Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

15-Июл, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-июлунда өткөн жыйналышында Аламүдүн, Аксы, Ноокат, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгальской, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Нижняя-Аларча айылдык кеңешинин депутаты Сооронкулов Мелисбек Сейдимухамбетовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абышкаева Айдай Джумакадыровнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты области   Солтонкулова  Райма Асановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нармырзаев Алтынбек Өмүралиевичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Батырова Арзыкан Шарабидиновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Аширов Иманбек Доороновичтин (№5, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Муминов Асылбек Жаныбаевичке (№11, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Алиев Мурадил Жолдубаевичтин (№2, «Ата Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тушаев Айдар Жигиталиевичке (№4, «Ата Журт» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Айтемиров Мурат Камчыбековичтин (№1, «Жаңы Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хамбаров Руслан Хамдамалиевичке (№4, «Жаңы Доор» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Кусормамбетова Ырыскүл Эмилбековнанын (№3, «Улуу Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асыпбаева Нуркүл Бейшенакуновнага (№6, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Жумабек уулу Талгартбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамаева Айнур Акылбековнага өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Жусубалиева  Майрамкүл Токтомамбетовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамырбеков Асылбек Асантуровичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты Абдыразакова Салкын Жантаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамытова Гүлзат Исраиловнага өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Мажиюн Фарида Багиевнанын (№3, «Эмгек» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Атагельдиева Ибарат Касеновнага (№6, «Эмгек» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Сойкоева Гүлзат Кудайбергеновнанын (№3, «Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Иманалиева Дилнара Малдышевнага (№6, «Замандаш» саясий партиясы)  өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылдык кеңешинин депутаты Жумашев Азат Ургазиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Атамбаев Талантбек Макеновичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаты Бекбо уулу Замирбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумабаева Венера Шаршебаевнага өткөрүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>