Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

04-Авг, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 4-августунда өткөн жыйналышында Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Маматкадир уулу Абайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Атеков Муратали Ураимовичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбекайылдык кеңешинин депутаты Кадыров Асилбек Абдуллажановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калилов Сылыкбек Урустамовичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Алимжан Уулу Нуралибектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдибаитов Саитбек Аязовичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Араван районунун А.Анаров айылдык кеңешинин депутаты Худайбердиев Розали Ниязовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Момунов Эркинжон Абдуманановичке өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Матраимова Толоналинин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Каримов Алишер Мамашеровичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Кожакматов Жаңыбай Кожоназаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанов Салимбек Маканбековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Төлөк уулу Бекболдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Токтомушев Марат Токтобековичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын шаардык шаардык кеңешинин депутаты Чапкынчиев Адыл Турарбековичтин (№2, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алымкулов Шайлообек Аписовичке (№7, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык шаардык кеңешинин депутаты Абдиева Айнура Жолдошбековнанын (№5, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асанова Жазгүл Ишенбековнага (№30, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылдык кеңешинин депутаты Исаков Бакир Шарапатиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Каркеев Мирбек Рыскульбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Сокеева Айжан Кадыркуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абденову Нурланбеку Бейшебековичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Шайбырова Галина Доолотбековнаны жана Туркебеков Эркинбек Тууганбековичти Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>