Башкы Жаңылыктар Ислам кызматташтыгы Уюмунун миссиясы: Кыргызстан шайлоо процессин уюштуруу …

Ислам кызматташтыгы Уюмунун миссиясы: Кыргызстан шайлоо процессин уюштуруу жана техникалык камсыздоо жаатында башка мусулман өлкөлөрүнө үлгү боло алат

30-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү процессинин мониторингинин жыйынтыгы боюнча ИКУ байкоочулар миссиясынын билдирүүсү 

Ислам кызматташтыгы Уюмунун эл аралык байкоочулар делегациясынын жетекчиси, элчи А.Боубакар КР тийиштүү мамлекеттик органдарына, ошондой эле КР БШК төрагасы Н.Шайлдабековага эл аралык байкоочу катары парламенттик шайлоого катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Ал Кыргызстан ИКУнун маанилүү мүчөсү катары каралаарын, жана ушуга байланыштуу 4 адамдан турган байкоочулар миссиясын жиберүү чечими ардактуу милдет болуп эсептелерин белгилеп кетти. 

Жалпысынан, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын мүнөздөө менен, А.Боубакар шайлоо бийик деӊгээлде уюштурулуп, ачык-айрым жана таза өттү деп айтып кетти.  Ошону менен бирге эле ал Кыргызстан шайлоо процессин уюштуруу жана техникалык камсыздоо жаатында башка мусулман өлкөлөрүнө үлгө боло алат деп баса белгиледи.  

А.Боубакар КР укук коргоо органдары тарабынан шайлоо процессинин коопсуздугуна жана жүрүшүнө өзгөчө көӊүл бурулгандыгын белгилеп кетти. Мында өтө одоно мыйзам бузуулар байкалган эмес. Ошондой эле абдан көп эл аралык байкоочулардын катышуусунун бийик деӊгээли байкалган. 

Миссиянын башчысы Кыргызстанга келүүсүндө өзүнүн оӊ таасирлери тууралуу билдирди, өзгөчө, башка мамлекеттерге салыштырмалуу, Кыргызстанөлкөдөгү демократиялык процесстердин жогорку деӊгээлдеги өсүшүн жана динамикасын белгилеп кетти. 

Жыйынтыгында  А.Боубакар Кыргызстанды парламенттик шайлоолордун аякташы менен куттуктап, аталган багыттан жаӊылбай, өлкөнү өсүп-өнүгүүсүнө алып баруусун каалап кетти. 

Аталган шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу пресс-конференциянын жыйынтыгы боюнча журналисттин суроосуна жооп берип жатып, А.Боубакар шайлоо мыйзамдарына жаӊылыктарды киргизүү шайлоочулардын кеӊири чөйрөсүнө таза шайлоону өткөрүүгө мүмкүндүк берүү менен элге өз тандоосун жасоого шарт түздү, бул Кыргызстанда демократиялык институтту өнүктүрүүнүн фактору болуп эсептелет.  Ошондой эле, шайлоо тынч, эч кандай одоно мыйзам бузууларсыз өттү деп белгилеп кетти.   

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>