Башкы Жаңылыктар БШК: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш …

БШК: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳнүн тартиби жана мѳѳнѳттѳрү жѳнүндѳ

01-Дек, 2021

Мыйзамдарга ылайык участкалык шайлоо комиссиялары кол менен эсептѳѳнүн жыйынтыктары боюнча тийиштүү шайлоо участкаларындагы добущ берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.  

Азыркы учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептѳѳ аяктады.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде алар округдук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.

Округдук шайлоо комиссиясы (ОШК) түздѳн түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкѳн добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу менен тийиштүү аймактагы (округдагы) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

Тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын чечими округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылшы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкѳн протоколдордо камтылган маалыматтарды топтоонун негизинде добуш берүү күнүнѳн тартып 20 календардык күндѳн кеч эмес (2021-жылдын 18-декабрына чейин) шайлоонун натыйжаларын белгилейт.

Мында бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары милдеттүү түрдѳ шайлоону даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ келип түшкѳн бардык даттанууларды (арыздарды) карап чыгат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.

Комиссиялар ошондой эле шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ  келип түшкѳн жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура огандарынын компетенциясында турган мыйзамдарды бузуулар, анын ичинде талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар жѳнүндѳ билдирүүлѳр, арыздар  боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карап чыгат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо жана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ тууралуу чечимдерге арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүшкѳн саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү жана байкоочулар кайрыла алышат.

Мында арыздар (даттануулар) келип түшкѳн учурдан тартып 3 күндүк мѳѳнѳттѳ шайлоо комиссиялары тарабынан каралууга жатат.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ:

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:

1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;

2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;

3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны белгиленген формадагы, добуш берүү үчүн үкөктөн алынган шайлоо бюллетендеринин саны, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - ошондой эле идентификациядан өткөнү жөнүндө чектер боюнча аныкталат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;

2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.

Борбордук шайлоо комиссиясы эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.

Округдук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>