Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү
08.02.2022

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-февралындагы жыйналышында № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызын карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга чейин № 27 Биринчи май шайлоо округу КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө төмөнкү талапкерлер арыз беришкен: Абдиев Бактыбек Кемелович; Камбаров Мирлан Адилбекович; Сопуева Нуржан Джуносовна; Масалиев Исхак Абсаматович; Кутбидинов Азизбек Камчыбекович; Аматов Рысбай Аматович. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча: 1. Шакирова Клара Капановна; 2. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич; 3. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич; 4. Мотуев Нурдин Аманканович; 5. Хасанов Дильшат Ибрагимович; 6. Эргешов Казыбек Кочкорович; 7. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович; 8. Ибраймакунов Данияр Омурбекович.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
08.02.2022

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 8-февралындагы жыйналышында Ысык-Ата, Кара-Суу, Бакай-Ата, Лейлек жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красноречка айылдык кеңешинин депутаты Кожомамбетов Азамат Асанбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат бала бакчанын тарбиячысы Косяченко Светлана Владимировнага өткөрүп берилди. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылдык кеңешинин депутаты Джолдошев Максат Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Ак-Суу” ЖЧК директору Малтаев Максат Куттубековичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаты Туленбаев Заирбек Абдумаликовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сайпидинов Чыныбекке өткөрүп берилди. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык кеңешинин депутаты Сейитов Мүзүрбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Айтбек” дыйкан чарбасынын мүчөсү Токкулиев Радилбек Айтбековичке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абдилла уулу Назарбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Маданият” орто мектебинин мугалими Сарыбаева Чынарай Нийматовнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Тажиев Нурбек Ажыкуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маданият үйүнүн башчысы Сманов Торогазы Бабановичке өткөрүп берилди. Ошондой эле жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз арызынын негизинде Кенжемуратов Алтынбек Бакытбековичти Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарышты.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 8-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
08.02.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 8-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 8 февраль 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 14:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Ата, Кара-Суу, Бакай-Ата, Лейлек, Токтогул аймактык  шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Абдивалиевич Тургунбаевдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Самудинович Токтокожоевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшеналы Нурдиновдун ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкадыр уулу Бектурдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Урматбек Мукамбетжусупович Сыдыковдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Шамильевич Муртазалиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Гуля Идиновна Алмамбетованын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бектиүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ»   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун долбоору жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 10. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
БШК парламенттик кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
06.02.2022

БШК парламенттик кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

БШК парламенттик кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги маалыматтарынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик шайлоочулар порталына 2022-жылдын 5-февралында жайгаштырылды. № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча контролдук тизмесинде шайлоочулардын саны 110 888 түзѳт, анын ичинен 46 753 эркектер, 64 135 аялдар. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча контролдук тизмесинде шайлоочулардын саны 104 711 түзѳт, анын ичинен эркектер – 44 273, аялдар – 60 438. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 215 599 шайлоочуу,  анын ичинде эркектер – 91 026, аялдар – 124 573, же тиешелүү түрдө 42,22%, 57,78%. Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2022-жылдын 16-февралына чейин жүргүзүлөт. Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2022-жылдын 22-февралында “Тизме” порталына жайгаштырылат. Урматтуушайлоочулар! 2022-жылдын 11-январынан тартып 16-февралына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «tizme.gov.kg» сайтында; шайлоо участогунда; өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2022-жылдын 16-февралына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат. 2021-жылдын 28-ноябырынан, 2022-жылдын 5-февралына чейинки мезгилге Шайлоочулардын санынын динамикасы к. н. №  Шайлоо округдардын аталыштары УШК-нын саны Шайлоо-чулардын саны 28/11/2021 Шайлоо-чулардын саны 4/01/2022 айырма Шайлоо-чулардын саны 5/02/2022 айырма 28/11/21 айырма 4/01/22  Баардыгы: 120 213078 212870 -208 215599 2521 2729 1 №27 Биринчи май шайлоо округу 60 109558 109457 -101 110888 1330 1431 2 №29 Свердлов шайлоо округу 60 103520 103413 -107 104711 1191 1298     2022-жылдын 5-фералына карата КР ЖК депуптаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын саны боюнча маалымат к. н. № Шайлоо округдардын аталыштары УШК-нын саны Шайлоочулардын саны гендер боюнча Жаш курагы боюнча баардагы эркектер аялдар 18-29 30-39 40-49 50-59 60-69 70 ~ Баардыгы: 120 215599 91026 124573 47357 51071 39990 34106 25912 17163 1 №27 Биринчи май шайлоо округу 60 110888 46753 64135 24622 26683 20347 17490 13290 8456 2 №29 Свердлов шайлоо округу 60 104711 44273 60438 22735 24388 19643 16616 12622 8707  
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү
05.02.2022

