Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК: Бишкек шаарындагы эки округ боюнча талапкерлигин койгон талапкерлер жөнүндө маалыматтар  «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыяланды
11.02.2022

КР БШК: Бишкек шаарындагы эки округ боюнча талапкерлигин койгон талапкерлер жөнүндө маалыматтар «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлигин койгон талапкерлердин тизмесин «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыялады. «Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg ресурсундагы маалыматтар талапкерлер, талапкерлердин программалары жана шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылы тууралуу жарандарга маалымдоого арналган. Ошондой эле «Талапкер» порталынын «Медиа» бөлүгүндө акысыз обо убактысын берүү алкагында «Бешинчи канал» ТВда көрсөтүлүүчү талапкерлерге теледебаттары жана жеке чыгып сүйлөөлөрү жарыяланат. Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо айкындуулугунун стандартын ишке ашыруу максатында БШК тарабынан компонент иштелип чыгып, колдонууга киргизилди. Ал талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтарды «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу реалдуу убакыт режиминде автоматтык форматта ыйгарым укуктуу банктардан алууга мүмкүнчүлүк берет, ал маалыматтар БШКнын расмий сайтында («Шайлоо фонду» бөлүгүнүн «Талапкер» бети) автоматтык түрдө көрсөтүлөт жана шайлоо фонддорунун каражаттары тууралуу каржы отчётторун топтоп, алып турат. Маалымат жеке маалыматтар жана банк сыры тууралуу мыйзамдардын талаптары эске алынуу менен жарыяланат (б.а. каражаттарды төгүүчүнүн маалыматтарды ачык жарыялоого макулдугу менен) жарыяланат. 2022-жылдын 9-февралына карата № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер талапкерлигин койду. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер талапкерлигин койду. «Талапкер» порталына кирүү үчүн Шилтемени басыңыз.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды
10.02.2022

КР БШК: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады. Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуужарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоону жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт. Үгүт жүргүзүү процессине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүшү керек. КР БШК обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2022-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш экендигин эске салат. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниеттенген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары белгиленген мөөнөттө – 2022-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл; - жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; - юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин салык органдарында мамлекеттик каттоо (патент) жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн; - маалымат жана массалык коммуникация чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгѳ уруксат берген документтердин кѳчүрмѳсүн; - уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо); - эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн электрондук почтасына pr.shailoo@gmail.com жөнөтөрүн КР БШК эске салат. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин б.а. шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 2022-жылдын 11-мартында, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 2022-жылдын 21-мартында башталат. Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү
10.02.2022

