки жалпы улуттук телеканал, анын ичинде кеӊири таанылган КТРК, аймактарда жайгашкан сегиз канал БШК тарабынан жүргүзүлгөн лоторея аркылуу акысыз эфир убактысын бөлүп берди (бул, негизинен, жеке билдирүүлөрдөн жана дебаттардан турду). Жалпы жонунан 243 ММК, негизинен, онлайн аккредитациялангандан өткөндүгүнө карабастан, акы төлөнүүчү жарнама үчүн убакыт жана жай берүү үчүн БШК тарабынан бир нече партия жана талапкерлер гана бул мүмкүнчүлүктөн пайдалангандыгын (мамлекет тарабынан каржылануучу КТРК жана жеке 7-Канал да аларды жаӊылыктар программасынын алкагында гана көрсөтүшкөн) ДИАУБ ШБМ аныктады. Мунун ордуна алар өнөктүктү ар кыл соцтармактарда өткөрүүнү чечишкен.
БШК акыркы 5 жуманын ичинде өзүнүн 30 жолу өткөн ачык жыйынында 142 даттанууну карады. Даттануулардын басымдуу көпчүлүгү шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелеринин бузулушуна, анын ичинде, добуш сатып алууга 42 даттануу жана 31 – административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу. Даттанууларды кароо боюнча БШК жыйындары коллегиялык болуп, катышуучулар маселелерди талкуулап, өз сунуштарын добушка коюшту.
БШКдагы даттанууларды талкуулоо коомчулук жана ММКлар үчүн ачык болду жана бардык арыз берүүчүлөр жана башка тараптар өз дооматтарын айтууга мүмкүнчүлүккө ээ болушту. БШК мүчөлөрү даттануулар менен талкууга чейин тааныша алышты. Ошону менен бирге эле, БШК тарабынан «шайлоо өнөктүгүнө» берген түшүндүрмөсүнө кээде өтө кеӊири мамиле жасалып, ал эми айрым учурларда шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө өтө тар аныктама берилүү менен, ой-пикирди эркин билдирүүгө дайыма эле өбөлгө түзө алган жок. БШК шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө мыйзам бузуулар үчүн 22 жазуу түрүндө эскертүү берди жана 29 айып пул салды, анын ичинде эӊ алгачкы үгүт иштери да бар. БШК өзүнүн веб-сайтында даттануулардын онлайн-реестрин жүргүздү, бул шайлоо талаш-тартыштарын кароодо ачык-айкындуулуктун болуусуна шарт түздү. Шайлоо күнүнө чейин реестрге 179 даттануу кирген.
Бирок ДИАУБ ШБМ айрым учурларда даттануулар БШК тарабынан реестрге учурунда киргизилбегендигин, ал эми БШК аларды абдан кечиктирип карагандыгын белгилеп кетти. БШК даттанууларды кароо мөөнөтү укук коргоо органдарынын жообу кечиктирилгендигине байланыштуу гана жылды деп айтканына карата ДИАУБ ШБМ даттанууларды кароонун кечиктирилиши дайыма эле укук коргоо органдарынын аракетсиздигине байланыштуу болбогондугун белгиледи. Ал эле эмес, даттануулар боюнча БШК чечимдеринин басымдуу бөлүгү жарыкка чыгаруунун 24 сааттык мөөнөтү тууралуу мыйзамдын талаптарына карабастан, веб-сайтка чыккан эмес.
Шайлоо күнү тынч өттү, шайлоочулардын келүүсү БШКнын билдирүүсү боюнча 34,6%ды түздү. БШК өз сайтында добуш берүү айктагандан кийин бир азда ар бир жарыш үчүн шайлоо участкалары боюнча алдын ала жыйынтыктарды өзүнүн веб-сайтында жайгаштыра баштады. Бирок БШК алдын ала натыйжалар менен веб-баракчасын, алар билдиргендей, техникалык маселелерге байланыштуу кыска мөөнөттөгү убакытка өчүрүп салды.
Шайлоо участкаларынын ачылышы боюнча 4 участкадан тышкары, байкоого алынган бардык 139 участокто оӊ баага ээ болду. Айрым жол-жоболук каталарга жол берилди, алсак, УШК мүчөлөрүнүн арасында аларга милдеттерди бөлүштүрүү үчүн чүчү кулак жүргүзүлбөгөндүгү (22 учур) жана мобилдик добуш берүүнүн жардамы менен добуш берген шайлоочулардын шайлоочулардын тизмесинде белгиленбей калышы (12 учур). 24 учурда УШК бюллетендерди сканерин тууралоодо кыйынчылыктарга туш болду.
