Башкы Жаңылыктар № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов …

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча теледебаттардын графиги

09-Фев, 2022

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык,

24-берене.

1. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар ушул конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу – саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын көлөмү жумуш күндөрү региондук телерадиоуюмдардын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болушу керек.

Акысыз обо убактысы – «Бешинчи канал» ЖАК

Обо убактысы (жеке чыгып сүйлөө) 9-февралдан 25-февралга чейин, ар бир талапкер үчүн 15 минут.

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча жеке чыгып сүйлөөлөрдүн жалпы убактысы – 780 минут (13 саат).

Дебаттар 10-февралдан 25-февралга чейин, ар бир талапкер үчүн 15 минут.

Бишкек шаары боюнча дебаттардын жалпы убактысы – 780 минут (13 саат).

Акысыз жалпы обо убактысы – 1560 минут (26 саат)

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

34-берене.

Айтышуулар, эреже катары, төмөндөгү компоненттерден турат:

1) талапкердин, саясий партиянын программасы менен тааныштыруу;

2) спикерлердин бири бирине суроо берүүсү (суроолордун саны айтышууга катышуучулардын (талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесинен талапкерлердин) санына жараша аныкталат);

3) шайлоочуларга кайрылуу (калган убакыт аны тең бөлүштүрүү менен берилет).

36-берене.

Шайлоо алдындагы айтышуулардын катышуучулары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

айтышуунун ар бир компонентине бөлүнгөн убакыттын көлөмүнүн регламентин сактоого; чыгып сүйлөөнүн лимитинен ашып кетүүгө жол бербөөгө; айтышуунун тийиштүү тартибин бузбоого; айтышууну этикалык чнеминин алкагында жүргүзүүгө.

Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат (конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин 5-п.).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык,

6-п. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген обо убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:

1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;

2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;

3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;

4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.

Талапкерлердин катышуусу менен теледебаттар

№ 27 Биринчи май шайлоо округу

ДАТАСЫ

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАА

10.02.2022

21:00

Тотонов Нурбек Темирбекович

Искендеров Эльман Хыдырович

Мамбетсадыков Азамат Нурбекович

Токтокожоев Таалайбек Самудинович

Капаров Чынгыз Капарович

11.02.2022

21:00

Ремнев Роман Павлович

Нурдинов Бейшеналы

Тагайбек Султан

Жуков Виталий Юрьевич

Акылбеков Русланбек Акылбекович

14.02.2022

21:00

Сартаев Анвар Айдарович

Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич

Сариев Акылбек Аблабекович

Абдыкадыр уулу Бектур

Кермалиев Таалайбек Женишович

15.02.2022

21:00

Нурматов Темирбек Асанович

Ибраймакунов Данияр Омурбекович

Токтакунов Нурбек Акбарович

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

16.02.2022

21:00

Савин Виктор Евгеньевич

Абдыразакова Айжан Улановна

Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович

Давлянов Дамирбек Тайырбекович

17.02.2022

21:00

Тилектешов Улукбек Тилектешович

Акеров Тавылды Абдраманович

Мусаев Тахир Насырович

Гапаров Адылбек Абдикаримович

Талапкерлердин катышуусу менен теледебаттар

№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу

ДАТАСЫ

УБАКТЫСЫ

ТАЛАПКЕРДИН ФАА

18.02.2022

21:00

Абышев Медер Болотович

Аспек уулу Азамат

Алмаз уулу Аскар

Карамушкина Ирина Юрьевна

Токмулин Рафаэль Мубаракович

21.02.2022

21:00

Болотбеков Бакытбек Болотбекович

Бакиров Бакыт Жеентайович

Джоомартова Рыскан Абдиевна

Джумагазиева Нуржан Курманбековна

Хакимходжаев Зуфар Шавкатович

22.02.2022

21:00

Строкова Евгения Григорьевна

Майрамбек уулу Калыс

Салянова Аида Женишбековна

Султанбеков Муратбек Кенешбекович

Босивская Кристина Валерьевна

24.02.2022

21:00

Алмамбетова Гуля Идиновна

Бейшенбаев Эдиль Нурбекович

Курманов Ильяс Зайнидинович

Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич

Алканова Элнура Сайдиракмановна

25.02.2022

21:00

Атазов Шайлообек Карыбекович

Саадабаев Бакыт Муратбекович

Маматкулов Нурланбек Жолошович

Исираилова Анара Усонбековна

Жолдошова Назгул Амантуровна

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>