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү 10 ФЕВРАЛЯ 2022 Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлдү жана КР БШКнын шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына - https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml жайгаштырылды. Шайлоочулардын тизмелери 2022-жылдын 19-февралына чейин кагазга басылып чыгарылып, 84 шайлоо участогуна илинет. Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта күн сайын жүргүзүлөт. Урматтуу шайлоочулар! 2022-жылдын 10-февралынан тартып 25-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; 2022-жылдын 19-февралынан тартып шайлоо участогунда;  «tizme.gov.kg.» сайтында; Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз 2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg.” сайтында «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат. Маалымат үчүн: КРдин шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар жана КР мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, КРдин бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 41-абзацы, 12-беренесинин 1-бөлүгү).   Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча алдын ала тизмелердеги шайлоочулардын саны 24 810 шайлоочуну, Токтогул шаардык кеңеши 13 061 шайлоочуну, Кара-Балта шаардык кеңеши 30 818 шайлоочуну, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1 836 шайлоочуну, Кара-Булак айылдык кеңеши 2 179 шайлоочуну, Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 189 шайлоочуну, Александровка айылдык кеңеши 11 357 шайлоочуну, Сокулук айылдык кеңеши 10 900 шайлоочуну, Кара-Жыгач айылдык кеңеши 4 475 шайлоочуну, Көк-Арт айылдык кеңеши 7 270 шайлоочуну, Юсупов айыл кеңеши 16 496 шайлоочуну, Төлөйкөн айылдык кеңеши 16 740 шайлоочуну, Ак-Таш айылдык кеңеши 5 830 шайлоочуну, Тоголок-Молдоко айылдык кеңеши 2 260 шайлоочуну, Казыбек айылдык кеңеши 3 326 шайлоочуну, Кажы-Сай айылдык кеңеши 3 015 шайлоочуну түздү. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмеси 2022-жылдын 11-мартына чейин түзүлүп, "Тизме" мамлекеттик жайгаштырылат жана шайлоо участокторуна илинет. Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2022-жылдын 31-мартына чейин түзүлүп, 2022-жылдын 7-апрелине чейин "Тизме" мамлекеттик жайгаштырылат жана шайлоо участокторуна илинет.     РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА  84 127704 66769 52,3 157562 Чүй облусу  33 47905 23963 50 60279 Жайыл АШК  16 23196 14029 60,5 30818 Кара-Балта шаардык кеңеши  16 23196 14029 60,5 30818 Кемин АШК  6 6550 3042 46,4 7204 Жаңы-Алыш айылдык кеңеши  1 1660 815 49,1 1836 Кара-Булак айылдык кеңеши  2 2023 765 37,8 2179 Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 2867 1462 51 3189 Москва АШК  6 9736 4082 41,9 11357 Александровка айылдык кеңеши  6 9736 4082 41,9 11357 Сокулук АШК  5 8423 2810 33,4 10900 Сокулук айылдык кеңеши  5 8423 2810 33,4 10900 Жалал-Абад облусу  24 40056 20600 51,4 49616 Таш-Көмүр АШК  11 19658 10561 53,7 24810 Таш-Көмүр шаардык кеңеши  11 19658 10561 53,7 24810 Токтогул АШК  5 10819 5475 50,6 13061 Токтогул шаардык кеңеши  5 10819 5475 50,6 13061 Аксы АШК  3 3735 1677 44,9 4475 Кара-Жыгач айылдык кеңеши  3 3735 1677 44,9 4475 Сузак АШК  5 5844 2887 49,4 7270 Көк-Арт айылдык кеңеши  5 5844 2887 49,4 7270 Ош облусу  20 32058 18680 58,3 39066 Араван АШК  9 13785 8737 63,4 16496 С. Юсупов айылдык кеңеши  9 13785 8737 63,4 16496 Кара-Суу АШК  11 18273 9943 54,4 22570 Ак-Таш айылдык кеңеши  3 4620 2624 56,8 5830 Төлөйкөн айылдык кеңеши  8 13653 7319 53,6 16740 Нарын облусу  4 5049 2463 48,8 5586 Ак-Талаа АШК  1 2076 978 47,1 2260 Тоголок-Молдо айылдык кеңеши  1 2076 978 47,1 2260 Ат-Башы АШК  3 2973 1485 49,9 3326 Казыбек айылдык кеңеши  3 2973 1485 49,9 3326 Ысык-Көл облусу  3 2636 1063 40,3 3015 Тон АШК  3 2636 1063 40,3 3015 Кажы-Сай айылдык кеңеши  3 2636 1063 40,3 3015  
Кененирээк билүү >>
БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
10.02.2022

БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине дайындалды. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 24 683,2 миң сом жалпы суммасында бекитти, анын ичинде: - Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарын, анын ичинде шайлоо комиссиялары үчүн айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн 14 687,2 миң сом суммасында; - 13 аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) жана 84 участкалык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - УШК) үчүн 9 996,0 миң сом жалпы суммасындагы чыгымдар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрлөт. Маалымат үчүн: Смета төмөн турган шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен түзүлөт (бир шайлоо комиссиясындагы мүчөлөрдүн саны 13-15 адамдын чегинде белгиленген). АШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 1241 адамды түзөт: 13 АШКда – 158 адам, - 84 УШКда – 1083 адам. Ошондой эле техникалык жактан колдоо көрсөтүүчү топторго ишке тартылган 30 адиске, автоматтык эсептөөчү урналарды (АЭУ) тейлөөгө ишке тартылган 168 операторго (алардын саны шайлоочулардын санына жараша болот) эмгек акы төлөнөт. Мындан тышкары, күнү-түнү иштегенге байланыштуу АШК жана УШК мүчөлөрүнө, идентификация боюнча операторлорго, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоого тартылган ИИМ кызматкерлерине (194 адам) добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү бир күнгө 500 сомдон тамактанууга суткалык чыгымдарды төлөп берүү мыйзамда каралган. Ошону менен бирге, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ишин, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишин камсыздоону төмөнкү чыгымдар боюнча борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырат: - байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (уюлдук байланыш); - кеңсе жабдыктарын сатып алуу; - интернет-байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (анын ичинде автоматтык эсептөөчү урналар жана планшеттер үчүн); - басма продукция боюнча кызмат көрсөтүүлөр (бюллетендерди, тестке бюллетендерди, шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын, усулдук журналдарды ж.б. даярдоо); - жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү жарыялоо; - шайлоо жабдыктарын, шайлоо документтерин жана таратылуучу материалдарды жеткизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр; - жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын сатып алуу; - шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыздоого байланыштуу башка чыгымдар.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлер шайлоону мыйзам алкагында өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту
10.02.2022

Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлер шайлоону мыйзам алкагында өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Бүгүн – 2022-жылы 10-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болуп өттү. Кол коюуга КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров, Бишкек шаарындагы эки округ боюнча талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык активисттер катышты. “Кыргызстанда өткөрүлгөн шайлоолордун тарыхына көз чаптырып, бюллетендерди дүңүнөн салуу, административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр мурда орун алгандыгын айтуу керек. Бүгүн биометрика, шайлоочуларды идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу жаатында шайлоо мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында “бир шайлоочу – бир добуш” деген түшүнүккө жетиштик, демек, добуш берүүнүн жыйынтыгы анык жана ачык-айкын аныкталат”, - деди Т.Шайназаров. КР БШК төрагасынын орун басары Меморандумга кол коюуга катышкандарга теледебаттарды жана жеке чыгып сүйлөөлөрдү өткөрүү үчүн «Бешинчи канал» телеканалында талапкерлерге тең шартта акысыз обо убактысы бөлүнгөндүгүн маалымдады. Бишкек шаарындагы эки округ боюнча кайра шайлоого катышуучу талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат. Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим. Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты: • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого; • шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сый-урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө; • талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен ачык, жалпы талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде чечүүгө; • шайлоо процессинде этикалык жана моралдык жүрүм-турумду сактоого, булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, бири бирибизге ак ниет мамиле жасоого; • башка талапкерлердин, беделин жана иштиктүү кадыр-баркын кемсинткен алдын ала жалган маалыматтарга негизделген жарыялоолорду таратпоого; • добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө; • өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга; • күч колдонуу менен коркутуу, жалаа жабуу, кадыр-баркты жана ар-намысты кемсинтүү же күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого; • добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине, добуш берүү жана добуштарды саноо процессине укукка сыйбас таасир көрсөтүүчү ар кандай аракеттерден баш тартууга, добуш берүүнүн жашырундуулугун бузбоого; • бардык шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын ишине көмөк көрсөтүүгө; • шайлоо өнөктүгүн шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч атмосфера болушуна көмөктөшкөндөй уюштуруп, өткөрүүгө. Меморандумда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө – талапкерлер менен өз ара аракеттешүү үчүн калыс жана ачык болуу, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына – бурмалоолорго жана манипуляцияга жол бербестен, адил жана обьективдүү болуу талабы коюлду.   № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин ортосунда Меморандум № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин ортосунда Меморандум   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады
10.02.2022

БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

БШК «РСК Банк» ААКты жана «Айыл Банк» ААКты 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады (БШКнын 2022-жылдын 9-февралындагы № 13 токтому). «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык БШК төмөнкүлөрдү эске салат: - жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, өздөрү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо фонддорун түзөт; - шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банк же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Ал эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Каттоо үчүн талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которот. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн – 1000 сом, шаардык кеңештин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үчүн – 20 000 сом. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Шаардык кеңештердин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү – 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиялардын чыгымдарынын чектик суммасы 5000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондун түзүү жана атайын эсептерин ачуу жөнүндө кыйла кененирээк маалымат БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Жободо камтылган. Маалымат алуу үчүн телефон: 0 (312) 66 01 09.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ
09.02.2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ   Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы №31 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулары! Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволордун түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 9-февралына чейин www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз. Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2022-жылдын 19-февралына чейин тиешелүү шайлоо участкаларында илинет. Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер табылган учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда) жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Шайлоо участогунда арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт. Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана шайлоодо добуш берүү күнү добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок. Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок. Шаардык кеңештердин депутаттары пропорциялык тутум боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттары – мажоритардык тутум боюнча шайланат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга, айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жана талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. 1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 40 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 28-февралында саат 24.00гө чейин аяктайт. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 11-мартына чейин аяктайт. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык «Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо дайындалган датага чейин 6 айдан кем убакыт калганда катталган фактысынын белгилениши талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуунун негиздери боло алат». 2. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 10-мартында саат 24.00гө чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 21-мартына чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө жалпы маалыматтар, шайлоо алдындагы программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылган. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе Сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды. Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери. Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштуруусу керек. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш! Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялык тутум боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат. Айылдык кеӊештерге жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 19-февралына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет. Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат. Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот: 1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат; 2) 4, 5, 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 3) 7, 8, 9, 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 4) 11, 12, 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 5) 14, 15, 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилген. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо мандаттар алгач аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер шайланган болуп таанылат. Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда аял-талапкерлер жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү: - керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү; - жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк, кабиналар ж.б.), шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо; - үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышы, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо зарыл), жылуулук менен камсыздоо; - керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү; - шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү; - көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын өкүлдөрү! Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 18-февралына чейин ЖМК, интернет-басылмалар обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2022-жылдын 11-мартынан тартып, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2022-жылдын 21-мартынан тартып башталат. Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет. Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбоо максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды өткөрүү) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл: - орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү; - адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо; - санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу; - катышуучулардын дене таптарын көзөмөлдөө; - колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды кайра-кайра дезинфекциялоо. КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт. Шайлоонун укуктук нукта өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин талаптары бекем сакталууга тийиш, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл. КР БШК өз тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык-айкындуулукка кепилдик берет жана шайлоо тынч, туруктуу маанайда өтүшүнө болгон күч-аракетин жумшайт, биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.
Кененирээк билүү >>
БШК К.Р. Тажибаевдин № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата арызын карады
09.02.2022

БШК К.Р. Тажибаевдин № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата арызын карады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналышында К.Р. Тажибаевдин № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинага карата арызын карады. Арызда 31-январда талапкер жана анын командасы Бишкек шаарынын Свердлов районунда үгүттүн белгилери бар үгүт баннерин жайгаштырганы көрсөтүлгөн, арыз ээсинин пикири боюнча бул талапкерлердин арасында тең эмес шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу арыз ээси эртелеп үгүт жүргүзгөндүгү үчүн И.Ю. Карамушкинага карата жоопкерчилик чарасын көрүүнү өтүнөт. Арызды жана ал боюнча берилген материалдарды карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер И.Ю. Карамушкинанын аракеттеринде шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартиби жана эрежелери бузулган белгилерди таба албады, себеби ал үгүт материалы 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт өнөктүгү мезгилинде «Социал-демократтар» саясий партиясы тарабынан даярдалган. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү”. Арызды караган күнгө карата аталган баннер көрсөтүлгөн даректе болгон эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарын аткаруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алып, кайрылууну Бишкек шаарынын мэриясына жөнөттү.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти
09.02.2022

БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти

2022-жылдын 9-февралында өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти. Токтом «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 1 арыз түштү
09.02.2022

БШКга № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 1 арыз түштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналышында № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызын карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.Т. Тилектешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2022-жылдын 9-февралындагы арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган КР кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планын бекитти
09.02.2022

БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган КР кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган КР кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү, Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруучулук-техникалык ж.б. маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү каралды. КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары: Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо - ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды БШКга берүүсү – 2022-жылдын 18-февралына чейин. Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө - шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып алуу – 2022-жылдын 9-февралына чейин; - шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 2022-жылдын 19-февралына чейин; - шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, тизмеде болбогондук жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – (2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда); - шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2022-жылдын 11-мартына чейин; - шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло тизмесин түзүү – 2022-жылдын 31-мартына чейин. Шайлоо округдарын түзүү бирдиктүү жана көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү – 2022-жылдын 19-февралына чейин; - шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2022-жылдын 19-февралына чейин. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо шаардык кеңештерге: - шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда (2022-жылдын 28-февралында саат 24.00гө чейин); - шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү – добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 28-февралында саат 24.00гө чейин); - шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда (2022-жылдын 11-мартына чейин). айылдык кеңештерге: - айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2022-жылдын 10-мартында саат 24.00гө чейин); - айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү –добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 10-мартында саат 24.00гө чейин); - айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2022-жылдын 21-мартына чейин). Шайлоо алдындагы үгүт - шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – шаардык кеңештердики – 2022-жылдын 11-мартынан, айылдык кеңештердики – 2022-жылдын 21-мартынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2022-жылдын 9-апрелинде, саат 8.00дө) токтотулат. Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү - шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү – 2022-жылдын 21-мартына чейин; - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо – 2022-жылдын 31-мартына чейин. Добуш берүүнү өткөрүү тартиби - добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу – 2022-жылдын 7-апрелине чейин; - добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2022-жылдын 9-апрели); - добуш берүүнү өткөрүү – 2022-жылдын 10-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин; - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2022-жылдын 30-апрелине чейин.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 9-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
09.02.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 9-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 9 февраль 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 16:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Тилектешович Тилектешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Роман Павлович Ремневтун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Майрамбек уулу Калыстын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аида Жеңишбековна Салянованын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Бир мандаттуу №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы) 9. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын,Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы) 10. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жѳнүндѳ (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча теледебаттардын графиги
09.02.2022