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 5-февралындагы жыйналышында № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдиев Бактыбек Кемеловичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызын карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга чейин № 27 Биринчи май шайлоо округу КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө төмөнкү талапкерлер арыз беришкен: Камбаров Мирлан Адилбекович; Сопуева Нуржан Джуносовна; Масалиев Исхак Абсаматович; Кутбидинов Азизбек Камчыбекович; Аматов Рысбай Аматович. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча: 1. Шакирова Клара Капановна; 2. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич; 3. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич; 4. Мотуев Нурдин Аманканович; 5. Хасанов Дильшат Ибрагимович; 6. Эргешов Казыбек Кочкорович; 7. Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович; 8. Ибраймакунов Данияр Омурбекович.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
№27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин эсине
05.02.2022

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин эсине

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин арасында шайлоо бюллетениндеги талапкерлердин кезегин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт. Чүчүкулакка талапкерлер, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катыша алышат. Чүчүкулак кармоо убактысы 14:30. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитет. Маалымат үчүн: Шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бөлүгүнүн 3-пункту).
Кененирээк билүү >>
2022-жылдын 5-февралына карата КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат
05.02.2022

2022-жылдын 5-февралына карата КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат

    БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди (58 – эркек, 14 – аял), алардын ичинен 53 талапкер катталды.  - 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын экөө – катталган талапкерлердин ичинен); - каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 5 талапкерге. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 – эркек, 3 – аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, алардын ичинен 27 талапкер катталды. - 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкерлердин ичинен); - каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 2 талапкерге. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 – эркек, 11 –аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, алардын ичинен 26 талапкер катталды; - 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкерлердин ичинен); - каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 3 талапкерге, 1 талапкер баш тартуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанат. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2022-жылдын 7-февралынан тартып башталат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 5-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
05.02.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 5-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 05 февраль 2022-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Ильяс Зайнидинович Курмановду №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер шайлоого катышуудан Бактыбек Кемелович Абдиевдин баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 53 талапкерди каттады
05.02.2022

БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 53 талапкерди каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 53 талапкерди каттады. Атап айтканда төмөнкү талапкерлер катталды: - № 27 Биринчи май шайлоо округу : 27. Гапаров Адылбек Абдикаримович; 26. Акеров Тавылды Абдраманович; 25. Савин Виктор Евгеньевич;  24. Ремнев Роман Павлович; 23.Тилектешов Улукбек Тилектешович; 22. Искендеров Эльман Хыдырович; 21. Тагайбек Султан; 20. Токтокожоев Таалайбек Самудинович; 19. Нурдинов Бейшеналы; 18. Тотонов Нурбек Темирбекович; 17. Сариев Акылбек Аблабекович; 16. Акылбеков Русланбек Акылбекович; 15. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович; 14. Сартаев Анвар Айдарович; 13. Жуков Виталий Юрьевич; 12. Абдыразакова Айжан Улановна; 11. Ибраймакунов Данияр Омурбекович; 10. Мусаев Тахир Насырович; 9. Давлянов Дамирбек Тайырбекович; 8.Нурматов Темирбек Асанович; 7.Абдыкадыр уулу Бектур; 6.Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич; 5.Капаров Чынгыз Капарович; 4.Мамбетсадыков Азамат Нурбекович; 3.Кермалиев Таалайбек Женишович; 2.Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна; 1.Токтакунов Нурбек Акбарович. - № 29 Свердлов шайлоо округу : 26. Курманов Ильяс Зайнидинович; 25. Джоомартова Рыскан Абдиевна; 24. Босивская Кристина Валерьевна; 23. Хакимходжаев Зуфар Шавкатович; 22. Токмулин Рафаэл Мубаракович; 21. Исираилова Анара Усонбековна; 20.Строкова Евгения Григорьевна; 19. Султанбеков Муратбек Кенешбекович; 18. Джумагазиева Нуржан Курманбековна; 17. Майрамбек уулу Калыс; 16. Салянова Аида Женишбековна; 15. Алмаз уулу Аскар; 14. Абышев Медер Болотович; 13. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович; 12. Атазов Шайлообек Карыбекович; 11. Карамушкина Ирина Юрьевна; 10. Жолдошова Назгуль Амантуровна; 9. Алканова Элнура Сайдиракмановна; 8. Болотбеков Бакытбек Болотбекович; 7. Маматкулов Нурланбек Жолошович; 6. Алмамбетова Гуля Идиновна; 5. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич; 4. Аспек уулу Азамат; 3. Саадабаев Бакыт Муратбекович; 2. Бакиров Бакыт Жеентайович; 1.Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талапкерлер,  алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери, шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо жана  шайлоо фонддорун каржылоо тартиби менен тааныштырылды
04.02.2022

Талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери, шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо жана шайлоо фонддорун каржылоо тартиби менен тааныштырылды

Тренингдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелеринин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларына даттанууларды жана арыздарды берүү тартиби жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик менен тааныштырылып, бул маселелер жана шайлоо комиссиялары тарабынан каралуучу талаш-тартыштар, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча түшүндүрмө берилди. КР БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы М.Кутбердиева шайлоо алдында үгүт жүргүзүү этабы 7-февралдан тартып башталып, 26-февралда саат 08.00дө аяктаарын маалымдады. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген ЖМК жана интернет-басылмалар талапкердин талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү. Тренингде бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын көлөмү жумуш күндөрү региондук телерадиоуюмдардын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болушу керек экендиги белгиленди. “5-канал” борбордогу бир мандаттуу эки округ боюнча акысыз обо убактысын берет. Акысыз бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси талапкерлерге дебаттарды жана ушуга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык талапкерлерге акысыз обо убактысындагы бул үлүшүн пайдаланууга бирдей негиздерде жол берилиши керек. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат. Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү. Тренингдин катышуучуларына маалыматтык материалдарда жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу зарыл экендиги тууралуу маалымат берилди. Тренингде шайлоо талаш-тартыштары, аларды кароо мөөнөттөрү жана жол-жоболору дагы окутуп, үйрөтүлдү. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарында каралганы айтылды, анын өзгөчөлүктөрү мында: шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкары тартипте ишке ашырылуучу көп сандагы санкциялар; ошондой эле шайлоо укугунда санкциялар кыска убактагы мүнөзгө ээ болот б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары белгилүү бир шайлоо өнөктүгү мезгилинде гана колдонулат. Каржылык айкындуулукту түзүү үчүн БШК шайлоо процессинин катышуучуларын шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, каржы жоопкерчилигин жана отчёттулукту камсыздоо маселелери боюнча окутууда. Шайлоо жана саясий өнөктүктөрдү каржылоого байкоо жүргүзүүдө БШКга колдоо көрсөтүү боюнча улуттук кеңешчи Н. Джумабаева шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынарын белгиледи. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Атап айтканда, жарандар жана укуктук жактар аткаруучу акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаз, кабыл алуу-өткөрүү актысы ж.б.) таризделүүгө тийиш. Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш. Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр тапшырыкчы (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга коштомо кагаз документтери менен ырасталууга тийиш.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 4-февралында өтүүчү  отурумунун күн тартибинин долбоору
04.02.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 4-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 04 февраль 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 15:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Адылбек Абдикаримович Гапаровду №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Зуфар Шавкатович Хакимходжаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ильяс Зайдинович Курмановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучуларынын ассоциациясынын Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышты
03.02.2022

БШК Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучуларынын ассоциациясынын Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышты

