Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын …

Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлер шайлоону мыйзам алкагында өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

10-Фев, 2022

Бүгүн – 2022-жылы 10-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болуп өттү.

Кол коюуга КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров, Бишкек шаарындагы эки округ боюнча талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык активисттер катышты.

“Кыргызстанда өткөрүлгөн шайлоолордун тарыхына көз чаптырып, бюллетендерди дүңүнөн салуу, административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу көрүнүштөр мурда орун алгандыгын айтуу керек. Бүгүн биометрика, шайлоочуларды идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу жаатында шайлоо мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында “бир шайлоочу – бир добуш” деген түшүнүккө жетиштик, демек, добуш берүүнүн жыйынтыгы анык жана ачык-айкын аныкталат”, - деди Т.Шайназаров.

КР БШК төрагасынын орун басары Меморандумга кол коюуга катышкандарга теледебаттарды жана жеке чыгып сүйлөөлөрдү өткөрүү үчүн «Бешинчи канал» телеканалында талапкерлерге тең шартта акысыз обо убактысы бөлүнгөндүгүн маалымдады.

Бишкек шаарындагы эки округ боюнча кайра шайлоого катышуучу талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.

Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:

• Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого;

• шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сый-урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;

• талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен ачык, жалпы талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде чечүүгө;

• шайлоо процессинде этикалык жана моралдык жүрүм-турумду сактоого, булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, бири бирибизге ак ниет мамиле жасоого;

• башка талапкерлердин, беделин жана иштиктүү кадыр-баркын кемсинткен алдын ала жалган маалыматтарга негизделген жарыялоолорду таратпоого;

• добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;

• өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;

• күч колдонуу менен коркутуу, жалаа жабуу, кадыр-баркты жана ар-намысты кемсинтүү же күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;

• добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине, добуш берүү жана добуштарды саноо процессине укукка сыйбас таасир көрсөтүүчү ар кандай аракеттерден баш тартууга, добуш берүүнүн жашырундуулугун бузбоого;

• бардык шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын ишине көмөк көрсөтүүгө;

• шайлоо өнөктүгүн шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч атмосфера болушуна көмөктөшкөндөй уюштуруп, өткөрүүгө.

Меморандумда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө – талапкерлер менен өз ара аракеттешүү үчүн калыс жана ачык болуу, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына – бурмалоолорго жана манипуляцияга жол бербестен, адил жана обьективдүү болуу талабы коюлду.

 

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин ортосунда Меморандум

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин ортосунда Меморандум

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>