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча теледебаттардын графиги

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, 24-берене. 1. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар ушул конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу – саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын көлөмү жумуш күндөрү региондук телерадиоуюмдардын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болушу керек. Акысыз обо убактысы – «Бешинчи канал» ЖАК Обо убактысы (жеке чыгып сүйлөө) 9-февралдан 25-февралга чейин, ар бир талапкер үчүн 15 минут. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча жеке чыгып сүйлөөлөрдүн жалпы убактысы – 780 минут (13 саат). Дебаттар 10-февралдан 25-февралга чейин, ар бир талапкер үчүн 15 минут. Бишкек шаары боюнча дебаттардын жалпы убактысы – 780 минут (13 саат). Акысыз жалпы обо убактысы – 1560 минут (26 саат) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык: 34-берене. Айтышуулар, эреже катары, төмөндөгү компоненттерден турат: 1) талапкердин, саясий партиянын программасы менен тааныштыруу; 2) спикерлердин бири бирине суроо берүүсү (суроолордун саны айтышууга катышуучулардын (талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесинен талапкерлердин) санына жараша аныкталат); 3) шайлоочуларга кайрылуу (калган убакыт аны тең бөлүштүрүү менен берилет). 36-берене. Шайлоо алдындагы айтышуулардын катышуучулары төмөндөгүлөргө милдеттүү: айтышуунун ар бир компонентине бөлүнгөн убакыттын көлөмүнүн регламентин сактоого; чыгып сүйлөөнүн лимитинен ашып кетүүгө жол бербөөгө; айтышуунун тийиштүү тартибин бузбоого; айтышууну этикалык чнеминин алкагында жүргүзүүгө. Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат (конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин 5-п.). «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, 6-п. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген обо убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок: 1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга; 2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого; 3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга; 4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга. Талапкерлердин катышуусу менен теледебаттар № 27 Биринчи май шайлоо округу ДАТАСЫ УБАКТЫСЫ ТАЛАПКЕРДИН ФАА 10.02.2022 21:00 Тотонов Нурбек Темирбекович Искендеров Эльман Хыдырович Мамбетсадыков Азамат Нурбекович Токтокожоев Таалайбек Самудинович Капаров Чынгыз Капарович 11.02.2022 21:00 Ремнев Роман Павлович Нурдинов Бейшеналы Тагайбек Султан Жуков Виталий Юрьевич Акылбеков Русланбек Акылбекович 14.02.2022 21:00 Сартаев Анвар Айдарович Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич Сариев Акылбек Аблабекович Абдыкадыр уулу Бектур Кермалиев Таалайбек Женишович 15.02.2022 21:00 Нурматов Темирбек Асанович Ибраймакунов Данияр Омурбекович Токтакунов Нурбек Акбарович Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 16.02.2022 21:00 Савин Виктор Евгеньевич Абдыразакова Айжан Улановна Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович Давлянов Дамирбек Тайырбекович 17.02.2022 21:00 Тилектешов Улукбек Тилектешович Акеров Тавылды Абдраманович Мусаев Тахир Насырович Гапаров Адылбек Абдикаримович Талапкерлердин катышуусу менен теледебаттар № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу ДАТАСЫ УБАКТЫСЫ ТАЛАПКЕРДИН ФАА 18.02.2022 21:00 Абышев Медер Болотович Аспек уулу Азамат Алмаз уулу Аскар Карамушкина Ирина Юрьевна Токмулин Рафаэль Мубаракович 21.02.2022 21:00 Болотбеков Бакытбек Болотбекович Бакиров Бакыт Жеентайович Джоомартова Рыскан Абдиевна Джумагазиева Нуржан Курманбековна Хакимходжаев Зуфар Шавкатович 22.02.2022 21:00 Строкова Евгения Григорьевна Майрамбек уулу Калыс Салянова Аида Женишбековна Султанбеков Муратбек Кенешбекович Босивская Кристина Валерьевна 24.02.2022 21:00 Алмамбетова Гуля Идиновна Бейшенбаев Эдиль Нурбекович Курманов Ильяс Зайнидинович Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич Алканова Элнура Сайдиракмановна 25.02.2022 21:00 Атазов Шайлообек Карыбекович Саадабаев Бакыт Муратбекович Маматкулов Нурланбек Жолошович Исираилова Анара Усонбековна Жолдошова Назгул Амантуровна   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” КР БШКнын токтому
08.02.2022

БШК “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” КР БШКнын токтому

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-февралындагы жыйналышында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу” КР БШКнын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул токтом жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү, аларга акча каражаттарынын түшүүсүн, аларды сарптоону эсепке алуу эрежелерин жана жол-жоболорун бирдейлештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдөгү окшош эрежелерди жана жол-жоболорду эске алуу менен жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-16-беренелерине ылайык кабыл алынды. Колдонуудагы Нускама жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартибин жөнгө салган мыйзам чыгаруу ченемдерин камтыгандыктан, кабыл алынган токтом менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө буга окшош мамилелерди жөнгө салган ченемдик актыларга окшош Жобого кайра өзгөртүлдү. Талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин банк мекемелеринде ачуу жана жабуу жол-жоболору, шайлоо фонддорун түзүү булактары, шайлоо фонддорунун атайын эсептеринде шайлоо фонддорунун акча каражаттарын эсепке алууну жана сарптоону жүргүзүү, финансы отчёттуулугун түзүү, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына жыйынтыктоочу отчетту берүү үчүн адепки финансы документтерин даярдоо жол-жоболору бирдиктүү принциптерге жана эрежелерге ээ болгондуктан, жогоруда аталган “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускамага токтом менен төмөнкү негизги өзгөртүүлөрдү киргизилди: - «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15- беренесинин 7-пунктунда каралган кайра добуш берүү (кайталап добуш берүү) жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасынын көбөйтүлүшү тууралуу ченем киргизилди; - шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр талапкерлердин жана саясый партиялардын жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрүндө кызмат көрсөтүү келишимдерине кол коюуга укуктуу адамдар катары конкреттештирилди; - талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтарын, талапкерлердин, саясий партиялардын финансы отчётторун БШКнын расмий сайтында реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө көрсөтүп турууга мүмкүнчүлүк берүүчү автоматташтырылган маалымат тутумунун ишке киргизилишин эске алуу менен шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү финансы отчётторунун жана аларды тариздөөнүн саны азайтылды; - шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу талапкердин, саясий партиянын финансы отчётунун формасы жаңыланууда, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын «Финансылык айкындуулук» деп аталган автоматташтырылган маалымат тутуму тарабынан топтолуп, талапкерлердин жана саясий партиялардын отчётторду түзүүсүн жеңилдетет.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин ортосунда акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү
08.02.2022

КР БШК Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин ортосунда акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү

Бүгүн – 2022-жылы 8-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосунда «Бешинчи канал» ЖАК телеканалында акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү. Чүчү кулакка ылайык позициялар төмөнкүдөй аныкталды: «Бешинчи канал» ЖАК – теледебаттар, талапкерлердин жеке чыгып сүйлөөлөрү .   № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу Талапкердин ФАА Чүчү кулактын натыйжасы   Тотонов Нурбек Темирбекович 1   Искендеров Эльман Хыдырович 2   Мамбетсадыков Азамат Нурбекович 3   Токтокожоев Таалайбек Самудинович 4   Капаров Чынгыз Капарович 5   Ремнев Роман Павлович 6   Нурдинов Бейшеналы 7   Тагайбек Султан 8   Жуков Виталий Юрьевич 9   Акылбеков Русланбек Акылбекович 10   Сартаев Анвар Айдарович 11   Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич 12   Сариев Акылбек Аблабекович 13   Абдыкадыр уулу Бектур 14   Кермалиев Таалайбек Женишович 15   Нурматов Темирбек Асанович 16   Ибраймакунов Данияр Омурбекович 17   Токтакунов Нурбек Акбарович 18   Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 19   Савин Виктор Евгеньевич 20   Абдыразакова Айжан Улановна 21   Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович 22   Давлянов Дамирбек Тайырбекович 23   Тилектешов Улукбек Тилектешович 24   Акеров Тавылды Абдраманович 25   Мусаев Тахир Насырович 26   Гапаров Адылбек Абдикаримович 27     № 27 Биринчи май ОШК боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчү кулактын протоколу: «Бешинчи канал» ЖАК – теледебаттар, «Бешинчи канал» ЖАК - талапкерлердин жеке чыгып сүйлөөлөрү   № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу Талапкердин ФАА Чүчү кулактын натыйжасы Абышев Медер Болотович 1 Аспек уулу Азамат 2 Алмаз уулу Аскар 3 Карамушкина Ирина Юрьевна 4 Токмулин Рафаэль Мубаракович 5 Болотбеков Бакытбек Болотбекович 6 Бакиров Бакыт Жеентайович 7 Джоомартова Рыскан Абдиевна 8 Джумагазиева Нуржан Курманбековна 9 Хакимходжаев Зуфар Шавкатович 10 Строкова Евгения Григорьевна 11 Майрамбек уулу Калыс 12 Салянова Аида Женишбековна 13 Султанбеков Муратбек Кенешбекович 14 Босивская Кристина Валерьевна 15 Алмамбетова Гуля Идиновна 16 Бейшенбаев Эдиль Нурбекович 17 Курманов Ильяс Зайнидинович 18 Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич 19 Алканова Элнура Сайдиракмановна 20 Атазов Шайлообек Карыбекович 21 Саадабаев Бакыт Муратбекович 22 Маматкулов Нурланбек Жолошович 23 Исираилова Анара Усонбековна 24 Жолдошова Назгул Амантуровна 25   № 29 Свердлов ОШК боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчү кулактын протоколу: «Бешинчи канал» ЖАК – теледебаттар, «Бешинчи канал» ЖАК - талапкерлердин жеке чыгып сүйлөөлөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 7-февралынан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү этабы башталганын, ал 2022-жылдын 26-февралынын саат 08.00нө чейин улантылаарын маалымдайт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү
08.02.2022

Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү

Бүгүн – 2022-жылы 8-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү. Чүчү кулакка КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер,  КР ЖК  депутаттыгына катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.  № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча чүчү кулактын натыйжалары боюнча шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүк: 1.            Нурматов Темирбек Асанович; 2.            Нурдинов Бейшеналы; 3.            Тотонов Нурбек Темирбекович; 4.            Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна; 5.            Искендеров Эльман Хыдырович; 6.            Кермалиев Таалайбек Женишович; 7.            Мамбетсадыков Азамат Нурбекович; 8.            Давлянов Дамирбек Тайырбекович; 9.            Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич; 10.          Савин Виктор Евгеньевич; 11.          Ибраймакунов Данияр Омурбекович; 12.          Акылбеков Русланбек Акылбекович; 13.          Тилектешов Улукбек Тилектешович; 14.          Капаров Чынгыз Капарович; 15.          Ремнев Роман Павлович; 16.          Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович; 17.          Гапаров Адылбек Абдикаримович; 18.          Тагайбек Султан; 19.          Абдыкадыр уулу Бектур; 20.          Мусаев Тахир Насырович; 21.          Сартаев Анвар Айдарович; 22.          Абдыразакова Айжан Улановна; 23.          Токтокожоев Таалайбек Самудинович; 24.          Акеров Табылды Абдраманович; 25.          Токтакунов Нурбек Акбарович; 26.          Сариев Акылбек  Аблабекович; 27.          Жуков Виталий Юрьевич.   № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча чүчү кулактын натыйжалары боюнча шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүк: 1.            Майрамбек уулу Калыс; 2.            Маматкулов Нурланбек Жолошович; 3.            Султанбеков Муратбек Кенешбекович; 4.            Аспек уулу Азамат; 5.            Хакимходжаев Зуфар Шавкатович; 6.            Алмамбетова Гуля Идиновна; 7.            Курманов Ильяс Зайнидинович; 8.            Босивская Кристина Валерьевна; 9.            Джоомартова Рыскан Абдиевна; 10.          Бакиров Бакыт Жеентайович; 11.          Строкова Евгения Григорьевна; 12.          Атазов Шайлообек Карыбекович; 13.          Болотбеков Бакытбек Болотбекович; 14.          Абышев Медер Болотович; 15.          Бейшенбаев Эдиль Нурбекович; 16.          Алканова Элнура Сайдиракмановна; 17.          Саадабаев Бакытбек Муратбекович; 18.          Исираилова Анара Усонбековна; 19.          Джумагазиева Нуржан Курманбековна; 20.          Токмулин Рафаель Мубаракович; 21.          Алмаз уулу Аскар; 22.          Карамушкина Ирина Юрьевна; 23.          Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич; 24.          Салянова Аида Женишбековна; 25.          Жолдошова Назгул Амантуровна.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
1 … 153 155 … 485