Бүгүн – Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү, ал 2005-жылы күзүндө Венгрияда шайлоо уюштуруучулардын Глобалдуу конференциясында уюшулган. Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү ар жылы февраль айынын биринчи бейшембисинде майрамдалат. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү чөйрөсүндөгү кесипкөйлөр Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн уюштуруу менен жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана сөздүн кеңири маанисинде шайлоо процесстерин өркүндөтүү проблемаларына адамадрдын көңүлүн буруу максатын көздөшкөн. Шайлоо күнүн майрамдоо урматына Кыргызстан мүчөсү болуп саналган Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучуларынын ассоциациясы (ЕӨШУА) уюштурган Бүткүл дүйнөлүк саммити болуп өттү. Онлайн форматта жолугушуунун жүрүшүндө Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖББ) директору М. Сарымсаков баяндама жасады. Ал саммиттин катышуучуларына 2021-жылы өткөрүлгөн шайлоо өнөктүктөрү, шайлоо мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр, шайлоо натыйжаларынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоодогу жетишкендиктер, мындан аркы өркүндөтүү боюнча милдеттер тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, шайлоо процессинде жетишкендиктер тууралуу маалымдоо, жаш шайлоочуларда демократиялык баалуулуктарга берилгендикти калыптандыруу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралда БШКнын өнүктүрүү боюнча туруктуу өнөктөштөрү ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин жана IFESтин, ошондой эле International Alert уюмунун көмөктөшүүсү менен мектеп окуучулары жана студенттер үчүн “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. () ЖББ директору М. Сарымсаков менен Бишкек АШК мүчөсү О. Щербинина Бишкек шаарынын № 4 гимназиясында окуучулары үчүн “Мен – келечектеги шайлоочумун” деген темада ачык лекция өткөрүштү. Лекцияда Конституциянын жарандардын шайлоо укуктарын, демократиялык эркин шайлоолорду уюштуруунун негизги принциптерин жөнгө салган негизги жоболору ачылды. Бишкек шаарынын № 4 гимназиясынын жогорку класстарынын окуучуларынын арасында “Жаштар жана шайлоо” деген темада сүрөт конкурсу жарыяланды. Курамына БШК өкүлдөрү У. Жылкыбаев, А. Жупуева, Б. Дюшенбиева кирген жюри 3 мыкты сүрөттү тандады. 9 «В» класстын окуучусу Черикова Карина (1-орун), 11 «Ж» класстан – Середа Валерия (2-орун), 9 «И» класстан – Лобова Анастасия (3-орун) жеңүүчү болушту. 11 «Ж» класстын окуучулары Ким Мин Джу, Патякин Максим, Фазылов Надим кызыктыруучу байгелерди алышты. “Аралаш тутум. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бул тутуму натыйжалуубу, ал элдин тандоосун чагылдырабы?” деген темадагы жаштар дебаттары күндүн чечүүчү окуясы болду. Жаштар дебаттары бирикмесинин “Бекитүү” жана “Тануу” командалары атаандаш болуп чыгышты. Жыйынтыгында “Бекитүү” командасы жеңүүчү болду жана команда мүчөлөрү Абдугулов Бектурган, Орозоев Бекназар эстелик байгелери менен сыйланышты. Экинчи команданын мүчөлөрү Орозбаев Бакытбек, Абыкеев Эрлан кызыктыруучу байгелерди татыктуу болушту. Жаштар үчүн “Менин тандоом – менин укугум!” деген темада QUIZ-викторина дагы өткөрүлүп, 10 команда катышты. “Дайрект жооп беришти” командасы (1-орун), “Тамчы” командасы (2-орун), “Жаңы адамдар” командасы (3-орун) жеңип чыгып, байгелерди алышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлү жана Бишкек шаарынын № 4 гимназиясынын окуучулары Кахут-оюндарынын жеңүүчүлөрү болушту. Ошондой эле жаш меймандарга БШКнын имаратында экскурсия өткөрүлдү, анын жүрүшүндө алар аппараттын иши менен таанышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоо урматына, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү алкагында маалыматтык, түшүндүрүү иштерине жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студент ыктыярчыларына сыйлыктар тапшырылды. КР БШК кызматкерлери дагы сыйланды. Демократиянын негизги принциптерин жана постулаттарын биздин өлкөнүн жарандарынын аң-сезимине жеткирүүдө шайлоолордун ролун ачып берүү, Конституция кепилдеген демократиялык эркиндиктерди жүзөгө ашыруу алкагында түздөн-түз же шайланган өкүлдөр аркылуу мамлекетти башкарууда жаш шайлоочулардын өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүүсүнө жана түшүнүүсүнө көмөктөшүү бул иш-чаранын негизги милдети болуп саналат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү менен куттуктоосу!
03.02.2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү менен куттуктоосу!

 
Кененирээк билүү >>
БШК “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын катталган тизмесинен талапкерди чыгарды
02.02.2022

БШК “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын катталган тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 2-февралындагы жыйналышында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Босивская Кристина Валерьевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.В. Босивскаянын өз арызынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 2-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин  долбоору
02.02.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 2-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 02 февраль 2022-ж. Убактысы: 18:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Босивская Кристина Валерьевнаны чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Акеров Тавылды Абдрамановичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Савин Виктор Евгеньевич каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Джоомартова Рыскан Абдиевнаны №29 Свердлов шайлоо округунан                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ремнев Роман Павловичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Тилектешов Улукбек Тилектешовичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Искендеров Эльман Хыдыровичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Босивская Кристина Валерьевнаны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Тагайбек Султанды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Хакимходжаев Зуфар Шавкатовичти каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. Токтокожоев Таалайбек Самудиновичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12. Токмулин Рафаэль Мубараковичти №29 Свердлов шайлоо округунан                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. Нурдинов Бейшеналыны №27 Биринчи май шайлоо округунан              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Тотонов Нурбек Темирбекович каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 15. Сариев Акылбек Аблабековичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 16. Исираилова Анара Усонбековнаны №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 17. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер Майрамбек уулу Калыстын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 18. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Токтокожоев Таалайбек Самудиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 19. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сартаев Анвар Айдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 20. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 21. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына 4 талапкерди каттоодон баш тартты
01.02.2022

БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына 4 талапкерди каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-февралындагы жыйналышында талапкерди каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербегендиги үчүн № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 4 талапкерди каттоодон баш тартты: Асанбеков Жаныбек Асанбекович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды; Жоробеков Азаматбек Жолборсович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Жогорку кесиптик билим жөнүндө жана шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документтерди бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды; Керимбеков Бакыт Макенович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды; Мамбеталиев Данияр Нурланович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерликке көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти бербегендиги үчүн каттоодон баш тартылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 154 156 … 485