Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк …

БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

10-Фев, 2022

БШК «РСК Банк» ААКты жана «Айыл Банк» ААКты 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады (БШКнын 2022-жылдын 9-февралындагы № 13 токтому).

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык БШК төмөнкүлөрдү эске салат:

- жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, өздөрү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо фонддорун түзөт;

- шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.

Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банк же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Ал эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат.

Каттоо үчүн талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которот. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн – 1000 сом, шаардык кеңештин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үчүн – 20 000 сом.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Шаардык кеңештердин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү – 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиялардын чыгымдарынын чектик суммасы 5000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондун түзүү жана атайын эсептерин ачуу жөнүндө кыйла кененирээк маалымат БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Жободо камтылган.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0 (312) 66 01 09.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>