ШБЖЭМ байкоочулары ошондой эле 44 шайлоо участкасынын ачылышы 15 мүнөткө чейин кечиктирилгендиги тууралуу билдиришти. ШБЭМ байкоочулары добуш берүү процессине 1054 байкоочудан 96%ы оӊ баа берди. Жол-жоболор, негизинен шайлоо участкаларынын басымдуу көпчүлүгүндө сакталды, бирок байкоо жүргүзүүнүн 16%ында добуш берүүчү урналар тийиштүү деӊгээлде чапталган эмес. Байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында шайлоо участкаларынын 95 пайызынын планировкасы добуш берүү үчүн жетиштүү болгон, ал эми 10 пайыз учурда, негизинен, шайлоо участкаларынын ички мейкиндиги чектелүү болгондугуна байланыштуу шайлоо участкаларында адамдар ашыкча болгондугу тууралуу айтылды. Байкоого алынган 40%дай шайлоо участкаларына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирүүсүнө шарттар түзүлгөн эмес, ал эми 20 пайызында мындай шайлоочулар үчүн жабдуулар планировкага кирген эмес.
БШК шайлоо күнү келип түшкөн 45 даттануу тууралуу маалыматты жарыялады. Болжолдуу, мыйзам бузуулар, негизинен жол-жоболордун сакталбагандыгына, бюллетендердин сканеринин бузулгандыгына жана шайлоо күнү үгүт иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу болгон. Башка даттануулар шайлоодо унчукпоо режиминин бузулушуна, шайлоочуларды которуу жана добуштарды сатып алуунун болушу сыяктуу учурларга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнө тиешелүү болду. БШК маалыматтарына ылайык, шайлоодо бузуулар тууралуу тастыктоолор БШКнын Ыкчам чара көрүү тобу аркылуу укук коргоо органдарына берилди.
Кененирээк билүү >>
Ислам кызматташтыгы Уюмунун миссиясы: Кыргызстан шайлоо процессин уюштуруу жана техникалык камсыздоо жаатында башка мусулман өлкөлөрүнө үлгү боло алат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү процессинин мониторингинин жыйынтыгы боюнча ИКУ байкоочулар миссиясынын билдирүүсү
Ислам кызматташтыгы Уюмунун эл аралык байкоочулар делегациясынын жетекчиси, элчи А.Боубакар КР тийиштүү мамлекеттик органдарына, ошондой эле КР БШК төрагасы Н.Шайлдабековага эл аралык байкоочу катары парламенттик шайлоого катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал Кыргызстан ИКУнун маанилүү мүчөсү катары каралаарын, жана ушуга байланыштуу 4 адамдан турган байкоочулар миссиясын жиберүү чечими ардактуу милдет болуп эсептелерин белгилеп кетти.
Жалпысынан, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын мүнөздөө менен, А.Боубакар шайлоо бийик деӊгээлде уюштурулуп, ачык-айрым жана таза өттү деп айтып кетти. Ошону менен бирге эле ал Кыргызстан шайлоо процессин уюштуруу жана техникалык камсыздоо жаатында башка мусулман өлкөлөрүнө үлгө боло алат деп баса белгиледи.
А.Боубакар КР укук коргоо органдары тарабынан шайлоо процессинин коопсуздугуна жана жүрүшүнө өзгөчө көӊүл бурулгандыгын белгилеп кетти. Мында өтө одоно мыйзам бузуулар байкалган эмес. Ошондой эле абдан көп эл аралык байкоочулардын катышуусунун бийик деӊгээли байкалган.
Миссиянын башчысы Кыргызстанга келүүсүндө өзүнүн оӊ таасирлери тууралуу билдирди, өзгөчө, башка мамлекеттерге салыштырмалуу, Кыргызстанөлкөдөгү демократиялык процесстердин жогорку деӊгээлдеги өсүшүн жана динамикасын белгилеп кетти.
Жыйынтыгында А.Боубакар Кыргызстанды парламенттик шайлоолордун аякташы менен куттуктап, аталган багыттан жаӊылбай, өлкөнү өсүп-өнүгүүсүнө алып баруусун каалап кетти.
Аталган шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу пресс-конференциянын жыйынтыгы боюнча журналисттин суроосуна жооп берип жатып, А.Боубакар шайлоо мыйзамдарына жаӊылыктарды киргизүү шайлоочулардын кеӊири чөйрөсүнө таза шайлоону өткөрүүгө мүмкүндүк берүү менен элге өз тандоосун жасоого шарт түздү, бул Кыргызстанда демократиялык институтту өнүктүрүүнүн фактору болуп эсептелет. Ошондой эле, шайлоо тынч, эч кандай одоно мыйзам бузууларсыз өттү деп белгилеп кетти.
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүнүн жүрүшү, БШК сайтында маалыматтарды чагылдырууда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон механикалык ката тууралуу маалымат берүү үчүн БШК Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте жолугушуу өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте 2021-жылдын 1-декабрында, саат 14:00дө шайлоого катышкан саясий партиялардын жана ЖМКнын өкүлдөрү менен добуш берүүнүн жүрүшү, БШК сайтында маалыматтарды чагылдырууда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон механикалык ката тууралуу маалымат берүү үчүн жолугушуу өткөрөт.
Учурда АЭУлардан алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, бул юридикалык мааниге ээ болбогон, алдын ала маалымат болуп эсептелет, ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы добуштарды кол менен саноонун натыйжасы боюнча аныкталат.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.10.2026
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16.10.2026
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
16.10.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады