Башкы Жаңылыктар Округдук шайлоо комиссиялары округдарда добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Округдук шайлоо комиссиялары округдарда добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда

02-Дек, 2021

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларындагы добуштарды кол менен саноо аяктагандыгын билдирет. 

Учурда бардык тийиштүү шайлоо документтери (протоколдор, идентификациялоо чегинин жана АЭУ чегинин көчүрмөсү, бюллетендер ж.б.) тийиштүү округдук шайлоо комиссияларына берилди. 

Округдук шайлоо комиссиясы округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын округдун алкагындагы участкалардын протоколдорунун маалыматтарын кошуу аркылуу чыгарат. 

Округдук шайлоо комиссиясында тутумдук администратор ар бир участок боюнча протоколдогу маалыматтарды МШТ тутумуна кол менен киргизет:

- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 1 протоколдун маалыматы; 

- бирдиктүү шайлоо округу боюнча 1 протоколдун жана ар бир саясий партия боюнча жана тизмедеги талапкерлердин ар бири боюнча добуштардын тиркемесинин маалыматы.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча протоколдордун маалыматын МШТ тутумуна киргизүү аяктады жана МШТ сайтында жайгаштырылды.    

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча маалыматтарды киргизүү бир аз көбүрөөк убакытты талап кылат. Учурда БШК сайтында бирдиктүү шайлоо округу (партиялар боюнча) боюнча УШК протоколдорунун 80%га жакыны жарыяланды.   

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алууда округдук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү текшерет:  

- кол менен эсептөө протоколдорунун туура толтурулгандыгын; 

- добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго киргизилген жана ага тиркелген документтердеги (идентификациялоонун биринчи жана АЭУ чектеринин болуусу) маалыматтардын текшерилүүчү катышын. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура толтурулгандыгын алдын ала текшергенден кийин, округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу таблица жана протокол түзөт, мында УШКлардын саны, алардын негизинде түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол, шондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматы камтылган. 

Участкалык шайлоо комиссияларынан кабыл алынган шайлоо документтеринин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулуш өткөрөт, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөн жактагы шайлоо комиссияларында протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат, шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу чогулушунун протоколу түзүлөт жана ага кол коюлат.  

Округдук шайлоо комиссиясынын чечими БШКда 3 күндүк мөөнөттө, ал эми БШК чечими – сотто каралат.  

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо 

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК ар бир конкреттүү округдагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечимин кабыл алат, б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин округда шайланган депутаттарын акныктайт. 

Партиялык тизме боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча БШК республиканын бүткүл аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт, андан соӊ бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктайт. Өзүнүн протоколунда БШК канча саясий партия босогодон өткөнүн, ар бир партиядан кимдер шайлангандыгын аныктайт.   

БШК 2021-жылдын 18-декабрынан кечиктирбестен шайлоонун жыйынтыгын аныктайт. 

 

Маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>